Карт аял менен жаш аял
КАРТ АЯЛ МЕНЕН ЖАШ АЯЛ.
(Ангеме).
Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту.
Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка.
Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го...
А тиги улгайган аял эч кайда шашпайт. Өз үйү. Үй кызматчысы Наркүл менен шашпай чай ичип , алаксып убакытты өткөргүсү келет. Ага убакытты өткөрүү кыйын да. Айрыкча кечиндеги сааттар үстүңдөн басып тургансып жылбайт. Азыр Наркүл кетип калса эле тунжураган үйдө жалгыз калат. Аялдын аты – Рабия. Жашы алтымыштан эбак өткөн. Чачы куудай ак, толугунан келген, үнү жоон, мүнөзү эркек сыяктанган бул аялга убагында Рабия Нуртаевна дешип жапырт кошомот кылып турушчу. Анда совет доору күчүндө турган маал. Ал ошол учурда Республикалык керек-жарак союзунун председатели болуп көп жылдар иштеген эле. Жаш эле, анда ичкерээк да, сулураак да болчу. Потребсоюздун ак волгасында чалкалап, ийилип салам айткандардын кээсин укса, кээ бирлерин карабай деле койчу. Ал учурда андан өткөн кадырлуу адам бар беле? Анын алдына ким гана иши түшүп келбеген? Ал көбүнчө өзүнө пайдасы тие турган керектүү адамдар менен мамиле түзчү. Ошого жараша мамилелердин кайтарымы болуп турчу. Мына бул хан сарайдай заңгыраган эки кабат үй ошол жылдарда салынган. Ал убакта мындай үйлөр бирин-экин гана чоңдордо болбосо, кайдан? Үй эмеректеринин баары чет элдики болоор эле. Жалгыз башына мынча чоң үйдү эмне кылат дешип элдин көбү сөз кылышкан.
Рабия Нуртаевна кызматтан, сый-урматтан, материалдык байлыктан эч бир өксүү болгон жок. Бирок жеке турмушундагы чоң кенемтеси – үй бүлөө күтпөдү. Балалуу болбоду. Ооба, ал жаш күнүнөн эле активист эле. Институтту бүткөндөн кийин комсомолдук иштерде жүрүп, анан партиянын катарына өтүп, жаш комму- нист катары кызматтын тепкичтеринде көтөрүлдү. Акыры кызмат орундар ага кумар болуп калды.
Учурунда ага сөз салган жигиттер деле болгон. Кийинчерээк, отуздан өткөн чагында деле колун сурагандар болду. Бирок өзү ынаган эмес. Күйөөгө чыкса, бала төрөсө кызматы эмне болот? Ал иштей турган орунду башкалар ээлеп кетпейби?!
Ошентип жүрүп жылдар бат эле өттү. Кыркка келди. Анан элүүдөн да өттү. Аңгыча советтик доор кулады. Баш-аламан турмуш келди. Кимди ким көрдү болду. Кызматың да, келечек ойлоруң да жаңы турмуштун агымына жутулуп кетти. Керек-жарак союзу эми эч кимге керек болбой калды. Ошол жылдар Рабия Нуртаевна үчүн абдан оор учур болду. Үйгө олтуруп калды. Анысы аз келгенсип тепкичтен буту тайып жыгылып, жамбашын сындырып алды. Жарым жылча төшөктө жатты. Кийин да жөнүгө албай, акыры таяк менен басып калды.
Ойлоп көрсө кесиптештерге, курбу-курдаштарга ал тургай бир туугандары- на да ынак боло албаптыр. Баарына эле кызматкер катары ат үстүнөн мамиле жасаса керек. Ушундайда ал-жайын сураар жакын адамдары деле жок экен көрсө. Баягы кошомотчылары дайын-оту жок кетишти. Көрсө кээ бир адамдар кызматы менен гана учурунда барктуу сымал көрүнөт тура.
