Тракторчу келиндер, аӊгеменин автору Топчугүл Шайдуллаева

Тракторчу келиндер

Тракторчу келиндер

(аӊгеме)

Канымбү раис түн катып тракторчу келиндер түнөгөн талаадагы чатыр кепеге шашып келатты. Эзелим камчы салдырбаган астындагы жоргосу да улам карышкыр көргөнсүп, жол ката үркүп, караңгыңда раисти бейжай кылды…, өзү да, аты да чарчаган эле.

Трактор айдаганга эркек жок, айылды кыдырып, бу келиндерди үйдөн араң сууруп чыгып, кышында районго жөнөтүп, тракторчулардын курсунан окуткан. Тандаган келиндери тың чыгышты, азыр тракторду атырылтып айдап, жазгы буудайды сээп атышат. Эми булардын иштегенине беш күн өтпөй, кемпир- кезек конторуна келип алып: “Келиндерибизди ата-бабасы көрбөгөн темирге отургуздуң, эми минтип аларды жалгыз ай талаага түнөтүп атасың, эри согушта жүргөн немелердин абийрин төкпөгөй элең” деп ыйлагандарын көрсөң . Тообо, абийирди ойлой турган учурбу азыр, куурагырлар! Жаздын ар бир күнү канимет! Кан күйгөн согушка нан керек! Канымбүнүн камчы кармаган колу бекем түйүлдү. Согуштун айынан эл бөксөрүп, айылда боору бүтүн киши калбады. Кимиси болсо да жоготуунун ызасын райистен чыгарышат. Канымбү аргасыз өзүнө жат, каардуу мүнөз күттү, антпесе аны эл угабы, иш бүтөбү, тонналаган буудай, жүн, эт планын кантип толтурат. Өзүнүн да уулдары аман-эсен кайтаар бекен бу соолгур согуштан, кичүүсүнөн көптөн бери кабар жок. Санаага баткан райис бошошо түштү. Колунан камчысы аз жерден ыргып кетпеди.

Канымбү райис тракторчу келиндерге кароолчу кылып жиберген Азим бүгүн иштебеймин деп качып келиптир. Болду болбоду муну бейбаш келиндер кууп жиберген, ээн-эркин бололу дешти да. Эми минтип түн катып өзүн кайтарткысы келбеген тракторчу келиндерден кабар алганы жөнөдү. Тээ алыстан эле кепеден сызылып чыккан ырдын кайрыктары бу атчан аялга даана угула баштады.

“Озондобой отко түшкүрлөр, андан көрө уктап эс алышпайбы! Ушинтип, үн салып эркектерди өздөрү чакырышат, “курту кайнап” – Ичинен ызырынган Канымбү ачуусу менен атына удаа-удаа камчы уруп жиберди.

Тракторчу келиндер кечке рулда отуруп, буту-колдорунун талыкшып ооруганына карабай, түңкүсүн жатып алып, ай талааны жаңыртып ырдап коё беришчү. Ырдаганда бугу чыгып, жеңилдей түшүшөт. Алардын ырын түңкү шамал анча алыс эмес айылга оңой эле жеткирчү. Ыр чыккан тарапка кулак төшөгөндөр көбөйдү. Келиндер ыры кимдидир жоктогондой, сагынгандай муңдуу эле.

Азим кароолчу бир жанга айбаат көрсөтө албаган, оң жак колу да, буту да чолок, согуштан майып болуп келген жарым жан. Ал тракторчу келиндер түнөгөн чатыр кепенин сыртындагы үймөк чөптүн үстүндө уктайт. Келиндер түнөгөн кепе жакты чөптүн кычыгынан тиктеп жата берет. Бул анын кароолдук милдетин аткарганы. Биринен бири өткөн сулуу, келишимдүү, айылдын солкулдаган келиндерин тиктеп жатуу Азим чолокко оңой бекен. Келиндер кароолчунун бар экенин унутуп коюшабы, же көрбөйт деп ойлойбу, эртели-кеч кепенин сыртына ич кийимчен чыгып алып чачтарын, буттарын жууйт. Мындайда Азим тескери бурулуп кетет, антпесе тура калып, келиндердин бирөөсүн сайга жетелеп кеткиси келет. Муну майып, бечара, келиндерге жолой албайт деген ой менен райис бул жакка жиберди да. Тапкан экен ошол Канымбү, чолок болсо колу чолок, буту чолок, башка жагы аман соо да. Чөп үстүндө жатып алып кепенин жыртык эшигинен агылып чыккан келиндердин жытына, шаңкылдаган күлкүсүнө, аба жарган ырына башы айланып, делөөрүгөн Азим кээде ордунан тура калчу. Анан өзүнүн кароолчу экени, таякка жөлөнгөн майып экени эсине түшкөндө, жаркырап нур төккөн ай, жылдызды да карагысы келбей, апасына таарынган балача көмкөрөсүнөн жатып алып, өксүп-өксүп алып, анан көзү илинип кетчү.

