Кайгылуу каган, Айдарбек Сарманбетов

Кайгылуу каган

Кайгылуу каган

(тарыхий повесттен үзүндү)

Бу жазмыштын жазуусу катуу белем! Чыңгызхан да, анын улуу уулу Жоочу да, анын Батый баласы, эми алардын урпагы Сартак да аялзатынын азабын тартып армандашканында бир мандем-сыр бар! Өмүргө өлүмдү, акка караны, жарыкка караңгылыкты… каршы койгондой эле атак менен арманды Жараткан теңдей жаратып койгон беле?!. Баарынан да эки дүйнөнү дүңгүрөткөн Батый хандын эртелеп өлгөнү, о Теңири, өзүң кечире көр!.. ырас эле болгон көрүнөт. Эгерде өзүн тарткан өрт жүрөк улуу уулу Сартактын да дал өзүндөй аялга ашыктыгынын айынан ачуу армандап, болгондо да атасы Батыйдын аталаш, энеси бөлөк иниси Беркенин берген уусунан кырчындай кезинде жан таслим болгонун билсе жүрөгү жарылып кетмек! Акылман аялы Баракчындын башын алдырган да ошол Берке болбодубу! Бир адамдын башына мынчалык кайгы бергилик кылбасын деп Теңири да аны аяп эрте алып кеткендир!..

Ошол, Батый өлгөн жылы кайгы менен салтанат эриш-аркак жүргөндөй эле Сартак Алтын Ордого хан дайындалганынын урматына опаасыз чоң той өткөрдү. Ал салтанатка бир кездеги мемлекети талкаланып, көз каранды майда хандыктарга чачырап кетишкен кыпчак, булгар, кавказ, крым, саксон, хорезм төбөлдөрү менен катар айрым жеңилген да, алиге өз алдынча, монголдор менен шериктеш орус княздары да чакырылып, мурдагы кас, кийинки букаралар бир дасторкондо сайран курушту. Арийне, тирүүсүндө аты таш жарган, али сөөгү муздай элек хан Батыйды эстегендер да, ага ичинен армандагандар да аз болду…

Тойдон көп өтпөй чабуулдаган чабармандар орустун ооматтуу князы Александр Невскийдин Сартакты конокко чакырыгын алып келишти. Кезинде аларды Батый хан дос кылган эле. Моңголчо «аньда» дей турган кандосунун жайыл дасторконунда бейкапар, сыйга карк олтурган жеринен сөзгө чебер кыпчактар айтмакчы «өзү шекер, өзү бал, өзү кайың, өзү тал» Натальяны Сартактын көзү чалып калса болобу! Ал кыз байыркы князь тукумунан эле, мартабалуу меймандарга кызмат кылып жүргөн. Жүрөккө жүрөк тартышат деген чын. Азиялыктардагы чексиз бийликтин белгиси болгон бутунан төбөсүнө чейин чылкый кызыл кийинип, бийлиги менен гана эмес, бүтүндөй турпаты, адамдык алгыр акыл, тубаса касиети менен эркектерде сейрек кездешчү өткүрлүгү күч, сыйлуу Сартакты бойго жетип, эркектерге сынаакы да, сырдана да көз салып калган селки мурда эле баамдап калган болучу. Эч бир жанга сыр алдырбас жүлжүк көзүнүн кыйыгы менен жан досу Александрга да шек билдирбей Батыйдын кыя караганын кыраакы кыз илгиртпей байкады. Аңсаган аялзатынын бакыты ошол, көңүлү түшкөн эркегинин чын ынатканы эмеспи! Ал, алкымын агыткан сук көз карашты жөн гана эмес, бүтүндөй жандүйнөсү, жон териси менен сезди. Акыл-эси алачапкын түшүп, жалындуу денесине муздак суу капыс чачылгандай ичиркенип да, ошол эле кезде көшүлө балкып да кетти. Бүтүндөй турпаты менен эркектин кубаттуу көңүл-ышкысын эстен тана күсөп, зарлап-зарыга тилеп турган ууздай денеси тандырдан ургандай аптаптуу, дуалдаган ысык илепти даана сезди. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Оттуу көздөр! Табышкан махабат! Алтын жиптер менен саймаланган ак жибек сарафанынын ичинде толукшуган сымбаттуу мүчөсү жумуруланган, турна моюн, бото көз, ак куудай керилген сулуу ак арзууңду түшүндүм да чын ыкласымдан кабыл алдым дегенсип күлмүң эте кызыл шарап куюлган кесесин Сартакка аста сунуп, көзүн сүзө жер тиктей ийиле кетенчиктеп кете берди. Артымдан келсең келгин, күсөп-күтөмүн дегенсиди, анын бүткүл турпаты. Мелжеген кайберенин кууган жолборстой Сартак чапчаң ордунан атып туруп, кылак эте кыз кирип кеткен эшикке атырылды. Анын сырын бир гана кыраакы Александр байкады. Нечен күн-түнү тынбай шимирген кымыз менен шараптан алагүү тартып калышкан калгандардын жамбаштай жаткан хандын капысынан эле неге ыргып туруп, кайда баратканы менен бөлөк эч кимдин иши болгон жок. Албетте, дубал жандай жарданып турган жансакчылары артынан ээрчимекке умтулганда Сартак аларды чечкиндүү кол жаңдай токтотту.

