Бул китептеги окуяларды залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өз оозунан, 1996 жылы немис жазуучусу Фридирх Хитцер Германиянын Локум шаарында үн көчүргүчкө (диктофонго) жаздырып алган.
...
Көч кербени алдын ала жакшы ойлонулган атайын эрежелерге сөзсүз баш ийчү. Көчтөгү ар бир адамга байымдуу көлүк жетип, ашуулардан аман өтүүнүн амал-аргасы изделип, кыйын-кысталыш кырдаал боло калса, алды алынып, кыскасы, көч камы кылдат жана аяр уюштурулуп, ар бир учурга адамдар да, унаалар да камдуу турууга тийиш эле.
Анан жаңы көч келген конуш ошол жайда мурда башкалар конуп кетпеген жер болуусу шарт. Күн жылымык тарткан май айынын акыры келмейин чоң ашуулардан өтүп болбойт. Андыктан, жайлоого жол жайкысын гана ачылат. Бир метрден ашкан кар, муз менен чулганган тoo сегиз ай бою кыш каарын кармап, ушул калыбынан жазбайт. Сентябрдын аягы жана октябрдын башы келгенде кайрадан суук түшүп, эми дагы жайлоодо калууга мүмкүн эмес болот. Жада калса жырткычтар да бул мезгилде ошол ырааккы тоолорго даап бара алышпай калат. Деңиз деңгээлинен үч-төрт миң метр бийикте жайгашкан бул жердин климаты өзгөчө катаал. Каарданып келгенде мөңгүлөр жана кар борошолоруна туруштук берүүгө, каршы чыгууга адамдардын кара күчү да, тунук акыл-амалы да жардам эте албай калат. Ушундан улам болсо керек, жай айларында бир аз болсо да ырахаттанып, сергип алуу үчүн жайлоо адамды өзүнө тартып тура берет. Ошон үчүн да адамдар өтө ылдам карылык алып келчү өмүр-тагдырынын шаан-шөкөт, таң-тамаша менен бир ирмемде байкалып-байкалбай өткөргөн жаштык кезин бир жыл ичиндеги тез эле тамам болчу ушул жайлоо убактысы менен салыштырып алышкан. Жайлоо бул – бейиштин төрүндөй ажайып чөлкөм. Бийик тоолордогу көкмөк шиберлер, түркүн түстүү гүлдөрдүн кооздугу бул эми өзүнчө бир кайталангыс керемет көрүнүштөр. Түбөлүк жаткан мөңгүлөр тараптан жортуп келген салкын, таза аба... Таштан-ташка урунуп шаркырап аккан мөлтүр кашка тоо суусу... Ар кыл айбанаттар менен куштардын керемет үнү, очокко жага турган отунуңдун ушунчалык көптүгү... Булардын эми кайсыл бирин айта аласың... Кыскасы, жайлоо деген адамга жашоосунда не бир эстен кеткис, айтып түгөткүс эң сонун күндөрдү тартуулайт.
Ооба, кыргыздар жайында улуу тоолорго боз үйлөрүн тигишет. Күз келээри менен журттарын таштап, кайрадан кыштоого көчүшөт. Албетте, ашуу жабылып кала электе жакага үлгүрүү ылаазым. Кокус кыш эрте түшүп калса, кар жаап, жайлоодогулар кар көчкү алдында калып калуу коркунучуна кабылат. Мындай кар көчкүлөр адамдарды гана эмес, үйүр-үйүр карышкырларды да карап отурбайт, басып калат да, алардын баары кар көчкү алдында өмүрүн тамам кылат. Андыктан да, жайлоодогу шарылдап аккан дарыянын суусунун четиндеги муз каймактаганда дароо көчүп кетүү шарт.
Бир ирет мен да чоң энем менен көчкө кошулдум. Айымкан чоң энем мени бир тайга мингизип койгон. Мен эч качан ошол тайды эсимен чыгара албайм. Беш- алты жашар кичине баланын өзү жалгыз атка минип жүргөнү кызыктуу да?.. Ооп калбасын деген го, ээринин эки жагына жыгачтан таянгыч коюшкан экен. Чоң кишилер отурган ээрлерге салыштырып караганда, балдар үчүн атайын жасалган мындай ээрлер айрымач деп аталып, шаардык балдардын отургучтарына окшошуп кетет. Менин өзүмө ыйгарылган атайын атым, анан ээрим бар үчүн аябай сыймыктанып, териме батпай, толуп-ташып барам. Көч менен кошо атымды алкынтып, оюн салдырып дегдеңдеп жөнөйм. Ырысымбы, айтор мен минген тайым аябай эле жоош болучу. Чоң энем менен туугандарыбыздын жанында көч коштоп ат бастырар элем. Үйүр жылкылар менен короо-короо койлорду айдачубуз. Төө үстүндөгү жүк ары-бери чайпалып, биз сонуркаткан керемет жайлоого жөнөчүбүз.
