Кыямат романынан үзүндү
Кыямат романынан үзүндү....
Таң каларлыктай көпкөк көздөрү бар бул чоң көк иттен Кенжеш чочуп да койбоду. Ит аны эркелеткендей куйругун булгалап, муңайым тиктеп турду. Бу Акбара эле!Акбаранын адам турактаган жерге мынчалык чукул кирип келгенинин жөнү бар болчу: өткөн түндөн бери кашардын ичи тынчыды да калды, кишилердин да, иттердин да үнү угулбайт. Көкүрөгүндө бала дегенде өчпөгөн үмүтү бар, күйүтү жанына тынчтык бербеген эне-бөрү ээн калган кашарлардын ичин бүт абайлап карап чыкты, бөлтүрүктөрү эч жерде жок, бир болсо ушерде болбосун дегендей чабандардын там-ташы, сарайлары турган жерге акырындап жакындады. Эми баланын маңдайында турат. Мынабу наристе өзүнүн бөлтүрүктөрүнүн эле бири сыңары өңдөндү – болгону адамдын баласы - ушул белгисиз туйгу-сезим карышкырга кандайча келди- белгисиз эмне болсо да, бала эч душмандыгы жок бул иттин башын сыламакчы болгондо, Акбаранын кайгыдан канап турган жүрөгү титиреп кетти. Ал жакын келип, баланын бетинен жалады. Бала буга кубанып, кыткылыктап күлүп, карышкырды мойнунан кучактады. Ошондо Акбара ого бетер эрип кеткендей болду, баланын бут алдына жатты да, кошо ойноп кирди – ушул кичинекей жандык эмчегимди сорсо деген эңсөө пайда болду, бирок бала эмчекти карабады – карышкырдын үстүнө минди. Кайра түштү да, ээрчитип жөнөмөк болду: “Жүр! Жүр!” – деп кыйкырды ал, боору ката кыткылыктап күлдү, бирок Акбара аны ээрчип басууга батынбады- тиги жакта кишилер бар экенин сезип турду. Ордунан жылбай, көк көздөрү менен баланы муңдуу тиктеди; бала болсо кайрылып келип, аны кайрадан башынан сылагылады, Акбара да анын бетинен жалады – балага бул өзгөчө жагып калды. Эне-бөрү ичине бук болуп толуп жүргөн бүткүл мээримин балага төгүп аткандай болду, баланын наристе жытынан көкүрөгүн кере жыттады. Ушул кичинекей адамзаада үңкүрүмө жашаса сонун болоор эле деген сезим келди. Баланын күрмөсүнүн жакасынан абайлап тиштеди, бир жерине тишим тийип кетпесин деп аярлык менен тиштеди, анан акырын өйдө карай силкип жалына отургузду – карышкырлар отордон козуну так ушундай ыкма менен ала качып кетет.
Бала кыска, бирок катуу чыңырып жиберди. Сарай тарапка кир жайганы бараткан Асылгүл
Кенжештин кыйкырыгын угуп, бурчту айлана чуркап чыкты да, ошо замат көтөрүп бараткан кирин жерге ыргытып жиберип, Бостондун эшигине аттап-буттап жетип барды......
Окшош макала
Сунушталган товар
Теги: Кыямат романынан үзүндү, Чыңгыз Айтматовдун китеби, Акбара, реферат