Бир жолу Улукман Аким (Али Абу ибн Сина) көчөдөн өтүп баратып, алдыда бараткан кыздын тез-тез кан түкүрүп баратканын байкап калат да, ага кызыгып артынан түшөт. Кыз кыпкызыл түкүрүнүп бара берет. Анан бир дарбазадан үйүнө кирип кетет. Артынан табып да кирет. Үйдөн кыздын атасы чыгып, атактуу дарыгерди таанып, ызат-урмат менен үйүнө киргизет. Сөз ортологондо Улукман Аким тигил үй ээсине анын кызы оору экенин, кан түкүрүнүп калганын, мындай тез-тез кан түкүрүнгөн адамды сакайтууга ылаажы жоктугун айтат. Бул кепти ары жакта аңдып турган кыз да угуп калат. Угары менен ал калтырап, титиреп, жагылат жана ошол бойдон оңоло албай бу дүйнө менен кош айтышат...
Бир нече күндөр өтүп кыздын атасы менен табып кайрадан учурашып калат.
- Таксыр табып, кызым, айыкпас дартка чалдыкканын кандайча билип калдыңыз эле? – деп сурайт кыздын атасы.
- Кызыңыз көчөдө келе жатып тез-тез кан түкүрүп жатканын көрдүм эле, - дейт табып.
Бул сөздү угуп ата маңдайын ургулайт да, ыраң-башы купкуу болуп бир аздан кийин:
- Ээ, аттиң, эми билдим, ошол күнү кызым кыпкызыл шаатыт жеп жүрбөдү беле, оозунан түкүргөнү кан эмес ошол шаатыт шербети эмес беле! – деп башын чайкайт.
Ошенткенде Улукман Аким жаңылышканын түшүнөт жана маркум кыздын атасынын астына тизе бүгүп чөк түшүп кечирим сурайт:
- Сиз мага жана менден кийинки урпактарга чоң сабак бердиңиз. Бир сөз менен сопсоо адамды өлтүрүп салуу же ооруп жаткан кишини бутуна тургузуп жиберүүгө болорлугун көрсөттүңүз.
(Абдыкерим Муратовдун “Аталар сөзү – акылдын көзү” китебинен)
Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.
Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.
Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.
-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт " деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.
Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен.
Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен.
Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип калыптыр да колун сууга салып көрсө жагымдуу экени анык экен. Алар чогуу чөмүнүшүп жатышканда