Өрүк эне, Топчугүл Шайдуллаева

Өрүк эне

Таң үрүл-барал аткан маалда  оромолун  ээгине чейин ороп байлап алган  аял короосундагы чоң өрүкзарда  ары-бери чуркап, отура калып, тура калып   бак ичинде жаналакетке түшүп атты.  Өрүк дарактын  ар биринин түбүнө от жагып, түтөтүп, дүт коюп жүрөт. Бак ичин каптаган түтүнгө какап-чакап, жөтөлгөн   аял дагы эле  өрүкзарда  чар көпөлөк болуп айланып чуркай берди. Өрүкзарын минтип коюу түтүнгө  аластап жан талашкан аял башына оор алаамат түшкөндөй өзүнчө эле буй салып алган. Улам-улам өрүктөрдүн  гүлдөп турган бутактарын, ага жабышкан калың карды тиктеп, жүзүн убайым чалат. Бу өрүк гүлүнө жабышкан кар түтүнгө  эрийин деген түрү жок.

 

Бир маалда жердеги түтөп жаткан  отко  аял алымсынбады шекилди, үйгө  чуркап кирип чоң темир табакты алып чыкты да, ага да чоктон салып, майда-чүйдө отундардан мол калап, аны да көтөрүп алды.  Түтүнү коюу чыккан темир табакты улам өйдө көтөрүп, өрүктүн бутактарынын арасына  кармап турат.  Ал колдору чок салынган  ысык  табакка эбак каарылып күйүп атса да сезген жок, “өрүктөрдү  үшүктөн   сактоо керек” – башында мындан башка ой да, максат да жок. Өрүктөрүн быйыл да үшүк алып кетсе анда,  мунун тирлиги не болот.  Анын үстүнө  күйөөдөгү жалгыз кызы да   көчүп келип  аны менен жашаймын деп атат…Аялдын аппак болуп гүлдөп турган өрүктөрүн түнү бою капыс жааган кар басып калган. Эгер бул карларды  ысык түтүн менен тез эритип түшүрө албаса, анда быйыл өрүгүнөн, көргөн-баккан жалгыз кирешесинен  кол жууйт. “Кудай анын бетин ары кылсын”, аял ичинен күбүрөнүп, бак ичиндеги дүт коюусун уланта берди.

 

Бак ичи таң атпай түтүнгө  толуп чыкты. Бирок   кар каткан бойдон үлбүрөгөн  өрүк гүлдөрүн ныгыра басып,  ач кене сымал жабышып тура берди. Түтүндөн улам кар музга айланып калгандай  оорлошуп, ого бетер өрүктөрдүн бутагын жерге ийип салды. Эми өрүктөрдүн шагы жерге эңилип, сынайын деп калды. Аял саамга токтоп, өрүкзарды бир сыйра карап алды да, турган ордунда башы тегеренип, көзү караңгылап,  “күп” деп жерге кулады.  Колундагы табагы кыйла жерге ыргып кетти.  Аял кайра бир обдулду, бирок тура албай жатып калды. Турганда  эми  эмне кылат.

 

Кайгысы кабыргасына жетип, чалкасынан жаткан аял  катуу үшкүрдү, анын көкүрөгүнөн  чыккан көк түтүн  чубалып барып бак ичиндеги көп түтүнгө кошулуп сиңип кетти. Ичинен өрттөнүп күйгөн аял өрүктөрү менен коштошуп, быйылкы алдыда турган  оор жашоосу көз алдына тартылып, жаратканга наалат айтып, көзүнөн мончоктогон жаш кетти. Башы тегеренип, кулагы чуулдап, эс учун жогото баштаган аялды бир маалда так пешенесине  “тып” деп тамган тамчы эсине келтирди. Аял көзүн ача салып, өрүк гүлдөрүнө  жабышкан кар-муздун  эрип жатканын көрдү. Кубангандан  өөдө болду. Эки жагын каранды. Чын эле   өрүкзар  ичин  тынбай тамчылаган жамгыр каптаптыр. Аял  чөк түшө отура калып, жаратканга жалбарып  дуба тилеп жиберди, кудайдан өрүкзарына мол түшүм сурады. Анан бата тилеген соң өрүкзардагы эң картаң,  танасы жоон, өзү бутак-шактуу өрүккө келди да аны кучактап көпкө турду. Ушинтсе, колу-буту түздөлүп, денеси кайраттана түшөт. Аял өрүктүн танасын  канчалык  бекем кучактаган сайын, ошончолук  өзүнө күч-кайрат топтойт.

