Бакшы менен Чынгызхан, Арслан Койчиев

Арслан Койчиевдин бул романы басмадан чыкпай жатып, 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы деп “Арча” сыйлыгына татыган.

БАКШЫ менен ЧЫҢГЫЗ – ХАН

(үзүндү)

- Кара башың жуткурдуку, эмне мынча өчөштүң? Өз канымдан өнүп

чыгып, өзүмө кайдан өчмөндүү? - деди Чынгыз-хан.

Чакчелекей түшкөн дүйнөнү тиктеп, чамасы куруду.

- Өзөктөн чыккан өрт болдуң, өлөт алгыр! Төгөрөктүн төрт бурчун тең бөлдүм эле, чачылган дүйнөнү теңдедим эле, Теңирим өзү жалгаган тукумду өөдө дедим эле! – деди. – Сүбөңдү өөдө...

Алы жетпей турду. Алы жетип, арачы түшө албай турду. Айкырыгы жаңырып анда угулбай, күнү батаарга кыйшайып, ала көлөкө баскан алакчы дүйнөгө аттап кирип бара албай, каны шыркырап агып, кан жыттанган кызыл талааны чарк айлангандан бөлөк аргасы жок, көк дөбөнүн түбүндө көмөлөнгөн өлүктөрдү, алмадай томолонгон баштарды тегерене-тегерене өксүгөндөн бөлөк айласы жок, чамасы куруду. Ала жатчудай айланды, жаткыра чапчудай айланды. Ага болбоду. Тигинде, көк дөбөнүн үстүндө жейрендей туйлаган көй күлүгүнүн оозун кере тартып, бүктөй кармаган камчысын онду-солду жаңсаган, ок батпас баданачан Өзбек-хан өз билгенин кылып атты...

Көк дөбөнүн түбүндөгү кары-жашы, атасы-баласы аралаш көгөндөлгөн төрт жүз - беш жүз туткунду - өңчөй чынгыз тукумунан эле, уулу - уулу болуп тарагандар эле - кээкердүү карап, арасынан башы айрылган Элбасар-ханды айра таанып, биринин да көзүнө тик бакбастан да бир сыйра сыдыра карап, арасынан Жоочу атасынын улуу катынынан тараган, токолунан тараган, салбырдан тараган баш кишилерди ажырата таанып, сыйкы качкан Шыбан балдарын, башы салаңдаган Тукатемир балдарын таанып, буту менен басып, мурду менен тынган Жоочу тукуму аттууну түгөл чаап, күлдү Батый тукумун чөгөлөткөнүнө корстон болуп турду Өзбек-хан. Жеке өзү бир тең, тигиндеги төрт жүз – беш жүзү бир тең, төрт жүз – беш жүзүнө жалгыз өзү түткөнүнө төбөсү көккө жете ээленип, атпай Жоочу тукумунан атадан жалгыз таалайлуу туулганына кубанып турду, ошол таалай эки атанын ичинен маңдайы кайкы Элбасарды аттап, өз маңдайына жазылганына кудайга ыраазы жалынып турду. Ошону үчүн Өзбек-хан болуп туру, ошону үчүн Өзбек-хан болуп турду. Касиетти – Чынгыз-хандын канынан бери агылган, Жоочу-хандын каны болуп агылган касиетти оодарат деген ушу. Тээ ала жаздан эки курдай бет келип, экөөндө тең алалбаган жоосун мына бүгүн - барс жылынын буйруктуу күнү, түш оой талкалап, “засаг, засаг 1 ” деген каапырлардын тарак тамгалуу туусун жыкты. Алтын асабалуу айчыктуу туусун Сарайга тикти. Оомат оойт деген ушу, ушу турган көк дөбөдөн жер кыйыры көз алдына алаканга салгандай көрүнүп, жердин бети чеңгээлине батып турду. Ушу турган көк дөбө мелжиген мейкиндиктин, күн тийген тегеректин киндиги туюлуп турду. Мына эми - Жоочу-хандын журтуна жалгыз өзү ээ. Улуу Улус - меники, Жоочунун улусу - меники. Жер бетинин теңи, жок, теңинен көбү, теңинен көбү меники! Бир кыйыры Үрүм, бир кыйыры Чын-Мачын, ушунун баары меники! Оттуу жерлер, калаалар... өтөктүү адырлар.... баары меники!

