Кара шумкар-Кашка ат-Карагер жорго кыргызча китеп,

ҮРКҮН

1916-жылдын күзү. Кыргыз жергесинин ар тараптарынан жырткычтардай качырып сала берген ак падышанын куралдуу аскерлеринин кырганына чыдабай, бейкапар тынч жаткан калк жыт алган кийиктей доңшуп үркүн калышты. Бул жүзүң курган алааматтын эмнеден чыгып, эмнеден башталып кеткенин жумурай журт, калайык калктын азчылыгы билсе да, көпчүлүгү билген жок. Бир даары: «Падыша Герман менен урушуп жаткан экен, аскерлери суйула калганда кыргыз, казактардан аскер алмак болуп, болуш-болуштарга өкүл жибериптир, өмүрүндө аскер берет дегенди көзү көрүп, кулагы чалбаган жумурай журт: «Карындан чыккан балабызды чыркыратып туруп кантип өлүмгө кармата беребиз, мындан көрө падышанын колуна өлүп бергенибиз оң», деп жапа тырмак каршы турган экен, ошон үчүн падышанын кыжыры кайнап солдат жиберип элди кырдырып келатыптыр десе, «Жок андай эмес, ат, тон, мал, мүлк, жер-сууну тартып алмак экен да кыргыз болгон жерин кайберендей качырып ак кар, көк муз, азаба, зоо, аскаларга сүрүп таштамак болуптур, ошон үчүн аскерлер элдин артынан сая түшүп кырып келатат» дейт, анан кыштыр-жайдыр муз төшөнүп, кар кечип, бороон-чапкында жүргөн элден бирдеме калчу беле баары бир кырылып тукум курут болобуз да дешсе, дагы бирөө дагы бир себептерин айтып эл арасы ызы-чуу күрүгүү түшүп, өз кулактарынан өзүлөрү үркүп жатышты.

Бетине келгенин кырып келаткан аскерлерсиз алдынан каршы чыгып такоор кылмакка топтошкон эл сан жагынан канчалык көп болсо да аскерлердин кылычы алда кайдан жаркылдап, беш атары тарсылдап үн чыгарганда колунда куралы жок эл туруштук бере албай бет-бетинен качып бозуп, безген бойдон жөнөштү. Качкан жоонун качырган жоо жаның коёбу, куралдын күчү менен далайын кырып салышты. Муну уккан өрөөн-өрөөндөгү айылдардын эли калып жарыган жок. Тайлуудан таяк калбай, тоо таянышып, чер токой аралап, кокту-колотторго житип-житип жок болушту. Качып үлгүрө албай эс акылынан ажырап шашкалактап калгандарын, бала-бакыра, кары-картаң, катын калачына карабай, артынан сая түшкөн кутурган аскерлер бирден терип ат менен тебелетип жүрүп кылычтап ташташты. Өз эл, өз журтунан ажырап, чуру-чуу түшкөн байкуштар, тээтиги карарып-түнөрүп мунарыктап боз түшкөндөй чамбыл тартып батыштан чыгышты, чыгыштан батышты карай төө өркөчтөнүп чубалжып жаткан катмар-катмар бийик тоолордун ары жагынан бүлбүл көрүнүп, айчылык алыс жаткан Кытай жерин көздөй жол тартышты. Там-ташы, мал-мүлкүнө кайыл болуп, кырылгандан калган аттуу-жөөлөр бет алган жагына самсып жөнөштү. Бир даары сыйынтка коргологон кекиликтердей аскер эмес как эткен карга, кук эткен кузгун көрбөй турган туңгуюктарга түшүп, чилче бириндеди. Мөөрөгөн уйлар, маараган койлор, ботосунан ажырап боздогон төөлөр, үйүр-үйүрүнөн адашкан жылкы, энесин издеп чыңырган кулун тайлар кокту-колот, жыбыт-жылгаларда жапайы кийиктердей топ-топ болуп ээлеген ээси жок калышты.