Бирок, жайлоого эки гана айга барып, кайра келе турган ушул көч кандай гана азап-тозок менен анан даяр болчу?! Барган, келген жолдо миң түркүн кыйынчылыктар кездешип турар эле. Анысы аз келгенсип, туруп- туруп эле борошо уруп, кар жаап ийчү. Андайда жүгү менен төө кулап, же тoo урап, анын астында малдарыбыз калып калчу. Бала-чакасы, катын-калачы, эмерек-мүлкү менен айрым үй-бүлөлөрдү көчкү баскан күндөрдү да көрдүк. Жайлоого көчүү алдынан ар кандай руханий даярдыктар, ырым-жырымдар жасалчу.
Ашууга бир күн калганда көч бир жерге чогулуп өргүү алат. Бул түн «шыкама түнү» деп аталат. Биздин кербен да бир күнү ошондой «шыкамага» чогулду. Кичирээк боз үйлөр тигилип, анын айланасында адамдар жылынууга от жагышты. Муз, кар басып жаткан көркөм да, сүрдүү да тоолор учу-кыйырсыз узарып кете берет. Бул учурда адамга бир гана ой келет, эртең ашууну кантип ашып алар экенбиз деген. Үйүр-үйүр мал да ушул гана ойдун жетегинде болгондой, түндү коштоп, тынч жуушап жата берет. Адатта, мындай күндөрү малга бирөөлөр көз салып турбаса, от кууган немелер туш келди жайылып, тарап кетет. Ал эми айлана-чети жалаң аска- тоо менен курчалган чаптуу жерде мал да апкаарып, абайлап, бири-бирин эш тутуп жыла албай туруп калышат. Карыялар болсо, мейли алар байбиче болобу, же аксакал кары болобу, отту тегеректей орун алып, ар түркүн ырларды ырдашат, дуба окушат, жомокторду айтышат.
- Мына, ашууга да келип калдык. Баарыбыз - мал-жан, катын-бала түгөл ушундабыз. Күн нурун көрүү үчүн жайлоого чыгабыз. Ашуудан кийин жашыл шибер, тунук булак бизди күтүп турат. Биз ал жакта жайлагыбыз келет, - дегендей каалоо-тилектерин ортого салат.
Ашуулардын колдоочу жана ээлерине болсо:
- Бизге тоскоол боло көрбөгүлө! Үстүбүзгө жамгыр тытмалап ургулабасын, бороон сокпосун! Жөө туман же асмандан түшкөн булут менен көзүбүздү тосуп салбасын! Биз бул тоолорду, жайлоону жаныбыздан артык көрөбүз! Балдарыбызга бак бере көр! Мал-жан жайлоого сак-саламат, түгөл жетсин! Кайра кайткан жолубузда да бөөдө кырсыктан коруй көр! Баардык кыйынчылыктарды бул жакка таштагыла! Малга көк шиберден оозтийүү насибин буйру! Биз куштардын үнүн угуп, жайлоодогу боз үйдүн түндүгүнөн күндүн нурун тиктегибиз келет! Теңирим, сага шүгүр кылабыз, ушул ашуудан аман-эсен өткөрө көр?! - деп жалынып-жалбарышчу.
Кандай керемет кептер! Кийин да көп ирет эле жайлоого бардым. Бирок, ошондогудай керемет сөздөрдү канча күтсөм да кайрадан кайталап эшите албадым...
Канткен менен баары бир жайлоо деген абалкы ошол таза абасын жоготпоптур. Ооба, эстен кеткис балалыгымдын орчундуу окуялары да ошол жайлоолордо болуп өттү.
Бир ирет тишим аябай катуу ооруду. Биз жайлоодо элек. Баарыбыздын боз үйлөрүбүз тигилген. Ар журтта жыйырма-отуздан боз үй турат. Адатта жайлоого боз үйлөрдү тиккенде уруу-уруу, урук-урук болуп, кошуналашып, журтка конушчу.
Ошентип тишим ушунчалык чыдатпай сыздап кирди. Ар кайсы боз үйгө чуркап, не кыларды билбей, жан айласын издей баштадым. Бир да тууганым же коңшум мага жардам бере алган жок. Жайлоодо тиш доктур деген кайдан болсун?..