Күн ооп баратты. Күңгүрөндү. Бирдемени күңгүрөндү. Ээрдин бүлкүлдөтүп, күбүрөндү. Аныгында келме келтирди. Дагы бир ирет “тобо!” деди. Жараткан алла-тааланын амирин кара, таңдайлуу кишиге айла жок тура, тили так күрмөлүп, “расулаллага” так бурулуп калыптыр, тээ капкайдагы Кайыр, Багдаддын өзүнөн дин жолуна жыгылган кадимки момундарча эрдин күбүрөттү. Келме келтиргенин көп жөөкөрдүн ичинен ириде катчы жүргөн мысырлык жөөкөрү байкады. Жүрөгү жылып, жымыйды. Өзбек-хан тигиндеги кайрыдиндер кейиптенип Көк Теңирге тайынган жок, “Көк Теңирлеп!” уулуган жок. “Оомийиндеп!” алаканын жайбаганы эле болбосо, байкаса, ушуну менен төрт-беш кайталап, анык казатчынын анык кебин айтты. Ошого жымыйды. Эми не кылар экен? Эми...

Жаңы тапкан кудайына төрт кайталап тооп-ибадат келтирсе да Өзбек-хандын дале көңүлү төп болбой, көңүлү толбой, астындагы жер чапчыган көй күлүгү сымал туйлаган санаасы тынчыбай, санга бөлүндү. Кудайга жагаар, кудайына жагаар ишти өтөөлүнө чыгаруу керек эле. Каны ичине тартып, кумсарды. Өтөөлү керек, өтөөлү! Бирөөнүн жанын күсөп турду. Бирөөнүн канын аңсап турду. Анүчүн өлтүрүү керек. Элде мурда Элбасарды өлтүрүүсү керек. Бирок күсөөсү канчудай эмес. Өтөөлү керек! Анүчүн көгөндөлгөн Элбасар каапырды курмандыкка чалуу керек да, бүтүн Чынгыз тукумун олжого жыгуу керек. А балким түгөлү менен кырдырсачы, мына ушинтип тукумун булардын түбөлүккө чорт кырксачы?.. Ошондо тактыга көз артаарга, бактыны талашаарга тирүү жан калбай, ордосу козголбостон, Сарайы урабастан, мөңкү-мөңкү заманга калаар беле да мөөрөйү жанаар беле?

Атынын башын буруп, көк дөбөнүн чокусун айланта бастырды. Түн жагы - көйтүн, күн жүрүш жагы – Чоң Урум менен Кичи Урум, күн чыгыш жагы - Хорезм, андан-ары – Чын-Мачын, күн батыш жагы – кайнаган орус, ары жагында – дагы орус, .... Оболу шам намазга чейин...

“Тирүүлөй канын ичейин, тирүү апкелиңдер!” деди эле, тигине – Элбасар турат эки аягы шыйрактан, эки колу билектен кыл чылбырда байлоодо. “Йасачылардын башы – Элбасар, жер-суучул ушул каапырдын башын өз колум менен албасам!” деди. Көксөөсү ошондо суур. Жок, аны менен суучудай эмес. Жоочу атасынын тукуму жыл сайын эле топ-топ болуп, түгөлү менен чеңгээлине түшө бермек беле. Үзөңгүсүн чирене тээп:

- Батыйдын балдарын бир бөлөк, башкасын бир бөлөк байлагыла! – деп

буйруду Өзбек-хан.

Батыйдын балдарын бир бөлөк!? Оюнда эмне бар, эмне? Ким билсин, тегеректеген жөөкөрлөрүнүн бири буйрукту илип алаар замат төш менен төмөн чапты.

- Батыйдын балдарын бир бөлөк! Батыйдын балдарын бир бөлөк!

Бөрк ал десе, баш алууга камдуу нөөкөрлөр бөрү тил найзаларын кулачтап сундуруп, шылкыйган туткундарды далыга, бөйрөккө ызырына сайгылап, түрткүлөп калышты.