Чөп үстүндө минтип өзү менен өзү күрөшүп жата берүү бир күнү аны тажатты. Ичинен “кетем, иштебеймин” деген чечимге келди. Так ошол түнү келиндерге напси агытып, келгендердин алгачкысы айылдагы алты саны аман жалгыз эркек - эсепчи Эргазы болду. Ошол түңкү окуя Азимдин бул жерде артыкбаш экенин биротоло сездирип, кетип калууга аргасыз кылды.

Эшекчен Эргазы ай жарыгында карааны элес-булас көрүнгөн чатыр кепени оңой эле таап алды. Кепе ичи көөдөй караңгы экен. Оңбогон келиндер жин чырак да жагып коюшпаптыр. Эргазы айылдан шыр чыкканы менен кепенин оозуна келгенде анын кире бериш жабуусун ача албай апкааарый түштү. Бу катар жаткан он келиндин ичинде мунун өзү жактырганы бар. Кепе оозуна тосулган таардын жыртыгы талаанын жайдак шамалына ары-бери делпектеп турду. Жол бою өзүн эр сезген Эргазы ушул жаман таардын жыртыгын көтөрүүгө колу жетпей, колу жетсе, күчү жетпей бир топ коомайланды. Ичкериден келиндердин үзүл-кесил ыры, күлкүсү, шыбыры угулуп жатты. Азим кароолчу жакка көз таштады. Караңгыда чөп үстүнөн аны көрө албады, көрүнбөйт да эле. Көрсө эмне, ал бир муштумдан чыкпаган нашүт гөр да. Ушу байкушка ооз басырыкка бир нерсе көтөрө келбегенине өкүндү, эмне болсо да кароолчу да.

Аңгыча баятан тынч турган эшеги кыңшылап барып, анан айкырып жиберди. Кепе ичиндеги күрү-күү дымый түштү. Келиндер кимдир бирөө жарымдын келгенин туюшту. Баары демин ичине катып калган эле. Эргазынын эми айласы калбады, ал көзүн жумду да тосмону ача:

- Санамбү, чык эшикке, мен Эргазымын, - дегенге араң жарады. Кепе ичиндеги тынчтык дагы бузулду. Келиндер эми Санамбүнүн эшикке чыгаар чыкпасын талкуулап жатышты. Бир даары айылдагы аялдар көз арткан жалгыз эркек өзү ушунча келген соң чык дешти, бир даары айылга эртең эле уят болосуң, же бу сени аялдыкка алмак беле, андан көрө абийириң менен эриңди күт дешти. Санамбүнүн сулуу иреңи албырып, сүйүнүчпү, же күйүнүчпү белгисиз сезим дене боюн өрт болуп каптап, бу Эргазынын келиши аны же кубантканын, же кейиткенин билбей дендароо абалга кабылды. Кирдей түшкөн жоолугунун сыртына чыккан чачтарын туурулган салаалары менен тарап, жоолугун оңдоп да жиберди. Келин ушу азыр жаздын жагымдуу шамалы коштогон айлуу түндү айылдагы эркектердин эң алды болгон киши менен өткөргүсү келгенин адегенде ичинен каалап кетти. Бу көп келиндердин оозунан түшпөгөн Эргазы түн катып издеп келип, мунун ысмын айтып, чакырып сыртта турса, кантип чыкпай коет. Бирок Санамбү чыга алган жок. Жаткан жеринен өйдө болду, бирок катар жаткан ушунча келиндин көзүнчө көкүрөгү сыймыкка толуп турса да, бир кадам эшикти көздөй коё албады. Ал ургаачылык каалоосун уят-намысы, эртеңки күнү менен басып турду. «Айылдагы шагыраган келиндердин эч кимиси мага жок дей албайт» деп эрдемсинген Эргазы турду эшикте шагы сынып. Кепенин жыртык жабуусу өйдө көтөрүлгөн жок. Ал каалаган айдай сулуу Санамбүсү «келдиңби» деп бурала басып чыккан жок. Кепе ичиндеги ыр эми күрү-күү, күбүр-шыбырга айланды. Эргазы эшегинен түшүп, аны кепенин казыгына таңа байлады да, жакын келип жыртык жабууну дагы бир ирет көтөрө үн катты:

-Санамбү дейм, барсыңбы?!