Ээн, көк малахиттүү бөлмөнүн төрдөгү бурчунда тордогу тотудай жанагы сулуу күтүп турган экен. Сартакты жалт көрө салып кол суна умтулду. Экөө үнсүз ысык кучакташа кетишти. Бирин бири катуу арзытканын айттырбай түшүнүштү. Кумарлуу кучак, диртилдеген денелер! Экөө тең акылдан айныгандай албуут сезимдерине ээ боло алышпай узакка ысык аймалашты. Эркек колдур үнү менен жалынып-жалбарып, кыз алдан тая кыңкыстап жатты. Бакыттын туу чокусу!

– Мен сени катындыкка аламын! Азыр алып кетемин, – деди Сартак оттуу.

Кыз кубаттуу монголдун тилин билбесе да дилин түшүнүп:

– Ооба, жаным! Мен сендикмин! Сени мурдатан эле угуп, аңсап келгемин…– десе болобу, жалындуу.

Сартак да анын айткандарын жүрөгү менен түшүндү.

– Мен Сартакмын, сенин атың ким? Азыр эле Александр досумдан башыңды ачып алайын.

Ашыгынын өз атын атап жатканын боолгой койгон акылы зирек кыз:

– Наталья, мен На-та-льямын, – деп, арзытканы тилине жат ысымды жаңылбай жадында бекем түйүп алсын дегендей ысмын кайталай да, ажырата да айтты. Үнү да жылаажындай назик, наристеникиндей таза экен.

– На-талья, кандай керемет ысым! Сен ушул жерде жылбай туруп тургун, мен азыр эле досумдан сени сурап келейин, антпесе менден сыр жашырдың деп ал таарынып калар…— Албууттанган сезимдерине такоол бере албай, ашыгын азыр эле алып кетмекке ашыккан Сартак,— Сен ушул жерде күтүп тургун, Наталья! Мен азыр…– деп, кыздын ысык кучагынан амалсыз бошонду да, айтканын ашыгына жеткирүү үчүн колдору менен кызуу жаңсап, баарын илгиртпей түшүнгөн кызды ийининен кыса дубалга такады да жана кирген эшигинен атып чыгып кетти.

Конокторунун салтын сыйлап, кат-кат салдырган мамыкта жамбаштай куш жаздыкты чыканактаган Александрга Сартак аттап-буттай шашыла жете барып:

– Аньда, мага Натальяны белекке бер. Мен аны катындыкка аламын! – деди оттуу дем менен. Бул, бир чети төбөлдүн буйругу эле. Бирок Сартак канчалык жеңүүчү, айтканын айткандай, дегенин дегендей баарын букараларына аткарткан хан болсо да адамгерчилигинен тайбай, досуна сый-ызаатын көрсөтүп жатканы эле. Аны кыраакы орус князы дароо түшүндү.

