Заманам куурулду заматта, Кундузбүбү Маматова

Заманам куурулду заматта

Бирөөнүн "балдарыма жылына мектебине доллар төлөйм, аскерде бирөөнүн картошкасын казабы деп чочулайм "- дегенин окуп заманам куурулду. Бар болсо баары эле төлөгүсү келет. Ойго батып отуруп, бир окуя эске түштү.
Бала үчүн баарына кайылсың го чиркин. Балам бактым - балам базарым дегендей балалуу үй базар эмеспи. "Бардыкы барман менен, жоктукку арман менен"- дегендей жашоо эриш - аркак өтө берет экен. Менин айтайын дегеним, көчөдөн мотурайган балдарды көргөндө, эзиле карап, эркелете көзүң менен өөп аласың. Бооруңа кысып алайын дейсиң, бирөөнүн баласы ыңгайсыз анткенге. Бир күнү шаардын маршруткасынан жүрөк ооруткан окуяга туш болдум. Аны мен эле сездимби, же башка дагы сездиби билбейм. Марштуркада бажырайган кызын жетелеген татына кийинген келин, күйөөсү экөө сапарлаш болду. Кызынын кытылдаган күлкүсү, түгөнбөгөн суроолору жан дүйнөңдү ээлейт. Ата - энесине көз жүгүртсөң, бир татына үй-бүлөлөр экенинен кабар берет. Бактылуулук жүздөрүндө жайнап турса өз балаңды алкагандай ыраазылык менен көз менен узата, "бактыңар тоодой болсун балдарым" дейсиң киши. Ал ким болбосун, алардын бактылуу жашоосуна ыраазы боло. Алардын бактылуу экенин тентек кызы, эркин сүйлөп, алам дегенин алып, жейм дегенин жеп көзүнөн бактылуулуктун учкуну учуп далилдеп турат, демек жакшы жашашат, колунда бар. Алар менен бирге эле ошол эле курактагы жаштар жупуну кийими менен бир уул,бир кызын алып катар отурушат. Ошол кичине кыздын көзүндөгү туңгуюкту көрүп тике карай албадым. Күнөөкөрдөй уурдана карап коюп бара жатам. Жупуну кийиминен корунуп, кичинекей болсо да арданганы, нааразы болгону көрүнүп турат. Апасы менен атасы да, элден коруна элден көзүн ала качат улам. Олдо, түбүң түшкөн жокчулук ай, колдо жоктуку ушу да. Бирин жетелеп, бирин көтөрүп көпчүлүктөн , жазганып турушу жүрөгүмдү оорутту. Төрт- беш жаштагы кызы кабагын чытканы менен, улам маңдайында отурган татына кийинген кызды уурдана карап, кийимдерине маани берип, анан өзүнүкүн карап, унчукпай туталанып турат. Көзүндөгу таарыныч карегинде кайнап, мөлт эте кирпикке илинип, кулап - кулабай туруп калды. Заманам куурулуп көзүмдү ала качтым. Ушу жокчулукка ким бирөөнү күнөөлөгөндөй көрүнгөн тестиер кыз жер тиктеди да калды. Ата -энеси жупуну кийинсе да адамгерчиликтүү, жылдыздуу экен. Кызын өпкүлөп колуна пирожки карматты.
- Асылзат, жеп ал кызым.
- Жебейм, курсагым ток.

Асылзат маңдайында татына кийген кыздын бактысына суктана, өзүнүн абалына ызалана көгөрөт. Анын абалын байкаган ата-апасы ансайын кичирип, кызын алдай албай убара. Кантсе да кичинеси кичине да, тиги кыздын колундагы бананга кол сунду. Бажырайган кыз кичинекей жүдөө баланы карай бажырая , бананын сунду.
-Кой кызым, өзүң жей бер. Биздики бар сумкада деди ыңгайсыз болгон келин.