Көкүмбайдын айылы сүрдүккөн элдер менен кошо Соң-Көлгө ашып түшүп, кыштын күнү ал жерге да токтоло албай күндүз жүрбөй, түн жамынышып жолу жок буруу жерлер менен Нарын, Атбашынын тоолорун аралап олтурушуп Аксайга жетип, Аксайдын суугуна да чыдай алышпай азап-тозок менен Көкарттын белин ашып, өлдүм-талдым дегенде тирүү калгандары Какшаалдын капчыгайына түшүп, Үч-Турфан тарапка бет алышты.

«Кимди ким билди, Быржыбайды там басты» болуп, ар ким өз айылы, өз үй-бүлөсү менен алек. Кимдин эмне болгонун, ким өлүп, ким калганын эстен танып жүрөксүп калган байкуштар бири-бирин жоктошко чамасы келбеди. Үйүрүнөн адашкан жалаң мал эмес, аягы менен дайынсыз жоголгон катын-калач, кыз-кыркын, бала-бакыра да көп болду. Ызы-чуу, күрүгүү түшүп акылына келе албай улуп-уңшуп буркурап боздогондору канча? Кайран гана байкуш момун эл чачылды. Чачылганда да кудайды карабай чачылды бечаралар.

Качкындарды барган жеринде баш коштуруп бир жерге топтоштурууга эстүү-баштуу адамдар болобу. Болгон күндө да акылынан ажырап алдастап калган шордуулар биринин тилин бири ала турган эмес. Ар кимиси урукурукка, айыл-айылга бөлүнүп, Аксы, Үч-Турфан, Үрүмчү, ары жагы Текес, Кияз, Кулжага чейин элирген элдин учу созулуп кетти.

Көкүмбайды ээрчиген отуз чакты түтүн Дуулат уулу Куйручук баш болуп Какшаалдын өрөөнү түгөнгөн жердеги майда чабырларды пааналашты. Кокту баш сайын жылжып аккан суулары бир аз да болсо карагай-черлүү, токойлуу. Түп-түп жапан тал, чычырканак майда-майда жылгын, кыска-кыска жекен, камыш. Жери кара, кар түшпөй, отун-сууга кенен окшоду. Дагы бир жакшы жагы коктусу сайын короо-короо кой кыштаткан жергиликтүү кыргыздар көп экен. А деп барганда ошончо малдын баары ошол элдин өзүлөрүнүкү го деп болжошкон, кийин-кийин сураштыра келгенде андай болбой чыкты. Көрсө Үч-Турфан, Үрүмчү, Кашкардагы уйгур байларынын малы тура. Кыргыздар ошолорго жалданган малай шордуулар экен,

Какшаалдын өрөөнүнө кар түшпөгөнү менен карандай суугу какшатып турду. Качкындарда калкаланар үй-жай жок. Жергиликтүү кыргыздардан айланса болот. Канча кылган менен бир боор өзүлөрү дале өп-чап экен. Ошентсе да болбой эл журтунан азып-тозуп келген бир боорлоруна колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Түтүнү куру калбай аяктап, табактап жыйнашып жыйырма бутка жакын дан чогултуп беришти.

Качкындар үстүн тал, чычырканак, алтыкана менен жабуулаган болушуп, жарга жамай үңкүр казышты да ошого суурдай сойлоп кирип кетишти. Антпегенде айласы канча байкуштардын. Мында да жергиликтүү кыргыздардын жакшылыгы тийди. Ар бир түтүндү куру калтырбай, эски-уску жууркан, төшөк, алдыларына салынар кийиз-кече, талпак-тулпак, казан, тулга, идиш-аяк чогултушуп беришти. Мурдагыга караганда жоктон көрө жогору болуп оңуп калышты.

