Кол, кызыктуу окуя

Кол

Бул окуяны окуп алып ыйладым...

Орто кылымда Ньюрнберг шаарына жакын жерде он сегиз балалуу зергер жашаптыр. Он сегиз баласын багуу үчүн күнүнө 18сааттан иштеп, тапканы өп-чап жетет. Эс тартып калган эки уулу Альберт менен Альбрехт Нюрнберг академиясынан билим алсак дешет. Бирок аларды окутууга атасынын чама-чаркы жетпейт.

Эки бала өздөрүнчө мелдешип, мелдешти утканы Академияга бармай болот. Ал эми утулганы анын окуусу үчүн шахтыда иштеп, каржысын төлөгөнгө макулдашышат. Мелдешти багы жанып Альбрехт утат. Академияга окууга кетет. Альберт шахтыда төрт жыл бою иштеп бир тууганынын окуусун төлөйт.

Альбрехт жаш таланттардан бөлүнүп чыга келет. Сүрөтчүлүктүн кайсы тармагы болбосун астына киши салбайт. Ошентип, окуусун бүтүп келет.

Анын урматына дасторкон жайылып бүлөсү чогулуп, күтүнүшөт. Альбрехт сөз алып өз ийгилигинин чоң себепчиси Альбертке ыраазычылык билдирип, "Эми сенин кезегиң, барып оку, эми мен сени камсыз кылайын" дейт.

Альберт жооп айтпай эле "жок, жок, жок" деп ыйлай берет. Аягында өзүн карманып "Мен эми сүрөтчү боло албаймын. Ар манжамдын ар бир мууну жок дегенде эки жолудан сынган. Бул төрт жылдык шахтыдагы жумуш мени максаттарыман жана биротоло кол жуудурду. Артриттен манжаларым ийкемге келбейт. Пергаментке кооз сүрөт тургай түз сызыкты жөндүү чие албай калдым" дейт.

Альбрехт Дюрердин чыгармалары кылымдар бою дүйнө кезди. Бирок, ошолордун ичинен эң таасирдүүсү түйшүктөн муундары кыйшайган, мунун ийгилигине курмандык чалынган бир тууганынын колдорун чагылдырган "Кол" деген чыгармасы...

Автор: Шаакан Токтогул

  • Кол

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Сунушталган товар

Көчмөндөр кагылышы

Көчмөндөр кагылышы

Көчмөндөр кагылышы романы. Качкынбай Осмоналиев   ..

500Сом

Теги: Кол, жашоодон алынган окуя, икая, садага