Арслан Капай уулу Койчиев

Арслан Капай уулу Койчиев

Арслан Капай уулу Койчиев

Арслан Капай уулу Койчиев (англисче - Arslan Kapay-uulu Koichiev) - кыргыз тарыхчысы, жазуучусу, журналисти жана публицисти. "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, "Токтогулдун маданий мурасы" коомдук фондунун Президенти. "Арча" адабий сыйлыгынын ээси (2015), тарых илимдеринин кандидаты (1995).

Жазуучулук ишмердиги

2010-жылы Арслан Капай уулу Түндүк Кыргызстандагы падышалык Орусияга каршы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана андан кийинки Улуу Үркүндүн окуялары сыпатталган "Мисмилдирик" деген романды жарыялады.

Бул роман 21-кылымдын башында кыргыз калемгерлери жараткан жаңыча сөз камтылган тарыхый-көркөм чыгармалардын бараандууларынан болуп калды.

2012-жылдын башында Арслан Капай уулу 20-кылымдагы кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш окуялар чагылдырылган дагы бир тарыхый романды жазып бүттү.

"Айта бар менин кебимди" аттуу бул тарыхый роман айтматовдук "Ысык-Көл" Форуму, "Жаңы Ала Тоо" журналы жана "Турар" басмасы тарабынан уюштурулуп, 2012-жылдын 23-мартында жыйынтыкталган "Арча" адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнөн деп табылып, экинчи даражадагы адабий сыйлыкка татыды.

Бул романда советтик кыйчалыш доорлорду жүрөк толтосунан өткөргөн Турар Атаевдин кейиштүү тагдыры аркылуу Кыргызстандын атуулдарынын 20-кылымдагы саясий турмушу жана моралдык, адеп-ахлактык ички күрөшү таасын чагылдырылат.

2015-жылы "Бакшы жана Чыңгыз-хан" романын жазды. 2016-жылдын 28-июлунда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында бул романдын бет ачары болду. Ага сынчылар, адабиятчылар, акын-жазуучулар, тарыхчы, журналист адистер ж.б. катышты.


Буюмдарды салыштыруу (0)


Бакшы менен Чынгызхан

Бакшы менен Чынгызхан

Арслан Койчиевдин бул романы басмадан чыкпай жатып, 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы деп “Арча” ..

550Сом

Көрсөтүлдү 1 - 1 чейин, жалпы 1 (баардыгы 1 барактан)