Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары

Бул китепке төмөндөгү авторлордун аңгеме поэмалары кирди. Түзгөн Памирбек Казыбаев

Чыңгыз Айтматов, Кайрылып куштар келгиче.

Аалы Токомбаев, Күүнүн сыры.

Касымалы Баялинов, Ажар.

Мукай Элебаев, Кыйын кезең

Ашым Жакыпбеков, Улуу Тоо

Кусеин Асанкожоев, Үчүнчү шар

Айым Айтбаева, Уядан табылга бала

Тоголок Молдо , Үркөр топ жылдыз

Балдардын ыры, Эркин тоо, Турумтай

Байтемир Насирдинов, Ак-Суурдун алтыны

Аман Саспаев, Татым туз , Сарала  ит

Алыбаев Мидин, Жомокчу мерген

Даникеев Өскөн, Үмүт улагандар

Мартов Бегенас, Он үчүнчү толкун, Роботтун туулган күнү

Ашымбаев Калканбай, Алачык

Айтымбетов Орозобек , Табышкер, Желмогуз, Бир мүшөк кар

Барпы Алыкулов, Бул куштардын санаты, Жырткычтар, Аккан суу, Күн , Шамал

Кененсарин Бөрүбай, Асылзат шумкар, алжыган арстан, ала көөдөн жолборс

Алыбаев Мидин, Эмне үчүн короз таң алдында чакырат

Байдылда Сарногоев, Жайлоодогу окуя

...............

Ашым Жакыпбеков," Улуу Тоо" новелладан үзүндү

...........

Ошол кухняга туруп калган жылы кыш катуу болду. Былтыр эле.. жок, мурдагы жылкы кыш экен. Астыбыз пол, полдун асты темир-бетон плиталар экен, подвал – кампа жабдылган да. Кышкы аязда темир-бетонуң муздачу болсо, муздун үстүнө жылаңач отургузуп койгондой. Отунду эптеп камдап алганбыз, бирок быягынан жаксаң, быягынан өчөт. Бет алдың жылыса, көчүгүң менен аркаң муздайт. Кышкы чилдеде аялым төрөп, төрөт үйүндө он күнчө жатып калып, ошондо мен көргөн азапты айтпа. Аялым үстү-үстүнө жагып турганга мурун үй ичи дурус турбайбы. Ал жок, мен эрте менен бир жагып коюп ишке кетем, кечинде келсем үй ичи муздаткычтан бетер болуп калат. Жалгыз өзүмө эчтеме эмес экен, болгон жууркан- төшөнчүлөрдү асты-үстүмө үйүп алып, билбей калам. Наристе бала менен жаңы төрөгөн аялыма кандай болор экен деп, тарткан убайым ушу болду. Жарыкчылыкка жаңы келген бала бу дүйнөңөр өтө суук экен деп, кайра кетип калбас бекен деп корком. Чыгарына эки күн калганда иштен атайын суранып алдым да, кечке меш жактым. Кичине жылымсырап калды. Болгон жалгыз керебетти мештин түбүнө жылдырып келип койдум, мурунку ордуна жылуулук жетчү эмес. Ошону туура кылыпмын.

Иши кылып, баланы жерге тийгизбей кармадык. Жатканда ортобузга алып жатабыз. Оболу уктаганда басып койбос бекенбиз деп, коркуп жүрдүк, кийин көнүп кеттик. Көнгөнүм ушунчалык, азыр да бир жамбашыман жатсам, ошол капталым биротоло уюп оорутмайынча оодарылбай жата берем. Адам көнбөс балээ барбы. Бала да көндү суукка, кайра чыйрак болчудай көрүндү. Иштегилер сураганын баланы ортого алып жатып жүргөнүбүздү жаңы тапкан айла катары мактаныч менен айтсам, бир аял:

– Но это же не гигиенично, - дейт.

Жашоом алардыкындай эле деген кыяз кылып, сыр бербей жүрчү элем, уялып кеттим.

– У нас все микробы замерзли,– деп тамаша менен кутулдум.