Тишим күнү да, түнү да ооруду. Ошентсе да, таң заардан балдар менен ойноп кетип, кечкисин гана тиш оорумду эстеп, кокуйлап көк шиберде жатар элем. Балдар тыным албай жылаңайлак чуркап ойношчу. Чоңдор да буга аябай ыраазы болушчу. Анткени алар балдарынын таза абадан дем алып, эркин ойногонун жан-дилинен каалашчу. Эч ким бизди тыйчу эмес. Көк асман да бизге айнек чыныны көмкөрүп койгондой таасир калтырчу. Айланада таптаза, мөлтүр суу агып, көк шибер кырчоону басат. Ай ушул тишимдин гана ооруганы болбосо...
Анан айласы кеткен мага Айымкан чоң энем ар кыл чөптөрдөн дары жасады. Болбоду. Тишимдин ооруган жерине ысытылган таш басты. Шыпаа табылбады. Колунан келгендин баарын жасап чыкты. Тишимдин зыркыраганы зыркыраган. Акыры чоң энем бир жылкычы тууганыбызды табып алып келүүгө жумшады. Табыптын кайда экенин билбейм, балким бизге коңшу конушта болсо керек. Жылкычы бир ат коштоп, дароо жолго чыкты.
Бүгүнкү күндө мындай иш үчүн машина жиберилет да. Бирок, биздин жайлоолордо атүгүл азыркыга чейин машина жолу жок.
Тишим аябай катуу ооруп баштады. Ыйлап, жер тепкилеп, башка нерселерге көңүл бурууга аракет кылсам да болбой, ооруй берди. Акыры күттүргөн табып да келди. Картаң болгону менен сергек жана тың адам экен. Чоң энем анын караанын алыстан эле көрүп:
- Ана, келе жатат! - деп сүйүндү да, мага карап:
- Кудай колдойт сени! - деди.
Мен болсо ооналактап жаткан жерден ыргып турдум да, боз үйдөн атып чыктым. Жылкычы тууганыбыз коштоп кеткен атка табыпты мингизип бизди көздөй келе жатышыптыр. Табыптын атын алып, тосуп алгандан кийин, ал дароо мага кайрылды:
- Эмнең ооруп жатат?
Мен дароо уңулдап ыйлап, тишимди көргөздүм.
- Ыйлаба, азыр оорубай калат?! - дел, табып мени жооткотту.
Табып мени карап туруп, чоң энеме мындай деди:
- Боз үйдө баладан башка эч ким калбасын. Баланы жуурканга ороп отургузайын?!
Ырас эле айтканын аткарды. Мен жерге отуруп, башымды ылдый салдым. Шамы бар идишти алдыма алып келди. Шам үлбүлдөп күйүп турган эле. Ал анан:
- Оозуңду ачып, шамга така, - деди. Мен айтканды кылдым, ал болсо менин үстүмө жуурканды жаап салды. Караңгыда калдым. Шам гана үлдүрөп жанып турат. Табып жип-шуусу салбыраган, кийимдери да аркыл жаныбарлардын терилеринен тигилген. А ошол терилери да башкача бир айбанаттардыкы эле. Табыптын башына кийгени да бир башка. Жууркандын алдында, шамдын жарыгында оозумду чоң ачып көпкө отурдум. Табып болсо мен түшүнбөгөн тилде ар нерселерди сүйлөнүп, укмуштуу бир үндөрдү чыгарып жатты. Албетте, мен ал кезде табыптын шаман экенин кайдан билейин. Исламды көп жылдар мурун кабыл алсак да, шаманизм элдин арасында дагы да болсо жашап турган эле. Каалоо-тилектерин бийик үнү менен кыйкырып жатты. Балким мага эч ким ишенбейт, бирок тишимдин ооруганы тып басылды. Көп күндөн бери тузга да, ар кыл дарыга да, ысык ташка да айыкпаган тишимдин оорусу сен көр мен көр жок болду. Табып менден:
- Ооруп жатабы? - деп сурады. Мен башымды чайкадым. Ал мага дагы бир аз чыдап ушинтип отуруп турушумду буйруду. Каршы болгон жокмун. Кийин ал төшөктү ачканда алдымда майда таштар жатыптыр.
- Карасаң, мобу кичинекей курттарды! - деди ал мага сүйүнүчтүү. Чын эле мен чачтай ичке кыбыраган майда курттарды көрдүм. Табып ошентип тишимди дарылады. Мен бул окуяны өмүр бою унутпай калдым...
Кийин-кийин көптөгөн жылдар өткөн соң тиш доктурларынан адамдын тишинде ичке курттар болобу деп сураганым эсимде. Алар мага мындай нерсенин болбой турганын кайра-кайра кайталашты. Ал эми ушундай нерсенин менде болгонун бүгүнкүгө чейин түшүнбөй келем. Ошондо шаман мага:
- Кара, аман калдың! Эми тишиң оорубайт! - деген эле.
