Үйдүн намысы деген эмне? икая

Үйдүн намысы деген эмне?

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты: - "уулум, дасторкон даяр, сорпоңду куюп койдум; кел, муздап кала электе ичип ал". Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө отурду. Небереси, чоң энесин көрө калып: - " Чоң эне, келиңиз чогуу ичели"- деди. Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң: "үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка отурулбайт. Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз, Кудай буюрса"- деди. Келини: " Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го! Азыркылар ачка болгондо, дасторконго отура берет, атабыз келгенде жейт да. Кемпир: " кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо , үйлөрдүн да намысы жана адеби болот". Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду: " апеей да чоң апа, үйдүн намысы деген эмне экен? айтып берчи, кана, кызык болуп атат", деди. Кемпир сөздү баштады: Биз кичине кезибизде апаларыбыздан мурун аталарыбыздын каршысында адептүү отурганды үйрөндүк. үйдө, ата-энебиз барда бутту сунуп отурбай, улуулар сүйлөп жатканда сөз укугу берилмейинче сөзгө аралашчу эмеспиз. Улуулар бөлмөгө киргенде дароо тура калып орун берчүбүз. Эч качан атабыз дасторконго отуруп даам ооз тийгиче дасторконго кол узатчу эмеспиз. Атабыз келип: Бысмылда деп, келгиле тамактан алгыла дечү. ошондо гана жыргап тамак иче баштачубуз. Тамак ичип бүткөн соң, бир туугандар менен кезектешип дасторкон дубасын окуур элек. үй-бүлө мүчөлөрүнүн толук отуруп жеген тамагына эч нерсе жетпейт го, чиркин. Бул дасторкон адеби болуп саналат балам. Небереси : Ушунчалык басым кылынса, деппресия болчу белеңер анан? деп сурады. " Жок балам, биздин учурда сый болгон үчүн сүйүү да түбөлүк болчу. Сүйүү бар болгон соң деппрессияга кирген эч ким кездешчү эмес. Тамактар даамдуу, уйкулар таттуу, эс алдыруучу болчу. Билесиңби? Мен депрессия деген сөздү алгач ирет ушул жактан уктум, жадакалса айылда бир кем акыл адам бар эле, " жинди Ыбрайым" дешчү аны. Бирок ал деле ушундай бактылуу адам болчу дейсиң. Керели күнү кечке көчөдө балдар менен ойноп, ачка болгондо бир эшикти такылдатып: "Аба ачка болдум, аба суу берчи" дээр эле. Кайсы каалганы такылдатса да, бош жөнөтүлчү эмес. Чач тарач анын чачтары өсүп кетсе кыскартып, мончочу киринтип, тазалап коер эле. Жума күндөрү соодагерлер колундан тутуп, намазга да жетелеп барышчу. Кыскасы эч ким аны жээричу эмес. Азыр болсо эч нерсеге сый-урмат калган жок. Мына, карачы үйлөрдө да сый жок бул шаарда. Кеч кирсе да, эч ким терезе пардаларын жаап койбойт, үйдүн ичи бүт көрүнүп турат, бирок эч ким уялбайт. Биз болсо күүгүм кире электе калың пардолорду жаап, үйдүн жарыгын күйгүзүп коер элек. Жадакалса пардо жабык болсо да, кийимибизди которгондо, жарыкты өчүрүп, жерге тизелеп отуруп анан алмаштыраар элек. Көлөкөбүз дагы сыртка көрүнүп калса жүзүбүз кызарып, уялаар элек. Ошол убакта келини, отурган жеринен турду дагы, уялыңкы башын шылкыйта бөлмөнүн пардолорун жапты. " үйдун адеби, пардолордун жабылып-жабылбаганынан билинет" дешчү улууларыбыз. үйлөр, бийик-бийик дубалдар менен курчалса дагы эч ким ич кийимдерин көз-көрүнө асчу эмес. үй тургундарынан да уялышчу. Мен кичинемде кийип жүргөн шалварымды эң алдыңкы кермеге жайып койсом, апам келип: " кокуй, бул эмне кылганың, атаң короого чыгыптыр, сенин шалварың илинип турат, уялганымды кантейин, кирээрге тешик таппай калбадымбы. Экинчи кайталанбасын, ич кийимиңди эң аркадагы кермеге асып жүр! үстүнө узун жоолук жаап, анын үстүнө башка кийим илип коюп жүр, ботом. эмне илинип турганы көрүнбөсүн! Намысыбыз, адебибиз жоголсо, ыйманыбыз да жоголот! деди. Мен болсо ал кезде 12 жашар секелек кыз элем. Апам буларды айтып жатканда жерге кирип кете жаздагам. Азыр ошондойбу? өткөндө балконго чыга калсам, маңдайкы кошуна, бардык кирин жайып коюптур, уялып кайра кирип кеттим. Азыркы заманда сыртта тамактанышчу болду. " Көз акысы" болуп атат, эч ким муну ойлонгон жок. Базардан алынган азыктар да ичи көрүнгөн баштыктарда үйгө алынып келинет; аларды алалган да бар, алалбаган да. Көз акысы, кызганычты туудурат. Минтип желген азыктар аш болобу? Бүгүн жыт менен, мактануу менен чөйрөдөгүлөр капа кылынууда. Анан албетте, жегениңер аш болбой, депрессия болуп, дарыгерге көрүнөсүңөр. үйдүн дагы бир адеби бар, эң маанилүүсү ушул менимче. үйдүн ичинде болуп өткөн окуялар эч качан сыртта айтылбаш керек; желип- ичилгендер, уруш-талаштар, бактылуу учурлар. Бул да үйдүн намысы болуп эсептелинет жана эч кимге айтылбашы керек. Ошон үчүн илгери үй ичиндеги маселелер, оңой эле чечилчү. Анын үстүнө өзгөчө эрди-катындын ортосунда болуп өткөн окуялардын чөйрөгө жайылтылуусун эң чоң күнөө экендиги айтылып келген. " Туурабы Лейла"- деди келинине. Лейла уялып: " Ооба, апаке" дей алды жөн гана. Небереси: " Чоң эне, азыр интернет, однаклассник деген бар; адамдар барган ресторандарынан баштап, жеген тамактарына чейин сүрөткө тартып миңдеген адамдарга көрсөтүшөт"! " Ий, кокуй, уят.. адам жегенин кантип көрсөтсүн?" " Ах, апаке, майда- чүйдөсүнө чейин бөлүшүшөт. Кыдырган жерлерин, жеген тамак- аштарын, алган буюмдарын, кийим-кечесин, жадакалса аялдар күйөөлөрүнүн алган гүлдөрүн жана жазган каттарына чейин көрсөтүшөт". " Ок, балам, сен эмне деп жатасың? Кыямат күнү келди дечи. үйлөр жылаңач болду дечи..." деп көз жашын көлдөтүп сөзүн улантты: " Биз күйөөлөрүбүз менен жанаша баскандан да арданчубуз; жесир калгандар бар, турмушка чыга албагандар бар. Алардын көңүлүндөгү жараларга туз баса көрбөйлү деп, күйөөлөрүбүздөн бир кадам артта бассчубуз... Азыр болсо уруш-талаш ортодо, сүйүүлөр ортодо.. Албетте жеке жашоо калбаган соң, чын жүрөктөн жасалган иштер да жоголот. үйдүн берекети, улууларды сыйлоодо жатат. үйдун намысы - жабылган пардолор. Сүйүүнүн намысы- жашыруун болууда. Көздүн намысы- сурмаларда. Дененин намысы- жабынууда. Уялуу ыймандын бир бөлүгү. Анда келини: "Туура айтасыз апа. Биз намысыбызды жоготкон сайын санааларыбыз, жүрөк-заадаларыбыз көбөйдү." Небереси акырын кашыгын коюп жатып: " апа, мен атам келгенде тамактанам",- деди… (тор бет аймагынан алынды)