Жаз кирип келди. Бул жердин жазы жаанчыл, көктөмү эрте болот экен. Канчалык күнү-түнү менен күргүштөп жамгыр төксө дагы жери таштак келип, суу терең сиңбейт окшойт. Чөбү узун эмес, кыска. Ой, кырына чыккан бетеге, шыбактардын бою сөөмгө жетпейт, ашып кетсе төрт эли. Жазгысын майда малдары бат ирденип, кыштан илбип чыккан арык-торугу тез көтөрүлүп, куйрук байлап эт ала баштайт экен. Көрсө жери кургак, таштуу болгону менен кыска чөбү күчтүү болот турбайбы? Улам төш таянып өр тарткан чыбырларында топ-топ болуп үркүп чыккан, төө тапан, карга тырмак, алтыкана, ак тикен. Булар төөнүн тамагы да. Төөлөрү ошолорду жеп өркөчтөрү жайы-кышы бирдей ийилбейт, типтик.

Эл үрккөндө: «Эмне кыласың, бул бечара бөйдөдөн бөйдө жолдо өлөт коё берсеңчи»,— дегенге болбой Көкүмбай кара шумкарды кондура келген Какшаалга. Мына эми ошол кара шумкар кыйынчылыкта бир айыл элди багып жатат. Какшаалдын адыр, түздөрүндө коён деген койдой жайылат. Жергиликтүү эл ителги, куш салганды билишпейт экен. Бирин-серин мергенчи капканчылары бар. Алар да түлкү, карышкыр, кийик уулаганга кызыгышып, коёнго анчалык көңүлдөнүшпөйт окшойт.

Көкүмбай менен Куйручук кыш бою кара шумкарга он-он бештен коёнду күнүгө тептирип келишет. Айлындагы түтүндүн үй-бүлөөсүнө жараша экиден, бирден бөлүштүрүшөт. Бул жердин боздорунда тоодактар да көп болот экен. Кай бир күндөрдө андан да көп алдырышат. Майда тал, түп-түп чычырканактардын арасында кыргоол дегендер жүнүн жейт. Бостек кызыл короздору чуркулдашып жүгүрүп жүрүшөт. Кара шумкарды токойдун үстүнөн айландырып коюшуп, өзүлөрү аларды аралап учуруп турушат. Кыргоолдор түнттөрдөн түз уча албай тип-тик. учушат эмеспи. Үстүндө шумкар айланып турганын кайдан билишсин, барпырап көтөрүлө бергенде кара шумкар кырдана түшүп уруп өтөт. Кыргоолдор ыргыткан тебетейдей топ этип түшүп турат. Эл муну менен да шорпо-шилеңден өксүбөй оокаттанып жүрүштү. Ошентсе да дан жааты кыйын болуп бала-бакыра, кары-картаңдар жазгы үзүмчүлүккө жакындаган сайын чыдай албай балапандардай чыйпылдай башташты.

Бир күнү Куйручук Бозала деген айылдашын ээрчитип, жүз коёндун терисин артынып Үч-Турфандын базарына жөнөдү. Кудай жалгап коёндун териси ал жакта пул экен. Бат эле өтүп кетти. Эки атка сылама жүгөрү ун, сагыра нан артынып жетип келишти. Дандын иши дан да. Дан таткандан кийин аз да болсо өңү-баштарына кызыл кирип, айыл ападагы бала-чака, кары-картаңдар тыңый түштү. Айылдагылар Үч-Турфандын кабарын сурашты. Куйручук көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой айтып берди:

— Жүзү курусун, арып-ачкан качкындарга базардын ичи жык. Күнүмдүк курсактын айынан бирин-экин жылт эткен буюмдарын ит жеминдей бирдемеге баалап беришет экен, шаардын байларына катын, кыздарын чыркыратып сатып жүргөндөр андан көп. Жалаң ичкен тамагы үчүн баш-оту менен кирип берген эр азаматтардан пайдаланып Үч-Турфандагы байлар бекер күчкө маарыган. Кочкордон, Жумгалдан, Кеминден, Ысык-Көлдөнбүз дегендер батпайт. Үстүндө үйрүп салган кийимдеринен тамтык жок. Өң-алеттен кеткен ач арбактай болгон адамдардан баш адашат. Андан көрү кудай кара шумкардын боосун бек кылса аларга караганда биз бир аз жакшыраак көрүнөбүз. Көкүмбайдын каңырыгы түтөп, баш чайкап жер тиктеди.