Бала эчтеме болбоду, ошол кыштан аялым оорукчал болуп чыкты. Жаңы төрөгөн неме баланын кир-когун жууп, колу суудан кургабайт, көмүр жагып, күл түзөөгө чолосу тийбейт. Ал аз келгенсип, айдын аяк ченинде акчадан жуташ адат болуп кетти. Ичкен-жегени дурус болбосо, тыңый элек немеге ал да кыйын экен. Иши кылып кышы менен ооруканага үч жолу жатып чыкты. Андан деле оңолбой, ден соолугу начарлай берди.

Кырсык адамга бир жабышса биротоло төө басты кылып алат эмеспи…

Күн жылымдап, февраль аяктап калган кез эле. Мен дүкөнгө барып, нан, сүт апкелдим. Калган тыйынга сатуучу өтпөй жаткан лотерея билетинен бирди берди. Мейли деп алып алдым. Үйдө да мурун алынган эки-үчөө бар эле. Баарын алып, номерлерин карап отурдум да, өзүмчө кыялга баттым: ушулардын жок дегенде бирөө утса… «волга» утса… Сатып жиберер белем, же минип жүрөр белем? Өзүм төлөмөр үйдө турсам, мингеним «волга» болсо, куп жарашат да… Сатсам… баасына эле сатсам… Жок, баасынан ашыра сатса деле алчулар көп дешет. Бая күнү ким айтты, бирөө «волга» уткан лотерея билетин эки «волганын баасына» сатты дейт. Алар анча акчаны кайдан табат? Жейт да… Азыр жебеген киши жок окшойт, газвода саткандан баштап… Мен өз баасына эле сатат элем. Анан акчасына тамды чекесинен чертип туруп сатып албаймынбы… А эгер ушу билеттерден экөө утуп калсачы, макул, бирөө «москвич» эле болсун… Анда «волганы» сатып, там алып, «москвичти» минип жүрөр элем. Жок, «москвичти» сатыш керек, ошонун кунуна деле ойдогудай там келет, мингенге «волга» жакшы да… Анан горисполкомдун жанынан башымы чыгарып өтсөм… Дем алыш күндөрү үй-бүлөмдү салып алып, шаардын сыртына чыгып кетсем… Азыр минбеген «волганын» кийин картайганда кереги эмне… Кээде аялымдан уурданып, кыздарды салып жөнөсөм…

Анан күлүп жиберипмин.

– Ит экенсиң! – дедим. Иймейип баланын туңгагын жууп отурган аялым чочуп кетти:

– Ким?

– Ха-ха-ха!..

Оорукчан адам таарынгыч болот.

– Эмне тилдейсиң? – дейт аялым.

– О, жок сен эмес. Ушуякта бирөө…

....................

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары

  • Автор: Памирбек Казыбаев
  • Жанры: жыйнак
  • Жылы: 2014
  • Басмакана: Бийиктик
  • Барагы: 400
  • ISBN: 978-9967-13-745-5
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 400Сом


Сунушталган китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы,8-томдон турган китептерге автордун баардык чыгармалары топтол..

2 500Сом

Кыргыз адабияты (антология) 10 томдук жыйнак

Кыргыз адабияты (антология) 10 томдук жыйнак

Бул жыйнактарга Манас эпосу баштаган  чоң эпостор, кенже эпостор, роман повесттер, драмалар, ба..

3 000Сом

Ала-Тоо таңшыйт

Ала-Тоо таңшыйт

Ала-Тоо таңшыйт, түзгөн Балбай Алагушев. Жыйнакка калкка кеңири белгилүү элдик жана азыркы кезде&..

350Сом

Ала-Тоо уламыштары (1-2 китеп)

Ала-Тоо уламыштары (1-2 китеп)

Ала-Тоо уламыштары. 2 -томдук . Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул ж.б  Серия:«Окуучун..

600Сом

Агындылар -1-2 китептер

Агындылар -1-2 китептер

"Агындылар " 1-2-китеп  Шайлообек  Дүйшеев. 7-басылышы китептен үзүндү *** Сүйүү кө..

1 200Сом

Теги: Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Мукай Элебаев, Ашым Жакыпбеков, Кусеин Асанкожоев, Айым Айтбаева, Тоголок Молдо, Мартов Бегенас, Он үчүнчү толкун, Роботтун туулган күнү Ашымбаев Калканбай, Алачык Айтымбетов Орозобек