Кайырчы аял, Зайырбек Ажыматов

Кайырчы аял, Зайырбек Ажыматов

Көчөдө бир кайырчы аял эч ким жок тарапты карап алып "мына бул келесоону сабап салчы, жоготчу бул жерден!" деп кайра-кайра кыйкырып жатат. Кудум көрүмчү менен сүйлөшүп жаткандай... "Мага келжиреп жатканын карачы, келип саба, өтүн ал!" деп албууттанат улам. Жанында бир темтейген мас эркек турат. Анысы улам жакындап бирдемелерди түшүндүргүсү келип жаткандай. Аял ансайын "көрүмчүдөн" жанындагыны жазалоону суранат... Мен аялдын абалын түшүндүм! Ооба, анын бул дүйнөдө коргой турган эч кими жок. Тигиге өзүнүн күчү жетпейт. Ал азыр кыялындагы жакын адамынан, мүмкүн күйөөсүнөн, уулунан же атасынан жардам сурап жатат... Таң көрү, (жер жамандап барбасын) бала кезимде аз күнгө өгөй атамдыкында жүрүп калып, ал мас болуп келип апама кол көтөрө баштаганда мен да так эле тиги аял сыяктуу ээн жолду карап алып, "апа, апа коркпоңуз, тээтиги жакта Айдарбек, Нурлан, Даки акелерим келатат. Мына келип калды. Азыр эриңдин энесин таанытат", деп калп эле чуу көтөрүп калар элем)))) Өзүмдүн алым жетпейт да. Алар уруулаш агаларым эле. Биз кошуна айылда болчубуз. Чын эле мен аларды канча күттүм. Ошондой учурда келип калса деп элестетчүмүн. Келишкен эмес... Мен бул күнү кайырчы аялды коргогонго бардым. Каршылашы деле тагдырдан жолу болбой калган карыптардын бир экен. Ага муш көтөрмөк белем. Жөн гана ал жерден кетип калуусун сурандым. Ал менден он сом алып жолуна түштү. Бечера аял "эмнеге урбайсың, тепкилеп салбайт белең, коркоксуңар баарыңар...", деп кыйкырган боюнча калды. Мен жолдомун...

  • Кайырчы аял, Зайырбек Ажыматов

Окшош макала

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

китептен үзүндү.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

-Упал, жакшылап ук! -деди ал аялын бүркүт карашы менен карап.- Эртеги ата-бабалар бөлөк эркек ачпаган, көкүрөгүн баспаган,жаңылып жазбаган, аруу-дене, таза жүрөк аялзатына ок аттатышчу экен!

Куйручук менен Упагүлдүн ортосунда кызыктай сөз башталды:

-Менин көзүмө чөп салган жок белең?

-Жок.

Алажипти аттадын беле?

-Жок.

-Анда Айчүрөктөй актэтек турбайсыңбы?

-Ооба.

Куйручук атын токунуп, каяккадыр аттанып кетти. Аш бышым убакыт өтпөй, ал Телкүрөңүн чаап келди. Аттан түшпөй , аялын чакырып, заңкылдап кыйкырды.

- О Упагүл! бол бачым,Тез! үйдөн чык!

Кайгылуу каган

Кайгылуу каган

Бу жазмыштын жазуусу катуу белем! Чыңгызхан да, анын улуу уулу Жоочу да, анын Батый баласы, эми алардын урпагы Сартак да аялзатынын азабын тартып армандашканында бир мандем-сыр бар! Өмүргө өлүмдү, акка караны, жарыкка караңгылыкты… каршы койгондой эле атак менен арманды Жараткан теңдей жаратып койгон беле?!. Баарынан да эки дүйнөнү дүңгүрөткөн Батый хандын эртелеп өлгөнү, о Теңири, өзүң кечире көр!.. ырас эле болгон көрүнөт. Эгерде өзүн тарткан өрт жүрөк улуу уулу Сартактын да дал өзүндөй аялга ашыктыгынын айынан ачуу армандап, болгондо да атасы Батыйдын аталаш, энеси бөлөк иниси Беркенин берген уусунан кырчындай кезинде жан таслим болгонун билсе жүрөгү жарылып кетмек! Акылман аялы Баракчындын башын алдырган да ошол Берке болбодубу! Бир адамдын башына мынчалык кайгы бергилик кылбасын деп Теңири да аны аяп эрте алып кеткендир!..

