Жалгыз улак, Индира Куралбекова

Жалгыз улак

Апам ыраматылык 15 баланы төрөгөн. Бир күнү экөөбүз кечинде сүйлөшүп жатып (мени менен аябай сырдашчу) анан айтат. 1958-жыл дейт. Атаң экөөбүз жаңы эле үйлөнгөнбүз. Атаң байкуштун үйү эмес, жата турган алачыгы да жок экен. Анан эптеп ар жерде баш калкалап жүрүп, көрбөгөн күнүбүз калбай акыры колхоздон жер алдык. Ошол жылдар өтө оор болду, жегенге нан жок, тамака кошконго жада калса туз жок. Кезерип ачкабыз. Анан жер алгандан кийин эптеп баш калкалаар жай тургузалы деп, атан экөөбүз топурак казып келип, самандан кошуп ылай жаткырдык. Экөөбүзгө караан болоор эч ким жок, атаң сокмо урат, мен ылай ташыйм. Акин апчең боюмда бар.(тун кызы , ал эжем азыр алтымышка чыкты) Анан бир күнү адаттагыдай үйдү салып жатканбыз. Ичим чоңоюп, төрөткө жакындап калгам. Иче турган мискейде кичине жарма менен жүгөрүдөн бышырылган, тузу жок нандан башка эч нерсе жок. Боюмда бар, курсагым ачат, айлам кетип бактын түбүндө ачка ыйлаап олтурсам, койчуман акем кыйкырып эшегин минип келип калды. (кайнагаларынын баардыгын койчуман акем, комбайнчы акем, тракторист акем деп көзү өткөнчө тергеди.) Турайын десем каруум жок, атаң байкуш кара жанын карч уруп сокмо уруп жатат. Анан акем мааратып бир кииипкичинекей улакты көтөрүп келди, анысы беш килограммдай эле чыгат. Анан адатынча кыйкырып, ии батыр иш илгери деди. Атаң экөө учурашып болгон соң, менин жаныма келип Ырыс айланайын менин бир айлык акыма ушуну берди. Күндө нары бери өтүп, кыйналып атканынды көрүп жаным кейийт. Ушуну союп, кичине болсо да шорпо шилен кылып, ысык ууртап ичегинди майла балам. Жакында көз да жарасын, кичине кубат болсун деди. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Анан акем мени бооруна кысып, кучактап "Кагылайын сенен, бул күндөр да өтөт. Турмуш кимдерди гана кагылтып, согултуп кыйнабаган. Тагдырдын тайгак кечүү тар жолунда кимдердин гана башынан кыйынчылык өтпөгөн. Сабырдын түбү сары алтын, жетээрсиң бир күн муратка деген балам, кой ыйлаба" деп капкатуу болуп бырыш басып калган колдору менен жүзүмдү аарчыды. Ошентип кечинде баягы улактын эти бышып, атаң экөөбүз тапчанда камыр чайпап, өзөк жалгадык. Кичинекей кара казан кайнап жатты. Шорпонун жыты чыккан сайын чыдамым кетет. Бар байлыгыбыз ошол кара казан болгондой, экөөбүз тең андан көзүбүздү албайбыз. Улам кара чайнектеги суудан куюп ууртап койом. Эки тыртайган кичинекей жилигин, төрөгөндө шорпо кылып ичебиз деп, арчанын чокусуна катып, байлап койдук. Курсагыбызга бир нерсе бара түшкөндөй болду. Анан биир кезде атаң үлбүлдөгөн чырактын жарыгына жакындап мени карап "Ырыс буйруса ушул жапырайган жаман там ордолуу шаар болот. Мына бу какыраган жер жапжашыл бакка айланып, балдарыбыз кийин неберелерибиз чуркап ойношот. Экөөбүз көп балалуу болуп, бактылуу өмүр сүрөбүз" деп мени кучактаган. Андан бери эчен жылдар өттү. Силерди чоңойткончо далай көз жаш төгүлүп, далай жашоонун кыйынчылыгы жанга батты го. Мына анан мынтип, атаң экөөбүздүн тилегибизди кудайым берип баарыңар ушул үйдө төрөлүп чонойдунар. Кара курсак кайда болсо тойот. Кайрымдуу болгула. Зымпыйып сабырдуу жүргүлө. Жетпеген турмуш акыр бир күн жетээр. Ынтымагынар бекем болсун деп анан апам уктап кетти. Түн, жымжырт, терезеден айдын жарыгы жүзүмдү жапжарык кылып, көрсөткөндөй. А мен болсо ойго батып, ошол күндөр көз алдыма тизмектелип, апамдын кайратына таң берип жатып, бир кезде мен дагы таттуу уйкуга кетипмин. Тигил улак берген кайын агасына апам көзү өткөнчө куран окуду. Ошондо акем байкуш улак берип, жаныбызды аман алып калды эле деп. Ал кишинин пейилинин кендигин айтсаңыз. Байкуш киши болгон жалгыз улагын апамдарга жетелеп келген тура.
Ошол достор, түнкү саат эки болду. Мен апамды эстеп, ушул постту ыйлап атып жаздым. Айтайын дегеним бул күндөр да өтөт. Сабырдуу бололу. Атам менен апам 15 бала, 58 небере, 19 чөбөрөлүү болушту. Буйруса сиздер дагы ушундай сонун күндөрдү көрөсүздөр, бакытка балкыйсыздар.
Асманыбыз ачык болуп, жергебизде наристенин күлкүсү жаңырып турсун.

  • Жалгыз улак

Окшош макала

Сага айткан сырлар

Сага айткан сырлар

Жашы алтымыштан ашкыча аял ала элек, капыстан сүйүү келген бир кишинин айткандарынан: Турмушум ордунан козголуп, күнөстүү жакка карап калгансыды. Түлөөң каткырдыкы, мунуң деле таттуу болот экен . Өртөп ийчүдөй ысык болот экен

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Кайын энеге ызаат!

Кайын энеге ызаат!

-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт "  деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.

Сунушталган товар

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Белегим...Демим... Жантеңим..

Белегим...Демим... Жантеңим..

Китептен үзүндү.... Негедир, тээ алыста калган, менин сагындырган ыйык сезимдерим менен сырдашкым..

150Сом

Теги: Жалгыз улак, кызыктуу окуялар, топук кылуу, каниет