— Ай-ай-аай, эл байкуш кантер экен? Созулса да үзүлбөсө болду. Кудай түбөлүгүн түз кыла көр?!

* * *

Кынык тапкан Куйручук менен Бозала арасынан үч-төрт күн өткөрүп туруп Үч-Турфанга коён терилерин артынып бара беришчү болду. Ушундай күндөрдүн биринде базарды аралап жүрүшсө, бир жигит топ арасынан жүгүрүп келип Куйручукту мойнунан кучактап бакырып басып жыгылды:

— Айланайын Куке, аман-эсен жүрөсүңбу? Кудай сени чын көргөздүбү, калп көргөздүбү?! Түшүм болбой, өңүм болсо экен! Кудайга ыраазымын сени көрсөткөн! —Эки көздөн куюлган жаш эки жаактан ылдый агып салаа-салаа. Куйручук аны жакасынан өйдө тартып тургузуп туруп төшкө бир койду:

— Эй... Кудай урган немесиң го. Көтөнү түшкөн аюудай бакырган. Деги өзүң кимсиң кан базардын ортосунда шолоктогон. Бул быкпырдай кайнаган эл үркүп кетпейби. «Бир балаа болгон экен» деп, аты-жөнүңдү айтчы. Кайдан болосуң, ким болосун?!.

— Мени тааныбай турасыңбы, Куке? Жумабай эмесминби, Мойнок — Шакирдин иниси. Эл үрккөндө тентип жүрүп ушул жерге келгем. Сегиз жашар жалгыз эркек балам жолдо ачкадан өлдү. Жан багыш кыйын экен аялым экөөбүз Ибрайым-Ло деген уйгурдун кызматын кылабыз. Оту менен кирип, күлү менен чыгабыз. Берген тамагын акыбызга чегерет. —Жумабай көпкө чейин солуктап ыйлай берди. Куйручук:

— Болду эми кудай урган басыл?! Ойношун карматып эринен таяк жеген аялдай үңүлдөбөй!.. Бул жер ыйлай турган жер эмес, акмак десе, басыл, кайрат керек! — Жумабай бышактап жатып көптө барып басылды. Анан Жумабайдан Куйручук байдын жайын сурады:

— Деги байын кандай бай?

— Бул Үч-Турфанда андан озгон бай жок. Жүз нар, жүз качыры бар. Кытайдан тартып Индияга чейин кербен жөнөтүп соода жүргүзүп турат. Кой, жылкы, уй, төөсүнүн эсеби жок. Аны тоо арасында кыргыз малайлары багат.

— Оо, чоң бай экен. Үйүндө жумшаган малайлары канча?!

— Көп... Бөтөнчө качкын кыргыздар келгени бекер күчкө туйтунду.

— Эмесе сен бүгүн байындын үйүн мага сыртынан көргөзүп кой.

— Жарайт.

Жумабай Куйручукту улам бир ийри-буйру тар көчөнү айландырып олтуруп байдын дарбазасына алып келди. Байдын үйүн сыртынан көргөндөн кийин Куйручук Жумабай менен коштошту. Тогуз күндөн кийин келерин айтты. Жумабай тогуз күндү бирден санап Куйручукту күтүп жатты.

* * *

Базарга алып келген коён терилерин пулдагандан кийин Бозалага ат-тонду көздөтүп коюп, Куйручук Ибрайым-Лонукуна жетти. Ибрайым-Лонун дарбазасынын босогосун аттап кирип барганда Жумабай баш болгон он чакты качкын кыргыздар короонун ичинде таңгак-таңгак жүктөрдү ар жагындагы оозу ачылган кампалардын бирине тоголотуп киргизип жатышкан экен. Жумабай Куйручукту көрүп

селт эте калганда Куйручук башын чайкап, көзүн кысып койду. «Сыягы таанымаксан бол» деген белгиси окшоп калды. Жумабай тынч ала түштү. Куйручук:

— Лоңор үйүндөбү? — деди.