Тиги бажырайган кыздын апасы тетик неме экен, оңойдогу банандарынан ала Асылзатка да сунду эле, Асылзат башын чайкап, тескери бурула, атасын кучактап туруп калды. Атасынын кучагында улутунуп маршруткадан жол жакты карады да, мөлтүрөгөн көз жашын жашырып, улутунуп алды. Олдо кагылып кетейиним ай, эмнелерди ойлоп кеттиң экен. Ушул бир кем дүйнөдөгү жашоонун кереметин көз жаш менен татканың, ыза менен кадам таштаганыңа дүйнөм тарып, тамакты бууган ачуу жаш, демимди чыгарбай турду.
Биз жыргал жашоодобуз дейбиз, жашоону ошол наристенин көзү менен көрүп, дили менен сезсек го атаганат. Ушул кыздын көзундөгү жек көрүү, ызалык каякка алып барат. Кудайдан тилеп баратам, ушул кыздын маңдайына жакшы жашоо буюрса экен. Ата - энеси менен бактылуулукту сүрсө экен деп. Жашоо, өмүр баары көзүнө жаман көрүнүп, көңүлү калбаса экен. Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөөлөр ичээрге суу таппай жүрөт дегендей экен да бул көр тиргилик.

Баарынан да баланын көзүнө тике караш кыйын экен. Балдардын күлкүсү чыккан өлкө болсок экен ылайым.
Чоңдорубуз өз балдарын эле ойлобой элдин балдарын да ойлоп койсо го чиркин.

Кундузбү Маматова
24.02 2019.

  • Заманам куурулду заматта

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Кнопка

Кнопка

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Кайырчы аял

Кайырчы аял

Көчөдө бир кайырчы аял эч ким жок тарапты карап алып "мына бул келесоону сабап салчы, жоготчу бул жерден!" деп кайра-кайра кыйкырып жатат. Кудум көрүмчү менен сүйлөшүп жаткандай... "Мага келжиреп жатканын карачы, келип саба, өтүн ал!" деп албууттанат улам. Жанында бир темтейген мас эркек турат. Анысы улам жакындап бирдемелерди түшүндүргүсү келип жаткандай. Аял ансайын "көрүмчүдөн" жанындагыны жазалоону суранат... Мен аялдын абалын түшүндүм! Ооба, анын бул дүйнөдө коргой турган эч кими жок. Тигиге өзүнүн күчү жетпейт. Ал азыр кыялындагы жакын адамынан, мүмкүн күйөөсүнөн, уулунан же атасынан жардам сурап жатат...

Үйдүн намысы деген эмне?

Үйдүн намысы деген эмне?

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты: - "уулум, дасторкон даяр, сорпоңду куюп койдум; кел, муздап кала электе ичип ал". Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө отурду. Небереси, чоң энесин көрө калып: - " Чоң эне, келиңиз чогуу ичели"- деди. Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң: "үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка отурулбайт. Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз, Кудай буюрса"- деди. Келини: " Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го! Азыркылар ачка болгондо, дасторконго отура берет, атабыз келгенде жейт да. Кемпир: " кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо , үйлөрдүн да намысы жана адеби болот". Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду: " апеей да чоң апа, үйдүн намысы деген эмне экен? айтып берчи, кана, кызык болуп атат",

Сыздаткан сырдуу кат

Сыздаткан сырдуу кат

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.

"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".

- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.

-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.

-Макул, кызым.

"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек.

Сунушталган товар

Тоолуктардын эрмеги

Тоолуктардын эрмеги

Кызыктуу азилдер, тамашалар жыйналган бул китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт болуш керек. Кар..

380Сом

Жашоонун ажары сүйүүдө

Жашоонун ажары сүйүүдө

Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупованын бул эмгеги жашоонун билимине негизделип өзүн-өзү тааныйы..

350Сом

Топон

Топон

Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..

400Сом

Жанжаза

Жанжаза

Жанжаза,Султан Раев Жазуучу Султан Раевдин «Жанжаза» романы терең психологиялык, философиялык чыг..

450Сом

Теги: Заманам куурулду заматта, Кундузбүбү Маматова, аңгеме