Сокур дербиш тууралуу уламыш (автору Сулайман Рысбаев)

Сокур дербиш тууралуу уламыш

Сокур дербиш тууралуу уламыш (автору Сулайман Рысбаев)
Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен.Ал жашаган дооруна таарынып, адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес дешет. Ал мындайча болуптур.
Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту жана алдамчы вазири өзүн падыша деп жарыялап жиберет экен. Ал мурдагы адилет падышаны алдап үйүнө конокко чакырып уу берип өлтүргөнүн бир дербиштен башка эч ким билбептир.
Эл жаӊы падышанын өкүмүнө баш ийип, алдына кулдук уруп, амирин тутуп калат.Адегенде алдамчы, куйту падыша элге жакшы көрүнүмүш болуп, казынанын байлыгын аянбай чачат. Өз бийлигин бекемдеп, сайраӊдап күн өткөрө баштайт. Эл ага бизге күйүмдүү падыша экен-деп ишенип калышат.
Бирок анын кандай жана ким экенин алдыртан түшүнгөн дербиш эл аралап, жер кезип чыгат.
-Алла үй,алла үй!
Кардын башын кар жутут,
Кандын башын кан жутат…
Алла үй, алла үй!
Дербиштин мындан зикирин бир адам түшүнсө, миӊ адам түшүнбөйт.
-Бул акылынан ажыраган дербиш эмнени дөөрүп жүрөт?- дешип, жолунан качып, тетири бурулушат.Бирок акыры жаӊы падышанын былыгы элге билинип, калк ага каршы көтөрүлөт да, тактан алып түшөт.
Такка жаӊы падыша келет. Ал мурдагыдан да адилет көрүнгүсү келип, далай убадаларын берип, бийлигин бекемдейт. Бирок бара-бара каардуу жана залим болуп чыга келет.Элди адилетсиз мыйзамдары менен эзет. Букаралардын кийинекей жаӊылыштыктары үчүн, кары- жаш дебей өлүмгө өкүм кылып, дарга астырат.
Аны көрүп туруп чыдабаган дербиш кайрадан аса таягын таянып, эл аралап баягы зикирин айтып чыгат:
-Алла үй,алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат…
Алла үй, алла үй!
Дербиштин мындай сөздөрү каардуу падышага да жетет. Аны падышанын желдеттери кармап алышшып, падышанын алдына байлап келишет. Падышанын алдына барганда да, дербиш баягы сөзүн коркпостон кайталап айтат.
-Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутут,
Кандын башын кан жутат.
Кардын башын кар жутса,
Кар кабынан сөгүлөт,
Өлөк-бөлөк бөлүнөт,
Сай-сайга эрип төгүлөт,
Сайда суулар теминет,
Алла үй, алла үй!
Кандын башын кан жутса,
Калк башына түн түшөт,
Как төбөгө күн түшөт,
Кан суу болуп төгүлөт,
Калк ыдырап бөлүнөт,
Кандын кетип кадыры,
Как башына көрүнөт…
Алла үй, алла үй!
Муну уккан каардуу кан:
-Токтот!- деп каардуу кыйкырыт да, -Бул алжыган дербишти кырк күнгө кырк кулач орго салгыла! –деп буюрат. Анын жазакер, кошоматчы вазирлери дербиштен тез кутулууну көздөп, эл алдында дарга асууну же тезиреээк башын алууну өтүнүшөт. Падышанан буйругу аткарылып, дербиш тереӊ орго салынат.
Дербиш кырк кулач тереӊ ордо кырк күн –кырк түндү ачка өткөрүп, кан –сөлү качат.Алы кетип алсырайт, бирок кайратынан жанбайт, баягы сөзүнөн айныбайт, оюнан кайтпайт. Каардуу падышага багынып бербейт. Кырк бир күн болду дегенде, хан аны алдына алдырат. Бирок дербиш анда да баягы сөзүн кайталап, ого бетер эрки курч экенин билдирет.
Хан каарын төгүп, элди чоӊ аянтка жыйнатат да, алжыган дербишти эл алдына башын алып жазалагысы келет. Аны менен бирге, дербиштин сөзүнө ишенип ээрчиген элдин жүрөгүн өлтүрүүнү ойлойт.
Катсе да, аянтка батпай дүрбөп келген элдин сүрүнөн хан чоочулайт да, анын толкуп кетүүсүнөн коркуп, өкүмүн алмаштырат.