Бул ирет өз атын экинчи жолу уккан келин бүрүшө түштү. Жанында жаткан Жамалканды кучактап, кимдендир корккондой, башын жамынып жаткан чапанына катты.

-Чыкпайсыңбы, маалкатпай, келээри келбеси белгисиз болгон эриңди эңсебей.- Келиндердин ичинен жаактуусу,улуусу Айсара улага тараптан буйура сүйлөдү. Санамбү андан бетер Жамалкан курбусуна ыктады. Айсаранын бакылдап жатканы Эргазыга даана угулду. Күтүп-күтүп, бир маалда ындыны биротоло өчкөн Эргазынын кулагына ичкериде бак-бак сүйлөгөн Айсаранын үнү дагы жаңырды:

-Жалгыз бастырып келген баатырдыгын мунун, биз бул жерде он келинбиз, «Санамбү-ү” дейт, биз баарыбыз эле Санамбүдөйбүз, көрсөк чогуу көрөбүз, өлсөк чогуу өлөбүз…

Эргазы эшегин акырын казыктан бошотту да, айылына жол алды. Келиндердин бүгүнкү түңкү ыры ошону менен бүттү окшойт, айлананы көөдөй караңгылык менен кошо жымжырттык каптады. Жымжырттыгы курусун, бу Эргазы эшеги менен келип, келиндер көкүрөгүн козгоп, ичин уйгу- туйгуга салып койду. Он келин он жерде он ташпиши менен алпурушуп, бул түн алардын уйкусун бузду. Таң үрүл-барал атаары менен тракторунда отуруп калчу келиндер эртеси чала уйку болуп кеч турушту.

Адатта эртең менен чөп үстүндө соксойуп отурчу Азим кароолчуну таппай калышты. Келиндер үймөк чөптү заматта тытмалап ийишти, жок. Ал айылга жалгыз буту менен кантип басып жетти экен.

–Муну Эргазы эсепчи эле учкаштырып кеткен, ооз басырыкка,- Айсара ишенимдүү сүйлөдү.

–Өзүнүн шерменде болгонун эл билбеш керек да.

Келиндер бирин бири карап, жапырт бир каткырып алышып, тракторго жөнөштү.

Айсаранын айтканы чын эле. Эргазы Азимди үйүнө чейин жеткирди да, катуу эскертти:

-Бүгүнкү түн оозуңдан чыкса, таарынба, экинчи бутуңду да кесип салам!

Эртеси Азим таягына жөлөнүп, конторго араң басып келди. Аны көрүп, ачууга алдырган раис кеп-сөзгө келбей туруп, камчысы менен баштан ылдый бир чаап алды:

-Шо он катынды кайтара албадыңбы? Көрсөң көрмөксөн, билсең билмексен болуп, доошуңду чыгарбай отура бер дебедимби! Кайт артыңа!

- Аларга кароолчунун кереги жок, тракторчу келиндер өздөрүн өздөрү эле кайтарып алат экен... – Камчынын уусуна ызаланган Азим жер карады.

-Ах, шордуум, келиндердин табына чыдабай качыпсың да. Мен сени жанын кыйнабай иштеп, эмгек күн таап алсын деп жибердим эле да. Анын үстүнө бул келиндердин кайын энелери да “корукчу кой” дей берип, балээ болушту. Бар, эми, кырманга, урук тазалагандарга кошул.

Урук тазалагандар да тегиз аялдар эле...

автору Топчугүл Шайдуллаева

  • Тракторчу келиндер

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Келин!

Келин!

Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу.
Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин.
Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык.

Өрүк эне, автору Топчугүл Шайдуллаева

Өрүк эне, автору Топчугүл Шайдуллаева

Бак ичи таң атпай түтүнгө  толуп чыкты. Бирок   кар каткан бойдон үлбүрөгөн  өрүк гүлдөрүн ныгыра басып,  ач кене сымал жабышып тура берди. Түтүндөн улам кар музга айланып калгандай  оорлошуп, ого бетер өрүктөрдүн бутагын жерге ийип салды. Эми өрүктөрдүн шагы жерге эңилип, сынайын деп калды. Аял саамга токтоп, өрүкзарды бир сыйра карап алды да, турган ордунда башы тегеренип, көзү караңгылап,  “күп” деп жерге кулады.  Колундагы табагы кыйла жерге ыргып кетти...(толук окуу үчүн теманы басыңыз)

Сунушталган товар

Тоолуктардын эрмеги

Тоолуктардын эрмеги

Кызыктуу азилдер, тамашалар жыйналган бул китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт болуш керек. Кар..

380Сом

Топон

Топон

Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..

400Сом

Теги: Тракторчу келиндер, кызыктуу аӊгеме, айыл Топчугүл Шайдуллаева