Кайын энеге ызаат! Сайра Батыркулованын ой толгоосу

Кайын энеге ызаат!

-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт "  деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.
- Коюуңузчу, ушундай болмок беле? Жаны конушка жаңы үй салып кыйналып атабыз жардам берсе болмок да. Төрт бала мн мен жалгыз куурап атпаймынбы. Сиздин кайненеңиз багып бербейби? Элдин баарынын эле кайненелери карап берет го. Күйөөм үйдүн кичүүсү, акыры биздин колдо калат да. Балдарды карап турса мен иштесем экөөлөп үйүбүздү бүтүрүп алсак ага деле жакшы да.
Андай болсо, балдарын бутка тургузуп койбойт беле, үй жай куруп берип. Мындай сөздөр бир топко уланды....
Башкалар кандай ойлойт билбейм бирок мен бул көз карашка каршымын. Кайнене деп сөз баштаганда ар ким өз апасын ошол орунга коюп, салмактап көрбөйбү.
"Бала карап, балпайып эле отура бербейби"- дегенге, бала караган оңойбу? Дегеле үйдө бала багып атып эс алган киши көрө да уга да элекмин.
Өзүмдүн да төрт балам бар, улуулары сабака кетсе удаа төрөлгөн эки кичинекей менен кечке атымды таппай калам. Күндө эки маал кир жуумай, үй жыйнап, нан , тамак жасап, от жагуу менин бала багуудан сырткаркы милдеттерим. Бирок бул түйшүктөрдү мен өз бүлөм, балдарым үчүн , жарым үчүн , келечек үчүн жасайм. Эмнеге бул түйшүктөрдү кайненеге түртө салуубуз керек. Эгер шарты болсо уул келинине ар бир эне өзү эле каралашат. Багып берейин дейт, багып да берет. А эгер бакпаса неге милдет кылышыбыз керек.
Өзү иштеп, акча тапканга мүмкүнчүлүгү бар болсо, эмнеге бала карап үйдө отуруп уул келиндин алаканын карашы керек .Өз балдарын чоңойткону азбы?
Өткөндө маршруткадан 70 терден ашкан апанын жанындагы өзү курактуу байбичеге айткандары али да кулагымда турат.
-Мен деле жегим келет бирок аны канттип айтам, тырмактай неберем алдыбызга аш келээр мн чынымды кашыктап "эт жейм эне, эт бейчи" деп турса жегеним аш болмок беле...Ансыз деле тамактын таттуусун, ырыстуусун үйдөгү беш неберенин оозуна камдап турабыз ошентсе да бала дегениң бала экен да. Жанагы эң кичүүсү өтө эрке болуп алды, кичине кой - ай деп койсом келиндин кабагы бүркөлүп, уулум "апа ал кичинекей да" деп ичи сыйрыла түшөт. А менин көңүлүмүн көчкөнүн алар кадырына деле алышпайт- деген.
Андан ары гүлдүү чоң жоолук салынган апа жанындагы байбичеге көп жылдан берки ашказанын дарты күчөп,дарыгер диета карма дегенин бирок неберелер мн чогу жашаган үчүн диета кармай албай жатканын, буту колунун оорусу да суукта козголуп зыркырап атканын, дарыканага жатып чыкканын , азыр шаардагы кызыныкына келгенин, беш, он күн туруп кайра кетээрин айткан.
- Ансыз деле тапкан ташыганым, кыз- кыркындын салганы, пенсиям, бүт баары ошолордуку. А бирок уул келин ага деле ыраазы болушпайт экен. Алмак салмак неберелерди жонума салып алып көтөрөм. Ээрчишип коноко кетишсе балдарын карап калам. Жаш өткөнү кыймыл да кыйындап калат экен. Илгеркилер айткандай кайрат качып калган кезде келинден кагуу жебейин , эчкидей жаш калганда балдарга таарынып эл журтка сөз болбоюн деп ичмекейим ичиме катып жашап атам. Урпагын уланып, корооңо небере толуп турса бакыт дечи, өмүрлөрүн берсин. Айткан менен адам башына келбесе сезбейт - деген.
Ал күнү мен, далай ойдун учугун чубап, ар бир сөз көкүрөгүмө көзөлүп убара болгом...
Студент кезде , бир жолу айылга барганда чоң энеме учурашканы барып, анын какылдап ыйлаган небересине алы келбей алдейлеп,кейип отурганына күбө болгом. Эң кичүү уулунун колунда эле. Көрсө ишке жарагандын баары чабыка кетип кемпир менен небере калыптыр да.
Айылда мындай көрүнүш көп эле.
Айылдагы карылардын баары эле уул келин, неберелери мн чогу турат... алардын жан дүйнөсү эмне болуп атканын ким билет?...
Менин да апам, иним, келиним ,төрт небереси менен чогуу...апам удаа төрөлгөн неберелеринин улам бирин койнуна салып чоңойтту.