-Элим, мен адилеттүүлүк кылайын да, дербиштин жанын сактап калайын. -дейт хан ошондо,- Бирок менин жакшылыгымды көргүсү келбегендиги үчүн, эки көзү оюлуп ташталсын! Менин адилет чечимим- ушундай!
Шымаланган жасоолор заматта дербиштин эки көзүн оюп салышат. Ошондо эл падышанан жазасына макул эместигин билгизип, жүзүн тетири бурушат. Нааразылык күчөп, толкуган эл аны да тактан алып түшөт.Каардуу падышанын ордуна жаӊы падыша такка келип отурат. Карапайым калк андан адилеттикти гана тилеп, бийлигине баш ийет. Адегенде ал дагы адилеттүү көрүнөт, бирок падыша бара-бара жанына жакындарын топтоп, өзүмчүл болуп, калк казынасын үй-бүлөсүнө башкартып, өлкөнү билгизбей уурдап-тоноого өтөт. Эл жакырданып, жашоосу оорлойт. Өз мекенинен жакшылык таппаган калк бөтөн жерден ырыскы издеп тентий баштайт.
Аны көзү болбосо да, көкүрөгү менен туйган сокур дербиш кайрадан эл үчүн акыйкаттык издеп, элдин зарын айтып, көчөгө зикир айтып чыгат. Караӊгы дүйнөгө кабылганына карабай, калкты жарык дүйнөгө жетелегиси келет. Бир колуна таягын кармап, бир колуна чак түштө чырак кармап көчөгө чыккан сокур дербишти көргөн эл, адегенде: «дербиш акылынан биротоло ажыраган экен» деп, шылдыӊ кылат.
-Баягы дербиш эми көздүүлөр адашкан дүйнөдө көр абалында көчөгө чыгыптыр го. Алжыган экен, байкуш!-деп кеп таратышат. Бирок анын акылман кебине муюгандар артынан ээрчишет:
-Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат,
Кардын башын кар жутса,
Кар карга аткан ок болор,
Кар эрип, кыян октолор,
Сай-сайга агып жок болор…
-Алла үй, алла үй!
Кандын башын кан жутса,
Арбыйт дербиш казалы,
Адилеттик табалбай,
Көбөйөт калктын азабы.
Бөтөн элге кор болуп,
Бөлүп ичип, бөлүп жеп,
Бөтөндүн күчөйт мазагы…
Алла үй, алла үй!!
Муну тыӊшаган калк дербиш акылынан адашпай эле акыйкат кеп айтып жатканын туюшат. Анткени убадасын унуткан падыша мурдагылардан да наадан, ууру, калкына кыянат кылган эӊ биринчи душманы экенине көздөрү жетет. Дербиш болсо, элинин тагдырына жүрөгү канап, көзүнөн көл кылып жашын сыгып, жер кезүүсүн улантат. Баягыдай эле, бир колунда аза таягы, бир колунда чак түштө кармаган ак чырагы…
Ээрчигендердин саны арбыйт: бирөө, экөө,…бешөө, …он…жыйырма… жүз…миӊ…
Ошетип, дербишти ээрчигендер миӊдеп көбөйүп, анны менен бирге жашоодон акыйкаттык издеп, кайткыс сапарга чыгышат…Каякка, кайсы тарапка, асмангабы, жергеби, ээн-талаа-эрме чөлгөбү? Жер бетин каптап толкуган деӊизгеби, чалкыган мухиткеби? Каякка? Деги адилеттиктин өзү каякта? Аны издеп каякка барышат? Аны качан жана кайдан табышат? Ким билет? Эч ким билбейт. Ээрчиткен сокур дербишпи, ээрчиген жер жайнаган калпы? Эч ким.. Эч ким…Кайра качан кайтышат? Эч ким билбейт… Элди ээрчиткен сокур дербиш дагы… Ээчиген, карайлап жер жайнаган калк дагы…
Дербиштин бир колунда- аза таягы, бир колунда ак чырагы…Баягы ырын токтотпой баратат…
-Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат…
Алла үй, алла үй….
…Андан бери жер бетинде далай суу агып, далай жел жүрүп, далай кылым өтүптүр. Бирок колуна чак түштө чырак кармап, адилеттикти издеп жер кезип кеткен сокур дербиш дагы, анын артынан ээрчип кеткен карайлаган калк дагы кайра кайтып келиптирби, келбептирби, ушул күнгө чейин эч ким билбейт экен…