- Батый балдары бөлүнгүлө! Батый балдары бөлүнгүлө! Батыйдын балдары мындай чык!

Көгөндөлгөн калың топтун катары “чуу” дей чуркурай түшүп, удургуп калышты. “Тайкожо! Сайчы-уул! Сайчы-уул кайдасың, катыгүн!?”. Эмнегедир Сайчы аттуу уулун издеген бирөө чебелектейт. Өлөлбай жатып бирин-бири түгөлдөгөндөрдүн чарылдаган үндөрү чыгып, тушоосуна, буугучуна чалынып-чулунуп, эл топурап экиге бөлүндү. Уул-уул болуп бөлүндү. Ырысынабы же шорунабы, айтор жарыкчылыкка тирүү жан болуп жаралардагы тагдыр буйругуна - улуу катындан, кичүү катындан туутуп койгондогу тагдыр буйругуна унчукпай моюн суна, байбиченин балдары өзүнчө, токолдун балдары өзүнчө бөлүндү. Элбасар-ханды пааналаган жүз чамалуу жан өзүнчө бөлүндү, жүздөгөнү өзүнчө бөлүндү. Бул эмнеси? Эмне кылгысы бар? Кимисинин канына суусады? Төлгө кылышты. Бири байбичеден туулчудагы тагдырын каргады, бири токолдон туулчудагы тагдырын каргады. Жулкунган нөөкөрлөр Батый балдарын күргүчтөтүп оңго сүрдү, токолдон туулганын тобу менен солго сүрдү.

Жанатада чапкылап жетип келген жөөкөр “Батый уулумун” дегендерге ат үстүнөн үйрүлүп, өмгөктөтө ары имерип, бери имерип, убарасына карабай утур чубатып, кой санагандай санады. Камчысын кезей жүз жыйырманы санады.

- Жүз жыйырма! - деп кыйкырды жөөкөр кырды карап.

Жүз жыйырма!? Кырылып-жоюлгандан кийинкиси, куугун-сүргүндөн калгандагысы эзели жүздөн кемибей, дале жүздөн кемибей, жүз жыйырма бекен! Эки кылым аласалганча Батый-хандын бир башы жүздөн ашкан экен да, өзү - жүз жыйырма биринчиси турбайбы!? Жүз жыйырма бир баш! Жер бетине ушунчасы бак талаша кошо туулуп, көздөрүн жылтырата жарыша басып жүрүшкөнүн кара. Кылтыя багып, бак талашчу күндү кымырана күтүп жүрүшкөнүн кара. Бирок бу жарыкта бирөөсү гана хандык дөөлөт күтүүгө акылуу. Жүзүң болобу, миңиң болобу, бу жарыкчылыкка жайнап туулсаң да, Жоочу журтуна эгедерлик бирөөсүнүн гана маңдайына чийилген, атпай Жоочу тукумунан атадан жалгыз таалайлуу туулганына жазылган, ошол таалайлуусунун, эң таалайлуусунун укум-тукумуна буйрулган. Ушундай чечимге бекиди Өзбек-хан.

Аты жер челип, окторулду.

Жалдырай тиктеген калганычы? Көздөрүн жайнатып, аларың деле жүздөп-жүздөп жүрбөйбү? Алар - бечаралар. Алардын бешенесине бечаралык тагдыр жазылган. Эбак жазылган. Акыр заманда барып туулчусунан бери бечаранын тагдырына кириптер болоору абалтадан жазылган. Чынгыз-хан өзү жазган.

“Карачалар!” деди ичинен. Аларды каакым ордуна көрбөстөн карача кылгысы келди, караламан журтка аралаштырып кара кылгысы келди. Ошентип моокумун кандыргысы келди.

