«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК», көптөгөн кызыктуу окуялар, аңгемелер, икаялар биздин сайтыбызда kitepkana.kg

«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»

«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»
Жан-Леон Жером, 1896-жыл.
Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен.
Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен.
Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип калыптыр да колун сууга салып көрсө жагымдуу экени анык экен. Алар чогуу чөмүнүшүп жатышканда, Жалган кокустан эле суудан чыгып Чындыктын бүт кийимдерин кийип, көздөн кайып болуптур. Чындык ачууланып, жылаңач эле чыга калып, өзүнүн кийимдерин алуу үчүн ары бери чуркап Жалганды издей баштайт. Аны жылаңач көргөндөр уялышып, жиндене башташат. Чындык бечара уялганынан кудукка келет да дайынсыз жоголот.
Ошондон бери Жалган Чындыктын кийимин кийип алып, дүйнө кыдырып, элдердин күнүмдүк талаптарды аткарып саякаттап жүрө турган болуп калыптыр да, эч ким жылаңач Чындыкты көргүсү келбей жүрөт экен.

булагы: Тынычбек Анарбаев

  • «КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»

Окшош макала

Орозкулдун кыялы

Орозкулдун кыялы

Шаарга барсам кана...Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайң менен, куужатын катының менен жерге кир , алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! О, анда мен азоо айгырдай азынып турбас белем! “Орозкул Балажанович, кирүүгө можина?” -дегизип жалдыратат элем го даалайды. Түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем. Албаска эмне экен? Алиги микрафонун тумшугуна кармап, соруусун чайнап ырдаган сулуу артист келиндердин бирин алып алсам жарашпайт бекен. Андайларга кызматы чоң эркек болсо болду дешет.

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Кайгылуу каган

Кайгылуу каган

Бу жазмыштын жазуусу катуу белем! Чыңгызхан да, анын улуу уулу Жоочу да, анын Батый баласы, эми алардын урпагы Сартак да аялзатынын азабын тартып армандашканында бир мандем-сыр бар! Өмүргө өлүмдү, акка караны, жарыкка караңгылыкты… каршы койгондой эле атак менен арманды Жараткан теңдей жаратып койгон беле?!. Баарынан да эки дүйнөнү дүңгүрөткөн Батый хандын эртелеп өлгөнү, о Теңири, өзүң кечире көр!.. ырас эле болгон көрүнөт. Эгерде өзүн тарткан өрт жүрөк улуу уулу Сартактын да дал өзүндөй аялга ашыктыгынын айынан ачуу армандап, болгондо да атасы Батыйдын аталаш, энеси бөлөк иниси Беркенин берген уусунан кырчындай кезинде жан таслим болгонун билсе жүрөгү жарылып кетмек! Акылман аялы Баракчындын башын алдырган да ошол Берке болбодубу! Бир адамдын башына мынчалык кайгы бергилик кылбасын деп Теңири да аны аяп эрте алып кеткендир!..

Ошол, Батый өлгөн жылы кайгы менен салтанат эриш-аркак жүргөндөй эле Сартак Алтын Ордого хан дайындалганынын урматына опаасыз чоң той өткөрдү. Ал салтанатка бир кездеги мемлекети талкаланып, көз каранды майда хандыктарга чачырап кетишкен кыпчак, булгар, кавказ, крым, саксон, хорезм төбөлдөрү менен катар айрым жеңилген да, алиге өз алдынча, монголдор менен шериктеш орус княздары да чакырылып, мурдагы кас, кийинки букаралар бир дасторкондо сайран курушту. Арийне, тирүүсүндө аты таш жарган, али сөөгү муздай элек хан Батыйды эстегендер да, ага ичинен армандагандар да аз болду…