Денесинин зорлугуна карабай Александр ордунан шамдагай тура калып, көшөкөрлөнгөн тилмечин кол жаңсай артка түртө токтотту да Сартакты эки ийнинен кыса кармап күлүмсүрөй:

– О-о, достум, алгыр көзүң накта калтарды тандаган экен! Наталья түбүнөн ак сөөктөрдүн, чыныгы боярлардын тукумунан. Аны сенден аямак белем, досум! Өзүң жакшы билесиң, меникинин баары сеники. Бирок бардык ишибизди кудайга жагарлык кылсак дейм. Билем, сен да, кейрет энең да биздей эле христиансыңар.

– Анда кандай тоскоолдук, эмнеге сөздү созуп жатасың, ток этерин айткын!

Александр жооп бергенге ашыкпай, ашыктык отунан жалындап турган Сартакты далыдан аяр кучактап, орус төбөлдөрү кыркалай олтурган төрдөгү коңшу үстөлгө алып барды да, алтындалган кымкап, не бир асыл таштар менен шөкөттөлгөн таажы кийген текебер, сөөктүү епископко эңкейип:

– Азиз ата, монголдордун улуу ханы, менин кан досум Сартак княздарыбыздын бир бийкечин арзытып калган экен. Ыракым этсеңиз алкап коёлук…– деп шыбырады.

Али кыркка да чыга элек Александрдын атагы артып, чиркөөнүн, анын аркасында өзүнүн да аброю артка сүрүлүп баратканына ич күптү болуп жүргөн епископ бапсайган ак сакалын экчей, ыңгайлуу учурду кантип өз пайдасына оодарып калууну көз ачып-жумганча ойлоно койду. Чанда келүүчү мындай, кудай жалгап бере койгон учурду текке кетирүүгө түк болбойт эле. Анын, мурдагы динчилдердин бардыгынын да башкы мүдөөсү – чиркөөнүн бийликтен, мейли канчалык акылман падыша, чыгаан жаангер болсо да бийик туруусу кажет. Тилекке каршы, эл да мал окшоп мыкты чыкмаларды ээрчий берет тура. Ага жол берүүгө эч болбойт! Крестчен католиктерди Нева дайрасынын боюнда талкалап, андан көп өтпөй кышында катылган швед кресттүүлөрүн Чуд көлүнө чөгөрүп, орустарда мурда болбогондой атак-даңкка ээ болгон Александрдын ооздугун ушундайында тартып койбосо болбойт. Ал үчүн ысык ынагы, чыгаан Батый хан достоштуруп кеткен жаш монгол каганы экөөнү чагыштырып, ортолоруна жик салып коюу жөн. Епископ кытмыр көздөрүн кыбыңдата жанындагы санаалаштарын сыдыра уурдана карап, дайыма кулагы сак, көздөрү көрөгөч алардын да Александрды тымызын сындырып коюуну колдой турганын сезе коюп улуу княздын жанында терисине батпай ашыгып турган Сартакка карап:

– Ооба, Сартак ханым, сен бизге кымбатсың, бирок христиан динибиз сенден да кымбат…– деп жыландын башын чыгарып келатканда махабаттан башы маң тартып турган Сартак:

– Эй, чал, сен эмне деп турасың? Буйтактатпай чындыкты тике айткын! – деп кызуулана кыйкырып жиберди.

Мындай олдоксондуктан улам кандайдыр бир кытмыр-кыйдылыкты алдын ала боолгоп турган Александр «аттиң!» деп санын ачуу мыжыса, епископтун чырагына май тама түштү. Анткени акыйкатчыл Александрдын алдында епископ үчүн айныксыз шылтоо табылды. Мындай оңдой берди болорбу?! Эч убакта, эч качан, мейли өзбү, жатпы, падыша түгүл отузга келип оолуккан Сартак хан болобу христиан динин кордоого эч акысы жок. Айрыкча, монголдордой баскынчы, кас-душмандар үчүн.

