Сыздаткан сырдуу кат, Кундузбүбү Маматова

Сыздаткан сырдуу кат

СЫЗДАТКАН СЫРДУУ КАТ

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.

"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".

- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.

-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.

-Макул, кызым.

"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек. Чоң атам көп балалуу, уулдарынын баарын үйлөп-жайлап, кыздарын берип тындырышкан. Менин атам уулдун экинчиси. Баарын бөлсө да ,бизди негедир бөлгөн жок. Апам менен атам үч кыз, эки уулдуу болсо да, өздөрүнчө бөлүнөм дебей, чоң ата, энемдин ыктыярынан чыкпай, мал багып, кетмен чаап, дыйканчылык менен тиргилик өткөрүштү. Мал демекчи, малдын баары чоң атамдыкы эле. Жайы жайлоодо, кышы кыштоодо атам менен апам бешөөбүздү жетелеп мал артында, кетмен көтөрүп талаада эле. Үйгө келгенде деле апамда тыным болчу эмес. Кир жуумай, короо шыпырмай, нан жапмай. Чоң атамдын башка уул, кыздарынын кири да апамдын мойунда эле. Биз кол арага жарап калган мезгилде, ошол үйдүн түйшүгү бизге жүктөлдү. Жылаңайлак тызылдап, барын кылабыз. Бирок жакшы сөз укпадык. Чоң атамдын кыздары келген мезгилде чоң энебиз өзгөрүп кулжуңдап калчу. Атам жоош, ак караны ажыталбаган, чечкинсиз, жалтак да болгонун мына эми сезип отурам.

Анткени эжелерим келгенде атам да өзгөрүп калчу. Себеби жок апамды чыркыратып сабап, тепкилеп салат эле. Бир ичсе айлап ичип, апамды кубалап уруп кордосо, апам байкуш кой канага түнөп, тизеден ылай кечип жүрөгүнүн арасына бекинип таң атырчу. Баралы десек жөнөтүшчү эмес. Атам уктаганда апам байкуш акырын келчү да, биздин арабызга жатып алчӯ. Улам бирибизди жыттап, ыйлаганын билдирбей сызылып таң атырчу. Эрте мененки тиргилик апамдын мойнунда эле. Таң атпай, нан жаап, мал саап, кир жууп, чоң атамдын сулкуйган кыздарын, балдарынын тамагын даярдачу. Байкуш апам, ошончо түйшүктү кабагым ашым дебей аткарчу эле. Атам акча тапса энем алып койчу да күйөөдөгү кыздарына айылчылап он, жыйырма күндөп жүрүп келчү. Кийими эскирип бозоруп, жылдызы өчүп, жайнаган көзүнүн күлгөнүн элестете албайм апамдын. Сызылып баарына чыдаган экен байкуш апам.

Чоң атамдын кыздары белек, бечкек алып келсе да апамдан башка келиндерине алып келишчү. Апам белек албаганын капарына да алчу эмес, бирок сулуу көздөрү муңайып калчу. Апам сурап алаары жок үй кызматчыдан айырмасы жок эле. Кээде атамдын токмогуна чыдабай качып таенемкине барат элек. Бирок бизге ал жакта да орун жок эле. Байкуш апам ыйлап ыйлап жолго түшчү элек. Көрсө таенебиз өгөй экен. Болбосо упураган кызына кантип жаны ачышпайт. Биздин бала чагыбыз апамдын муңга баткан сулуу көзу, сумсайган элеси менен өттү. Барар жеринин жогунан, балдарым деп адам чыдагыс азапка кайыл болгон экен.

Мына, андан бери бир топ убакыт өтүп, мен 35 ке чыгып калдым. Бешөөбүз тең окуп, турмуштан орун таптык, бирок... бирок. Апам мындан беш жыл мурун инсульт алды. Бөбөктөрүм акыл эстүү жетилип, апамды жакшы карадык. Беш жылдан бери төшөктө. Сүйлөй да албайт, акылы даана. Апамдын үнүнө ,күлкүсүнө зар болуп келебиз. Ой жүгүртүп апамдын качан бактылуу болуп сүйүнгөнүн, көзү күлгөнүн, же жакасы агарып жаңы көйнөк кийгенин эстей албайм.

Азыр баарыбыз баарын алып келсек да, апамдын кийгенге чамасы жок. Көзү менен гана сүйлөшөт. Атама катуу нааразы окшойт, кабагы бүркөлө түшөт. Мен өзүмдү жектеп келем. Он, он беш жыл мурда айылдагы айылдаш абысындары апамы чакырып туулган күндөрдө отуруп калышчу. Ырдап,бийлеп көңүлдөрүн көтөрүшчү келиндер. Үйдөгү чырдан тажаппы, айтор апамдын теңтуштары менен күлүп жайнап отурганына тыюу салат элек, мисалы мен. Апам ошондо 35-40 эле жашта болгон экен.

