Кыска - нуска

Кыска - нуска

Кыска - нуска

  • Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.....

Кыска - нуска

  • Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.
  • Алгачкы китеп биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюшкан. Мом жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан.
  • Жер бетиндеги эӊ байыркы китеп катары Присстин папирусу аталат. Ал биздин заманга чейинки 3350-жылы түзүлгөн. Бул китеп байыркы Фивы шаарындагы пирамидалардын биринде табылган.
  • Байыркы Ассирияда ылайдан китеп жасашкан. Бул китептин узун-туурасы 32 сантиметрди түзсө, ар бир барагынын калыӊдыгы 2,5 сантиметрге жеткен. Мындай калыӊдыктагы барактар 1 китепте 10дон 100 даанага чейин болгон. ө
  • Дүйнөлүк статистикага таянсак, китеп сатып алуучулардын жарымы 45 жаштан ооп калган адамдар жана алардын көпчүлүгү айымдар болуп эсептелет.ө
  • Йелск университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, 3-класска чейин окуй албаган окуучулардын төрттөн үч бөлүгү ошол бойдон шар окуй албай калышат.
  • Китеп ууруларын «библиоклептоман» деп аташат. Эӊ атактуу библиоклептоман Стивен Блумберг жалпысынан 268 китепканадан 23 миӊдей китеп уурдап, чогулткан.
  • Эӊ көп калем акыга татыган китептердин катарына акын Оппиандын чыгармалары кирет. Рим падышасы Марк Аврелий анын балык кармоо жана мергенчилик тууралуу эки поэмасынын ар бир сабы үчүн бирден алтын тыйын төлөп берген.
  • Дүйнөдөгү эӊ чоӊ китеп Амстердамдагы музейлердин биринде сакталган. «Деӊиз шарттарынын жыйнагы» аталган китептин туурасы 1 метр, узуну 1,5 метр, калыӊдыгы 0,5 метрдей.
  • Дүйнөдөгү эӊ кичинекей китептин 12 даанасы бир аш кашыкка батат.
  • Кыска - нуска

Окшош макала

Дүйнөдөгү эң кымбат китептер

Дүйнөдөгү эң кымбат китептер

Кымбат китептер:

  1. «Первая книга Уризена» Уильям Блейк – 2,5 млн $;
  2. «Сказки Барда Бидля» Джоан К. Роулинг – 3,98 млн $;

Кызыктуу маалымат

Кызыктуу маалымат

Кызык экен

1. М. Горький төрт миң сөздү бир минута ылдамдыкта окуган.

2. Сталин күнүнө эң аз дегенде 400 барак китеп окуучу.

3. Т. Эдисон 2-3 сапты дароо бирге окуп,ар бир бетиндеги тексти эстеп калчу. Ал ыкылас коюп, ойду бир жерге топтогонду үйрөнгөн

4. Ыкчам окуганда караганда жай окуганда көз тез чарчайт.

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Бул окуя бир топ жыл мурун башталгыч класстын мугалиминин башынан өткөн. Айше эжеке сабагы башталган күнү эле кийим кечеси кир, чачтары уйпаланган балага көзү түштү. Анын аты Билал эле. Ал 5-класста окучу. Айше эжеке балада бир көйгөй бар экенин байкап, анын “өздүк делосун” таап, барактай баштайт. Окуп жатып аябай таң калат. Биринчи класста окуткан мугалими: Билал акылдуу жана шайыр бала. Тапшырмаларын убагында аткарат жана досторунун арасында кадыр баркка ээ деп жазат”

Экинчи класстагы эжекеси: Эң мыкты окуучу, бирок апасынын оорусу аны аябай капалантат. Үй бүлөдөгү жашоосу татаал сыяктанат.

Үчүнчү класста окуткан мугалими: “Апасынын дүйнөдөн кайтышы ал үчүн кыйын учур болду. Атасы ага жетиштүү убакыт бөлө албай жатат. Эгер тез арада кандайдыр бир аракет иш аракет жасалбаса үйдөгү атмосфера балага терс таасирин тийгизиши  толук ыктымал”.

Төртүнчү клаастагы эжекеси: “Билал эч ким менен сүйлөшпөйт жана мектепте сабакка кызыгуусу жок. Достору да жокко эсе. Кээде класста уктап калат”.

Сунушталган товар

Чоочун киши (1-2 китеп)

Чоочун киши (1-2 китеп)

2 китептен турган Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романы . ..

800Сом

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы,8-томдон турган китептерге автордун баардык чыгармалары топтол..

2 500Сом

Чыгыш берметтери

Чыгыш берметтери

"Чыгыш берметтери" орусчадан которгон Басылбеков Кубанычбек. Сиз бул китептен чыгыш ойчулдары Абу..

280Сом

"Манас" Сагымбай энциклопедиясы

"Манас" Сагымбай энциклопедиясы

"Манас. Сагымбай энциклопедиясы" , бул китепте эл арасында "чоң манасчы" деген ат менен белгилүү ман..

2 500Сом

Теги: Кыска, нуска, китеп, жөнүндө, маалымат