– Урматтуу ханым, сиздин жана энеңиздин биз менен бирге – диндеш экенибизге өтө курсантпыз. Волга дайрасынын төмөнкү куймасындагы Сумеркент шаарына да жолборс жылы чиркөө салдырып Кудайды ыраазы кылдыңыз. Бирок… – Жаш хандын каны кайнап, чыдамы бүтө ойдолоктоп баратканын байкаган карт кыйды сөздү создуктуруп жиберсе алда кандай кооганын чыгып кетерин боолгой чочулап, оюнун ток этерине өттү. – Энеңиз деле сизге айтса керек, христиандар үчүн бир гана никеге уруксат берилерин. Ал эми диндин эне оозу менен айтылуусу баласы үчүн эзели бузулгус ыйык мыйзам. Алты катыныңызга талак берип кетирген учурда гана…

Епископтун андан аркы сөздөрү Сартактын кулагына кирбей, каны кайнап, акылы тумандап кетти. Акыры тапкан бактысынан айрып жаткан епископтун башын томолото чапмакка обдулду эле Александрдын карылуу колдору анын кылычын кынынан суурутпай кыса кармап токтотуп калды. Кылыч суурулду дегиче ошо замат эки жаатташып чабышуу, анын артынан алаамат согуш башталып кетмек. Түккө турбас текебер абышканын мындай күтүлгүс каршылыгынан каны шакардай кайнап чыккан Сартак албууттанган алгыр көздөрү менен досуна эмне, сен да мага каршысыңбы дегендей жалт карады. Ынагынын акылгөй көздөрүнөн жок, достум, сабыр кылгын, бир айласын табарбыз дегенди көрүп, ачуусун араң басып, колтуктай алып келген ордуна олтурду. Канткен менен хан тукуму эмеспи, тез эле эсин жыя койду. Епископ экөөнүн тирешин бал аракка акылын алдырып, каны кызып олтурган нойон, түмөнбашылары көрүп калды дегиче кызыл кыргын чыгып кетмек. Андай болгондо улуу бабасы Чыңгызхан менен теңдешсиз жаангер атасы Батыйдын армандап кеткен – акыркы деңизге чейин чабуу керээзин ал, аткара албай калмак. Аскербашылары ырас эле байкабай калышкан экен. Азыркы атасынан айрылып, өзүнүн бир тууган Чыңгыз тукумдарынын эле хандык тактыны тартып алуу кутумдугу күчөп, ынтымагы ыдыраган Хан Ордо солкулдап, анын айынан аскерлери ич ара ирип турган учурда жеңишчил Александр менен согушуу өтө опурталдуу болучу. Кыпчак, Хорезм, Кавказ, Хорасан, Крымдын жеңилген хандары, ошол эле хорват, орустар кылт эткен кыймылыңды аңдып, жаа, кылычын белендеп турушат. Тактыга олтура элек жатып он тараптан курчаган оттун ортосунда калуу опурталдуу эмей эмне. Анда эле тактыдан айрылдың дей бер! Ошондой ойронго жол бербей токтотуп калган Александрга ыракмат.

Сартак ар бири күч-кубаттуу ар элдин куну, ынтымак-биримдигинин белгиси катары келген алты катынын кыя алмак эмес, анүстүнө алардан бакандай балдары да бар эмеспи. Катындарына талак берип кетирсе калың колунун өзөгүн түзгөн алты элден ажырап, ата-бабалардын керээзин, өзүнүн өтөлгөлүү ой-максаттарын орундоо мүмкүн эмес. Бирок Наталья да жүрөгүнүн толтосун козгоп салбадыбы, ансыз жан оту саат санай жабыгып барат. Кийин Александрга кеңешип епископту эритмекке таза күмүштөн ээр, үстүнө кымбат кундуздан ичик жаап, кочушун толтура алтын да берип көрдү.