 

  • Үйдүн намысы деген эмне?

Окшош макала

Кнопка

Кнопка

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Апама кантип туфли алып берем????

Апама кантип туфли алып берем????

Талапка ылайык мен да окуучулук күндөрдөн бир үзүм жазгым келди.Тагыраагы бүтрүүчүлүк кездерден.
Ошол кездер эсиңиздерде болсо катаал мезгил эле.11 класста окуйм. Кыштан туфличен чыкканбыз. Атам жумушунан башка шаарга которулуп кеткен. Инилерим да атам менен чогуу. Менин окуума байланып апам экөөбүз калганбыз. Алардын айлыгы 10 айлап 1 жылдап да тийбейт.Окууну бүтүп журналистикага тапшырам деген ой тээ түпкүрдө гана болбосо окууга тапшыра турган шарт жок. Классташ кыздар балдар сүйлөшүп калган кезде баары юрист, экономист, врачтыкты сүйлөшөт. Мен унчукпайм. Себеби атам Тоо техникумуна окуйсун досум бар киргизип коем деген. Бай, кедей деген түшүнүк пайда болуп калган кез. Баары эле ошентип атышса а мен үйдө нан жок кантип окуйм демекмин......

Заманам куурулду заматта

Заманам куурулду заматта

Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү.
Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет.

Сунушталган товар

 Кожомкул балбан баяны

Кожомкул балбан баяны

" Кожомкул балбан баяны" Кыргыз балбаны жөнүндө толук маалымат камтылган кызыктуу китеп ..

450Сом

Кантип 1 жылда байыса болот?

Кантип 1 жылда байыса болот?

Кантип 1 жылда байыса болот? Наполеон Хилл өзүнүн китебинде бул суроого жооп берет. кОТОРГОН Шаниса ..

150Сом

Каар Заман (3 китептен турган роман)

Каар Заман (3 китептен турган роман)

Исай Калашиновдун бул романы 12 кылымдын аягы, 13 -кылымдын башындагы моңголдордун турмушу чагылдыры..

990Сом

Каныбек (1-2 том)

Каныбек (1-2 том)

 Касымалы Жантөшевдин калемине таандык "Каныбек"  романын окуй аласыз. Китеп 2 томдон тура..

1 000Сом

Теги: Үйдүн намысы деген эмне, икая, окуя, кызыктуу аңгемелер