Чыңгыз Айтматовдун, "Ак-кеме" повестинен үзүндү

Чыңгыз Айтматовдун, "Ак-кеме" повестинен үзүндү

Шаарга барсам кана...Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайң менен, куужатын катының менен жерге кир , алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! О, анда мен азоо айгырдай азынып турбас белем! “Орозкул Балажанович, кирүүгө можина?” -дегизип жалдыратат элем го даалайды. Түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем. Албаска эмне экен? Алиги микрафонун тумшугуна кармап, соруусун чайнап ырдаган сулуу артист келиндердин бирин алып алсам жарашпайт бекен. Андайларга кызматы чоң эркек болсо болду дешет.

Орозкул бүгүн таң эртеден бери ачуулу. Эртең менен балта-чотту алып, суудан өтүп, токойго жөнөрдө Момун чал баланы мектебине алпарып келе коеюн деп жинине бир тийген. Алжыган чал да! Күндө эртең менен ат токуп, баланы бир жеткирет, түштө дагы чаап барып, мектептен апкелет. Мынча эмне таштандынын убарасын тартат! Кокуй, мектебине кечигип калбасын деп шашып турганын кантесиң. Кудай берди болуп, бүгун быякта мындай иш чыгып атса, акыры эмнет менен бүтөр экен деп, жан кыйпычыктап турса, чал жинге тийбедиби: балам дейт, мектеби дейт.... Азыр эле жеткире коюп, кайра чаап келе калам. Бала мектебинен кечиксе мугалим эжейине уят болор",-дейт. Уялары жанагы куу жамбаш келинби, беш жылдан бери ийининен бир пальто түшпөйт. Качан көрсөң бир колтук дептерлерди бооруна кысып бараткан. Качан көрсөң, кол көтөрүп, райондун жолуна турганы. Эмне керек эле? -Мектепке көмүр керек эле, айнек керек эле деп, бор керек эле.Жөндүү мугалим болсо ушу мектепке келмекпи? Кенже мектеп деп, койгон атын. А көрө, жетим мектеп деп койсо жакшы болмок. Ушундан окуп чыккандар кайсы киши болуп жыргатаар дейсиң. Чыныгы мугалимдер шаарда. Алардын мектеби да жарашкан. жалаң эле айнектен салынгандай. Мугалимдеринин тагынганы галустук. Шаар ошонусу менен шаар да....Ал жерде чоңдор иштейт, машине менен зуулдап көчөдөн чоңдор чоңдор өтүп турат. Машинелерчи! капкара болуп күнгө жалтылдап, үнү угулбай жаныңдан жабылжып өтүп баратса, дене боюң дүр этет, зыңкыя катып тура калгың келет. Шаардын эли аны да байкабайт, өз бет алдынча уйгу-туйгу шашып баратканы.Жашоо деп мына ошо шаардагы жашоону айт!

Ошоякка жылып, ошерде орноп калсаң. Шаарда кызматыңды, чоңдугуңду сыйлоону билишет. Урматтай турган ишпи, ошол иштеги кишини урматтагың. Кызматың канча чоң болсо, сага келген урмат да ошончолук бийик. Маданяттуу эл да. Бирөөнүн арагын ичип, этин жедим эле, бирөөдөн жашынып пара алдым эле, ошол үчүн карагай кесип кутулайын деп, мынтип убара чегүү шаарда жок. Ал жерде жегендей жеп, айтып койсоң аткарылат. Элүү сом, ашып кетсе жүз сом үчүн карагай кесип берип, анан дагы качан үстүмөн жалаа жазып жиберет экен деп калтырап жүрбөйсүң ал жерде..Э караңгылык!