Көкүрөгүбүзгө ыйман берсин . Ар инсанга дөөлөттүү карылык берсин!

Автор Сайра Батыркулова

  • Кайын энеге ызаат!

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

китептен үзүндү.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

-Упал, жакшылап ук! -деди ал аялын бүркүт карашы менен карап.- Эртеги ата-бабалар бөлөк эркек ачпаган, көкүрөгүн баспаган,жаңылып жазбаган, аруу-дене, таза жүрөк аялзатына ок аттатышчу экен!

Куйручук менен Упагүлдүн ортосунда кызыктай сөз башталды:

-Менин көзүмө чөп салган жок белең?

-Жок.

Алажипти аттадын беле?

-Жок.

-Анда Айчүрөктөй актэтек турбайсыңбы?

-Ооба.

Куйручук атын токунуп, каяккадыр аттанып кетти. Аш бышым убакыт өтпөй, ал Телкүрөңүн чаап келди. Аттан түшпөй , аялын чакырып, заңкылдап кыйкырды.

- О Упагүл! бол бачым,Тез! үйдөн чык!

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Кайырчы аял

Кайырчы аял

Көчөдө бир кайырчы аял эч ким жок тарапты карап алып "мына бул келесоону сабап салчы, жоготчу бул жерден!" деп кайра-кайра кыйкырып жатат. Кудум көрүмчү менен сүйлөшүп жаткандай... "Мага келжиреп жатканын карачы, келип саба, өтүн ал!" деп албууттанат улам. Жанында бир темтейген мас эркек турат. Анысы улам жакындап бирдемелерди түшүндүргүсү келип жаткандай. Аял ансайын "көрүмчүдөн" жанындагыны жазалоону суранат... Мен аялдын абалын түшүндүм! Ооба, анын бул дүйнөдө коргой турган эч кими жок. Тигиге өзүнүн күчү жетпейт. Ал азыр кыялындагы жакын адамынан, мүмкүн күйөөсүнөн, уулунан же атасынан жардам сурап жатат...

Апама кантип туфли алып берем????

Апама кантип туфли алып берем????

Талапка ылайык мен да окуучулук күндөрдөн бир үзүм жазгым келди.Тагыраагы бүтрүүчүлүк кездерден.
Ошол кездер эсиңиздерде болсо катаал мезгил эле.11 класста окуйм. Кыштан туфличен чыкканбыз. Атам жумушунан башка шаарга которулуп кеткен. Инилерим да атам менен чогуу. Менин окуума байланып апам экөөбүз калганбыз. Алардын айлыгы 10 айлап 1 жылдап да тийбейт.Окууну бүтүп журналистикага тапшырам деген ой тээ түпкүрдө гана болбосо окууга тапшыра турган шарт жок. Классташ кыздар балдар сүйлөшүп калган кезде баары юрист, экономист, врачтыкты сүйлөшөт. Мен унчукпайм. Себеби атам Тоо техникумуна окуйсун досум бар киргизип коем деген. Бай, кедей деген түшүнүк пайда болуп калган кез. Баары эле ошентип атышса а мен үйдө нан жок кантип окуйм демекмин......

