Ниеттин күчү, кыялдарды жана каалоолорду кантип ишке ашырыш керек. Валерий Синельников.
Ниет кылуу деген эмне? Күндөлүк турмушта кантип туура ниет кылуу керек жана аны кантип натйжалуу пайдалануу керек? Кантип жекече күчтү топтоо керек? Автор окурмандарды Ниет кылуу искусствосу менен тааныштырат. Ар бир адам Ниет кылууну өздөштүргөндө өз жан дүйнөсүн өзгөртүүгө, сук түшүүдөн жана көз тийүүдөн сактанууга, турмуштагы окуяларды өзү каалагандай ыраатта болушуна шарт түзүүгө, телегейи тегиз жана жаркырап жашоого үйрөнөт.
Китеп ушул жана башка суроолорго жооп берүүгө, өзүңүздүн турмуштук максаттарыңызга карата мамилеңизди өзгөртүүгө , эркиңизди күчтүү кылууга, ал эми жашооңузду жаркын жана бактылуу кылууга жардам берет. Доктор иштеп чыккан аң-сезимдин жаңы модели, автордун эффективдүү методикалары жана стратегиялары эңсеген кыялдарыңызды реалдуу турдө турмушка ашырууга гана эмес, жагымсыз окуяларды болтурбай коюуга алдын ала жардам берет. Сиз ийкемдүү ой жүгүртүүгө жана бийик жүрүм-турумга, ой пикирлериңиздин таза болушуна үйрөнөсүз. Китептин айыктыруучу күчү бар!
Ниеттин күчү, кыялдарды жана каалоолорду кантип ишке ашырыш керек.
- Автор: Валерий Синельников
- Жанры: Психология
- Жылы: 2016
- Басмакана: Sun Light
- Барагы: 144
- ISBN: 978-9967-27-972-8
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
300Сом
Сунушталган китептер
Теги: Ниеттин күчү, кыялдарды жана каалоолорду, кантип ишке ашырыш керек, байлыкка багыт алуу, Валерий Синельников, китеби, кыргызча, sunlight басмасы, сатып алуу, издөө