 

Анын жалгыз жашоодо көп эле кыйналган учурлары болду, ошондо ал өз арманын ар кимге айтып, ыйлап-сыктабады.  Кыйналып, жан-айласы кеткенде акырын гана ушул өрүккө келип,  көзүн жуумп,  аны бекем кучактап алат. Өрүк дарагы  анын ичиндеги бардык кайгы-муңун, капасын акырындан өз денесине сиңирип алгандай, аял бир паста жеңилдей түшөт. Бул өрүктү аял ичинен “энем” дечү. Энеси болбосо аялга ал мынча кайрат күчтү, мээримди  кайдан берет, аны кантип сооротот.

 

Бул күнү да аял таңкы аяз суукка карабай танасы муздак эне-өрүгүн  көпкө кучактап турду. Картаң өрүккө  жүдөп,  жабышып  турган аялдын дилдиреп ыйлап жатканын өрүктөн башка эч ким көргөн жок.  Аял кечээ түнкү  капыстан жааган карга, кар менен алпурушуп  кыйналганына, өзүнүн  тартыш турмушуна, жалгыздыгына  кейип ыйлаган жок. Мунун  баарына аял  эбак көнүп бүткөн, моюн сунган. Аны  ыйлаткан, жанын сыздаткан  башка эле…

 

Күйөөдөгү кызы кечээ телефон чалган.  “Эрим менен  биротоло ажыраштым, бүттү, тажадым, мындан артык чыдабаймын, кызымды алып эртең  үйгө көчүп барам, мени кубалаба, апа,  күйөөң менен жаша деп кыйнаба, апа” деп жалдыраган. Муну уккандан бери аял муңга батты. Өзү да атасыз чоңойгон,  кызы да атасыз өстү,  өз энеси да атадан эрте калган.  Эми кызы жалгыз калып, небере кызы да атасыз өсөбү? Бул эмнеси?  Буларга  ата, эр  буюрган эмеспи! Бул эмне деген  кайталана берген тагдыр, пешене? Мындан качып кайда барат? Кызына өмүр бою бак  тилеп келбеди беле!  Арык аял өрүккө ушунчалык жабышып алган, анын үстүндөгү эски кара кыжым  чапанынын өңү да  оңуп, өрүк дарагы түспөл, анын бак  ичинде өрүк кучактап турганын бир караган киши байкабайт да эле. Үн чыгарбай ичинен боздоп ыйлаган  аял бир топто барып  соороду.  Өрүктү кучагынан бошотту. Анан  кыйшая түшкөн  оромолун оңдоп,  көзүнүн жашын алаканы менен аарчыды. Буулуккан көкүрөгү жеңилдегенсип, “шуу” үшкүрүп алды. Башын көтөрүп бутактары  коргон толо жайылып турган барпайган  Өрүк-энесинин  гүлдөрүн карады.   Күн нуруна чагылышкан гүлдөр ажайып  эле. Кандай кооз.  Ичинен тирүүлүккө  “тообо” келтирген  аял кызы менен небересинин  амандыгын тиледи. Алардын бар экенине сүйүндү,  эртең тосуп алганга камынайын деди.   Кайраттана түшкөн ал  Өрүк-энесин алаканы менен сылап, кадим энесин өпкөндөй кучактай өөп, анан өрүкзарда  ар кайсы өрүк түбүндө чачылып жаткан  чала күйүп, чычала болгон отундарды, күлдү четинен  жыйнап кирди.