  • Сокур дербиш тууралуу уламыш

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Акылмандын каухар таш

Акылмандын каухар таш

ҮЧ УУЛ

Күндөрдүн биринде карыядан:

- Ээ, аксакал, уулуңуз чоңоюп жатабы? – дептир.

- Кайсы уулду айтасың, менде уул жок, туяк гана бар. Мен силерге үч уул жөнүндө айтып берейин. Бирөө бар атадан арта туулган, бирөө бар атага жете туулган. Бирөө бар атадан кете туулган.

Атандан арта туулган уул  жалгыз эле ата-энесине жарыгы тийбей, Ата Журтунун намысына жараган уул, элдин багына төрөлгөн уул. Атага жете туулган уул —. ата конушун ардактаган уул, ата салтын ыйык туткан уул. Атадан кете туулган уул — жат элдин жорук-жосунун күткөн уул, ата эненин шоруна бүткөн уул, эл намысына көлөкө түшүргөн уул, мындайдан барынан жогу.

ЖАШОО КИМГЕ ЖЕҢИЛ, КИМГЕ ООР?

Мамбеталыга бирөөлөр минткен экен:   

- Айтыңызчы, аксакал, кай бирөөлөр бакытка баруучу жолду таап алып, тез эле манчыркап, тез эле түтөп жатат. Ал эми кай бирөөлөр таз кейпинен ашпай жүрөт.

Бул собол карыянын өзүнө да тиешелүү эле, анткени ал мурдагысынан жүдөөңкү жүрүп калган. Карыя жер карап туруп, үн катат:

- Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийрине чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү  жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.

 

ӨМҮР КАЙ МААЛДА КЫСКАРАТ?

Акылман бул суроого төмөнкүчө жооп кайырган:

- Өмүрдү муунай тургандардын ичинен жойкундуусу булар: бут көтөрө алгыс курсак бар да шагын көтөрө алгыс бутак бар. Булар жарыкчылык менен эртерээк коштошот.

 Эл ишенбес чунак бар да эзелтен тарпка ынак бар, куурай башын сындырбаган тумсак бар. Булар тирүү болуп санда жок да өлүү болуп көрдө жок. Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.

Келин!

Келин!

Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу.
Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин.
Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык.

Сунушталган товар

Тоолор кулаганда

Тоолор кулаганда

"Тоолор кулаганда" залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасы. китептен үзүндү .........

380Сом

Табыпчылык-улуу сыр

Табыпчылык-улуу сыр

"Табыпчылык-улуу сыр "  китептин автору табып , элдик дарыгер Дүйшөнбек Чомо уулу китептен ү..

250Сом

Жашоонун ажары сүйүүдө

Жашоонун ажары сүйүүдө

Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупованын бул эмгеги жашоонун билимине негизделип өзүн-өзү тааныйы..

350Сом

Топон

Топон

Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..

400Сом

Теги: Сокур дербиш, тууралуу уламыш, кызыктуу окуялар, Kitepkana.Kg сайтында, Сулайман Рысбаев