Рабия Нуртаевна ошондо гана өзүнүн жеке турмушу жөнүндө ойлоно баш-тады. Эми ушинтип кызматтын урматын көргөн күндөр бүтүп, чогулткан дүнүйө-мүлкүн тиктеп ээн үйдө олтуруп калабы? Кантип эле? Жок, ал өзүн колго алып, сырттагы жаңы турмушту байкаштырып, чогулткан акчасын тобокел деп бизнеске салды. Бизнес дегендей жанын үрөп деле чуркап иштебейт. Болгону шаардын чок ортосундагы үч-төрт имаратты менчикке чыгартып алды да, ичи-тышын кынтык- сыз ремонт жасатып туруп, ишкерлерге кайра ижарага берди. Ошол жылдардан ушул күнгө чейин ижара акы менен ханга салам бербей жашап келатпайбы. Бирок акчасы курусун. Жалгыздыгы жанын жеп, түркүн ой-санаалар биротоло карытып бүтө турган болду. Башы салмактанып, бели ооруганынан өгүнү доктур чакыртса кан басымын ченеп көрүп дары берди да, “эркек менен жашабагандыкы, төрөбө- гөндүкү” деп кетип калды. Эми кайдагы эркек? Күйөөгө чыкпаганы менен эркек-терди деле байкап көрбөдү беле учурунда. Чындап сүйүшпөгөндөн кийин калп мамилелер көпкө барбайт экен. Анын үстүнө Рабия Нуртаевнада чыныгы аялдар- да болчу эркекке жагаарлык ийкемдүүлүк, наздуулук деген жок. Өзүнүн табияты ушулбу же баягы кызматынан улам ушундай болуп калганбы. Ким билет? Бирок адам кургурдун жаратылышы кыйын да. Жан-турпаттын эңсөөсү деген балакетти акылга салып гана башкарбаса адамдын өзүнө баш бербей турган бир жапайы сезим экен да. Аны өмүр бою билип келатпайбы. Ушул күндөрдү алиги келип жүргөн массажчы жигит болбосо кантээр эле?!
х х х х х х
Күн ара үй кызматына келген Наркүл өз ишин так билет. Өз үйүн кандай таза, тыкан күтсө эжекесинин үйү да так ошондой. Ар бир буюм өз ордунда. Шейшептерден тартып, майлыктарга чейин кардай таптаза. Анткени Наркүл ар бир ишти чын көңүлүнөн майын чыгара жасайт. Адамдарга мамилеси да ошондой чын дилден. Ошон үчүн эжекеси ага ишенет. Болбосо илгери көңүлүнө толбогон кыз-келиндердин далайын айдап жиберчү.
Наркүл автобустан түшүп, дүкөнгө кирди да, керектүү кант-чайын алып үйүнө шашып жөнөдү. Бүгүн да кеч болуп кетти. Анын үч баласы бар. Күйөөсү курулушта жалданып иштейт. Өзү тигинтип бир жылдан бери Рабия Нуртаевнанын үй кызматын кылат. Күн ара барып кир-когун жууп, үйлөрүн жыйнап-тернеп, тамагын жасап берет. Алган акысына жарып деле кетпейт. Күнүмдүк тириликке эптештирип жашашат. Анын үстүнө бир бөлмө батирде турушат. Андан кененирээ- ги кымбат. Айтоор алар үч баласы менен шаардын четинде батирден-батирге көчүп-конуп жашап келишет. Үй балаңар бар экен деп кожоюндар оңой менен кабыл ала коюшпайт. Ошон үчүн алар кайда болсо да кысылып жашашат. Балда- рын короого чыгарбай, эркин ойнотпой тыйып турушат. Бирөөнүн үйү деген ошо да. Үйдүн жайын ойлогондо күйөөсү түн уйкусунан безет. Канткенде үйлүү болу- шат? Же бактырып койгон малы жок же бизнеси жок же жардам берээр бакубат бир туугандары жок. Келинчеги экөөнүн тапкандары күнүмдүккө гана өп-чап жетет. Минтип жашай беришсе өмүр бою үйү жок өтүшөбү? Эртең эле балдары чоңоет да. Анда кантишет. Айтоор азырынча ишене турган эч ким, эч нерсе жок. Убакыт болсо өтүп жатат. Экөөнүн тең жашы отузга жакындап калды.
Наркүл өзү жамап-жаскап жоктон барды жасаган эпчил келин. Көп балалуу үйдө чоңойгон да. Өзгөчө тамак-ашка чебер, баарын өз колу менен жасайт, сарамжал. Ошон үчүн ал Рабия Нуртаевнага жагып, кызматын кылып жүрбөйбү.
Чынын айтканда Рабия Нуртаевна өмүрүндө камыр жууруп, кесме кескен аял эмес. Өмүрүндө таттуу токоч же боорсок бышырып көргөн эмес. Кызматта жүргөн жылдарында жалаң сый дасторкондордун үстүндө болду. Өзүнө керек болгондо кол алдындагы кошомотчы кыз-келиндери жасап келип беришчү. Үйүн- дөгү жыйылган жууркан-төшөктөрүнүн баарын ошолор өздөрү эле жасап тартуу кылышкан. Рабия Нуртаевнанын аял деген эле аты болбосо эркектен айырмасы болбоду. Болбосо жалгыз башынын тирилигин ойноп эле жасабайбы.