– Ханым, бул бергендериңизди чиркөөгө кошкон кошумчаңыз катары кабыл аламын жана чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Бирок, динибизди аттасам мени кудайдын каргышы урбайбы, – деп көгөрдү карт эчки.

Сартактын амалы кетти. Шылтоо таап епископту жан таслим кылып салсамбы, же тымызын уу бердиртип кан чыгартпай арам өлтүртүп өчүмдү алсамбы деген да ой бакты. Бирок дини бирге ал кургурду курутканы билинип калса динбезер аталып, энесинин арбагын таарынтып, чын эле Кудайдын каргышына каламынбы деп чочулайт. Алтын Ордонун атыккан ханы туруп алсыздыгына намыстангандан Натальясына да бара албайт. Жашырынып баргыдай ууру да эмес. Антташкан Александр аньдасы болбогондо экиленген эпископту небак эле күм-жам кылып салбайт беле! Шертиңди бузсаң шерлигиң кайсы?!

Ушундай убайымдуу күндөрдүн биринде топтой томолонгон семиз ордо башчы энтелеңдей келип алдына жер сүзө жыгылып калды:

– Ханым, атаңыз Батыйдын иниси Беркенин ордосунан бир жоокер качып келиптир, – деди ал сөзүн жута аптыгып.

Сартак ой бага түштү: Беркенин хан тактысына небактан көз артып, котур ташын койнуна катып келатканы анык дечи, ал эми чоң атасынын «Жасак» мыйзамы боюнча дароо башы алынып, сөөгү иттерге ыргытыла турган чыккынчы-качкынды сүйүнчүлө-гөнүндө кеп бар. Демек, сабыр кылып, сыр тартып көрөйүн деп:

– Келсе эмине кылайын?! Же мени барып сендей жер сүзө жыгылгын дегени турасыңбы? – деди өктөм.

Ханынын заардуу сөздөрүнөн дене-бою үркүп кеткен ордо башчы ого бетер шашкалактады:

– О, ж-жок ханым, ал ж-журтбезер сизден айланып кетсин, биз да а-ал арамды дароо аркы дүйнөгө узатып салалы дедик эле, б-бир…мм… б-б…

– И, эмне токтолуп калдың? Же…

– А-ал т-татар бир орус кызы тууралуу с-сизге айтар к-кебим бар дейт…

– Ыя?! Анда эмне турасың?! Дароо алып келгин аны! – Орус кызы дегенде Сартактын жүрөгү кооптуу болк этип алды. Ордунан кантип атып туруп, ок тийген жолборстой ойдолоп кеткенин да байкабай калды. – Бол! Тез!

Эки жасоолу эдиреңдете сүйрөп келип тери тон, суур малакайчан кодогой татар жоокерди алдына көмөлөтө түрттү. Жер сүзө жыгылган ал хандын бир сөзү же билинбес жаңсоосунан эле чымындай жаны чыркырап кетерин даана туюп турган эле. Не өлүүсү, не тирүүсү билинбей кыймылсыз жатып калган татардын жанына жийиркене басып барган Сартак аны тонунун жакасынан булка тартып мышыктыкындай сары көздөрүнө тике карап:

– Ысмың ким? Миңганың кайсы? – деди кекээрдүү.

Хандын чаары чыгып, жаалы кайнап турган көк көздөрүнө тике карай албай:

– А-атым Сырмак. М-м… ми-мин…– деп, жаш татардын тили күрмөөгө келбей калды.

Чоң атасы сыяктуу эле чыккынчылыкты, суу жүрөктүктү башынан жек көргөн Сартактын ого бетер итатайы тутулуп, чыдамы кете жоокерди жакадан ала башы жулунуп кеткиче жулкулдатып:

– Эй, сары иттин тукуму, кара жаның кымбат болсо жашырбай айткын! Эмне демексиң? – деп бакырып жиберди.

