Ойлон жана байы китеби, Напалеон Хилл

Ойлон жана байы. Напалеон Хилл.

Көксөгөн ийгиликке жетүүдөн мурда канчалаган тоскоолдуктар сени күтүп турат... Чынында, тоскоолдуктар тооруп турган маалда эң оңойу баарын таштап кетүү. Эң оңой жолу, бирок эң туурасы эмес. Батышта бул китеп 10 000 000 нускада жарык көргөн, сиз дагы бул китептен баалу кеңештерди алып калыңыз.  Кыргызчага которгон Айтурган Сатиева.

БАЙЛЫККА КЕТКЕН ЖОЛ

Наполеон Хилл, америкалык өтө бай 500 адамдан интервью алган. Ошолордун дээрлик баары «жеңилүүгө бир кадам калганда гана мыкты идеялар жаралат» дешет. Наполеон Хилл «Ойлон жана байы» деген китебинде ийгиликке жетүүдө кантип ой жүгүртүү жана кантип көңүл чөгүүдөн кутулуу жөнүндө жазат. Анын бул чакан китепчеси Америкада 42 жолу басылып чыккан.

Байлыкка карай биринчи кадам: КААЛОО

Сиз бүгүн кандай кийингенсиз жана канча акчаңыз бар маанилүү эмес. Анткени, Едвин Барнс сыяктуу, ийгиликке умтулган гана адам жете алат.

Сиз ийгиликке канчалык жылсаңыз, ийгилик сизге ошончолук жакындайт. Өтө көп адамдар ийгиликке бир кадам калганда таштап коюшат. Эсиңизде болсун: ал кадамды сиз жасабасаңыз, башка бирөө жасайт жана ийгилик аныкы болуп калат.

Кичинекей болсун, чоң болсун, бардык ийгиликтердин ачкычы – ага канчалык катуу умтулганыңызда. Күчтүү чоң адам максаттуу жаш баладан жеңилип калат.

Буга чейинки максатыңызды өзгөртүңүз – бүгүн сизге ишке ашпас нерседей сезилген ойлоруңуз эртең чындыкка айланат.

Каалоого жана элестетүүгө болгон баардык нерселерди ишке ашырууга болот.

Качан гана каалоо аракетке айланганда кыялдар ишке ашат. Турмуштан көп нерсе сураңыз, турмуш сизге көптү берет.

Каалоо канчалык күчтүү болсо, артка кайтууга ошончолук жол калбайт: ийгилик сиздики болот.

Бул жазылган принциптер сиздин каалооңузду акчага айландырат.

Чыныгы каалоо чалдыбары чыккан имаратты дүйнөдөгү эң чоң универмагдардын бирине айландырган. Эң оболу, кырсык чалып, жол болбой баратса да жеңишке карай бет буруу керек.

Кулаксыз бала укту. «Эч мүмкүн эмес» дешкен аял улуу опера ырчысы болду. Дарыгерлер «адам болбойт» деген адам тирүү калды. Биз үчүн адаттан тыш жана түшүнүксүз болгон «акыл-эс химиясына» алардын ээ боло алышкандыгы аларды ушул деңгээлге жеткирди.

Акыл-эс үчүн биз билгенден тышкары эч кандай тоскоолдук жок.

Экинчи кадам: ИШЕНИМ

Ийгилик үчүн ишеним зарыл. Акыл-эс алдына керектүү ойлорду чакыруу менен ишенимге жетип, аны бекемдөө керек.

Өзүңө-өзүң ишенүү үчүн дараметиңизде бар ички күчиөрдү жыйноо керек. Ошондо сиз билесиз: эгерде бүткүл оюңуз жеңишке карай багытталган болсо, эми болбойт, бүттү деген максаттар ошол эле жашоо шартыңызда ийгиликке жетүүнүн себепчиси болуп калат.

А. Линкольн жана М. Ганди сыяктуу адамдардын мисалы ою канчалык «магнетизмге» эгедер экендигин, миллиондогон духу жакын акылдары бир багытка бурууга кудуреттүүлүгүн далилдеди.

Өтө маанилүү дагы бир нерсе: бир нерсе алуу үчүн, бир нерсе берүү керек. Миллионерлер муну түшүнөр менен пираттык бизнести коом менен бирге коом үчүн иштеген ишкердүүлүккө айландырышты. Ошентип, андай ишкердүүлүк азырга чейин кыйла пайдалуу.

Байлык да, жакырлык да- ишенимдин балдары

Үчүнчү кадам: ӨЗҮҢДҮ-ӨЗҮҢ ИШЕНДИРҮҮ

Акыл-эсиңиздин тереңде жаткан жактарын өзүңүзгө иштөөгө аргасыз кылыңыз – ошондо жакшы жыйынтыктарга жетишесиз. Акылга сезим менен жардам этиңиз. Экөө бириксе кандай мыкты!

Ар бир эле адамда алты сезим бар, бирок акылды башкаруу үчүн беш эле сезим жетиштүү. Эгерде акылыңыз сизге баш ийсе, өсүүгө болгон умтулууңуз жакырдык үчүн орун калтырбайт.

Умтулган байлыгыңызды колуңузда кармап тургандай элестетиңиз – ал сизге күтүүсүз тараптан келет. Максатыңызды белгилеңиз (каалооңуз акча болсо) цифралар менен. Мейлиңиз, ал чоң сумма боло берсин. Мөөнөтүн да белгилөөнү унутпаңыз.

