Элмира АЖЫКАНОВА , Ностальгия

Ностальгия

Элмира АЖЫКАНОВА

Ностальгия

(аңгеме)

Карыянын образы чагылдырылат.

Шаар таң менен кошо ойгонот. Үрүл-бүрүл жарык түшкөндө эле көчөлөрдө кайдадыр шашып жөнөгөн машинелер пайда болот. Анан бирин-серин адамдар аркы-терки өтө башташат. Ошентип кыймылжанданып, калаанын тиричилиги башталат. Күн сайын ушундай.

Касым карыя ар күнү эрте таңда көп кабаттуу үйдөгү квартирасынан чыгып, шаар багына басып келет. Эки колун артына алып бактагы аллеяда кыйлага чейин басып жүрөт. Ал жерде өзүнө окшоп таңэрте таза абада серүүндөгөндөр бар. Көпчүлүгүулгайган адамдар. Айрымдары жөн гана бак аралап басып жүрүшсө, кээлери желип -жортуп чуркаган болушат. Иттерин сейилдетип жүргөн аялдар да бар. Алар бирин бири сыртынан таанышат. Баш ийкешип учурашып өтүшөт.

Касым карыя жыгач олтургучтардын бирине көчүк басты. Өткөн-кеткендерге көз салып, аркы-беркини ойлоп кыйлага олтурду. Кайда шашат эле. Күнүгө ушинтет. Уул-келини менен тигил кабат үйдө чогуу турат. Байбичесинин көзү өткөнүнө быйыл алты жыл болду. Жыл айланыпашын бергенден кийин уулу атасынын жер үйүн саттырып, өзүнүн тар квартирасын кеңейтип, шаардын так ортосуна көчүп келишкен. Андан көрө жер үйгө чогуу жашайлы десе уул-келини ынабай коюшту. Карыган кезиңде шарты бар жылуу үйдө жашашың керек дешти алар. Бул чечим Касымдын көңүлүнө төп келбесе да айла жок жалгыз уулунун айтканы менен болду. Анан жалгыз жашамак беле?! Алардыкы деле туура. Бирок али күнчө тигил кабат үйгө көнө албай жүрөт. Өзү өмүр бою гезиттерде журналист болуп иштеди. Ал кезде гезит-журналдардын баарысы өкмөттүкү гана боло турган. Бир калыпка салынган тартип, эреже бар эле. Ийгиликтүү иштерди, эмгекчил адамдарды даңазалап жазышчу. Олуттуу темалар менен алек болушчу. Азыркыдай ээн ооздук, өзүм билемдик жок эле. Эми анын кайсы бирин айтасың. Мына ушуларды ойлоп олтуруп, карыя советтик учурду кадимкидей сагынат. Көңүлү сыздап кетет. Кээде түшүнө да кирет ошол кездер. Кайран доор өткөн экен да. Оюна келгенин жазып, оозуна келгинин оттоп жаткан азыркы гезиттерге жүрөгү ыйлап турат. Эмне деген гана заман болду?! Жазып көнгөн жаны бирин-экин макала даярдап ошол ооздугу жок гезиттерге алып барса баспай коюшту. Азыркы жаштардын тарбиясы, жалкоолугу тууралуу болчу. Жарабайт дешти. Сенсациялуу, кыска, курч материалдарды гана басабыз дешти. Андан алып дагы бир гезитке барды. Алар өтө эле узун экен, кыскартып кел дешти. Касым үчүн өзүнүн ар бир сүйлөмү маанилүү эле. Капа болгон карыя колтугуна кысып келген макаласын үйүндөгү эски, калын папкесиндеги кол жазмаларына кошуп койду. Азыркылардын маанилуу нерсени түшүнбөгөн тайкылыгына капа болду. Кийинчерээк дагы бир макала жазып барса акча төлөңүз дешсе болобу?! Касым буга да капа болду. Ушундан кийин эч нерсе жазгысы келбей калды. Анын жазгандарына азыр эч ким деле муктаж эмес экен көрсө.