Ошол, Батый өлгөн жылы кайгы менен салтанат эриш-аркак жүргөндөй эле Сартак Алтын Ордого хан дайындалганынын урматына опаасыз чоң той өткөрдү. Ал салтанатка бир кездеги мемлекети талкаланып, көз каранды майда хандыктарга чачырап кетишкен кыпчак, булгар, кавказ, крым, саксон, хорезм төбөлдөрү менен катар айрым жеңилген да, алиге өз алдынча, монголдор менен шериктеш орус княздары да чакырылып, мурдагы кас, кийинки букаралар бир дасторкондо сайран курушту. Арийне, тирүүсүндө аты таш жарган, али сөөгү муздай элек хан Батыйды эстегендер да, ага ичинен армандагандар да аз болду…

Тойдон көп өтпөй чабуулдаган чабармандар орустун ооматтуу князы Александр Невскийдин Сартакты конокко чакырыгын алып келишти. Кезинде аларды Батый хан дос кылган эле. Моңголчо «аньда» дей турган кандосунун жайыл дасторконунда бейкапар, сыйга карк олтурган жеринен сөзгө чебер кыпчактар айтмакчы «өзү шекер, өзү бал, өзү кайың, өзү тал» Натальяны Сартактын көзү чалып калса болобу! Ал кыз байыркы князь тукумунан эле, мартабалуу меймандарга кызмат кылып жүргөн. Жүрөккө жүрөк тартышат деген чын. Азиялыктардагы чексиз бийликтин белгиси болгон бутунан төбөсүнө чейин чылкый кызыл кийинип, бийлиги менен гана эмес, бүтүндөй турпаты, адамдык алгыр акыл, тубаса касиети менен эркектерде сейрек кездешчү өткүрлүгү күч, сыйлуу Сартакты бойго жетип, эркектерге сынаакы да, сырдана да көз салып калган селки мурда эле баамдап калган болучу. Эч бир жанга сыр алдырбас жүлжүк көзүнүн кыйыгы менен жан досу Александрга да шек билдирбей Батыйдын кыя караганын кыраакы кыз илгиртпей байкады. Аңсаган аялзатынын бакыты ошол, көңүлү түшкөн эркегинин чын ынатканы эмеспи! Ал, алкымын агыткан сук көз карашты жөн гана эмес, бүтүндөй жандүйнөсү, жон териси менен сезди. Акыл-эси алачапкын түшүп, жалындуу денесине муздак суу капыс чачылгандай ичиркенип да, ошол эле кезде көшүлө балкып да кетти. Бүтүндөй турпаты менен эркектин кубаттуу көңүл-ышкысын эстен тана күсөп, зарлап-зарыга тилеп турган ууздай денеси тандырдан ургандай аптаптуу, дуалдаган ысык илепти даана сезди. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Оттуу көздөр! Табышкан махабат! Алтын жиптер менен саймаланган ак жибек сарафанынын ичинде толукшуган сымбаттуу мүчөсү жумуруланган, турна моюн, бото көз, ак куудай керилген сулуу ак арзууңду түшүндүм да чын ыкласымдан кабыл алдым дегенсип күлмүң эте кызыл шарап куюлган кесесин Сартакка аста сунуп, көзүн сүзө жер тиктей ийиле кетенчиктеп кете берди. Артымдан келсең келгин, күсөп-күтөмүн дегенсиди, анын бүткүл турпаты. Мелжеген кайберенин кууган жолборстой Сартак чапчаң ордунан атып туруп, кылак эте кыз кирип кеткен эшикке атырылды. Анын сырын бир гана кыраакы Александр байкады. Нечен күн-түнү тынбай шимирген кымыз менен шараптан алагүү тартып калышкан калгандардын жамбаштай жаткан хандын капысынан эле неге ыргып туруп, кайда баратканы менен бөлөк эч кимдин иши болгон жок. Албетте, дубал жандай жарданып турган жансакчылары артынан ээрчимекке умтулганда Сартак аларды чечкиндүү кол жаңдай токтотту.

