Сага баратам. Арзуу каттары

Сага баратам..

Сага баратам...
Жумушумда иштеп отуруп, эч нерсеге көңүлүм тартпай жатканын сездим. Эмне кылсам, көптөн бери сени менен жолуга элекмин (беш жылдан бери экөөбүз бир үй-бүлө болуп, бир түндүктүн астында жашасам да, көптөн бери жайдары, жай отуруп сүйлөшпөгөнүбүздөн улам, мага ушундай туюлду).
Ооба, ойлосом, менин сага айтаар сөзүм өтө көп экен. Ишимди таштап салып, дароо жумуш телефонуңа чалдым да, жолугушуууну сунуштадым. Сага да ушул нерсе керек болуп турган белем, дароо макулдугуңду берип, жолукчу жерден күтөөрүңдү айттың. Эшиктеги кар сапырган бурганакты чым этип да тоготуп койбой, ууртум күлкүгө толуп, алып учуп бараттым сага. Жүрөгүм сүйүнүп, ичим ысып, сага туш кылган бактыма, тагдырыма ыраазы болом.
Кыз кезимден кыялданып, образ түзүп, анан ошол образды өзүңдөн көргөн күнү эле "Ушул адам менин теңим" деп дароо тааныгам. Ал кезде сен мага караган да, тартылган да эмессиң. Мен болсо көңүлүм ток, Кудайдын тагдырыма буйруган кишиси өзүң экенин билип, качандыр бир чогуу болоорубузга ишенчүмүн күтчүмүн. Анан эбепке-себеп болуп, биз жолуга баштадык, чогуу басчу болдук. Анан, анан... мен күткөн күн келип, арзууңду ак баракка жазып, колума карматтың:
"Ак карлуу ашуу аяктап,
айыл жакын көрүнөт,
Аны туйган адамдын көөнү көпкө
бөлүнөт-муну кантип жоорудуң?
Алыс учар ак шумкар,
ак куу алган көрүнөт,
Ай күн менен ширешип, ааламга нуру
төгүлөт- муну кантип жоорудуң?"
Менин күткөнүм ушул эмес беле. Асылдыкты билгизип, ачык айтпай, кайманалап, ыйыгын ичине катып туйуктап жазганыңа ыраазы болдум. Калемди колума алып ак кагазга эңилээрим менен көкүрөгүмдө сага берээр жообум даяр болду:
"Ак карлуу ашуу аяктап, айыл жакын жетээрбиз,
Алыстагы табышмак,
аны бирге чечээрбиз.
Алыс учаар ак шумкар, айланып куусун тапкандыр,
Ак куу да учпай алыска, шумкарын күтүп жаткандыр"
Жазып алып дароо кармата салганым жеңил-желпилик болор деп ойлоп, ай санатып күттүрдүм. Санааркатып жүрүп, болжогон сааты жеткенде арзууңдун дарысын колуңа тутказдым. Жыл айланбай баш кошуп, чогуу түтүн булатып калдык. Жан дүйнөнүн каалоосу, дүйнө таанымыдын окшоштугу шайкеш келип, ичибиздегини илгиртпей түшүнүшөбүз. Мына, азыр да жолугабыз деп бири-бирибизди көздөй баратабыз, анын мага да, сага да керек экендигин билебиз.
Кыздын кыялы келечегинин пайдубалы экендигине күбөмүн. Анткени, "Теңирим теңиме буйрусун, сүйлөшүп сөзүбүз бүтпөсүн, алганым өзүмө жарашып, көргөн пенденин купулуна толгудай болсун, карагандын баары жашоонун, сүйүүнүн ырахатын сезгендей болсун бизден" деген изги тилегим ичимде катылуу болчу. Ушул ойлор, сезимдер көөдөнүмө дем берип, сага жолуктурган Теңириме ыраазымын.
Ак кар, сен жаайсың, ээрип жерге сиңесиң, кайра бууланып көккө көтөрүлөсүң. Мына ошол кезде аалам Эгесине менин каалоомду жеткире бар. Ааламды актык башкарып, сүйүү бийлесин, ар ким арзыганын алып, теңин тапсын, түбөлүк бир болгон махабат дастандары жаңырыктап турсун!
Кат ээси Айзада, Жалал-Абад облусу

Бул макала " Белегим..Демим...Жантеңим" китебинен алынды

  • Сага баратам..

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Кнопка

Кнопка

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Сунушталган товар

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Белегим...Демим... Жантеңим..

Белегим...Демим... Жантеңим..

Китептен үзүндү.... Негедир, тээ алыста калган, менин сагындырган ыйык сезимдерим менен сырдашкым..

150Сом

Теги: Сага баратам, арзуу каттары, сүйүү окуялары, белегим демим жантеңим китеби