Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.....