– У-урмат-туу ханым…

– Эй, ит, ток этер кебиңди айткын! Сандырак мактооңдун мага кереги жок.

– К-куп болот… Б-берке хан к-катын алды, т-токолдук-ка… орус к-кызын…

– Алса эмне кылайын?! Куттук айтып барсын дейсиңби мени, ал карыган эчкиге?! Аты ким экен ал кыздын? Ошону айт!

Сартактын санаасы жамандыкка бурулуп, самандай сапырылып кетти. Суук кабар укпагай элем деп түпөйүл жүрөксүдү. Ылайым андай болбогой эле…

Татар жоокер кандай кара баскыр балээге калганын эми анык туюп, сыр жашырса да, кара жолтой кабарды айтса да башы алынарына даана көзү жетип булдуруктап калды.

– А-аты… а-а…

Туулгандан эле кулагы сак, кыйды келген татарлардын биринин тили күрмөөгө келбей байланып жатканынан эле кыраакы Сартак жаман кабарды боолгоп, ошентсе да аныгын угайын деди:

– Айткын, азыр тилиңди кесип ала электе! Ал орус кыздын аты ким?!

– Н… н-нат-талья э-экен…

– Ыя?!. – деп Сартак ок жеген аюудай бакырып жиберди, – жаңылыш уккан жоксуңбу, жексур?!

– Ж-ж-жок… ө-өз-зүм ук-ктум…

«О, Жараткан! Бу не кылганың?! Ат түгүндөй жайнаган кыз-кыркындын ичинен Натальямды көрүп калдыңбы?! Көзүңө көр топурак эле тыгылып калсачы!» Күйүттөн түтөгөн Сартак Кудайга да наалаты айтып жиберди. Анан кантсин?! Араң тапкан аруужанын чандайган сасык чал кордоп жатса! Кутумчулдугунан арамдыгы башына зилдеп кеткен Беркени азыр барып мууздап салгысы келди. Ал амалкөй да Ордо жоокерлеринин көбүнүн жортуулда экенинен пайдаланып калууну күсөп, алдын-ала камынып алса керек. Балким, шылтоосуна шыноо издеп Сартактын биринчи катылышын көздөп, Натальяны атайын токолдукка алгандыр? Ооба, ооба, так ошондой. Анда эмне, Александрды жардамга чакырсабы? Болбойт. Жооң менен жасаган жортуулуң курусун. Досу болсо жеке башыныкы, элдики эмес.

Айласы алты кетип капастагы жолборстой чамынган Сартак акыры эси эңгиреп тактысына шалдая олтура кетти. Кара тумандай калдайып кыйлага үнсүз түнөрүп олтурду. Чатыр ичи кулак кескендей жымжырт, чымындын учканы угулат. Ашыгын ажыратып алар айла табылбайт. Ошентсе да… баса, епископ эмне кылды экен? Ал кантип макул боло койду?! Ушундай уулуу ойлордон Сартак эсине келе калып дагы эле тагдырынын кандай чечилерин чыдамсыз күтүп жаткан татар жоокерге кайрылды:

– Берке мусулман туруп, христиан кызын кантип алды экен?

Ханынын жай суроосунан улам санаасы саал тына түшкөн тигинин эми тили буулбай шыр кетти.

– Натальяны уурдап келишип, көк чыбык менен чыркырата сабап жатып мусулмандыкка киргизишти…

Бул сөздөрдөн Сартак дагы ойдолоктоп тактысынан ыргып турду. «Карыган эчки! Шашпагын! А эмнеге, эмнеге мен антпедим?! Эмнеге епископ көп аял алууга жол берген мусулман динине экөөң тең өтүп алгыла, жолуңар ачылат деп мага айткан эмес? Александрчы? Анын да акылы жеткен эмеспи? Ит Беркенин жеткен акылына экөөбүздүкү биригип жеткен жокпу?!» Эми ага епископтун арамдыгы ачык болду. Ашыгынын башын аччу жолду атайын айткан эмес. Көргүлүктү көрсөтөт ага! Досуна коёр доо таба алган жок.