х х х х х
Наркүл үй иштерин бүтүрүп кечки тамакты даярдап коюп, эми үйүнө кете бергиси келип турду эле
- Кое тур, чогуу олтуруп ичели, - деди эжекеси. Наркүл арыдан-бери үстөлдүн үстүн даярдай койду. Рабия эжекеси оор салмагын таягына салып, шашпай келип олтурду.
- Баса, тиги шкафтын үстүн аччы, арак бар эле...
Бир аз бөксөргөн бөтөлкөнү таап чыкты Наркүл.
- Тамактын алдында кээде дарылыкка кичинеден ичип койгон жакшы, канды суюлтат, - деди да эки стаканга куйдурду.
- Ичип жүр анда-санда, мунун зыяны жок, - деп эжекеси өкүм сүйлөдү. Наркүл жок дей албай стакандын жарымын алды. Мурда ичип көнбөгөнгө ичи өрттөнүп эле кетти.
- Жамандан жарым кашык артат кылбай ал баарын, - дагы буйра сүйлөдү. Ал дайыма ушинтип өктөм сүйлөйт. Бул анын жетекчи кезинен калыптанган мүнөзү. Буйрук берип жүрүп көнүп калган.
Өзү стаканды толук тартып жиберип, артынан тамак иче баштады. Тамакты да эркектерче чоң-чоң ичет. Аны менен тең тайлаша ичпесе Наркүлдү жемелеп жиберет. Кыскасы анын айтканына Наркүл каршы чыга албайт.
Бир убакта стаканын жылдырып -Куй, - деди эжекеси. Наркүл кайрадан чөйчөктү толтурду. Тиги колуна алды да унчукпастан тартып ийди. Бир аз үн катпай олтурган соң
- Үстүңөрдө үйүңөр жок болгон соң эмне үчүн үч баланы катар төрөдүң? – деди эжекеси. – Же дагы төрөйсүңбү?
- Жо-ок. эжеке. Ушуларды эле эптеп чоңойтуп алсак...
- Карачы өңүңдү бопбоз болуп.Тыртайып арыксың. Күйөөң деле жыргатпайт окшойт сени, - деп Наркүлдү боор ооруган түр менен карады да, негедир каткырып күлүп койду. Наркүл унчуккан жок. Кызып калды окшойт деп ойлоду. Бирок кемси- не түштү. Эртең эле кайра жумушун кылып, тыйынын ала турган болгон соң эмне деп каяша айтат. Анын үстүнө энесинен улуу аял.
Аңгыча тамак ичилип бүттү.Эжекеси дагы буйура сүйлөдү:
- Дасторконду кайрадан жасап койчу. Тиги шкафта таттуулар бар. Баса муздат- кычтан эт алып казанга асып кой, быша берсин.
- Азырбы? – таң кала сурады Наркүл.
- Ооба. азыр. Бир аздан кийин массаж жасаган байкең келет.
- Аа, жарайт эжеке.
Наркүл этти казанга асып коюп, дасторконду кайрадан ирээттеди. Кеч кирип баратты. Аңгыча эшик шыңгырады.
- Барып аччы? – деди эжекеси.
Короого чыгып дарбазаны ачып, массаж жасаган кишини үйгө ээрчитип кир- ди. Алдынан утурлап чыккан эжекесинин бир заматта үнү өзгөрүп, көзү сүзүлүп, тиги кишини кичипейилденип тосуп алды. Наркүлгө да сылыктанып:
- Ырахмат Наку, эми сен бара гой, балдарың ыйлап калбасын, - деди. Эжекесинин мындай сылык сүйлөгөнүн ал биринчи жолу укту. Бошогонуна кубанып, тигилерге кош айтып жолуна түштү.
Массажчы көптөн бери эле бул үйгө келип жүрөт. Кээде Наркүл кетип жатканда эшиктин алдынан беттешип калышат.