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздү козгоюн деп бирок баласына батына албады. Жараатына тийип аламбы деди. Эч ким менен чечилип сүйлөшпөгөн түнт баласы кандай кабыл алат? Кагуу жеп калабы... Ошол бойдон эч нерсе айта албады. Бирок дайым ушул санаа жүрөгүн курттай оюп жеп келет. Аркы-беркини ойлоп олтуруп үйүнө жетти карыя. Эшигин ачканда эле аны тунжураган жымжырттык тосуп алды. Ичкери кирип телевизорду иштетти. Баардык каналына коюп көрдү. Көрө турган эч нерсе жок. Биринде атышкан, бычакташкан кино, биринде төө куштардай аркайган жарым жылаңач аялдарды сынактан өткөрүп жатышат. Сулуулар имиш. Аял деген эптүү-сындуу болгондо гана сулуу да. Азыркылар чыныгы сулуулукту да билбей калышпадыбы. Дагы бир каналда күрсүйгөн эркек киши камыр ийлеп, тамак жасаганды үйрөтүп жатат. Көрө турган эч нерсе жок. Нааразы болгон карыя телевизорду өчүрүп салды. Анан шашпай чай коюп ичти. Жалгыз олтуруп ичкен чайың курусун. Мындайда дайыма байбичечин эстейт. Ар бир жолу ысык демдеп кадырлуу конокко бергендей абышкасына баптап чай берээр эле. Качан болсун дасторкону даяр болчу. Кечкисин келини деле ынтаасын коюп ысык чайын берет. Бирок баары бир байбичесинин чайына окшобой койду го.