Акыл сизге план бердиби? Дароо ишке! Толкундануу кымбат берет жана кашаңдыкты каалабайт. Алма бышар кезди күтсөңүз – ач, ыңгайлуу кезди күтсөңүз – ийгиликтен куру каласыз.

Үч гана жөнөкй көнүгүү сизди өзүңүзгө өзүңүздүн ишенүүңүзгө эгедер кылат. Инструкциядан жазбаңыз, ошондо сиз өз тагдырыңызга өзүңүз кожоюн болуп каласыз.

Ар бир кырсыктан жакшылык издеңиз

Төртүнчү кадам: АТАЙЫН БИЛИМ

Билим сиздин өзүңүз түзгөн өзүңүз тууралуу образыңыз. Адам өзүнө керектүү гана билимди алат. Жөнөкөй эле планды карманыңыз, ошондо нөлдөн баштабайсыз.

Билим бул потенциалдык күч гана. Сиз өз билимиңизди конкреттүү максатка багындырылган, так план чыккыдай кылып ирээттеңиз, уюштуруңуз.

Жеке тажрыйбаңыздан топтолгон же акылдуу адамдардан алган тажрыйбаларыңызды текке кетирбеңиз. Генри Форд бир кезде бай болуш үчүн кыйла эле «наадан» болгон.

Ушул бөлүмдө айтылган билимдин булактарын пайдаланыңыз. Билим алуу өтө жөнөкөй.

Эгер сиз кандайдыр бир товар сатууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, өзүңүздү кызматыңызды же идеяңызды түзүгүрөөк баага сатыңыз. Бул алтымыштан ашкан адамдарга ылайыктуураак.

Эгер сиз кайсыл жолду тандоону билсеңиз – билимиңиз сизге байлыкка алып барчу жол болуп берет.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Ойлон жана байы

  • Автор: Наполеон Хилл
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2017
  • Басмакана: Бийиктик плюс
  • Барагы: 208
  • ISBN: 978-9967-37-195-7
  • Жеткиликтүү: Түгөнүп калган, алдын ала заказ
  • 200Сом


Сунушталган китептер

Бай атам, кедей атам.

Бай атам, кедей атам.

Дүйнө жүзүндө белгилүү бул китепти, эми кыргыз тилинде окуй аласыз. Бай ата баласын эмнеге үйрөтөт, ..

150Сом

Ойлон Ойгон

Ойлон Ойгон

Кыргыз тилинде жазылган Роберт Кийосакинин китептеринен кем калышпаган, Касымбек Жунусалиевдин ийгил..

150Сом

Кантип 1 жылда байыса болот?

Кантип 1 жылда байыса болот?

Кантип 1 жылда байыса болот? Наполеон Хилл өзүнүн китебинде бул суроого жооп берет. кОТОРГОН Шаниса ..

150Сом

Ниеттин күчү

Ниеттин күчү

Ниеттин күчү, кыялдарды жана каалоолорду кантип ишке ашырыш керек. Валерий Синельников. Ниет кылу..

300Сом

Байлыкка багыт алуу

Байлыкка багыт алуу

Байлыкка багыт алуу, же кантип бай да, бактылуу да болуш керек?  Ички аң-сезимдин сырлары. Вале..

250Сом

Нөлдөн башталган миллион

Нөлдөн башталган миллион

Бул китепте ийгиликке жетүүнүн көп ачкычтары катылгандыктан, окурман өзү үчүн пайдалуу маалымат чогу..

299Сом

Укмуштуудай ийгиликке жетүүнүн он ыкмасы

Укмуштуудай ийгиликке жетүүнүн он ыкмасы

Укмуштуудай ийгиликке жетүүнүн он ыкмасы, автору Билл Ньюмен Ийгиликтүү жашоонун күчү! Эгер ук..

170Сом

Байлыкка жеткирүүчү илим

Байлыкка жеткирүүчү илим

Байлыкка жетүүнүн илими бар, ал илимди бул китептен ала аласыз. Автору  Уоллес Делоис  Уот..

170Сом

Жемиштүү адамдардын жети жөндөмү

Жемиштүү адамдардын жети жөндөмү

Жемиштүү адамдардын жети жөндөмү, Стивен Р.Кови. Инсанды жетилтүүнүн күчтүү куралдары. ..

200Сом

Ийгилик - бул СЕН!

Ийгилик - бул СЕН!

ЖАҢЫ КИТЕП!!! ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ??? - Бизнести кантип баштаса болот, кантип өнүктүрсө болот? - Кантип ка..

350Сом

Бай бол!

Бай бол!

Байлык эмнеден башталат? Байлыкты кантип топтош керек? Кандай адаттар болууга шарт түзөт? ..

200Сом

Как стать миллионером на территории СНГ

Как стать миллионером на территории СНГ

Финансовая безграмотность – огромная проблема современного общества. Большинство просто не понимает,..

650Сом

101 вопрос, достойных ответа, выпуск 2

101 вопрос, достойных ответа, выпуск 2

"101 вопрос, достойных ответа, выпуск 2" Представляем практическую книгу, в которой собраны наибо..

500Сом

Теги: Ойлон жана байы, Напалеон Хилл, кантип бай болуш, кантип бизнес башташ керек