Сага айткан сыр, Сүйүнбай Эралиев

Сага айткан сырлар

 Жашы алтымыштан ашкыча аял ала элек, капыстан сүйүү келген бир кишинин айткандарынан: Турмушум ордунан козголуп, күнөстүү жакка карап калгансыды. Түлөөң каткырдыкы, мунуң деле таттуу болот экен . Өртөп ийчүдөй ысык болот экен.  Денемден жарык жылдыз чыкты, жаным азыр ошону чарк айланып жүрөт. Башта чачкын ойлорум азыр биригип, жумулган муштум окшоп калды. Ортосунда “Ал”. Кыялымдын аянты бүт гүл, бак-дарак, көлдөгү ак куулар...

“Ата көрү-ү, сүйүүнүн күчү ай,-дейм ичинен - алтымыштагы кишинин учкан жалбырактай калдаңдатып, энтек-тентегин чыгарып таштаган тура!”

***

Барга да, жокко да, ысыкка да, суукка да чыдабаган адамзат! Бул дүйнөдө бакыт менен байлык издеп көзу каткан адамзат! Бирде күлсө, бирде ыйлаган,  азыр кекенсе, анан кечирген, өзүн күнөөлөй да, актай да билген адамзат! Ошентип жүрүп, мөөнөтү жеткен учурда баарын таштап, баарынан кечип кете берген да адамзат! Эмне деген түзүлүшсүң деги сен адамзат?!

 

 

***

 

 

  • Сага айткан сырлар

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Өрүк эне, автору Топчугүл Шайдуллаева

Өрүк эне, автору Топчугүл Шайдуллаева

Бак ичи таң атпай түтүнгө  толуп чыкты. Бирок   кар каткан бойдон үлбүрөгөн  өрүк гүлдөрүн ныгыра басып,  ач кене сымал жабышып тура берди. Түтүндөн улам кар музга айланып калгандай  оорлошуп, ого бетер өрүктөрдүн бутагын жерге ийип салды. Эми өрүктөрдүн шагы жерге эңилип, сынайын деп калды. Аял саамга токтоп, өрүкзарды бир сыйра карап алды да, турган ордунда башы тегеренип, көзү караңгылап,  “күп” деп жерге кулады.  Колундагы табагы кыйла жерге ыргып кетти...(толук окуу үчүн теманы басыңыз)

Жалгыз улак

Жалгыз улак

Апам ыраматылык 15 баланы төрөгөн. Бир күнү экөөбүз кечинде сүйлөшүп жатып (мени менен аябай сырдашчу) анан айтат. 1958-жыл дейт. Атаң экөөбүз жаңы эле үйлөнгөнбүз. Атаң байкуштун үйү эмес, жата турган алачыгы да жок экен. Анан эптеп ар жерде баш калкалап жүрүп, көрбөгөн күнүбүз калбай акыры колхоздон жер алдык. Ошол жылдар өтө оор болду, жегенге нан жок, тамака кошконго жада калса туз жок. Кезерип ачкабыз. Анан жер алгандан кийин эптеп баш калкалаар жай тургузалы деп, атан экөөбүз топурак казып келип, самандан кошуп ылай жаткырдык. Экөөбүзгө караан болоор эч ким жок, атаң сокмо урат, мен ылай ташыйм.

Сунушталган товар

Сага айткан сыр

Сага айткан сыр

"Төрөлөт, жашайт, өлөт адамдар. Демек, бир дүйнө келет да, бир дүйнө кайра кетет, түнкү асманда учка..

350Сом

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Теги: Сага айткан сыр, Сүйүнбай Эралиев