Куйручуктун өз аялын сынаганы.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

китептен үзүндү.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

-Упал, жакшылап ук! -деди ал аялын бүркүт карашы менен карап.- Эртеги ата-бабалар бөлөк эркек ачпаган, көкүрөгүн баспаган,жаңылып жазбаган, аруу-дене, таза жүрөк аялзатына ок аттатышчу экен!

Куйручук менен Упагүлдүн ортосунда кызыктай сөз башталды:

-Менин көзүмө чөп салган жок белең?

-Жок.

Алажипти аттадын беле?

-Жок.

-Анда Айчүрөктөй актэтек турбайсыңбы?

-Ооба.

Куйручук атын токунуп, каяккадыр аттанып кетти. Аш бышым убакыт өтпөй, ал Телкүрөңүн чаап келди. Аттан түшпөй , аялын чакырып, заңкылдап кыйкырды.

- О Упагүл! бол бачым,Тез! үйдөн чык!

Боз үйдүн эшигин серпип аялы чыга калды. Ал аялын шаштырып каруудан алып, улактай кылып эңип учкаштырып, атын чаап жөнөдү.

О ботом каякка? Деги тынччылыкбы?-Аялы эринин этегине жабышып, таңыркады.

-Көкүмбайга ок жаңылыптыр! Аттайсың!

- Койчу кайнагамды кантип аттайм!

-Аттабасаң, өлүп калбайбы?

-Уят эмеспи кайнагамды аттап. Башка аял деле аттаса болбойбу?

-Бу чөлкөмдө сенден өткөн таза аял жок! Аттай бер!

Эринин колтугуна колу жабышкан Упагүлдүн чый-пыйы чыгып коркуп баратты.Заманасы куурулду.Кызыл жүзү бозорду.

-Кокус, ок түшпөй койсочу?

- Эмине? Этегиңден жаңылдың беле?

- Баягы жылы, сен Кетмен-Төбөгө кеткенде, жылкычы уул жанымды койбой...

- Бир эле жолубу? Эчтекек болбойт!

-Былтыр сен Чүйдө жүргөндө, Койчуман кайним кучактап айламды кетирип......

- Эки эле жолубу? Эчтеке болбойт!

Куйручук далее чаап баратты. Упагүл колго түшкөн коёндой бүрүштү. Эл журтка жүзү кара болоорун ойлонду. Үнү дагы дирилдеди:

-Жазында сен, Кочкорго кеткенде да... Жаңылган элем......

Күйөөсү текиреңдеген Телкүрөдүн оозун тартты, Кылчайып аялына минтип айтты:

........

  • Куйручуктун өз аялын сынаганы.

Окшош макала

Мал киши

Мал киши

Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине, ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп... дилин жат кылып алышкан окшобойбу.

Эсимде

Эсимде

Ортончубуз Аман эле. Ал төрөлгөндө атам: "Ушул балам билим көздөп, мугалим болор бекен?.." деп койчу экен. Дегинкисинде баарыбызга эле мүнөздөмөнү так бериптир.
Аман китеп эле окуй берчү. Биздин мектептин китепканасын толук окуп чыккан ошол гана болду. Кийин көбүбүз аракет кылдык, бирок аягына чыгалбадык. "Мектептин дубал гезити Амандын учурундагыдай болгон жок" деп калышат. Колхозчулардан бери келип, жарданып окуп, күлүп жатышкандарын көрөр элем.
Аман кичинесинде эле намыскөй болчу. Бир жолу экөөбүз райборборго барып, туугандарыбыздын үйүнө конуп калдык. Жатарда бир нерсеге алаксып калсам керек, Аман:
- Бол, жат, киши келелекте, - дейт.
- Эмне болду? - десем,
- Карабайсыңбы алдагыны! - дейт.
Көрсө, менин тиземен ылдый түшкөн, далбайган өтө эле чоң турсимен уялып жатыптыр.

Кайырчы аял

Кайырчы аял

Көчөдө бир кайырчы аял эч ким жок тарапты карап алып "мына бул келесоону сабап салчы, жоготчу бул жерден!" деп кайра-кайра кыйкырып жатат. Кудум көрүмчү менен сүйлөшүп жаткандай... "Мага келжиреп жатканын карачы, келип саба, өтүн ал!" деп албууттанат улам. Жанында бир темтейген мас эркек турат. Анысы улам жакындап бирдемелерди түшүндүргүсү келип жаткандай. Аял ансайын "көрүмчүдөн" жанындагыны жазалоону суранат... Мен аялдын абалын түшүндүм! Ооба, анын бул дүйнөдө коргой турган эч кими жок. Тигиге өзүнүн күчү жетпейт. Ал азыр кыялындагы жакын адамынан, мүмкүн күйөөсүнөн, уулунан же атасынан жардам сурап жатат...

Кайын энеге ызаат!

Кайын энеге ызаат!

-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт "  деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.

Сунушталган товар

Кудай сүйгөн Куйручук

Кудай сүйгөн Куйручук

китептен үзүндү. Куйручуктун өз аялын сынаганы. -Упал, жакшылап ук! -деди ал аялын бүркүт кара..

350Сом

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы,8-томдон турган китептерге автордун баардык чыгармалары топтол..

2 500Сом

Кун Фу Зы (Конфуций)

Кун Фу Зы (Конфуций)

Китепте дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, а..

300Сом

Теги: Кудай сүйгөн Куйручук, окуялар