"Агындылар " 1-2-китеп Шайлообек Дүйшеев. 7-басылышы
китептен үзүндү
***
Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган. Сүйүү мени кат жаздырган, сүрөт тарттырган, мектептин дубал гезитин чыгарткан, «Манас» айттырган, ыр жаздырган, сүйүү мени уктатпай, ысылатып, чабалактатып чыккан. Сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетмекмин. Мени сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн мен да сүрөт тарткам. Мен жакшы көргөн кыздын атасы чабан болгондуктан мен кийинки жылы суранып жатып, ошол короого сакманчы болуп баргам.
***
Мен эң жакшы тилегимди, эң таза каалоолорумду бала кездеги жазган каттарымда билдиргем. Тилекке каршы чын пейилден чыккан сөздөрүмдүн кудурет-күчү, касиети ал кыздарга жетпей калды. Анткени, алардын бири да менин жазган каттарымды окуган жок, окубай туруп эле тытып салып жатты. Ошол жазган каттарымдын четин эле окуганга мен аларды сүйгөндөй балким алар да мени сүйүп калат беле деп азыр да ойлой берем.
***
Атырга аябай өч элем. Студент кезде бирөөлөрдүн бөлмөсүнөн атыр көрсөм чап жабышып, алаканыма «төгүп» жиберип, ээси кирип келгиче мойну-башыма шыбап жиберип демимди басчумун. Айрыкча «Лаванда» менен «Шипр» көрсөм баса калчумун. Атыр себингенден кийин топтошуп турган кыздарды көздөй түз «качырып» барып, жандап өтүп, истребитель артына из калтырып учкандай, артыма атырдын жагымдуу «жытын» калтырып узап кетер элем.
***
Мен муну, мага кыздар көңүл бура тургандай эч нерсем жоктугунан эмес, жөн эле адам болгон соң өтүп кеткенден кийин артында бир жакшы нерсе кылыш керек да деген ой менен жасачумун.
***
Атырды «жакшы» себингеним менен атыр тандаганды да, өзүмө чак кийим тандаганды да өмүр бою үйрөнө албай койдум. Муну досум Нуралы жакшы айтып берет.
***
Азыр да «Дордой» базарына бара калганда базар аралап убара болгум келбеген жаным биринчи эле жолукканын барып «баса» калсам «кытайдыкы эле, кытайдыкы!» деп Зейне бакырып жиберет. Бакырып жүрүп эле бара-бара кытайдыкынан башканы кийбей калдык.
***
Бүгүн айыл менен мени туташтырган «жип-шуулардын» көбү үзүлүп, көбү эскирип бүттү. Ата-энемди көргөн адамдар улам азайган сайын айыл да менден улам алыстап барат.
***
Айылдын жаңы төрөгөн аялдай шапайып, аксаргыл тартып, өзүндөгү болгон жашылынын баарын үймөк чөптөрүнүн үстүнө жаап салып, өзү самандай саргарып, аңыз аралап кетип бараткан күзгү талааларын же кылайган ала калтырбай, аязы акактап, бороону боройлоп, асман-жердин чегин көрсөтпөй, ак кар, көк муз басып, тунуп жаткан кышкы талааларын эстегенде жол бойлоп «ырдап» бараткан ошол эки үндү эстейм. Ошол эки үн өмүр бою кулагымдан кетпей калды.
Бири – зымкарагайлардын үнү.
Бири – Торугарт жолундагы «SUнун” машиналарынын” үнү.
***
Ат-Башынын «кызыл көпүрөсү» аркылуу Бишкек-Торугарт жолунан Кытайды көздөй жүк тарткан машиналардын уңулдаган үнү аркы өйүз менен берки өйүздөгү ат-башылыктарга тынбай угулуп турчу. Айнегинде «SU» деген жазуусу бардан уламбы, биздин эл аларды «SUнун» машиналары деп койчу. Ак-Сай мен Арпага каттагандар да «SUнун» машинасы менен бардык», «SUнун» машинасы менен келдик» дешчү.
***
Кара-Суунун жолунда баратып Ой-Терскенге чейин шашпай угулуп турган ушул машиналардын үнү өзү менен кошо менин кыял-оюмду да алда кайда алып-учуп, жетелеп кетер эле. Машинаны айдап бараткан шоопур болобу, ичинде бараткан жүргүнчүсү болобу, кимиси болбосун ушул машинеге түшүп алып жомоктогу керемет жакты көздөй кетип бараткансып, ошол кабинанын ичинде мен болуп калбаганыма ичим бышып, өзүм түшүнбөгөн, өзүмө белгисиз, бирок дайыма ээликтирип, дайыма бир жактарды көздөй азгырып турган нерселерге кусаланып берер элем. Мага өзүм жашап жүргөн айыл эмес, башка айылдар, башка жерлер кызык сезиле баштаган эле.
***
Ошол Бишкек-Торугарт жолу менен тынбай каттап турган «SUнун» машиналары менин балалыгымдын бир барагы калган Казыбек айылынын тушуна жакындап барып, андан ары Ак-Сай, Арпага андан ары Кытайга кетчү, ким билет, мени сагынткан, мени кусаланткан, мени сырдуу жактарга жетелеген нерселер мүмкүн ошол жакта калган балалыгым беле, айталбайм.
***
Ал убакта Ат-Башы району Кытай менен чектешкен чегара район катары совет өлкөсүнүн өзгөчө көзөмөлүндө тургандыктан ат-башылыктардын паспортунда «ПЗ» - пограничная зона деген атайын белги болгон. Нарындан Ат-Башыга өтө турган кууш капчыгайдын оозун күндүр-түндүр жашыл фуражкачан орус чегарачылар күзөтүп турчу. Ошол жылдары мен жаш жазуучулардын Бүткүлсоюздук фестивалына катышу үчүн барганда да орустардын чек ара шаары болгон. Владивостокко «П3» деген белгиси бар «ат-башылык» паспортум менен оңой өткөм.
***
Комсомолдун Нарында өткөн облустук конференциясына жумгалдык делегатция менен келип катышып жаткан жеринен Зейнени Ат-Башыга «ала качып» кеткендеги окуясы эсимде. Биз классташым Жусуптукуна келип, Рыскүлдүн даярдай салган тамагын ичип, Жусуп жигулисин айдап, КГБда иштеген теңтушубуз Тимурдун жардамы менен чек арадан тоскоолсуз өттүк да Ат-Башыга зуу койдук. Тимур документтерибизди текшерткен жок. Анткени чегарачылар КГБга баш ийчү.
***
Кийин уксак, Зейненин «жоголгонуна» чуу түшкөн бир автобус жумгалдык «кайын-журтум» кууп барабыз деп эртеси Ат-Башыга жөнөп, бирок чек арадан өталбай, супсундары сууп кайткан экен.
"Агындылар"
- Автор: Шайлообек Дүйшеев
- Жанры: Эскерүү
- Жылы: 2019
- Басмакана: Кыргыз китеп
- Барагы: 360
- ISBN: 978-9967-15-755-0
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
1 200Сом
Сунушталган китептер
Теги: Шайлообек, Дүйшеев, агындылар, 1-2- бөлүк, китеп, эскерүү, чыгарма, кыргызча, китептер, сатып, алуу, ырлар