Ийнинен ашыра карап, күн батышка мойнун бурду. Уялгандан көзүн жүлжүйтө карап, убакытты өлчөдү. Көз кайкыткан тээ алыста, күн нуруна күзгүдөй чагылышып, үзүл-кезил урунган Эдил-дайранын эки кылаасынын артындагы мунарыктаган талаанын кырына төнүп, күндүн отураарына аш кайнам убакыт бар. Шам намазга аш кайнам убакыт бар. Эми, шам намазга дейре үлгүрмөгү лаазым. Ашыгуу керек. Жаңы жосун ушундайча башталмагы керек. Ля-иллаха... “Ля-иллаха” дегиче, төмөндөн кимдир-бирөөнүн көк айрыган ачуу айкырыгы келмесин бузду.

  • Эй, Теңирим төбөңдөн ургур кара өзгөй Өзбек! Ата жолунан тайган

дили бузук, ушуну бил, ата-арбактан тыш калганыңды бил!

Каапырдан ушундай кеп укту. Ооба, каапыр эле. Карада жок кайраттуусу эле. Кара болот кайсары эле. Кайран гана Элбасар эле. Бирок каапыр эле! Үнүнөн тааныса да үн чыккан жакка башын бурбай, укса да укмаксанга салып, Өзбек-хан мелтиреп унчукпады. Күн уяга батканча сүйлөп калайын дегени го.

- Ушуну бил, аталардын керээзинен кечип, йаса жолунан тайдың!

Бийик йасаны тебелегениңди Көкө Теңирим кечирбейт, эзели Теңирим куткарбайт! Эки дүйнөдө куткарбайт сени!

Теңирим!? Эки дүйнөдө!? Ха, теңирчилин мунун, көрдүм сенин

Теңириңди! Өзбек-хан ооздугун кемирген аргымагын кыска теминип, тегерене бастырды. Элбасар-хан айкырып атты:

- Йасага жакпаган иш мунуң! Йасанын куту ураар сени, куту төбөңдөн урган күнү да келээр, саткын Өзбек!

Йаса!? Йасачылын мунун!? Өзбек-хан аргымагын желдирип, айланта бастырды.

Жүзүнө тик бакпаганында кеп бар эле. Сарала чапан сартаул 2 өңдөнгөн, көгөөн көздөнгөн Өзбек-хандын колунан тирүү кутулбасын бөркүндөй көрүп, жакшылыктан күдөрүн үзгөн Элбасар-хан Батыйдын балдарын күргүчтөтүп бир бөлөк бөлүшкөндө заманасы куурулду. Жаман ой кетип, жамандыкка жоруду. Беридеги Мөңкө-Темирден эмес, нарыдагы Батый атасынан бөлгөнүн карачы! Йасанын кунубу? Йасаны коргогондун кунубу? Ата сөзүн ардактап-аздектегендин кунубу? Асман кулачудай, жер жарылчудай, аягында таканчыктап араң турду. Көөнүнө бузукулук уялап, йасадан кечкен арамдын тизеден кан кечирээрине көзү жетти. Эми минтип далысын салып, айланта бастырганындагы түрү жаман. Йасадан безген арамдын канжыгадан кан кечээрине көзү жетти.

- Жетишет! Зордукчулугуң карматып, кордук кылбагының! Токтоткун!

Мынча кишинин арбагы сенин арбагыңан кем бекен!? Колдоочусу сеникинен кор бекен!? Сенин ээң ким экен да, мынча кишинин ээси ким экен? Жараткан өзү жар турат, теңешем десең теги бар, атаандашаарга ата бар, эмнеси сенден кем экен, ыя!?

Ээси!? Ээси дейби!? Ээси ким эле? Жүрөгү сайышты. Ушул сөздү

уккандан үрөйү учуп, керең болгусу келди. Дүйнөнү саамга унута сала дүлөй болгусу келди. Бир гана аргасы бар эле, утур күбүрөнүп, “текбир” деп коюшат экен, текбир айтып турушу керек эле: Ля-иляха илля-Ллах, ля-иляха... . Жүрөгүн көтөрдү. Эми, шам намазга дейре үлгүрмөгү лаазым. Ээсин чакыргандардын тезирээк көзүн тазалап, ээсине тапшырмагы лаазым. Ошондо жаны жай алаар. Анда эмесе баштоосу керек. Элде мурда Батыйдын тобун боо-боо кылып союп, эң соңунда Элбасардын канын өзү ичмеги керек. Калганынын эсебин жайынча табаар.