Шаарга барсам кана...Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайң менен, куужатын катының менен жерге кир , алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! О, анда мен азоо айгырдай азынып турбас белем! “Орозкул Балажанович, кирүүгө можина?” -дегизип жалдыратат элем го даалайды. Түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем. Албаска эмне экен? Алиги микрафонун тумшугуна кармап, соруусун чайнап ырдаган сулуу артист келиндердин бирин алып алсам жарашпайт бекен. Андайларга кызматы чоң эркек болсо болду дешет. Галустук тагынып көчөгө чыксаң сулуу катының колтуктап жанаша басса. Экөөбүз киного жөнөсөк элди как жарып. Катыныңын шиш такасы тыкылдап, атыры каңылжаарды жарып турса. Жандай өткөн кишилер жыт алган иттей тумшугун сундура артынан карап калса. Ыя, жыргал эмес бекен? Анан бала тууп берсе. Уулумду прокурор окуусуна киргизип, кызымы рояль чалар өнөр үйрөтөт элем. Шаардын балдары зирек келет, бат эле көзгө урунат. Элеттин одоно тилин жактырбайт, эки жашабай орусча тили чыгат, суудай сүлөшөт. Анысы да абзел го, болбосо ушу Момун чалдын жупуну тили кимди кайда жеткирмек. Балдарың: “Папочка, мамочкалап” турушса, сураганын сатып бербес белем. Менмисинген далайга көрсөтөр элем көргүлүктү, Орозкул бакан мына деп, таанытат элем, атаңдын көрү! Эмне, ошолордон кем бекем? Жогор жакта отургандар эле менден кыйын дейсиңби? Мендей эле буту айры, башы кара кишилер. Болгондо аларга бак айтып коюптур. Мага айтпаптыр. Айтса, учурунда башкага азгырылып, кармай албай калыпмын. Өзүмөн кетти. Токойчулук курсту бүткөндө кызматка ашыкпай, шаарга бет алып, техникумга же институтка бой урсам го, ушу тапта алды болбосом да, бирден кийин болуп турбасам белем. Кызматка кызыктым да. Кенже болсо да, кызмат дебедимби. Мына жапайы тоодо уурданып карагай сүйрөп жүрөм. Анан калса мобу таандардыкы өттү, энеңди...Эмне эле төбөдөн кетпей чуулдап калган? Пулемет болсочу азыр...

Орозкулдун капаланар жөнү бар болчу. Жайды жайлата ойноп күлдү.Эми жай кетип, жай менен кошо күндө бир чабан, же жылкычыныкына кадырлуу мейман болуп дөңгүрсүгөн чагы кетти, бөксөрулткөн күз келди. “Кызыгы жайдын тез өттү, кыштоого кайрат кез жетти...”-деген ырдай болду.

Күз келди, күз менен бирге Орозкул жыйында көргөн сый-урматынын акысын, ооз көптүрүп берген убадасын, күзгө чейин деп алган карызын төлөөр учур келди. “Ой, жаман, аракты антип ичпейт, минтип ичет”,-деп кырдуу стакан менен толтура куйдуруп, тартып жиберип, ууртунан май агыза жал чайнап, же куйрук-боор сугунуп, дүнүйөсү толуп отурган чактарга сөз кыябы келе калганда: “ Эмне? Эки устун карагай элеби? Айткан оозуңдан айлансын! Качан келсең даяр”, деп айтчу Орозкул.

Ошентип ичкен арак менен алган тартуулардын акысына Орозкул эми минтип кара терге чөмүлүп, дүнүйөнү түгөл сөгүнүп, тоодон карагай сүйрөп баратат. Берген март эмес, алган март деп тартынбаган Орозкул эми минтип азабын тартып баратат. Ойлоп көрсө, бүт өмүрү азапка малынгандай. “Э, баарына кол силкип  таштап, басып кетсем эмне!” -деген ой кылт этет жаны кашайганда. Бирок эч жака кете албасын, эч жерде эч кимге кереги жоктугун, каалагандай жашоону эч жерден таба албасын ойлойт да, ындыны өчөт.