— Үйүндө.

— Кайсы эшигинен кирет?

— Ортодогусунан.

Куйручук көргөзгөн эшикти ачып кирип барганда каалганын түбүндө кылыч байланып турган жигит какайып тура калды.

— Ибрайым-Ло үйүндөбү?

— Үйүндө. Кирүүгө уруксат жок.

— Мен ал кишиге тартуу алып келдим.

— Туруп туруңуз мен кабарлайын. — Жигит кирип кетти. Куйручук көп күткөн жок. Кароолчу жигит кайра чыгып: «Кире бериңиз» деп баш ийкеди. Куйручук салам айтып кирип барганда Ибрайым-Лого катарлаш эки жаш жигит олтурган экен, ордуларынан атып тура калышып Куйручукка кол тапшырышты. Ло кызыл топучан, кызыл нооту чапанын жамынып бир бутун сунуп, бир бутун бүгүп жолборс талпактын үстүндө олтуруптур. Ордунан козголуп сунган бутун тартып да койгон жок. «Мындай келиң» деп, Куйручукка оң капталын көрсөткөн болду. Туруп турган эки жигитти карап ээгин көтөрүп ишаарат кылды эле, ал экөө буттарынын башы менен аяр басышып ошол замат ээрчишкен бойдон эшикке жылып-жылып чыгып кетишти. Сыягы алыстан жаңы келген кербен башчылары көрүнөт. Ло Куйручукту карай мойнун буруп:

— А... жол болсун, качкын кыргыз, — деди.

Ибрайым-Ло алтымыштан ашып калган сакал чачына ак кирген, бирок кубакай өңүндө бырышы жок, жүзүнө караганда анчалык карыдай эмес, чуйлүсү кочкордукундай кабат-кабат бүктөлгөн, жаздык Кучактатып койгондой курсагы бар, аны көргөндө Куйручук: «Арам дөөлөткө семирген иттин бирисиң го», деп ичинен ой жүгүртүп койду,

— Мына буларды сизге тартуулап келдим — деп кичинекей боз таар куржундун бүчүсүн чечип, анын ичинен кепке ылайыктап союлган кыргоолдордун кооз кызыл короздорунун терилерин биринен сала бирин алып Лонун астына коё баштады. Ибрайым-Ло аларды көпкө чейин тиктеп-тиктеп туруп, эки алаканын чаап койду. Үйдүн бир капталынан эшик ачылып, узун чачтуу орто жашаган аял чыга келди.

— Мынабу качкын кыргыздын тартуусун алып кет, — деп аялга күңк этти. Аял үн-сөзгө да келбей тогуз кызыл короздун терисин чогултуп кучактаган бойдон кайра ошол чыккан эшигине кирип, экинчи кайрылбай жок болду да калды.

— Тартууңа эмне аласың, качкын — деп Ло Куйручукка мойнун бурду.

— Өзүмдүн каалаганымды алам — деди Куйручук. Лонун ачуусу келип, өңү бузула түштү:

— Каалагакыңдыбы?

— Ооба каалаганымды, азыр албайм: Тогуз күндөн кийин келем, ошондо айтканымды айткандай орундатасың?! Ибрайым-Ло: «Бул тентиген качкын кыргыз эмне дөөрүп жатат» — деди окшойт: — Жолуңа түш, качкын — деп кол шилтеп койду. Куйручук бошогон куржунун колтуктап, артын карабай шарт чыгып кетти.

Дарбазанын сыртында Жумабай жолдоштору менен күтүп турган экен. Куйручук аны: «Бери кел» деп, обочолотуп барып далай сөз үйрөткөндөй болду. Жумабай боору катканча ыкшып күлүп: «Макул Куке, макул» дегенге араң чамасы келип, Куйручуктан бөлүнүп кала берди.