Көк темирди көтөрдү:

- Элбасарды ээрчигендердин тобуна ит өлүм!

Ит өлүм!? Күлдү Батый балдарына ит өлүм!? Бакы Батый балдарына ит

өлүм!? Көк дөбөнү этектеп тургандар уккан кулактарына ишенип-ишенбей селейе түшүп, жакаларын уучтай карманды. Ээй, кашайгыр, ойнуңбу же чыныңбы, бул эмине жоругуң!? Кантип батындың да кантип оозуң барды, чөтгөр 3 ? Башы кара, буту айры муну укпасын, ата-арбак муну укпасын! Асылы Батый балдары тукум курут болсо, алтын босоголуу, алтын боолуу ак үйдүн куту учпайбы да токсон боолуу журтубуз туткасыз калбайбы!? Алтын босоголуу ак үй ээсиз калса, жер астын-үстүн аңтарылып, дүйнө тескери айланып кетпейби!? Эсиңе кел, чөтгөр!

Кылыч, найзаларын жалаңдатып, айдарын ачуу тигип, тегерете имерип турган жөөкөрлөр тап көрсөтө, туш-туштан чөө сымал жойлоп, атам-жотом укпаган шойкондуу бир моокумдан чыкчудан бетер туш-туштан жөөлөп келишти. Алты кадам чукулдап, асылы хандарды жөөлөп келишти. Эки кадам чукулдап, эгеси хандарды жөөлөп келишти. Жаман арларына алчая басып, акшыңдап алышкан. Асылдыгын көрөлү булардын, алтындыгын көрөлү булардын...

Көк дөбө жактан имерген көзү шоролуу жөөкөр кылычын сундура элден мурдараак жетип, - ханзаадалардын канын төкмөйдү кимисинен баштаарын жана эле кыйтыя тиктөөчүдө баамына илип, колуна оң келчүсүн аңдып койгон экен, - сыңар тизелей отурган, алтымышты таяган, бою-башы сыйда, болумдуу абышканы капталынан керилип туруп чапты эле, алтын башы ыргыды. Удаа жеткен аксаңдаган жөөкөрү ай балтасын белендеп, “ошончоңун ичинен өңгөдөн да ушу сени жутамын” деп кекенип турган экен, болугунан келген алты жашар баланы коргологонго үлгүртпөй урду эле, алтын башы ыргыды. Күрөөсүнөн кан оргуштаган башсыз денелер тамырынан омкорулган узундуу-кыска теректей удаа-удаа кулады. Бири күп этип кулады, бири түп этип кулады.

Бирок жер асты-үстү болуп, асманы кулаганы жок, дүйнө аласалып, тескери айланганы жок.

- Адам-ээй, чындап кырганы жүрөт!

- Кырганы жүрөт!

- Чын кыргын!

“Батыйдын анык сийдигимин! Мен – Батыймын!” деген он чакты кайраттуусу ордуларынан шап атып туруп, бөлөктү көздөбөстөн, тигиндеги Өзбек-хандын өзү менен бойлошчудай, бет ороюна сөгүнүп-кагынып, ороп келген жөөкөрлөрдү аралай жалаң төш жулунду. Жетип барып, аттан оодара тирүүлөй гана жутчудай төш таяна жулунду. Көк дөбөгө жетмек кайда? Көк дөбөгө жетпеген соң, Өзбекти ат үстүнөн оодарып, кокосун үзүп алмак андан кайда? Кабыландай шамдагай жөөкөрлөр оңду-солду бурулуп, шалап-шалап ийишти. Төбөдөн чагылгандай ойногон кылычтын мизинен ону тең ошол жеринде кабат-кабат сулады.

- Каран күн! Каран күн! Кырганы жүрөт!

- Кан ичмейин бизге карматып, кырганы жүрөт!

