Ак кардагы кара көмүр
Ак кардагы кара көмүр.
Бир жолу токсондон ашкан кичүү энем жер карап бирдемеге кайгыргансып отуруптур. Мен чекмелей баштаганда ал мындай деди:
- Мен бүгүн таң атпай ыйладым.
- Эмнеге?
- Жөндөн-жөн эле... Алжып калсам керек...
- Балким капа кылышкандыр? Же ооруган жериңди жашырып жатасыңбы?
- Мен боорум ооруп ыйладым.
- Кимге?
- Тармал чач, жылаңайлак кызга. Ал болгону сегиз жашта.
- Кимдин кызы?
- ... Үйдө от жакканга ширеңке жок болчу, анан кыштын аяздуу таңында энеси кызынын колуна калак карматты да, кошунаныкына от алып келгени жиберди. Ал үйдөн жалаң кат көйнөкчөн, жылаңайлак чуркап чыкты. Мына эми кайра чуркап келаткан, бирок ал так эшиктин алдынан тайгаланып кетти да, жыгылып калды. Болгон чоктун баары, күйүүчү кара көз жаштар ак карды тешип кеткенсип, калактан жерге чачылып кетти. Анан кыз, отурган бойдон, күйүттөн өксүп ыйлап жиберди. Жылаңач согончоктору музга жабышып калды. Ал кыз мен элем. Бүгүн таң заардан ойгонуп кетип, ошо кичине кызга боорум ооругандан ыйлап жибердим. Токтоно албай ыйладым. Эгер мүмкүн болсо, эң жылуу кийимдеримди, эң таттуу тамак-ашымды берет элем. Эгер мүмкүн болсо атаганат... Жок, мүмкүн эмес. Өкүрсөң, бакырсаң да мүмкүн эмес... Ошондуктан,эч нерсе кыла албагандан, айлам кетип ыйладым....
Мына кандай иштер болот. Биздин бактылуу да, бактысыз да бала чагыбыз бизден узак-узак жылдар бою калбайт. Чынына келгенде, ошо бойдон көөнүбүздө көөнөрбөй жашай берип, эстен чыкпайт.
...
А тиги чачылып көмүрдөн, ак кар карарып калбайт....
1972-1976. Ак кардагы кара көмүр. Башкыр жазуучусу Мустай Карим
Окшош макала
Сунушталган товар
Теги: Мустай Карим, аңгеме, бала-чаАк кардагы кара көмүр Бир жолу токсондон ашкан кичүү энем жер карап бирдемеге кайгыргансып отуруптур. Мен чекмелей баштаганда ал мындай деди: - Мен бүгүн таң атпай ыйладым. - Эмнеге? - Жөндөн-жөн эле... Алжып калсам керек... - Балким капа кылышкандыр? Же ооруган жериңди жашырып жатасыңбы? - Мен боорум ооруп ыйладым. - Кимге? - Тармал чач, жылаңайлак кызга. Ал болгону сегиз жашта. - Кимдин кызы? - ... Үйдө от жакканга ширеңке жок болчу, анан кыштын аяздуу таңында энеси кызынын колуна калак карматты да, кошунаныкына от алып келгени жиберди. Ал үйдөн жалаң кат көйнөкчөн, жылаңайлак чуркап чыкты. Мына эми кайра чуркап келаткан, бирок ал так эшиктин алдынан тайгаланып кетти да, жыгылып калды. Болгон чоктун баары, күйүүчү кара көз жаштар ак карды тешип кеткенсип, калактан жерге чачылып кетти. Анан кыз, отурган бойдон, күйүттөн өксүп ыйлап жиберди. Жылаңач согончоктору музга жабышып калды. Ал кыз мен элем. Бүгүн таң заардан ойгонуп кетип, ошо кичине кызга боорум ооругандан ыйлап жибердим. Токтоно албай ыйладым. Эгер мүмкүн болсо, эң жылуу кийимдеримди, эң таттуу тамак-ашымды берет элем. Эгер мүмкүн болсо атаганат... Жок, мүмкүн эмес. Өкүрсөң, бакырсаң да мүмкүн эмес... Ошондуктан, эч нерсе кыла албагандан, айлам кетип ыйладым.... Мына кандай иштер болот. Биздин бактылуу да, бактысыз да бала чагыбыз бизден узак-узак жылдар бою калбайт. Чынына келгенде, ошо бойдон көөнүбүздө көөнөрбөй жашай берип, эстен чыкпайт. ... А тиги чачылып көмүрдөн, ак кар карарып калбайт.... 1972-1976. Ак кардагы кара көмүр. Башкыр жазуучусу Мустай Каримк