Чайын ичип болгон соң өз бөлмөсүнө кирип калың папкедеги кол жазмаларын алып чыгып үстөлдүн үстүнө жайды. Мындай папкелер толтура. Текчелерде жыйылып турат. Биринде макалалары, биринде ырлары, биринде кара сөздөрү айтоор бүткөнү бар, бүтпөгөнү бар. Кереги жоктору да толтура. Аларды ыргытканга колу барбайт. Касым карыя үчүн баардыгы баалуу. Келини үй жыйнаганда кагаздарын жактырбай ары-бери түртүп тыкыстап жыйнап салат. Менин кагаздарыма тийбей эле койчу деп айта албай койду. Кемпирин үстөлүнүн жанына жолотчу эмес. Ал азыр“поэзия” деген папкедеги кагаздарын жайып олтурду. Саргарган барактар. Ар кайсы жылдарда машинкеге басылып, боектору өчө жаздап калган ырлары, кол менен жазылгандары да жүрөт. Ушунун баарын өмүр бою өзүнө жан жолдош кылып келаткан машинкесине өзү баскан. Эми машинкенин да убагы өттү. Азыр жапырт компьютер менен иштеп калышпадыбы. А Касым компьютерге ишенбейт. Андан өчүп калат дешет. Дагы көп балакеттери бар дешет. Тигинде уул-келини алып берген компьютери деле турат. Түнкүсүн машинкесин тыкылдата бергендетигилер тажашкан окшойт да. Уулу адегенде атасына үйрөтө баштаган, карыя анчейин көңүлсүнбөй койду. Улам үйрөнгөнүн кайра унутуп, жазгандарын кайра таппай калат экен. Кыскасы, машакаты көп экен. Андан көрө тиги темир машинкесинен өтөөрү жок. Ишенимдүү, бузулбайт. Аны келин-уулу жер төлөдөгү кампага киргизип салалы дешкен. Карыя чок баскандай секирип болбой койду. Касымдын жаш чагындагы эңсөөсү – акын болуу эле. Болгондо да атактуу акын болом деген дымакта жүрчү. Көп жылдар ушундай көксөө менен ыр артынан ырларды жазып жүрдү. Жашыраак чагында үч китепчеси жарык көрдү. Гезит-журналдарга да басылып чыгаар эле. Ошонун баары анча-мынча шык-жөндөмдүн анан жаштыктын деми менен жазылса керек. Кийин андай ырлардын жазылышы да кыйын болуп калды. Өзү эңсегендей атактуу акын боло алганы жок. Анын өз пикиринде акын болушуна жолтоо кылгандар, бут тоскондор, түшүнбөгөндөр көп болду. Советтик замандын акыркы жылдарында кезектеги китебин басмакана чыгарбай койду. Чийкилери көп, кайрадан оңдоо керек дешти. Дагы башка көп шылтоолорду айтышты. Гезит-журналдардын басышы да кыйындады. Ошончо көп ырларды жазса да негедир акын катары элге тааныла албады. Ал тургай уул-келини да атабыз акын экен деп ойлоп коюшпайт. Алар үчүн жүргөн бир абышка. Бирок ал баары бир өзүн акынмын деп эсептейт. Ыр бааланбай калган азыркы заманда мен да бааланбай калдым, атагым чыкпай калганына азыркы коом күнөөлүү деп ойлойт. Ким билет, балким карыянын өз ою туурадыр. Ар кимге өз пикири туура эмеспи. Мына азыр да кол жазмаларын аңтарып олтурат. Эски кагаздарын караганды жакшы көрөт. Анткени өткөн жылдарын эстейт. Касым карыя өткөнүн ойлоп жашаганды жакшы көрөт. Ал үчүн бүгүнкү турмушта кызыктуу эч нерсе жок. Дагы бир папкеде бүтпөй калган тарыхый романы бар. Ортолоп калганда негедир таштап койгон. Кийинчерээк улантаармын деген. Азыр колуна алууга даабайт. Дагы бир желим папкеде учурунда гезиттерге жарыяланган очерктери бар. Көпчүлүгү эмгектин алдынкылары жөнүндө болчу. Булардын азыр эч кимге кереги жок. Ыргытуу керек. Ага болбой эле сактай берет. Анын кагаздарынын ушунчалык көптүгү келинине жакпайт. Баарынан да таңгак-таңгак болгон эски гезиттердин эмне кереги бар? Келиндин оюна койсо мунун баарын бир заматта жок кылмак. – Үйдөгү кереги жок буюмдар тескери энергия чыгарат, бул илимий жактан далилденген, анын үстүнө кагаздар чаң топтойт, – деп келини чай ичип олтурганда айтты эле. Карыя ошол сөздү өзүнө алса да эч качан ага макул эмес. Менин жазган эмгектерим буларга кереги жок буюм тура деп ичинен нааразы болду. Тескери энергия деп кайдагыны чыгарышат. Жарым беттик өмүр баяндарын жаза алышпайт, китеп бетин ачышпайт да анан тескери энергияны кайдан билишет деп наалыды. Кээде түнкүсүн машинке басчу эле. Ага да тыюу салышты. Келини уктай албай жатыптыр. Алардын бөлмөсүнө угулат экен көрсө. – Өзүнчө компьютер алып бердик го, ошого иштебейби, айтпайсыңбы атаңа?! – деди күйөөсүнө. Карыя түнкүсүн машинке баспай калды. Бирок уйкусу келбегендик– тен үстөлдөгү шам чыракты жандырып, көз айнегин тагынып алып эскигезит-журналдарды барактайт. А кээде жөн гана нес болгон немедейтелмирип кыйлага олтура берет.

Ушул үйгө көчүп келгени капаска түшкөндөй эле болду. Эртең менен бир маал бакка басып келгени болбосо тунжурап олтурганы олтурган. Кээде кагаздарын да карагысы келбейт. Чоң көчө тараптагы балконго коюп алган олтургучу бар. Ал жерге бир олтурса көпкө олтурат. Төртүнчү кабаттан чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги шаардын кайнаган тирилиги алаканга салгандай көрүнүп турат. Жайнаган машинелер кумурсканын уюгун элестетет. Төрт тарапка өткөн элдин аягы суюлбайт. Ошолорду тиктеп олтура берип карыя ар кандай ойлорго чарпылат. Кайра эле баягы өткөн заманын ойлойт. Атаңдын көрү, баягы совет доору болгондо эмне... эмгиче далай китеби чыгат эле. Балким бүтпөй жаткан романы китеп болуп элге тарап кетмек. Макалалары гезит бетин бербей байма-бай жарыяланып турмак. Калем акыга маарымак. Айтоор жыргап-куунап жашамак. Кээде чай үстүндө ошол заманды кеп кылса уулу жактырбай жатпайбы. – Ал учурда айта бергенде эмне, азыр такыр башка заман, бүгүнкү турмуш менен жашаш керек, – дейт уулу. Келини унчукпай олтурганы менен күйөөсүнүкүн туура көрөт. Карыя үндөбөй олтуруп калат. Бирок ичинде таптакыр макул эмес. Өзгөчө уул-келининин үй бүлөлүк жашоосуна ичи чыкпайт. Бул дагы жаңы замандын талабыбы же баласы жок үйдө ушундай эреже өкүм сүрөбү? Айтоор аскердик тартип менен саатка карап жашашат. Күн сайын окшош турмуш. Кечки тамакты бири бирине чоочун адамдардай унчукпай олтуруп ичишет. Эмне сөз баштаса да тигилерге жакпай калаарын ойлоп карыя да үндөбөй олтура берчү болду.