Рабия Нуртаевна аны “Үйлөргө барып массаж жасайм” деген кулактанды- руудан таап алган. Алаканында жагымдуу оту бар, колдору карылуу жигит адеген- де анын дөңгөчтөй болуп катып калган желкесин ушалап олтуруп жан киргизген. Анан акырындап анын ийилбеген жоон белин, кан жүгүрбөй уюган жамбашын, буттарын мыжып олтуруп, катып калган денени ийкемге келтире баштады. Мындай массаж Рабия Нуртаевнаны көөшүлтүп, тим эле жанын жыргатты. Ар бир жолку кызматынын бир тыйынын кемитпей, кээде ашыгы менен төлөп турду. Тамагын алдына тартып, бөтөлкөсүн буза коюп, жигиттин көңүлүн алып жүрдү. Мындайда кайсы эркектин делебеси козголбосун. Анын үстүнө өзү ичкиликти мөлтүрөтө куюп келе гой деп жатса... Жашы кыйла улуу болсо да жарым жылаңач аял көзүн сүзүп турса азгырылбай коебу?! Акыры алар бир күнү аял-эркектин кумар ишине өтүп кетишти. Ошондон бери массажчы апта сайын ашыгып келет. Жан дилинен кызмат көрсөтүп, эжесин да, өзүн да ыраазы кылат. Аялдын жаш өмүрүндө толбой калган кемтиги эми толуп, эңсегени эми келип жаткандай көңүлү чалкып ыраазы.
Массажчы менен болгон мамиледен бери Рабия Нуртаевнанын оор тарткан денеси жеңилдеп, башы да салмактанбай, көңүлү сергек болуп, Наркүлгө өз жакынындай мамиле жасап калды. Өмүрү колу ишке тийбеген жаны анча-мынча жумушту өзү да жасап жиберчү болду.
- Наркүл, ишиңди кое туруп бери келчи? – деди бир күнү диванында жаткан жеринен. Дагы эмнени айтат деп заарканган келин колун аарчып, жанына басып келди.
- Отур, сүйлөшө турган сөз бар, - деди эжекеси олуттуу. Наркүл үн катпай сөздү күтүп калды.
- Жашаган батириңерге канча төлөйсүңөр?
- Алты миң.
- Анда мындай, шаардын ортосунда менин эки бөлмөлүү үйүм бар. Мурда бирөөлөр жашачу. Азыр бош турат. Ошого жашайсыңарбы?
- А батир акысын канча дейсиз?
- Акысы жок эле жашап тургула. Менин силерге жардамым болсун. Бош тургандан көрө...
- Рахмат эжеке! Күйөөмө айтайын.
- Күйөөң эмне жок демек беле? Тээтигил үчүнчү тартмада ачкычтар бар. Алып келчи бери?!
Наркүл айткан жеринен топ ачкычты алып келди. Эжекеси арасынан бирин чыгарып, келинге карматты да, үйдүн дарегин түшүндүрүп айтып берди.
- Эртең баргын дагы чаң-паңын сүрүп, көчүп бара бергиле, - деди.
- Рахмат эжеке, рахмат, - деп Наркүл сүйүнүчүн жашыра албады.
Ошентип алар шаардын чок ортосундагы эки бөлмөлүү үйдө жашап калышты. Жылуу, шарты эң сонун. Эң башкысы – ижара акы төлөшпөйт. Эми эжекесинин оту менен кирип, күлү менен чыкпаска айласы жок Наркүлдүн. Бирөөгө көз каранды болуп жашаганың курусун. Бирок арга жок да. Азырынча жашай турушса калганын дагы көрүшөөр.
х х х х х
Кийинки күндөрү эмнегедир баягы массажчы киши келбей калды. Эжекеси ага чалып, кандайдыр купуя сүйлөшүп жатканын байкап жүрдү Наркүл. Келбесе келбесинчи деп ойлоду ичинен. Ага да өзүнчө түйшүктөнүп дасторкон даярдачу. Анан ал келген кезде жасап жаткан ишин эртеңкиге калтырып, кетип калууга туура келчү.
Ооба, массажчы келбей калды. Эжекеси диванында оор денеси менен анда-санда оодарылып коюп, же уктаганы же ойгоо экени белгисиз сулк жата берчү болду. Не болду экен? Көңүл калаарлык сөз айтылдыбы ортодо, ким билет? Же тиги кишинин карыган аялдан кызыгы тараган го. Жаш, сымбаттуу аялдарга деле массаж жасап жүрсө керек да.
Анда-санда такси чакыртып сыртка чыгып дүкөн кыдырып же саунага барып келчү эле. Эми эч жакка чыкпай да калды. Массажчыдан ирээнжип, төшөк мамиле- сине өкүнүп калдыбы – айтоор үндөбөй эле жата берчү болду.