Уялам ошол күндөрүмө, апамдын күлқүсүнө, үнүнө зр болоорумду билсем го атаганат. Турмушка чыктым "кайын журтума, күйөө балаңа уят"- деп дагы, дагы эркин байладык. Алардын апам менен не жумушу бар эле дейм да. Кӯрулай намыс эле экен бул. Эми кийимдин түрүн, тамактын түрүн алып барсак, дарманы жок көзү менен ымдап, жалдырап гана жатат алтыным. Бул ыраазы болгону.

Ойносо оюнга тойбой турган гүл курагын, толуп турган жаштыгын, өмүрүн бизге арнап, азапка чыдап жайнап күлбөптүр деле. Күйөөнүн запкысы, кайын журттун басмырлоосунан чыгалбаган апамды "уят, эл эмне дейт, туулган күнгө барбаңыз, абысындарыңа кошулбаңыз" - деп эркиндигине, күлкүсүнө чек коюп, аябай упуратыппыз. Байкуш апам, көрсө кичине болсо да көйгөйдөн алаксыйын деген тура. Абысындары да апамдын жакшы адам экенин билип, атайы чакырып, жакшы айтып көңүлүн көтөрүшчү тура.

Бир чоң апаларыбыз бар, бир жолу мени өлө кейиди, "ай кыз, апаңды мынчале кыйнайсыңар, балдары силер көрбөсөңөр ким көрөт апаңардын акыбалын. Кичине болсо да көңүлүн көтөрүп алсын. Кыз апасына тартып турат. Түшүн апаңды, артынан сая түшкөндү токтоткула. Кӯдай урбадыбы эми? Апаң эмне үй кызматчыбы силергё? Апаңдан башка канча келин, қанча аял жүрөт, өз тамактарын кылып жей албайбы? Силер аябасаңар ким аяйт апаңарды, силерден башка эч кимиси жок"-деди.

Сегизде окуйт элем, башыма чапкандай болуп чочуп, уйкудан ойгондум. Бала болсом да намысыма келдим, "чын эле эй, апамсыз ошол чоң коргондун тиргилиги кантет эле"- деп ойлоп үйгө кеттим.

Апам жок болсо идиш жуубай, нан бышпай, кир үйүлүп, короо шыпырылбай калчу. Мен кол кабыш кылчумун. Мына эми ойноп күлөөр мезгилде беш жылдан бери кыймылсыз, тил оозу жок, көзүн жалдыратып жатат. Атам эркек киши да, кээде күнөөлүүдөй апамдын колу -бутун укалап, чачын тарап, бети колун жууп калат. Мындайда кыраакы жаным апамдын маанайын байкаймын. Атамды тик карабай мустайып, көзүн ала качып жата берет, Сулуу көзүнөн ызалыктын эпкини көрүнүп, төгүлгөн кирпиги жерден көтөрүлбөйт.

Көңүлү калып калган экен байкуш апам. Кээде атам ичип алса апама сүйлөнүп калат. "Же өлбөдүң же калбадың , катын алам башка, өлсөң эртереек өл, болбосо сакай тез"- деп. Мындайда апам жаш төгүп гана жата берет. Жек көрүп кетем өз атамды. Атам убагында коргоп алса, апам жыгылбаса керек эле. Эми төшөккө жатып калса, айтканын көр. Апакем аай, неберелери келсе көзү жайнай түшөт, кучакташса көзүнө жаш чая шуу -шуу жыттап жыргап калат.

Эң кичине келинибиз чыйрак чыкты. Апамды баладай бакты. Биздин тиргилигибиз бөлөк, ошентсе да бир бутубуз, оюбуз ошол үйдө. Келиним апамдын чачын, боёп макияж жасап, тырмагына чейин жасап, ар түрдүү сүрөткө тартып турат.Сулуу апам сүрөтүн көрүп жылмайып алат. Күндөн күнгө жылыш болуп баратат. Караган доктуру да жакшы кабар айтты.

Апакем сакайып баратат. Кубанычымда чек жок. Беш жылдан бери баарыбыз жетим калдык апа, кечир бизди. Кудайым боор ооруду окшойт. Көз жашыңызды көрдү ээ жаратканым. Баары жакшы болот.

Келинимдин жакшы кароосу, апама үмүт берди. Ал апам менен сүйлөшүп, музыка коюп, бийлеп, ырдап берет экен. Тамакты өз колу менен берип, жанына колякага баласын отургузуп алып :

-Апаке караңызчы Нурчигиңизди. Чоңоюп калды. Жазда басат буюрса, ага чейин сиз да жакшы болуп, небереңизди жетелеп паркка барасыз ээ апа. Ошон үчүн сиз жакшы болушуңуз керек. Неберең үчүн, мен үчүн апаке кайра кайтып келиңиз мурунку жашоого" деп сүйлөп атыптыр. Апамдын көзү жайнап ыйлаба деп белги берип, жылмайып турат. Мына ошондон баштап апамда жылыш бар. Колдоруна, буттарына жан кирип кыймылдап, ал тургай кыска сөздөрдү сүйлөп калды. Катуу сагынган экенбиз кучакташып, жытташып бүтпөй келебиз. Кудайым апамды кайра берди бизге.

