Кудайдын дүкөнүндө, кызыктуу китеп издөө

Кудайдын дүкөнүндө

Кудайдын дүкөнүндө.

Карапайым жашаган аял бир күнү түш көрөт. Түшүндө дүкөнгө барса, Кудайдын өзү сатуучу экен. 

- Оо, кудурети күчтүү Кудайым! Сиз өзүңүз сатуучу болуп жатасызбы?- деп кыйкырып жиберет ал сүйүнгөнүнөн.

- Ооба, менмин, - деп жооп берет Кудай.

- А сизден эмне сатып алсам болот?

- Менден баардыгын сатып алсаң болот, деп жооп узатат Кудай.

- Андай болсо, мага Сүйүү, Бакыт жана Ийгилик бериңизчи...- дейт аял кубанычы койнуна батпай.

Кудай мээримдүү жылмайып, жыгач текчедеги кутучалардын бирин аялга сунат.

- Ушул кичинекей эле нерсеби? Болдубу?! - деп таң калат аял.

- Ооба, ушул, - дейт Кудай. - Сен ушул убакка чейин билбейсиңби, менден адамдарга баардык нерсенин уруктары гана берилет. Калганынын баары өз колуңарда...

"Жан дүйнөңдөн тышкары башка жактан эч нерсе издебе, баардыгы жан дүйнөңдүн ичинде. Бакытты өзүңдүн көкүрөгүңдөн тап. Эгер бакыт ал жерде жок болсо, демек аны башка эч жерден таба албайсың". Филарет Дроздов (1782-1867) 

Бул текст "Жашоонун сыры кайда катылган " китебинен үзүндү катары алынды

  • Кудайдын дүкөнүндө

Окшош макала

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Сунушталган товар

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Теги: Жакшы китеп, Жашоонун сыры кайда катылган, аял, кыргызча китептер