Тойдон көп өтпөй чабуулдаган чабармандар орустун ооматтуу князы Александр Невскийдин Сартакты конокко чакырыгын алып келишти. Кезинде аларды Батый хан дос кылган эле. Моңголчо «аньда» дей турган кандосунун жайыл дасторконунда бейкапар, сыйга карк олтурган жеринен сөзгө чебер кыпчактар айтмакчы «өзү шекер, өзү бал, өзү кайың, өзү тал» Натальяны Сартактын көзү чалып калса болобу! Ал кыз байыркы князь тукумунан эле, мартабалуу меймандарга кызмат кылып жүргөн. Жүрөккө жүрөк тартышат деген чын. Азиялыктардагы чексиз бийликтин белгиси болгон бутунан төбөсүнө чейин чылкый кызыл кийинип, бийлиги менен гана эмес, бүтүндөй турпаты, адамдык алгыр акыл, тубаса касиети менен эркектерде сейрек кездешчү өткүрлүгү күч, сыйлуу Сартакты бойго жетип, эркектерге сынаакы да, сырдана да көз салып калган селки мурда эле баамдап калган болучу. Эч бир жанга сыр алдырбас жүлжүк көзүнүн кыйыгы менен жан досу Александрга да шек билдирбей Батыйдын кыя караганын кыраакы кыз илгиртпей байкады. Аңсаган аялзатынын бакыты ошол, көңүлү түшкөн эркегинин чын ынатканы эмеспи! Ал, алкымын агыткан сук көз карашты жөн гана эмес, бүтүндөй жандүйнөсү, жон териси менен сезди. Акыл-эси алачапкын түшүп, жалындуу денесине муздак суу капыс чачылгандай ичиркенип да, ошол эле кезде көшүлө балкып да кетти. Бүтүндөй турпаты менен эркектин кубаттуу көңүл-ышкысын эстен тана күсөп, зарлап-зарыга тилеп турган ууздай денеси тандырдан ургандай аптаптуу, дуалдаган ысык илепти даана сезди. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Оттуу көздөр! Табышкан махабат! Алтын жиптер менен саймаланган ак жибек сарафанынын ичинде толукшуган сымбаттуу мүчөсү жумуруланган, турна моюн, бото көз, ак куудай керилген сулуу ак арзууңду түшүндүм да чын ыкласымдан кабыл алдым дегенсип күлмүң эте кызыл шарап куюлган кесесин Сартакка аста сунуп, көзүн сүзө жер тиктей ийиле кетенчиктеп кете берди. Артымдан келсең келгин, күсөп-күтөмүн дегенсиди, анын бүткүл турпаты. Мелжеген кайберенин кууган жолборстой Сартак чапчаң ордунан атып туруп, кылак эте кыз кирип кеткен эшикке атырылды. Анын сырын бир гана кыраакы Александр байкады. Нечен күн-түнү тынбай шимирген кымыз менен шараптан алагүү тартып калышкан калгандардын жамбаштай жаткан хандын капысынан эле неге ыргып туруп, кайда баратканы менен бөлөк эч кимдин иши болгон жок. Албетте, дубал жандай жарданып турган жансакчылары артынан ээрчимекке умтулганда Сартак аларды чечкиндүү кол жаңдай токтотту.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Коркконго кош көрүнөт

Коркконго кош көрүнөт

Икая.
Илгери, илгери, бир жер кезген дербиш шаардын дарбазасынан чыгып келе жатып "Кара тумоого" жолугуп калат экен. Андан кайсы жерге бараарын сурайт. "Кара тумоо" азыр Багдад шаарына барып 5 миң кишинин өмүрүн алып кетем дейт. Арадан айлар өтүп экөө кайрадан кезигип калышат. Дербиш ага карап, - Сен мени алдаган турбайсыңбы, өткөндө беш миң кишинин өмүрүн алып кетем дегенсиң, а бирок сен 50 миң кишинин өмүрүн алыпсың?. Анда "Кара тумоо" минтип жооп айткан экен, -"Мен чыныда 5 миң кишинин гана өмүрүн алдым, а калгандары жөн гана коркконунан ажалга моюн сунушту"
"Коркконго кош көрүнөт" Кыргыз эл макалы.

Бир ооз сөз

Бир ооз сөз

ДАРЫГЕРДИН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

Бир жолу Улукман Аким (Али Абу ибн Сина) көчөдөн өтүп баратып, алдыда бараткан кыздын тез-тез кан түкүрүп баратканын байкап калат да, ага кызыгып артынан түшөт. Кыз кыпкызыл түкүрүнүп бара берет. Анан бир дарбазадан үйүнө кирип кетет. Артынан табып да кирет. Үйдөн кыздын атасы чыгып, атактуу дарыгерди таанып, ызат-урмат менен үйүнө киргизет. Сөз ортологондо Улукман Аким тигил үй ээсине анын кызы оору экенин, кан түкүрүнүп калганын, мындай тез-тез кан түкүрүнгөн адамды сакайтууга ылаажы жоктугун айтат. Бул кепти ары жакта аңдып турган кыз да угуп калат. Угары менен ал калтырап, титиреп, жагылат жана ошол бойдон оңоло албай бу дүйнө менен кош айтышат...

Сунушталган товар

Кыямат

Кыямат

Адам жана Карышкыр мамилеси. Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын түпкү теги көк карышкырдан ..

350Сом

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Теги: чындык, жалган, дүйнө, ика