Азыркылар ушундайбы же уул-келини өтө сакпы ким билет -бир жолу карыя бакка басып келип үйүн ачайын десе ачкычы жок. Түшүп калса керек. Чөнтөктөрүн сыйпалап таппай калды. Артына барып кыйла жерди издеди. Табылган жок. Ошондо да келин-уулу абдан капа болушту. Өзгөчө келини кубарып-кумсарып өзүнчө бирдемелерди угузуп-угузбай сүйлөнүп жатты. Ошол күнү эле эшиктин кулпулагычын алмаштырышты. Антпесе болбойт дешти. Көрсө ачкычты таап алган неме үйгө ууруга кириши мүмкүн экен. Ал кайдан билет десең ачкыч ушул үйдүкү экенин. Кыскасы ачкыч экинчи жоголбосун деп уул-келини катуу эскертишти. Атасынын көңүлүнөн да ачкыч кымбат болуп кеткенине карыя ичинен таарынды. Ошентсе да ал ачкычына сак болуп калды. Анан да ушунча жылдан бери сырткы эшикти ичинен бекитип алганды үйрөнө албай койду. Көбүнчө унутуп калат. Көнбөгөндүкү да. Анан эле келин-уулу.

– Эшик дагы ачык калыптыр, – деп башташат. – Ой, андан эмне болуп кетмек эле. Үйдө мен олтурамын го, – деди карыя бир жолу. Келини мыскылдуу жылмайып күйөөсүн карады. Уулу башын чайкап алды да, түшүндүрө баштады.

– Ата, квартираларга ууруга кирип жан баккандар бар. Ошону кесип кылып алышат. Эшик ачык болсо аларга кудай берет. Сиздин олтурганыңыз бир тыйын. Сизден да бирөө коркобу?

Карыяга уулунун акыркы сөзү катуу тийди. Ооба, менден эч ким коркпойт. Мен азыр эч ким эмесмин деген ызалуу ойго чөктү. Бирок капасын билгизбей өз бөлмөсүнө акырын басып кирип кетти. Текчеде турган байбичесинин сүрөтү “капа болбо абышка, алар айта берет, баары бир сеники туура” деген таризде карап туруптур.

Ошондон көп өтпөй эле бир күнү кечинде уулу айтып калды:

– Ата, сиз эртең ооруканага жатышыңыз керек. Келиниңиз баарын сүйлөшүп койду. Мен өзүм жайгаштырып келем.

– Эмнеге кокуй? Мен сопсоо эле турам го, – карыя уулун таңыркай карады.

– Биз эс алууга чыгып, алыска кеткени жатабыз бир айга. Сиз жалгыз жашай албайсыз. Келиниңиз да сизге ишенбей жатат.

– Кудай урган тура, эч жерим оорубаса эмне деп жатам доктурга?

– Ушул жашыңызда кантип эч жериңиз оорубасын? Алдын ала текшерүүдөн өтөсүз, дарылашат. Анын үстүнө ал карыялардын ооруканасы. Сизге окшогон абышкалардын баарысы ошол жерде , – деди уулу өктөм сүйлөп. Карыянын шагы сына түштү. Бирок бул жолу да уул-келинине катуу айта алганы жок.

Эртеси уулу атасын машинесине салып ооруканага алып жөнөдү. Касым карыя ушул азыр чындап эле карып, жүдөп, ооруп калгандай көрүндү. Арткы орундукта үңкүйүп чөгүп олтурду. Аңгыча уулунун чөнтөк телефону шыңгырап калды.