Дүйнө солк этпестен, асман козголбостон туру, ээринен көчүгү кыйшайып да койбостон Өзбек-хан туру тигинде. Кара жер жарылбастан, көк дөбө көчүп түшпөстөн, Өзбек-хан туру ордунда. Элбасар-ханды тегеректеп, чуру-чуу түшө күүлдөгөн эл, “Көкө Теңирлеп!” уулуп, удургуган эл арбактын тетири бурулуп, жарыкчылык эмнегедир өгөйлөгөнүн жаңы туйгандай туш келди жайыла берди. “Жабы! Жабы!” деп кыйкырып, жаш-карысына карабай жайылып качты.

“Ит өлүм” дегениң ушундай өкүм, ушундай өлүм турбайбы, жол торогон жөөкөрлөр туш келди жабыла качкан элди туш келди чапкылап, туш келди ургулап, туш келди көмөлөтө жыгып атты. Туш келгенин союп атты. Туш келди качкандардын бирдаары окчун бөлүнүп, жалдырап караган элге – Жоочу-атанын токолдорунан тараган калың топко ыктады. Араларына корголоп кирчүдөй ыктады эле, “Ур! Ур тигини аралатпай! Ур алдагыны качырбай!” деп айкырган жөөкөрлөр жеткирбей жол тосуп, союп атты.

Жоон билектүү мында бирөө так мандайдан кылычын жалаңдатып, ары-бери ойнотту. Өлчөп туруп чапты эле, экөөнүн башы ыргыды, болжоп туруп чапты эле, бешөөнүн башы ыргыды. Алтын баштар ыргыды, кайран баштар ыргыды. Алмадай гана ыргыды...

Эки аягында араң-араң таканчыктап, бороон-чапкындагы талаанын жалгыз багындай ары-бери сеңселген Элбасар-хан кирпиктери канга чапташкан көздөрүн алайтып - айрылган төбөсүнөн шүүшүндөгөн кан жазы маңдайы ылдый агып, каш-кирпигине уюп аткан эле, - өңгүрөп ийчүдөй түнөрдү. Ээгин кырча-кырча тиштенди. Мойну менен чыкыйындагы көк тамырлары көөп, тили төөнөлдү, үнү буулду. Акыр замандын ызгаарын сезгендей, өнө бою үшүп, калчылдады. Бул эмине көргүлүк!? Атаңгөрү-ү!..

“Эй, Теңир ургур кара киши! Качантан бери кан тукумуна өөдө карап калгансың! Ушунчаңда болгунуң, колуң тарт!” деген бир эстүү жан жок, кан жытына алагүү эңгезердей жөөкөр тигинде кылычын төбөдөн ойнотууда. Төп келтире чапты эле, төртөөнүн башы ыргыды, айландыра чапты эле, алтоонун башы ыргыды. Алтын баштар ыргыды, кайран баштар ыргыды...

Жөөкөрлөр алеки заматта сакалдуу-көкүлдүүсүнө карабастан кырк-элүүсүн кырып болуп, бир-бирине ыктап, биринин колтугуна бири башын каткан кишилерди тобу менен кайра сүрдү эле, кыйкырып-өкүргөн сүрмө топ эки колу ач билектен кыл чылбырда таңылуу, моюндан көгөндөлүү ханынын этегине тыгылды.

- Жан соога! Жан соога! Батыйдын балдары элек го!?

...Акылынан адашкандай нес болгон Элбасар-хан жаагы карышып калгансып, үн катпады кашайып. Арага түшкөнү жок, жалбарып жан соогалаганы жок. Эми эле жерден боорун көтөрө кас-кас тургансып эки тизеси титиреп, жыгыла жаздап оңолуп, ооп барып оңолуп, калч-калч этет денеси.

Кызыгына баткан жөөкөрлөр жан сооганы укчудай эмес. Өлтүрүп атышты. Өлтүрүп атышты, өлтүрүп атышты. Кайран Батый атабыз көрүндө кантип жатты экен, ушунун баарын билип, ушунун баарын туюп, кантип чыдап жатты экен, ким билсин, “Ии, Элбасар, шуну көрмөксүң!” дегендей, кылычка илингенин кылычтап, найзага илингенин найзалап атышты...