Сартактын ансыз да жүлжүк көздөрү ого бетер кектүү бүтүйүп, илбирстикиндей сары от боло жалындап чыкты. Жаак тарамыштары түйүлө тишин кычырата кыжынып, кыйлага наркы-терки аттай басты. Акыры амалы кетти белем, жоошугансып:

– А сен мага эмнеге буларды айтып келдиң? Же Берке жибердиби?! – деп көздөрүнүн чаарын чыгара качкын татарга бурулду.

– Ж-жок, х-ханым, – Сартактын көздөрү эми муздак көгүш от бүркө шибегедей сайыла өзүн тиктеп турганын көк желкеси менен сезген татар кайрадан тилин жутуп калды, – О-орус кызы менен с-сиздин… баары билет… а-айтып жүрүшөт…

– У-у! Канкускур!!! – Сартактын оозунан көк түтүн чыга кылычын кынынан шарт сууруп алды. Баары өң-алаттан кете бүжүрөп калышты. – Билип туруп жасаган экен да, ар-рам чөө! Көргөзөмүн мен ага, с-сени элеби, Берке!.. – Сартак кыйлага чейин кылычын кынына салбай улам бир тарапка атырылып, албууттанып жатты. Эгерде Сырмак татар таякелеринен болбогондо башын дарбыздай томолото чаап, адатынча кан төгүп, шакардай кайнаган жинин небак чыгарып алмак беле…

Канчалык кекээрленсе да акылы зирек Сартак аскерлеринин көбү жортуулда жүргөн кезде, күчүнүн аздыгынан улам Эдил дайрасынын жээгинде, Сары-Кумдун үстүнө куруп алган Беркенин ордосун чаппады. Канчалык оор болгону менен кезеги келгенче сабыр этти. Аны албетте, айлакерлиги менен арамдыгы ашынган Берке да билип, укту. Эгерим Европага кеткен түмөндөрү кайта турган болсо Сартактын акыры келип кегин албай койбосун ачык сезген Берке андан озунуунун ыңгайын издеп жүрдү. Акыры ал да келди.

Сартак Каракорумдагы Улуу Курултайдан келаткан. Ордо талашы ал жакта да күчөп кеткен экен. Улуу Кагандын хан-урпактарынын дээрлик баары чар-тарапта жортуулда жүргөнүнөн улам каганаттагы чыныгы бийлик алардын катындарына небак өткөн эле. Каракорумда калган Өгөдөй да, Күйүк да чексиз мансабын көтөрө алышпай арактан күйүп өлүшкөн. Шапар тепкенден башканы билбеген алардын айынан Ордо бийлиги бошоп, катындардын кароосунда калган эле. Ошондо да Жеңгисхандын эссиз тукумдары өз энчилерине ыраазы болушпай биринин бийлиги менен байлыгына көз артышып тымызын да, ачык да так талашууга өтүшкөн. Чоң атасы курган зор империя жалпысынан Каракорумдагы бир Улуу ханга караган менен иш жүзүндө толук баш ийбеген өз-өзүнчө үч ордого бөлүнүп, алардын ар бири ич ара ондогон майда хандыктарга чачырап турган. Бардык хандар Улуу кагандын урпактары болгондуктан өздөрүн өзгөлөрдөн улук, такка татыктуу санап, ар бири жанындагы кандаш хандарды түркүн айла-амал менен өзүнө тартып, же ачык эле басып алып, күч топтоп алган соң Каракорумдагы башкы тактыны басып алууну самашчу. Ошентип, Улуу кагандын жалпы дүйнөдө бир мамлекет куруп, бирдиктүү да, бакубат да жашоо орнотуу ак тилеги ишке ашпай, орто жолдо чандырынан чабылып турган учур эле…

Узак жолдо ушундай убайга батып келаткан Сартакты Берке жолдо кубалап жетип:

– Улуу ханыбыз сапардан чарчап-чаалыгып келаткан экенсиң, даам сызып, масилеттешип алалык, – деп, ат жалына дасторкон жайып калат. Кеги ичинде болгон менен Алтын Ордосунун артын ойлогон хан сыртынан сыпаа сала, ачык душманымды азайта турайын деген ойдо аттан түшүп, даам ооз тиет.