Карызыңды төлөбөй ушерден кетип көрчү! Өзүнүн эле шилекей алышкан достору көзүн чукууруна акылы жетип турду. Азыр эл бузулбадыбы. Мурдагы эле жылы бугулук бир тууганынан бир устунга козу алып, күз келгенде карагай кескени тоого чыккандан эринип койгон. Айтканга оңой, а тиги  жан боорго өлүп-талып чыгып барып, карагй кесип, кайра сүйрөп түшүп келчи. Кылым чамалаш турган карагайды ары-бери оонатып көрчү. Алдыңа алтын төксө да моюн толгоорсуң. Анан калса каргашадай болуп, ошол күнү Момун чал ооруп калган. Жалгыз адамдын колунан келер жумушпу ошол. Жыгарын жыгарсың карагайды, бирок тоодон жалгыз сүйрөп түшмөк кайда... Ал күнү жалгыз каларын билгенде го мурдатан Сейдакматты ээрчитип барып, даярдап коймок. Аны ойлобогон Орозкул тууганына этектеги жаш карагайдан берип кутулмай болду. Антсе тиги чалкасынан кетпедиби: “Козу жегенди билесиң да, сөзгө турганды билбейсиңби?”-деп, белдүү карагай алмайынча кетпеске чыкпадыбы. Жини келген Орозкул, алсаң ушул, албасаң жогол көзүмө көрүнбөй деп, кууп жиберген. Ал жигит да жемин жедирчүүдөн эмес экен, “Сан-Таштын корук токоюнун абжашиги Орозкул Балажановтун үстүнөн арыз” деп, калпты-чынды койгулап жазган экен, аны окусаң төбө чачың тик турат, “социалисттик токойдун бүлдүрсүгү” катары, Орозкулду суракка албай туруп атып салса болчуудай. Мына ошондо Орозкулду көрүп ал, балээден башы кутулбай райондун комиссияларынан баштап, токой министирлигине чейин текшерүүгө түштү. Көп убаракерчилик менен араң кутулду... Мына тууган ! Аны билбей: “Баарыбыз тең Мүйүздүү Бугу-Эненин балдарыбыз. Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу!”-деп коюшат экен. Былжыраган оокатыңды урайын, сокур тыйын үчүн биринин канын бири ичип, же камакка тыга салуудан кайра тартпай турушса, кайдагы кудайым тааныбаган бугуну кеп кылышат! Илгерки эл ишенчү экен бугунун жомогуна. Ошончолук кем акыл, караңгы болгон экен да илгерки эл, арга жок күлөсүң! Азыр болсо баары маданияттуу, бары билимдүү! Баланын жомогуна азыр ким муктаж !

Ошондон кийин Орозкул тууганды карабаса, Мүйүздүү Бугу-Эненин түгүл, теңирдин баласы болсо да адамга жакшылык кылбаска, башкача айтканда, карагай эмес чегендек бербеске өзүнө өзү сөз берип койгон. 

Бирок кайра айланып жай келди. Көк тулаңдын арасына тизген жумурткадай болуп боз үйлөр келип конду, шилекей чурутуп козу маарап, өрүшкө мал толду, башат башына, суу жээгине очок орноп, от күйүп, казан бууланып, жыты кыңылжаарды жарды. Күн жаркырап тийип, кымыздын жыты гүлдүн жытына аралашып, баш айлантты. Көк майсаңга салынган мамык төшөктө куш жаздык жазданып, дос-тамырдын арасында кадырлуу мейман болуп, кымыз ичсең, багалаң козунун этин жесең, андан ашкан ырахат барбы бу дүйнөдө. Эл дуулдап сүрөп турса, чоң стакан аракты тартып жиберсең, көзүң кылгырып, башың дүңгүрөп, дүнүйөң толуп чыкпайбы да, өзүңө жанды теңебей, карагайды түбү менен жулуп бермек мындай турсун, тигил тоону томкоруп жибербейсиңби... Андай кезде Орозкул өзүнө берген антын унутуп койчу. Жөн Орозкул эмес, корук токойдун кудурети чоң кожоюну деген атка конуп, мартабасы балант көтөрүлөт. Мактоо сөзгө дени жайылып, алдыга келген тартууну тартынбай ала баштайт. Тартуунун жообу артык бериште да... Орозкул антип отурсун, а тыякта эртегинин эстелиги деп эл сактап жүргөн корук токойдун ичиндеги кылымдык бир карагай күзүндө кыйылып жерге кууларын билбей зыңгырап турат. Ал аңгыча этектеги эгинди бышырып, кырдын чөбүн саргайтып, күз кирип келет. Бирде керимсел болуп нымшытып, бирде сыдырым болуп чыйрыктырып, жердин жашыл иреңи кыярып, бак-дарактын жалбырагы саргайып, дирилдеп уча баштайт.