Бир жыгылганда бештен-ондон бүк түшүп, эки аягында теңселгендердин катары кемигенден кемий берди, кемиген сайын озондоп жан соога сураган үндөр да сээлдегенден сээлдей берди. Улам биринин үнү өчөт. Озондойт да үнү өчөт, озондойт да үнү өчөт. Оңго чуркаганы оң капталда көмөлөнүп, жалп өчөт, солго чуркаганы сол капталда көмөлөнүп, жалп өчөт. “Онгонго койдум! Арбакка койдум!” дегенге жарады да соңкусунун үнү өчтү.

Сөөктөргө чалынып, канга масайган жөөкөрлөрдүн кажы-кужусу “чымм” эткен чымынчалык угулбай, кулагы чыңылдаган Элбасар тунжурайт. Канталаган көзү айнектей катып, жаагы кыйшайды. Эки ийини таш арткандай оорлоп, деми кыстыкты. Ала көлөкө баскан, сыдырым жел жүрүп, аягы катуулаган ушу кечтин алааматы – боорун баса эңилип, эсил кайрандап өкүрүп, жоктоп алаары жок көмөлөнгөн өлүктөр, жоктоп алаары жоктон алмадай томолонгон баштар ошол айнектей каткан эки көзүнө көз ирмем болуп уюду, соңку ирмем болуп уюду. Калч-калч эте калтырайт, аягында жер калкып, кара жер кошо калчылдайт...

Каяктамын? Коколой башым жалгыз каңгып, кайсы дүйнөдө жүрөм адашып? Билген-туйган жан барбы, Этукен-экенин жетимиш жети катмарынын кайсынысындамын, ыя? Этукен-эке сенсиңби, ыя? Каяктамын, ыя? Үн катчы! Бүгүн таңда күмүш жүгөнү катылуу ак сур аргымагым алкынтып, Эдил бойлоп аттанчудагы жаным, Мөңкө-Темир атамдын онгонун чакыртчудагы жаным, канатым кайрылып, кабат-кабат курсагыңдын каягына түшүп кеттим, аттиң? Баса, күмүш жүгөнү катылуу ак сур атым каякта? Кайран менин ак сурум, сыр жебедей гана сызган сай күлүгүм, жердин жетимиш жети катын айланта чабаарга, мына ошентип Көк менен Жердин ортосунда оюн салып тураарга, жейрендей туйлап, күмүш үзөңгүң катылуу, ак каңкы ээриң токулуу болсоңчу, аттиң!.. Жарыкчылык? Чын эле дале күн жарык, ала көлөкө басканы эле болбосо али күн жарык. Балким... Балким, жарыкчылыктын соңу болуп жүрбөсүн көргөнүм? Соңу болуп жүрбөсүн туйганым? Шооласын төгө Ай толукшуп чыкканча, кызара төнүп бараткан Күн үч бөлүнүп сынып, айнектей үчкө бөлүнгөнү калган чагы го? Ээ, андай болсо Өзүбек-алачанын 4 да күнү бүтүп, өлгөнү ошо! Аты коёндой, өзү чыканактай болуп, ат-маты менен чогуу жети күн - жети түндөн узабас! Хачин будлиендин 5 азгырыгына кирип, малды сартаулча кор кылып, союп жеген ошол айлампаштын аты коёндой, өзү чыканактай болуп кичирейгенин, эки көзүн ийненин көзүндөй кылып, бетегенин түбүндө жердин битиндей жөрмөлөп калганын бир көрсөм кана, аттиң! Аттиң, ...

Эсил кайрандап өкүрүп, жоктоп алаары жок көмөлөнгөн өлүктөрдү, жоктоп алаары жоктон алмадай томолонгон баштарды аралата бастырган, атынын оозун араң тартып, алчаңдата бастырган Өзбек-хандын келгенин, кекээрдүү тиктеп кашына, как маңдайына келип калганын таңазар алган жок. Көкүлү шүйүлүү, кулачтай куйругу түйүлүү көй күлүгүн туйлата как маңдайына туруп калганын сезген жок. Кекээр толо карашты көргөн жок. “Чөгөлөт!” дегенин уккан жок, каруусунан канга баткан жөөкөр ийинден ныгыра басканда талыган тизеси бүгүлүп, тизеси жерди укумчалык оё чөгөлөгөнүн да, дал ошол маалда Өзбек-хан жер чапчый кошкурунган күлүгүнөн күбүрөнө түшө келип, - “ля-иллахалап” тындырбай текбир айтып аткан эле - көк темир кылычын башынан өөдө көтөрүп, көк шилиге мелжеп, кулачын жаадай кергенин да билген жок...