Жок, Рабия Нуртаевнанын массажчыдан бөлөк ойлой турган ою жок бекен? Аның керек болсо жанынан өтүп баратып, бир кылчайып карап өткөн эле киши да. Турмушунда жанынан өткөн кишилер көп эле болбодубу. Ошолордун ар бирине эле жүрөгүнөн орун берип олтурмак беле?
Наркүл бир күнү келсе Рабия эжекесинин үйү бек. Коңгуроосун кайра-кайра басса чыкпады. Телефон чалса өчүрүлгөн дей берди. Дарбазанын алдында кыйлага чейин басып турду да кетип калды. Мындай болчу эмес. Бир балээ болгон деп ойлоп баратты жолдо. Үйүнө жеткени калганда эжекеси өзү чалды. Үнү араң эле чыгып, сөздөрү да даана эмес.
- Наркүл, мага келип кетчи, ооруканадамын, - деп дарегин араң-араң айтып берди. Наркүл ошол жерден эле кадырлуу адамдар жата турган оорукананын көздөй жөнөдү. Палатасына кирип барса тамчылатма дарыны куюп жатышыптыр. Көрсө кан басымы көтөрүлүп, мээге кан куюлуптур. Аппаратка салса башында уюган кан бар экен.
- Өмүрүнө кепилдик бере албайбыз, абалы оор. Болгон аракетибизди кылып көрөбүз, - дешиптир врачтар.
Эжекеси Наркүлгө сүйлөйүн деди эле тили булдуруктап, сөзү даана болбой калыптыр. Кагазга “адвокат келет, күт” деп сүйрөлтүп араң жазып Наркүлгө сунду. Ал эмнеге экенин түшүнбөсө да макул деп баш ийкеди. Анан палатадан чыгып бараткан врачты ээрчий басып сурады.
- Айтыңызчы, жакшы болуп кетеби байке? – деди. Врач Наркүлдү тиктеп туруп, жок дегендей башын чайкады да басып кетти. Аңгыча адвокат келди. Экөө Рабия Нуртаевнанын маңдайында олтурушту. Ал киши өзүнүн мурдагы иштешип жүргөн жакшы тааныш адвокаты экен. Көрсө “Эки бөлмө квартирамды Акимова Наркүлгө белек катары калтырам” деген тил катына мөөр бастырып, мыйзамдык жагын туууралап келиптир. Тил катты эжекесинин көзүнчө Наркүлгө тапшырды. Кубанаа- рын же кайгыраарын билбей Наркүлдүн кагазды кармаган колу калтырап чыкты.
- Бар, үйүңө бара гой, - дегендей айтты эжекеси.
Наркүл анын колдорун кыса-кыса кармалап, чекесинен өптү да, көзүнө толуп чыккан жашын көрсөтпөйүн деп шарт бурулуп чыгып кетти. Тепкичтерден аттап-буттап түшүп, эшикке атып чыкты.
Келбети сүрдүү, өз наркынан тайбаган, мүнөзү темирдей болгон эжекеси эми минтип бир заматта ооруга багынып калабы? Оору болбой куруп кал. Адамды тез эле алып коет тура, - деп ойлоп ичи ачышып келатты жолдо. Бирок чөнтөктө үйдүн кагазы бар. Капысынан эле үйлүү болуп калаары үч уктаса түшүнө кирген эмес. Кайгы менен кубаныч күтүүсүздөн чогуу келгенде адам дендароо болуп өзүн жоготуп коет окшойт го...
Өзүнчө күбүрөнүп сүйлөнүп келатты Наркүл.
- Рахмат сага эжеке! Айкөлдүгүңө рахмат. Үйүңдү белек кылгыдай чынында мен сенин кимиң элем? Үч балалуу, үйү жок деп аяп жүргөн тура. Өлүм алдында жатып менин көйгөйүмдү чечкенин кара?!
Үйүнө келгенде эжекесинин катуу ооруп калганын, ооруканага барып көрүп келгенин күйөөсүнө айтты да, алиги үй тууралуу жаңылыкты ананкыга калтырды. Бу маалда оорканада врачтар Рабия Нуртаевна жазып калтырган номерге кайра-кайра чалып жатышып, араң байланышты. Телефонду эркек киши алды. Ага Рабия Нуртаевнанын ооруканада каза болгонун айтышты. Тиги киши анын алыскы айылдагы бир тууган иниси экен.
2013-жыл. Февраль. Чолпон-Ата.
Элмира Ажыканова
Окшош макала
Сунушталган товар
Теги: Карт аял менен жаш аял, аңгеме, жашоо, турмуш Элмира Ажыканова