– Ооба, макул, макул. Унутпайм, – деп кыска жооп берди. Анан атасына бурулуп

– Үйдүн ачкычын мага берип коюңуз, жоготуп аласыз, – деди. Атасы чөнтөгүнөн ачкычты алып, үндөбөстөн уулуна карматты. Оорукананын керебетинде жатып карыянын ойлору он талаа болду. Жалгыз бала деп көзүн карап, эркелетип, энеси экөө алаканга салып, мээрим менен чоңой-тушкан эле. Эмнеге мындай кайрымсыз болуп калды деген ойлор карыянын көкүрөгүн эзип жатты. Төрөбөгөн аялынын сөзүнөн чыкпай, ошонун гана көзүн карап жашап калганына бир чети уулунабоору ооруду. Таш боор уул-келинине анан бүгүнкү кайрымсыз жексур заманга таарынган карыя эртеси чындап эле ооруп калды. Көтөрүлүп кеткен кан басымын түшүрүш үчүн доктурлар баардык аракеттерин көрүп жатышты. А ушу маалда Кара-Деңизде эс алууну көксөгөн уул-келини көк мейкиндин бийигинде самолетто учуп баратышты.

Тараза
    Бишкек шаары. 
    2011-ж. Июнь. 

  • Ностальгия

Окшош макала

Орозкулдун кыялы

Орозкулдун кыялы

Шаарга барсам кана...Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайң менен, куужатын катының менен жерге кир , алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! О, анда мен азоо айгырдай азынып турбас белем! “Орозкул Балажанович, кирүүгө можина?” -дегизип жалдыратат элем го даалайды. Түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем. Албаска эмне экен? Алиги микрафонун тумшугуна кармап, соруусун чайнап ырдаган сулуу артист келиндердин бирин алып алсам жарашпайт бекен. Андайларга кызматы чоң эркек болсо болду дешет.

Мал киши

Мал киши

Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине, ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп... дилин жат кылып алышкан окшобойбу.

Эсимде

Эсимде

Ортончубуз Аман эле. Ал төрөлгөндө атам: "Ушул балам билим көздөп, мугалим болор бекен?.." деп койчу экен. Дегинкисинде баарыбызга эле мүнөздөмөнү так бериптир.
Аман китеп эле окуй берчү. Биздин мектептин китепканасын толук окуп чыккан ошол гана болду. Кийин көбүбүз аракет кылдык, бирок аягына чыгалбадык. "Мектептин дубал гезити Амандын учурундагыдай болгон жок" деп калышат. Колхозчулардан бери келип, жарданып окуп, күлүп жатышкандарын көрөр элем.
Аман кичинесинде эле намыскөй болчу. Бир жолу экөөбүз райборборго барып, туугандарыбыздын үйүнө конуп калдык. Жатарда бир нерсеге алаксып калсам керек, Аман:
- Бол, жат, киши келелекте, - дейт.
- Эмне болду? - десем,
- Карабайсыңбы алдагыны! - дейт.
Көрсө, менин тиземен ылдый түшкөн, далбайган өтө эле чоң турсимен уялып жатыптыр.

Сага айткан сырлар

Сага айткан сырлар

Жашы алтымыштан ашкыча аял ала элек, капыстан сүйүү келген бир кишинин айткандарынан: Турмушум ордунан козголуп, күнөстүү жакка карап калгансыды. Түлөөң каткырдыкы, мунуң деле таттуу болот экен . Өртөп ийчүдөй ысык болот экен

Кайгылуу каган

Кайгылуу каган

Бу жазмыштын жазуусу катуу белем! Чыңгызхан да, анын улуу уулу Жоочу да, анын Батый баласы, эми алардын урпагы Сартак да аялзатынын азабын тартып армандашканында бир мандем-сыр бар! Өмүргө өлүмдү, акка караны, жарыкка караңгылыкты… каршы койгондой эле атак менен арманды Жараткан теңдей жаратып койгон беле?!. Баарынан да эки дүйнөнү дүңгүрөткөн Батый хандын эртелеп өлгөнү, о Теңири, өзүң кечире көр!.. ырас эле болгон көрүнөт. Эгерде өзүн тарткан өрт жүрөк улуу уулу Сартактын да дал өзүндөй аялга ашыктыгынын айынан ачуу армандап, болгондо да атасы Батыйдын аталаш, энеси бөлөк иниси Беркенин берген уусунан кырчындай кезинде жан таслим болгонун билсе жүрөгү жарылып кетмек! Акылман аялы Баракчындын башын алдырган да ошол Берке болбодубу! Бир адамдын башына мынчалык кайгы бергилик кылбасын деп Теңири да аны аяп эрте алып кеткендир!..