- Кара башың жуткурдуку, эмне мынча өчөштү? Өз канымдан өнүп чыгып, өзүмө кайдан өчмөндүү? – деди Чынгыз-хан чакчелекей сапырылган дүйнөнү тиктеп.

Ала көлөкө түшүрүп, айланып учту, Көкө Теңирин баш кылып, теңирлерди козгой-козгой тегеренип учту. Бир карасаң, Дегере-теңир болуп сабалады, бир карасаң, Эрхету-теңир болуп сабалады. Куюн болуп сабалап, жел какты, шамал болуп сабалап, шамал какты. Бир карасаң, Мөңкө Көк Теңир болуп учту. Бирок да алы жетип, арачы түшө албай турду. Армандуу үнү угулбай, укчу киши табылбай, Эдил-Жайык ортосундагы алакчы дүйнөгө аттап кирип бара албай, Чыңгыз канына суусаган жолбунду колдон кармап кала албай, каны шыркырап агып, кан жыттанган кызыл талааны чарк айлангандан бөлөк аргасы жок, көк дөбөнүн түбүндө көмөлөнгөн өлүктөрдү, алмадай томолонгон баштарды тегерене-тегерене өксүгөндөн бөлөк айласы жок, чамасы куруду. Ошондо төбөдөн салаңдап турду да тээ төмөндө кылычынын учу менен адам башын алмадай чукулап маашырланган, ок батпас баданачан кишиге таарынычы ашынды. Таарынды да каргады. Ала жатчудай каарданып, жаткыра чапчудай каарданып, төбөсүнөн урчудай төбөсүнөн каргады. “Тукумумдун куну ушул, тукумуң чыкпасын! Бердибегиң менен токтойсуң!” деди Чынгыз-хан.

................

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Бакшы менен Чынгызхан

  • Автор: Арслан Койчиев
  • Жанры: Роман
  • Жылы: 2016
  • Басмакана: Турар
  • Барагы: 484
  • ISBN: 978-9967-15-520-6
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 550Сом


Сунушталган китептер

Кара шумкар-Кашка ат-Карагер жорго.

Кара шумкар-Кашка ат-Карагер жорго.

ҮРКҮН 1916-жылдын күзү. Кыргыз жергесинин ар тараптарынан жырткычтардай качырып сала берген ак па..

500Сом

 Кожомкул балбан баяны

Кожомкул балбан баяны

" Кожомкул балбан баяны" Кыргыз балбаны жөнүндө толук маалымат камтылган кызыктуу китеп ..

450Сом

Каар Заман (3 китептен турган роман)

Каар Заман (3 китептен турган роман)

Исай Калашиновдун бул романы 12 кылымдын аягы, 13 -кылымдын башындагы моңголдордун турмушу чагылдыры..

990Сом

Манас , "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 4 китеп)

Манас , "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 4 китеп)

Манас, "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академи..

10 500Сом

Топон

Топон

Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..

400Сом

Жанжаза

Жанжаза

Жанжаза,Султан Раев Жазуучу Султан Раевдин «Жанжаза» романы терең психологиялык, философиялык чыг..

450Сом

Семетей-2 (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 2-китеп)

Семетей-2 (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 2-китеп)

 "Семетей" ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академиялык басылма) ..

2 750Сом 3 000Сом

Семетей ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 1-китеп)

Семетей ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 1-китеп)

 "Семетей" ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академиялык басылма) ..

2 750Сом 3 000Сом

Сейтек ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча)

Сейтек ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча)

"Сейтек" ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академиялык басылма) ..

2 500Сом 3 000Сом

Теги: Бакшы менен Чынгызхан, Арслан Койчиев, Чынгызхан жөнүндө китеп, арча сыйлыгы, кызыктуу окуя, издөө, чынгысхан