Ошентип мөмө-жемиш бышкан күз келди. Козу бөлгөн күз келди. Аялдар карын-карын майын, бышкан толгон курутун кышка каткан күз келди. Эркектер жайлоодон түшөр көчтү ким баштасын деп кеңешкен күз келди. Орозкул, убадаң кана, мына биз келдик деп, доочулар келер күз келди.Мына бүгун кечинде да эки карагайды жүктөп кетишке прицеп сүйрөткөн машине айдатып, дагы бир доочу келмек. Карагайдын бирин кечээ күнү эле сүйрөп түшуп, суудан өткөрүп, машине келчү жерге жеткирип коюшкан. Экинчиси мына, сүйрөп баратышат. Эгер жайында ичкен-жегенин кайтарсаң азыркы түйшук, кыйнооңон кутуласың десе, орозкул жан деп макул болор беле...Бирок антиш кайда, ичкен-жегендин баары жумурудан ары алдагачан өтүп кеткен.Атаганат, бу жапайы тоодогу жапан тагдырыңды өзгөртөр айла жок тура: эки бирдей корук карагайды түн катып алып кетмекке прицеп сүйрөгөн машина кечинде эле жетип келет. А көрө аман-соо жеткирип алышса де. жол савхозду аралап, болгондо да савхоздун конторунун түбүнөн өтөт, ал жерде милиция, мамлекетик инспекция көп келип калчу эле, же райондон келип калганы болобу...деги көзгө чалдыкпай өтүп   болду. Кокус бирөө-жарым көрүп калып: “Эй, бу карагайды кайдан алып келатасың, кайда алып барасыңар?” -деп токтотуп калса, кудай урду дей бер. Муну ойлогондо Орозкулдун жүрөгү зырп этет. Анан жини кайнап чыгат, төбөдө чуулдаган таандарга, артта шөлпүлдөп келаткан шорду Момунга, башка күн түгөнүп калгансып, ушу күнү картөшкө сатмакка шаарчылыка кеткен Сейдакмат акмакка жинденет. Тоодон карагай түшүрөбүз дегенди билбеди беле ал урган! Билип туруп, жылт койгонун кара... Эми базары бүтмөйүнчө келбеси бышык. Ал болгондого Момун экөөну жумшап коюп, өзү минтип кыйналбай үйдө жатпайт  беле. Эми ачуучун кимден чыгармак? Сейдакматка опурулайын десе, дайын жок. Таандарды кырайын десе, колунда куралы жок. Катыны жанында болсо бырпырата басып калмак эле, ал үйдө, үйгө жеткиче али итапкан жер. Колго тийгени жалгыз Момун. Кара көк болуп түтөөгө күйүгүп, үстү-үстүнө сөгүнүп Орозкул атты да, Момунду да аябай, атайылап ит мурун, караган түптөрүн аралай жетелеп баратты. Ал өлбөсө доңуз копсун, тиги чал ылайым ит өлүмүн тапса экен же жүрөгү жарылып, өзү ушул жерде калса да мейли! Өзү кыйналганда башкаларга эмне үчүн жеңилдик болуш керек? Баары кыйналсын! Орозкул оюндагыдай даражалуу чоңдука жетпес болуп курулган ушул дүйнө түбү менен талкаланып кетсе экен! Эгер дүйнө түгул бузулар болсо Орозкул өлүүдөн баш тартпас эле. Өз оюна уккан Орозкул тик ылдый салды. Лепилдеген Момун чал үстүнөн токтотуп көрсун деп өчөштү. Кокус токтотпой көрсүнчү! “Карыган макоонун төбөсүн түшүрө коем!" -деди ичинен ызырынып. Башка учурда устун сүйрөгөн атты мынтип тик ылдый жетелебес эле. Азыр аны ачуу жетеледи. “Кокуй, Кайда? Токто!” -деп Момун кыйкыргыча устун чынжырын толгой оонап кетти да, караңгы жапырып тоголоду. Кургай элек оор карагайды токтотуш кыйын болуп калган. Момун далбасалап баканын сайганда колунан ыргыта кагып кетти. Кармана албай ат кулады, кулап баратып Орозкулду көмөлөтө койду да, карагайды сүйрөлүп, көчүгүнөн сүрдүктү. Орозкул жумалактанып, караган түбун апчый албай колун тыттырып, далбасалап жатып калды. Мына ушул учурда кандайдыр айры мүйуз жаныбарлар бадалдан үрктү. Чың моюндарын кейкейте бир кылчая карап алып, так-так бийик секирген бойдон калың кайыңды аралап кетти.