Ошол, Батый өлгөн жылы кайгы менен салтанат эриш-аркак жүргөндөй эле Сартак Алтын Ордого хан дайындалганынын урматына опаасыз чоң той өткөрдү. Ал салтанатка бир кездеги мемлекети талкаланып, көз каранды майда хандыктарга чачырап кетишкен кыпчак, булгар, кавказ, крым, саксон, хорезм төбөлдөрү менен катар айрым жеңилген да, алиге өз алдынча, монголдор менен шериктеш орус княздары да чакырылып, мурдагы кас, кийинки букаралар бир дасторкондо сайран курушту. Арийне, тирүүсүндө аты таш жарган, али сөөгү муздай элек хан Батыйды эстегендер да, ага ичинен армандагандар да аз болду…

Тойдон көп өтпөй чабуулдаган чабармандар орустун ооматтуу князы Александр Невскийдин Сартакты конокко чакырыгын алып келишти. Кезинде аларды Батый хан дос кылган эле. Моңголчо «аньда» дей турган кандосунун жайыл дасторконунда бейкапар, сыйга карк олтурган жеринен сөзгө чебер кыпчактар айтмакчы «өзү шекер, өзү бал, өзү кайың, өзү тал» Натальяны Сартактын көзү чалып калса болобу! Ал кыз байыркы князь тукумунан эле, мартабалуу меймандарга кызмат кылып жүргөн. Жүрөккө жүрөк тартышат деген чын. Азиялыктардагы чексиз бийликтин белгиси болгон бутунан төбөсүнө чейин чылкый кызыл кийинип, бийлиги менен гана эмес, бүтүндөй турпаты, адамдык алгыр акыл, тубаса касиети менен эркектерде сейрек кездешчү өткүрлүгү күч, сыйлуу Сартакты бойго жетип, эркектерге сынаакы да, сырдана да көз салып калган селки мурда эле баамдап калган болучу. Эч бир жанга сыр алдырбас жүлжүк көзүнүн кыйыгы менен жан досу Александрга да шек билдирбей Батыйдын кыя караганын кыраакы кыз илгиртпей байкады. Аңсаган аялзатынын бакыты ошол, көңүлү түшкөн эркегинин чын ынатканы эмеспи! Ал, алкымын агыткан сук көз карашты жөн гана эмес, бүтүндөй жандүйнөсү, жон териси менен сезди. Акыл-эси алачапкын түшүп, жалындуу денесине муздак суу капыс чачылгандай ичиркенип да, ошол эле кезде көшүлө балкып да кетти. Бүтүндөй турпаты менен эркектин кубаттуу көңүл-ышкысын эстен тана күсөп, зарлап-зарыга тилеп турган ууздай денеси тандырдан ургандай аптаптуу, дуалдаган ысык илепти даана сезди. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Оттуу көздөр! Табышкан махабат! Алтын жиптер менен саймаланган ак жибек сарафанынын ичинде толукшуган сымбаттуу мүчөсү жумуруланган, турна моюн, бото көз, ак куудай керилген сулуу ак арзууңду түшүндүм да чын ыкласымдан кабыл алдым дегенсип күлмүң эте кызыл шарап куюлган кесесин Сартакка аста сунуп, көзүн сүзө жер тиктей ийиле кетенчиктеп кете берди. Артымдан келсең келгин, күсөп-күтөмүн дегенсиди, анын бүткүл турпаты. Мелжеген кайберенин кууган жолборстой Сартак чапчаң ордунан атып туруп, кылак эте кыз кирип кеткен эшикке атырылды. Анын сырын бир гана кыраакы Александр байкады. Нечен күн-түнү тынбай шимирген кымыз менен шараптан алагүү тартып калышкан калгандардын жамбаштай жаткан хандын капысынан эле неге ыргып туруп, кайда баратканы менен бөлөк эч кимдин иши болгон жок. Албетте, дубал жандай жарданып турган жансакчылары артынан ээрчимекке умтулганда Сартак аларды чечкиндүү кол жаңдай токтотту.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Сокур дербиш тууралуу уламыш