* * *

Куйручук кеткенден кийин Ибрайым-Ло көпкө чейин ойлонуп калды: «Бу тентиген качкын кыргыз түгүл, бүтүндөй Кашкар, Турфан, Үрүмчү, Аксы, ары жагы Текес, Кыяз, Кулжадан бери менин жүзүмө эмес, артыман ушак айткан адам жок эле. Бул тентиген качкын кыргызды кара!.. Аттигиниң ай! Эмне соо кетирдим, жок кылып таштабай?! Ай-ай-аай, (оозун карманды). А... мейли ажалы тартса тогуз күндөн кийин келер. Келбесе ошондон ары жоголсун».

Үч күн өткөндөн кийин дагы алыска кире жөнөттү Ибрайым-Ло. Анан эртеден бери жүк жүктөшүп чарчаган малайларынын жанына басып келди да:

— Эй, кыргыздар, — деп койду. Малайлардын баары жалдырап карап калышты. — Ана күнкү келген ырайы суук карачаар качкынды тааныйсыңарбы?

— Тааныйбыз — деди Жумабай жолдошторунан мурун озунуп, — ал Куйручук деген олуя адам.

— Анын кандай олуялыгы бар?

— Айтканын аткарбаган адамды дубалап эшек кылып таштайт. Ибрайым-Лонун бүткөн бою кара курт чаккандай «дүр» дей түштү.

— Ушундакамы?!

— Ушундака — деди Жумабай. Биздин элде бир байга кекиликтин тогуз жумурткасын тартуулап барса, бай айтканын бербей койгон экен биздин көзүбүзчө дубалап эшек кылып таштаган, болгондо да ургаачы эшек. — Ибрайым-Ло өң-алеттен кетти:

— Ушундакамы?!

— Ооба, ушундака. Ошол байкуш ургаачы эшекти эркек эшектердин баары аша берип, өлтүрө турган болгондо, байдын балдары Куйручукка жалынып-жалбарып, ыйлап-сыктап барып жүрүп анын айтканын аткаргандан кийин анан дубасын кайра жандырып байды адам кебетесине келтирген. — Ибрайым-Ло колтугунда жылаан сойлоп жүргөндөй типтик секирди. Көз ачып жумганча купкуу болуп өң-алеттен кетти. Шыргалаң суудан жылаңач чыккандай калтырап титиреди.

— Ушул распы? — деп берки малайлардан сурады. — Рас — дешти баары бир ооздон.

— Калп айтсам кара башымды жутайын, өз көзүм менен көргөм. Ошондон кийин бай баштагы калыбына келе албай келесоо чалыш болуп калды, — деп жиберди Жумабай даана каксыз ишендириш үчүн. Ибрайым-Ло тумшукка чапкандай бурулуп үйүн көздөй жөнөдү.

Бул сөздү уккан күндөн тартып Лонун тынчы кетти. Үрүмчүдөгү мечиттерди бүт кыдырып имамдардын баарынан сурап чыкты. Көпчүлүк имамдар ушундай көз боочулук илим болоорун, көбүнчө арабиядан окугандар колдонорун айтышты.

Тогуз күндөн кийин Куйручук келди. Ал эң мурун Жумабайга жолугуп Лонун абалын сурап алган. Куйручуктун тышта турганын угуп Ибрайым-Ло дарбазасынын эшигин чала-була аттап чуркап чыкты. Эки колун бооруна алып, белин бүгүп, Куйручукту көрөрү менен башын ийип таазим этти. Анан Куйручукту колтуктап ички конок үйүнө алып кирип кетти. Бир аздан кийин тышта калган Бозаланы чакыртып алышты.