Ак -Кеме повестинен үзүндү, Чыңгыз Айтматов

  • Чыңгыз Айтматовдун, "Ак-кеме" повестинен үзүндү

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Мал киши

Мал киши

Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине, ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп... дилин жат кылып алышкан окшобойбу.

"Уча" кантип тирилди

"Уча" кантип тирилди

Генералдарды бир жылы офицерлер мейман кылып калышыптыр Бишкекте. Жылкы союшуп катуу тосушуптур. Жылкынын этин бышырганы бир жаш майорго тапшырышыптыр. Бардыгы мас, тантана катуу болуптур. Ошол убакта Баткен окуясынан кийин эле убак экен. Офицерлердин досу бир подполковник аты Учкун, экен, аны кыскартып «Уча» деп чакырышчу. «Уча» Баткенге командировкада болгон убакка туш болуптур бул окуя. Жанагы жылкынын этине жоопкерчиликтүү майор кашайып, ичимдиктен акырын ичип атып оттун жанында уйкуга тартылып кетиптир. Бир убакта бир генерал «этти тарткыла, кеч болуп кетти, биринчи «учаны» алып келгиле» деп буйуруптур.

Кыямат романы (үзүндү)

Кыямат романы (үзүндү)

Акбаранын адам турактаган жерге мынчалык чукул кирип келгенинин жөнү бар болчу: өткөн түндөн бери кашардын ичи тынчыды да калды, кишилердин да, иттердин да үнү угулбайт. Көкүрөгүндө бала дегенде өчпөгөн үмүтү бар, күйүтү жанына тынчтык бербеген эне-бөрү ээн калган кашарлардын ичин бүт абайлап карап чыкты, бөлтүрүктөрү эч жерде жок, бир болсо ушерде болбосун дегендей чабандардын там-ташы, сарайлары турган жерге акырындап жакындады. Эми баланын маңдайында турат.

«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»

«КУДУКТАН ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАН ЧЫНДЫК»

Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен.
Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен.
Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип калыптыр да колун сууга салып көрсө жагымдуу экени анык экен. Алар чогуу чөмүнүшүп жатышканда

Сунушталган товар

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы (8-томдон турган китептер)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы,8-томдон турган китептерге автордун баардык чыгармалары топтол..

2 500Сом

Балалык

Балалык

Бул китептеги окуяларды залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өз оозунан, 1996 жылы немис жазуучусу Фрид..

300Сом

Улуу рухтун одасы

Улуу рухтун одасы

Улуу рухтун одасы, Чыңгыз Айтматов  менен Дайсаку Икеда.  Которгон: А. Мусаев Залкар жа..

400Сом

Теги: Чыңгыз Айтматов, Ак-кеме, Орозкул, повести