Сокур дербиш тууралуу уламыш

Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен.Ал жашаган дооруна таарынып, адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес дешет. Ал мындайча болуптур.
Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту жана алдамчы вазири өзүн падыша деп жарыялап жиберет экен. Ал мурдагы адилет падышаны алдап үйүнө конокко чакырып уу берип өлтүргөнүн бир дербиштен башка эч ким билбептир.

Заманам куурулду заматта

Заманам куурулду заматта

Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү.
Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет.

Кайын энеге ызаат!

Кайын энеге ызаат!

-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт "  деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.

Сыздаткан сырдуу кат

Сыздаткан сырдуу кат

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.

"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".

- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.

-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.

-Макул, кызым.

"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек.

"Уча" кантип тирилди

"Уча" кантип тирилди

Генералдарды бир жылы офицерлер мейман кылып калышыптыр Бишкекте. Жылкы союшуп катуу тосушуптур. Жылкынын этин бышырганы бир жаш майорго тапшырышыптыр. Бардыгы мас, тантана катуу болуптур. Ошол убакта Баткен окуясынан кийин эле убак экен. Офицерлердин досу бир подполковник аты Учкун, экен, аны кыскартып «Уча» деп чакырышчу. «Уча» Баткенге командировкада болгон убакка туш болуптур бул окуя. Жанагы жылкынын этине жоопкерчиликтүү майор кашайып, ичимдиктен акырын ичип атып оттун жанында уйкуга тартылып кетиптир. Бир убакта бир генерал «этти тарткыла, кеч болуп кетти, биринчи «учаны» алып келгиле» деп буйуруптур.

«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»

«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»

Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен.
Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен.
Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип калыптыр да колун сууга салып көрсө жагымдуу экени анык экен. Алар чогуу чөмүнүшүп жатышканда

Кол

Кол

Бул окуяны окуп алып ыйладым...

Орто кылымда Ньюрнберг шаарына жакын жерде он сегиз балалуу зергер жашаптыр. Он сегиз баласын багуу үчүн күнүнө 18сааттан иштеп, тапканы өп-чап жетет. Эс тартып калган эки уулу Альберт менен Альбрехт Нюрнберг академиясынан билим алсак дешет. Бирок аларды окутууга атасынын чама-чаркы жетпейт.

Эки бала өздөрүнчө мелдешип, мелдешти утканы Академияга бармай болот. Ал эми утулганы анын окуусу үчүн шахтыда иштеп, каржысын төлөгөнгө макулдашышат. Мелдешти багы жанып Альбрехт утат. Академияга окууга кетет. Альберт шахтыда төрт жыл бою иштеп бир тууганынын окуусун төлөйт.

 

Сага баратам..

Сага баратам..

Сага баратам...
Жумушумда иштеп отуруп, эч нерсеге көңүлүм тартпай жатканын сездим. Эмне кылсам, көптөн бери сени менен жолуга элекмин (беш жылдан бери экөөбүз бир үй-бүлө болуп, бир түндүктүн астында жашасам да, көптөн бери жайдары, жай отуруп сүйлөшпөгөнүбүздөн улам, мага ушундай туюлду).
Ооба, ойлосом, менин сага айтаар сөзүм өтө көп экен. Ишимди таштап салып, дароо жумуш телефонуңа чалдым да, жолугушуууну сунуштадым. Сага да ушул нерсе керек болуп турган белем, дароо макулдугуңду берип, жолукчу жерден күтөөрүңдү айттың. Эшиктеги кар сапырган бурганакты чым этип да тоготуп койбой, ууртум күлкүгө толуп, алып учуп бараттым сага. Жүрөгүм сүйүнүп, ичим ысып, сага туш кылган бактыма, тагдырыма ыраазы болом.