 

Аялдын көңүлү  бир аз да болсо тынчыганы анын   кыймылынан көрүнүп турду.   Таң эртеңкидей буй салбай, аял  жай, бирок дадил  кыймылга кирди. Чын эле бул  маалда   аркан бою көтөрүлүп калган күндүн нуру өрүкзарга  тегиз чачырап,  каптап, басып турган   түндөгү кардан арылган бажырайган өрүк гүлдөрү бак ичин  аппак нурга бөлөп жиберген эле.  Бул аппак нурдун ичинде  өрүк түспөл чапан кийген арык аял  бир топко чейин күймөнүп, өрүктөрдүн түбүн тазалап жүрдү. 

Автору, Топчугүл Шайдуллаева

  • Өрүк эне

Окшош макала

Сага айткан сырлар

Сага айткан сырлар

Жашы алтымыштан ашкыча аял ала элек, капыстан сүйүү келген бир кишинин айткандарынан: Турмушум ордунан козголуп, күнөстүү жакка карап калгансыды. Түлөөң каткырдыкы, мунуң деле таттуу болот экен . Өртөп ийчүдөй ысык болот экен

Кнопка

Кнопка

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Сыздаткан сырдуу кат

Сыздаткан сырдуу кат

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.

"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".

- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.

-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.

-Макул, кызым.

"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек.

Тракторчу келиндер

Тракторчу келиндер

Эшекчен Эргазы ай жарыгында карааны элес-булас көрүнгөн чатыр кепени оңой эле таап алды. Кепе ичи көөдөй караңгы экен. Оңбогон келиндер жин чырак да жагып коюшпаптыр. Эргазы айылдан шыр чыкканы менен кепенин оозуна келгенде анын кире бериш жабуусун ача албай апкааарый түштү. Бу катар жаткан он келиндин ичинде мунун өзү жактырганы бар. Кепе оозуна тосулган таардын жыртыгы талаанын жайдак шамалына ары-бери делпектеп турду. Жол бою өзүн эр сезген Эргазы ушул жаман таардын жыртыгын көтөрүүгө колу жетпей, колу жетсе, күчү жетпей бир топ коомайланды. Ичкериден келиндердин үзүл-кесил ыры, күлкүсү, шыбыры угулуп жатты. Азим кароолчу жакка көз таштады. Караңгыда чөп үстүнөн аны көрө албады, көрүнбөйт да эле. Көрсө эмне, ал бир муштумдан чыкпаган нашүт гөр да. Ушу байкушка ооз басырыкка бир нерсе көтөрө келбегенине өкүндү, эмне болсо да кароолчу да.

Аңгыча баятан тынч турган эшеги кыңшылап барып, анан айкырып жиберди. Кепе ичиндеги күрү-күү дымый түштү. Келиндер кимдир бирөө жарымдын келгенин туюшту. Баары демин ичине катып калган эле. Эргазынын эми айласы калбады, ал көзүн жумду да тосмону ача:

Карт аял менен жаш аял.

Карт аял менен жаш аял.

Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту.

Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка.

Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го...

Сунушталган товар

Кыргыз эл жомоктору (кереметүү жомоктор)

Кыргыз эл жомоктору (кереметүү жомоктор)

Китепке эл оозунда айтылып, бүгүнкү күнгө чейин жеткен турмуштук мааниси чоң, кызыктуу жомоктор кирд..

280Сом

Кызыл Кыргыз тарыхы

Кызыл Кыргыз тарыхы

Кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев колуңуздардагы бул эмгегин 1895-жылдан б..

700Сом

Агындылар -1-2 китептер

Агындылар -1-2 китептер

"Агындылар " 1-2-китеп  Шайлообек  Дүйшеев. 7-басылышы китептен үзүндү *** Сүйүү кө..

1 200Сом

Теги: Өрүк эне, Топчугүл Шайдуллаева, кызыктуу аңгеме, үмүт