Бул түнү Куйручук менен Бозала дүр-дүйүм аштын башы кошулган түркүн тамактардан татышып конок болушту. Чөп алачыктын ичинде сыз жерде жатышкан байкуштар катуу уктап калышкан экен улуу шашкеде бачайы жууркан, ак шейшеп, куш жаздыктан баш көтөрүштү. Эртең мененки чай дасторкон жыйылгандан кийин Ибрайым-Ло эки колун бооруна алып:

— Каалаганыңызды айтыңыз, олуя аке, — деп Куйручукка таазим кылды. Куйручук токтолбостон туруп:

— Тогузду алдыңбы, тогузду бересиң, — деди.

— Куп, олуя аке! Тогузуңуздун жайын айтыңыз?

— Бир төө, бир ат, бир качыр, бир кап буудай ун, бир кап таруу шак, бир кап жүгөрү шак, бир кап күрүч, жүз мата, жүз кес ак камсуп, баарын кошсоң төө баштаган бир тогуз деген ошо болот. Ибрайым-Ло эки колун бооруна алып куп таксыр олуя, айтканыңыз айткандай аткарылат, — деди.

Куйручук: «Булардын үстүнө катыныңды кошуп бересиң» десе да, Ибрайым-Ло даяр эле.

Ибрайым-Лодон олжосун алгандан кийин Куйручук менен Бозала шаардан узап жолго чыгышты. Мындай «сыйкырды» Куйручук Үрүмчү менен Үч-Турфандын байларына бир эмес, бир канча жолу жасады. Тапкан табылгасын арып-ачып тентип жүргөндөргө бөлүп берип жүрдү.

1918-жылы Какшаал өрөөнүнө жаз демейдегиден эрте келди. Жан-жаныбардын тула боюна жаздын жылуу соккон жели жумшак урунуп, эртели кеч эркелеткендей сылап турчу болду. Жаз жышааны жакшылык алып келчүдөй. Күн жаркырап чыгып, кызарып батат. Келип жүргөн келгин куштар да быйылкы жазда жылдагыдан он-он беш күнчө эрте келишти. Жүзүндө кирити жок мелтиреген тунук көк асмандын бетине жабышкандай учуп бараткан каркыралардын карааны калың. Келчү жагынан келатып, барчу жагына бараткандай көрүнөт. Тээ тетигинчелик бийиктен желеленип созулган бойдон ошончолук көкөкулусунда сызып баратышса да чурулдап чуркураган үндөрү кап-кайдан келип жердегилерге ашпай-шашпай угулат.

«Биз дагы силердин жерге баратабыз. Эл-журтуңарга жакшылык келген, бакты, таалай, ырыс төгүлгөн. Силер кимди күтүп жатасыңа'р жүргүлө, жүргүлө биздин артыбыздан» дегендей канаттарын кадимки кол булгагандай булгашып, анда-санда ирмешет, жарыктык каркыралар.

***

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Кара шумкар-Кашка ат-Карагер жорго.

  • Автор: Сардарбек Рыскулов
  • Жанры: Повесть
  • Жылы: 2015
  • Басмакана: Турар
  • Барагы: 304
  • ISBN: 978-9967-15-441-4
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 500Сом


Сунушталган китептер

Куюн доор

Куюн доор

Олжобай Шакир агабыздын акыркы жарык көргөн чыгармасы эми биздин дүкөндө. Бишкек шаары боюнча бекер ..

550Сом

Ысык-Көлдүн жети акеси

Ысык-Көлдүн жети акеси

Тарых,санжыра,камтылган кызыктуу китеп биздин дүкөндө. Китепте Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Карач ..

200Сом

Бакшы менен Чынгызхан

Бакшы менен Чынгызхан

Арслан Койчиевдин бул романы басмадан чыкпай жатып, 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы деп “Арча” ..

550Сом

Сынган Кылыч

Сынган Кылыч

Сынган Кылыч, Төлөгөн Касымбеков. Бул китепти биздин интернет дүкөнүбүздөн сатып алсаныз болот. К..

1 100Сом

Теги: Кара шумкар, Кашка ат, Карагер жорго, кыргызча китеп, Сардарбек Рыскулов