Аял алам деп оолуккан атамдын "бапиги" басайып калган. "Атаңар оорукчан аялды карап отурмак беле алса алсын аял, апаңар бүгүн бар, эртең жок"- деген бир туугандарынын дымы өчтү. Отуз жылга жақын оту менен кирип, күлү менен чыкты эле апам. Жакшылап алын сурап коюшкан жок чоң атамдын кыз, уланы. Көргөнү келгени таңыркап, сыртка чыгып "доктур не дейт, жакшы боло бекен"- деп сурашат.

Арданып биз апамды эч кимдин көзүнө көргөзбөйлү, күчтүү доктурга көргөзөлү деп шаарга алып келе бердик. Чоң иним өтө кыйын, барып чоң атамдын короосундагы малды чекесинен сатты. Кой дегендер менен мушташып да кетти. Бодо мал көп экен. Анын баарын көбөйткөн апам байкуш эле.

"Алманы аким, таякты жетим жейт" болуп, пайдасын башкасы көрчү. Эстей албайм мал сатып биздин, апамдын кийим кийгенин. Ал тургай курут, майы да, тонналап алган картошкасы да чоң атамдын кыздарынан ашчу эмес. "Эшек иштеп, ат жейт" эле. Иним малды сатып шаардын четинен үй алды , апамды ошондо карадык. Акыры апамды ошол азаптан, сормодон сууруп алдык, бирок кыймылсыз. Өтө кеч, бирок үмүт чоң.

Күндөн күнгө апамдын жүзүнө кызыл жүгүрүп, талпынган небереси менен кошо талпынып, жөрмөлөп келип басып жыгылып өпкүлөп ойногон Нурчиктин кылыгына балкып апам, оңолуунун аракетинде. Беш жылда чачы да калбады. Кыркып койсок апамдан өткөн сулуу жок.

Кечир апаке жаман балдарыңды. Убагында колдоогонубуз үчүн. Биз сизди сагындык. Үмүтүбүз чоң, тогуз айлык Нурчик менен тең кадам шилтеп басып калаарыңызга ишенебиз. Жакшы болуп кетсеңиз бизге ошол жетет. Кетилген көңүлдү толтуруңуз, жоготкон, кур өткөн жылдарыңызды табыңыз. Курбу курдаш күтүңүз, болгону оорубаңыз.
Биз сизге чек койбойбуз төрүбүздө гана отуруңуз апакем..

Сизди сагынган үй бүлөңүз,балдарыңыз жана мен Айзадаңыз.

Автору Кундузбүбү Маматова, акын жазуучу

  • Сыздаткан сырдуу кат

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Апама кантип туфли алып берем????

Апама кантип туфли алып берем????

Талапка ылайык мен да окуучулук күндөрдөн бир үзүм жазгым келди.Тагыраагы бүтрүүчүлүк кездерден.
Ошол кездер эсиңиздерде болсо катаал мезгил эле.11 класста окуйм. Кыштан туфличен чыкканбыз. Атам жумушунан башка шаарга которулуп кеткен. Инилерим да атам менен чогуу. Менин окуума байланып апам экөөбүз калганбыз. Алардын айлыгы 10 айлап 1 жылдап да тийбейт.Окууну бүтүп журналистикага тапшырам деген ой тээ түпкүрдө гана болбосо окууга тапшыра турган шарт жок. Классташ кыздар балдар сүйлөшүп калган кезде баары юрист, экономист, врачтыкты сүйлөшөт. Мен унчукпайм. Себеби атам Тоо техникумуна окуйсун досум бар киргизип коем деген. Бай, кедей деген түшүнүк пайда болуп калган кез. Баары эле ошентип атышса а мен үйдө нан жок кантип окуйм демекмин......

Заманам куурулду заматта

Заманам куурулду заматта

Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү.
Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет.

Келин!

Келин!

Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу.
Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин.
Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык.

Өрүк эне, автору Топчугүл Шайдуллаева

Өрүк эне, автору Топчугүл Шайдуллаева

Бак ичи таң атпай түтүнгө  толуп чыкты. Бирок   кар каткан бойдон үлбүрөгөн  өрүк гүлдөрүн ныгыра басып,  ач кене сымал жабышып тура берди. Түтүндөн улам кар музга айланып калгандай  оорлошуп, ого бетер өрүктөрдүн бутагын жерге ийип салды. Эми өрүктөрдүн шагы жерге эңилип, сынайын деп калды. Аял саамга токтоп, өрүкзарды бир сыйра карап алды да, турган ордунда башы тегеренип, көзү караңгылап,  “күп” деп жерге кулады.  Колундагы табагы кыйла жерге ыргып кетти...(толук окуу үчүн теманы басыңыз)

Сунушталган товар

Бай атам, кедей атам.

Бай атам, кедей атам.

Дүйнө жүзүндө белгилүү бул китепти, эми кыргыз тилинде окуй аласыз. Бай ата баласын эмнеге үйрөтөт, ..

150Сом

Бакшы менен Чынгызхан

Бакшы менен Чынгызхан

Арслан Койчиевдин бул романы басмадан чыкпай жатып, 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы деп “Арча” ..

550Сом

Топон

Топон

Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..

400Сом

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Теги: Сыздаткан сырдуу кат, Кундузбүбү Маматова, кызыктуу аңгемелер, апаке