Келин!

Келин!

Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу.
Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин.
Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык.

Бир ооз сөз

Бир ооз сөз

ДАРЫГЕРДИН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

Бир жолу Улукман Аким (Али Абу ибн Сина) көчөдөн өтүп баратып, алдыда бараткан кыздын тез-тез кан түкүрүп баратканын байкап калат да, ага кызыгып артынан түшөт. Кыз кыпкызыл түкүрүнүп бара берет. Анан бир дарбазадан үйүнө кирип кетет. Артынан табып да кирет. Үйдөн кыздын атасы чыгып, атактуу дарыгерди таанып, ызат-урмат менен үйүнө киргизет. Сөз ортологондо Улукман Аким тигил үй ээсине анын кызы оору экенин, кан түкүрүнүп калганын, мындай тез-тез кан түкүрүнгөн адамды сакайтууга ылаажы жоктугун айтат. Бул кепти ары жакта аңдып турган кыз да угуп калат. Угары менен ал калтырап, титиреп, жагылат жана ошол бойдон оңоло албай бу дүйнө менен кош айтышат...

Жалгыз улак

Жалгыз улак

Апам ыраматылык 15 баланы төрөгөн. Бир күнү экөөбүз кечинде сүйлөшүп жатып (мени менен аябай сырдашчу) анан айтат. 1958-жыл дейт. Атаң экөөбүз жаңы эле үйлөнгөнбүз. Атаң байкуштун үйү эмес, жата турган алачыгы да жок экен. Анан эптеп ар жерде баш калкалап жүрүп, көрбөгөн күнүбүз калбай акыры колхоздон жер алдык. Ошол жылдар өтө оор болду, жегенге нан жок, тамака кошконго жада калса туз жок. Кезерип ачкабыз. Анан жер алгандан кийин эптеп баш калкалаар жай тургузалы деп, атан экөөбүз топурак казып келип, самандан кошуп ылай жаткырдык. Экөөбүзгө караан болоор эч ким жок, атаң сокмо урат, мен ылай ташыйм.

Атлес көйнөк

Атлес көйнөк

– Ой, даат! Пулумду уурдап кетишти! — Ой, наынсаптар, бу эмне кылганыңар! – Кыздын атасы жапайы үн менен бир бакырып алды дейсиз, базарды жарып кетти, аны баары карап калды. Бирок эч ким эч нерсе деген жок. Бул түртүшмө базарда кисаапырлар көп жүрөрүн баары билет. Базар улана берди . Бир гана кыз селейди да калды, анын баятан берки кооз кездемелерге сонуркаган бактылуу жүзүн муңайым чалды. Кантип буту бүгүлүп, чаң жерге отуруп калганын сезген жок. Атасындай бозала болгон кыз бүрүшүп отурган тейде бетин басып, ызадан чыдабай, эчкирип ыйлап жиберди. Мунун баары атлес көйнөктүн айынан болсо да, атасы кызына эч нерсе дебеди. Жөн гана өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган кызынын чачынан сылап, өөдө тургузду:

Сунушталган товар

Табыпчылык-улуу сыр

Табыпчылык-улуу сыр

"Табыпчылык-улуу сыр "  китептин автору табып , элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу китептен ү..

250Сом

Теңири Манас

Теңири Манас

Жазуучу Ашым Жакыпбековдун баардык манасчылардын вариантын колдонуп, кара сөз түрүндө жазып чыккан б..

500Сом

Вавилондун эң бай адамы

Вавилондун эң бай адамы

Роберт Кийосакинин сүйүктүү китеби "Вавилондун эң бай адамы" сиз үчүн кыргыз тилинде. ..

200Сом

Жашоонун ажары сүйүүдө

Жашоонун ажары сүйүүдө

Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупованын бул эмгеги жашоонун билимине негизделип өзүн-өзү тааныйы..

350Сом

Топон

Топон

Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..

400Сом

Теги: Кайнене келин жөнүндө, Сайра Батыркулова, аңгеме, ой толгоо