– Ие, улуу хан болсоң да инимсиң, Жоочу чоң атаңдын уулдарынан жалгыз, Батый атаңдын инилеринен мен эле калдым. Жаныбыз башка болгон менен каныбыз бир. Бир тууган табылбайт. Эмнеге кийинки кездери мендей жалгыз агаңдан алыстап, учурашпай кеттиң? – деп, Берке жылан башын кылтыйта кекээрлеп да алат.

Сартак хан болсо да пенделик чама-чаркына шылтай жайкап, даамынан сыпаа ооз тийип, кези келген кезде бардык кегимди алармын карыган теке деп ичинен ызырынып, бирок сыртынан сыр алдырбай аттанып кете берет. Анан эле жолдон көңүлү айнып, окшуй кусуп, өзүн жаман сезе баштады. Эч ким ага жардам бере албай, дарыгерин өзү менен сапарга албай койгонуна катуу өкүндү. Берке арамдын тамагына кошуп берген уусунанбы, же белгисиз дарттанбы, себеби даана билинбей эки күн жөөлүп жатып Батыштын жарымын чапкан улуу жаангер Батыйдын тун уулу да жаштайында жайрап, акыркы сапарына кете берди… Тагдырын тайыткан Беркеден кегин ала албай, арманын ичине жутуп кетти… Анын ордуна Алтын Ордого хан болгон кичүү иниси Улакчы да жарым жыл айланбай кийин өнөкөткө өтүп кеткен ким бирөөнүн уусунан каза тапты… Ата-бабаларынын керээзин аткара албай кан кусуп калды.... Алардын өмүрү антип эрте үзүлбөгөндө Европанын тагдыры кандай болор эле?.. Монгол аттарынын туягы акыркы деңиздин толкундарын кечип калар беле...

Акыры Берке хан болду… Батый хан көрүндө нечен оодарылгандыр…

 

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Мал киши

Мал киши

Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине, ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп... дилин жат кылып алышкан окшобойбу.

Кнопка

Кнопка

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

Кайырчы аял

Кайырчы аял

Көчөдө бир кайырчы аял эч ким жок тарапты карап алып "мына бул келесоону сабап салчы, жоготчу бул жерден!" деп кайра-кайра кыйкырып жатат. Кудум көрүмчү менен сүйлөшүп жаткандай... "Мага келжиреп жатканын карачы, келип саба, өтүн ал!" деп албууттанат улам. Жанында бир темтейген мас эркек турат. Анысы улам жакындап бирдемелерди түшүндүргүсү келип жаткандай. Аял ансайын "көрүмчүдөн" жанындагыны жазалоону суранат... Мен аялдын абалын түшүндүм! Ооба, анын бул дүйнөдө коргой турган эч кими жок. Тигиге өзүнүн күчү жетпейт. Ал азыр кыялындагы жакын адамынан, мүмкүн күйөөсүнөн, уулунан же атасынан жардам сурап жатат...

Сунушталган товар

Кара шумкар-Кашка ат-Карагер жорго.

Кара шумкар-Кашка ат-Карагер жорго.

ҮРКҮН 1916-жылдын күзү. Кыргыз жергесинин ар тараптарынан жырткычтардай качырып сала берген ак па..

500.00Сом

Каар Заман (3 китептен турган роман)

Каар Заман (3 китептен турган роман)

Исай Калашиновдун бул романы 12 кылымдын аягы, 13 -кылымдын башындагы моңголдордун турмушу чагылдыры..

990.00Сом

Теги: Кайгылуу каган, Айдарбек Сарманбетов