Тракторчу келиндер

Тракторчу келиндер

Эшекчен Эргазы ай жарыгында карааны элес-булас көрүнгөн чатыр кепени оңой эле таап алды. Кепе ичи көөдөй караңгы экен. Оңбогон келиндер жин чырак да жагып коюшпаптыр. Эргазы айылдан шыр чыкканы менен кепенин оозуна келгенде анын кире бериш жабуусун ача албай апкааарый түштү. Бу катар жаткан он келиндин ичинде мунун өзү жактырганы бар. Кепе оозуна тосулган таардын жыртыгы талаанын жайдак шамалына ары-бери делпектеп турду. Жол бою өзүн эр сезген Эргазы ушул жаман таардын жыртыгын көтөрүүгө колу жетпей, колу жетсе, күчү жетпей бир топ коомайланды. Ичкериден келиндердин үзүл-кесил ыры, күлкүсү, шыбыры угулуп жатты. Азим кароолчу жакка көз таштады. Караңгыда чөп үстүнөн аны көрө албады, көрүнбөйт да эле. Көрсө эмне, ал бир муштумдан чыкпаган нашүт гөр да. Ушу байкушка ооз басырыкка бир нерсе көтөрө келбегенине өкүндү, эмне болсо да кароолчу да.

Аңгыча баятан тынч турган эшеги кыңшылап барып, анан айкырып жиберди. Кепе ичиндеги күрү-күү дымый түштү. Келиндер кимдир бирөө жарымдын келгенин туюшту. Баары демин ичине катып калган эле. Эргазынын эми айласы калбады, ал көзүн жумду да тосмону ача:

Карт аял менен жаш аял.

Карт аял менен жаш аял.

Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту.

Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка.

Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го...

Ак кардагы кара көмүр

Ак кардагы кара көмүр

Ак кардагы кара көмүр

Бир жолу токсондон ашкан кичүү энем жер карап бирдемеге кайгыргансып отуруптур. Мен чекмелей баштаганда ал мындай деди:

- Мен бүгүн таң атпай ыйладым.

- Эмнеге?

- Жөндөн-жөн эле... Алжып калсам керек...

- Балким капа кылышкандыр? Же ооруган жериңди жашырып жатасыңбы?

- Мен боорум ооруп ыйладым.

- Кимге?

- Тармал чач, жылаңайлак кызга. Ал болгону сегиз жашта.

- Кимдин кызы?

- ... Үйдө от жакканга ширеңке жок болчу, анан кыштын аяздуу таңында энеси кызынын колуна калак карматты да, кошунаныкына от алып келгени жиберди. Ал үйдөн жалаң кат көйнөкчөн, жылаңайлак чуркап чыкты. Мына эми кайра чуркап келаткан, бирок ал так эшиктин алдынан тайгаланып кетти да, жыгылып калды. Болгон чоктун баары, күйүүчү кара көз жаштар ак карды тешип кеткенсип, калактан жерге чачылып кетти. Анан кыз, отурган бойдон, күйүттөн өксүп ыйлап жиберди. Жылаңач согончоктору музга жабышып калды. Ал кыз мен элем. Бүгүн таң заардан ойгонуп кетип, ошо кичине кызга боорум ооругандан ыйлап жибердим. Токтоно албай ыйладым. Эгер мүмкүн болсо, эң жылуу кийимдеримди, эң таттуу тамак-ашымды берет элем. Эгер мүмкүн болсо атаганат... Жок, мүмкүн эмес. Өкүрсөң, бакырсаң да мүмкүн эмес... Ошондуктан,эч нерсе кыла албагандан, айлам кетип ыйладым....

 

Сунушталган товар

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Учкул ойлор

Учкул ойлор

Учкул ойлор, Асан Жакшылык Нур. "Учкул ойлордон" турмуштун көп тарамдуулугун сезесиз; Жараткан, ж..

450Сом

Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары

Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары

Бул китепке төмөндөгү авторлордун аңгеме поэмалары кирди. Түзгөн Памирбек Казыбаев Чыңгыз Айтмато..

400Сом

Теги: Ностальгия, Аңгеме, Элмира Ажыканова,