Кнопка

Кнопка

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Акылмандын каухар таш

Акылмандын каухар таш

ҮЧ УУЛ

Күндөрдүн биринде карыядан:

- Ээ, аксакал, уулуңуз чоңоюп жатабы? – дептир.

- Кайсы уулду айтасың, менде уул жок, туяк гана бар. Мен силерге үч уул жөнүндө айтып берейин. Бирөө бар атадан арта туулган, бирөө бар атага жете туулган. Бирөө бар атадан кете туулган.

Атандан арта туулган уул  жалгыз эле ата-энесине жарыгы тийбей, Ата Журтунун намысына жараган уул, элдин багына төрөлгөн уул. Атага жете туулган уул —. ата конушун ардактаган уул, ата салтын ыйык туткан уул. Атадан кете туулган уул — жат элдин жорук-жосунун күткөн уул, ата эненин шоруна бүткөн уул, эл намысына көлөкө түшүргөн уул, мындайдан барынан жогу.

ЖАШОО КИМГЕ ЖЕҢИЛ, КИМГЕ ООР?

Мамбеталыга бирөөлөр минткен экен:   

- Айтыңызчы, аксакал, кай бирөөлөр бакытка баруучу жолду таап алып, тез эле манчыркап, тез эле түтөп жатат. Ал эми кай бирөөлөр таз кейпинен ашпай жүрөт.

Бул собол карыянын өзүнө да тиешелүү эле, анткени ал мурдагысынан жүдөөңкү жүрүп калган. Карыя жер карап туруп, үн катат:

- Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийрине чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү  жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.

 

ӨМҮР КАЙ МААЛДА КЫСКАРАТ?

Акылман бул суроого төмөнкүчө жооп кайырган:

- Өмүрдү муунай тургандардын ичинен жойкундуусу булар: бут көтөрө алгыс курсак бар да шагын көтөрө алгыс бутак бар. Булар жарыкчылык менен эртерээк коштошот.

 Эл ишенбес чунак бар да эзелтен тарпка ынак бар, куурай башын сындырбаган тумсак бар. Булар тирүү болуп санда жок да өлүү болуп көрдө жок. Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.

Заманам куурулду заматта

Заманам куурулду заматта

Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү.
Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет.

Кайын энеге ызаат!

Кайын энеге ызаат!

-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт "  деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.

Сунушталган товар

Ойлон Ойгон

Ойлон Ойгон

Кыргыз тилинде жазылган Роберт Кийосакинин китептеринен кем калышпаган, Касымбек Жунусалиевдин ийгил..

150Сом

Ниеттин күчү

Ниеттин күчү

Ниеттин күчү, кыялдарды жана каалоолорду кантип ишке ашырыш керек. Валерий Синельников. Ниет кылу..

300Сом

Япон кереметинин сыры

Япон кереметинин сыры

Нуржигит Кадырбековдун "Япон кереметинин сыры" аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бир киришсең баш көтөр..

300Сом

Ойлон жана байы

Ойлон жана байы

Ойлон жана байы. Напалеон Хилл. Көксөгөн ийгиликке жетүүдөн мурда канчалаган тоскоолдуктар сени к..

200Сом

Теги: Кайырчы аял, Зайырбек Ажыматов, аңгеме, окуя, аялдарга зомбулук