Ал сыйкырладыбы же мен көргөндөй эле болдубу, негедир түшүнө албадым.
Албетте, тишим айыгары менен мен кайра досторум менен оюн салып кеттим. Табыпка чоң энем белек-бечкек берип, келген аты менен кайра жеткирип коюшту.Бул табышмактуу окуяга башымды оорутуп эмне кылмакчымын? Эң негизгиси тишим эми оорубайт да, туурабы?..
Карышкырлар менен кездешүүм
Балалыгымдын элестеринин араларында карышкырлардын да орду чоң. Агезде менин уккан жомокторум менен айылдаштарымдын башынан өткөн окуяларын тыңдап отурсаң карышкырлар биз менен эле чогуу жашагандай сезиле берчү. Алар дайыма кой короолорго, жалгыз-жарым мал-салга кол салып, биз жашаган жерлерде адамдардын, айрыкча мурдарааккылардын тынчын ала берчү экен.
Карышкырлар тууралуу карыялар канча окуяларды айтып бергени да эсимде калбады. Айтор, карышкырлар менен эки ирет менин да кезиккен жайым бар...
Апам оорукчан киши эле. Тукумдан тукумга өтүп кетер ревматизм деген дарты боло турган. Буту-колунун муундары убакты-убакты шишип кетет да, сыздатып ооруп жүрөр эле. Ошол кеселине карабай, жалгыз бой апам төрт баланы бакчу.
Кировка деген айылдан - райборбордон (азыркы Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айылы), апама бухгалтердик иш табылгандыктан, биз апам менен чогуу ошол жакка көчтүк. Анда иним, бир карындашым, мен - үчөөбүз мектепке каттачубуз. Согуш башталаары менен дагы кулпеттүү оор заман кошо келди. Жан сактоо күндөн күнгө кыйындап, эл кара курсакка кантип бир нерселерди таап, эптеп өлбөй калуунун камын таба албай, эртең эмне жейбиз деген көйгөй менен гана жашап калды. Ошол мезгилдин эң ачуу, эң аялуу темасы да, драмасы да өлүм эле.
Бир күнү апамды райборбордон башка бир колхозго бухгалтер кылып дайындашты. Ошентип бизге Кировкадан болжол менен жыйырма чакырымдай алыс жерге - Жийдеге көчүүгө туура келди.
Жийде Шекерден да бир кыйла алыс, Жамбылга жакын. Биз эми Шекерге Кировкадагыдан дагы эки эсе алыстадык.
Ал кездеги жагдай боюнча башкалардай эле апам да эмгек акысына картөшкө жана дан алчу. Ошол алган эмгек акысынын жарыбаган аз экенине карабай, эптеп үлөштүрүп, бир үй-бүлөнү бакчу. Төрт баладан тышкары эжеси Гүлша aпa да апамдын мойнунда эле. Бул эже- сиңдинин тагдырлары окшош болчу. Гүлша апам да оорукчан, анын күйөөсү да өкмөттүк кызмат өтөп жүрүп, 37-жылдагы репрессиянын курмандыгына айланган.
Гүлша aпa көпкө чейин күйөөсүн тирүүдүр деп, бир жактан келип калаар деп күтүп жүрдү. Үмүт да. Бирок, күйөөсү кайтпады. Жалгыз уулу Афсандияр Жанышев менден бир канча жаш улуу эле. Согуш башталары менен ал да фронтко кетти. Кийин кайра кайтып келгенде биз менен чогуу жашады.
Гүлша апам абдан акылдуу, кеменгер аял эле. Үй- тиричилигине кол кабыш этип, бизди тарбиялоодо да апама көп көмөк берди. Бүлөбүздө көп жан болгондон го, кардыбыз ашка кенен жетчү эмес. Шекердеги туугандарыбыз бизге каралашып калчу. Бир жолу ун тарттырып алууга беш пуд (бир пуд -16,38 кг.) жүгөрү жана буудай топтошуптур. Буларды алып кетүүгө апам колхоз башкармасынан эки ат тарткан араба сурап алды.
Дан салуу үчүн бош каптарды арабага таштап апам экөөбүз жолго чыктык. Таластагы чоң ашуудан өтүүгө шашылып кетип бара жаттык. Ал жактан батышка карай, Шекерге бармакпыз. Кийин салыкчы, анан бейтааныш таң калыштуу адамга жолукчу жол менен кетип бара жатканбыз. (Бул тууралуу башка бөлүмдөрдө айтылат).
Ооба, ушул жол болчу.
Таң азандан Жийдеден жолго аттандык. Кировкага жеткенибизде күн шашке болуп калган. Аттарга жем берип, азга аярлап, эс алдык да, анан кайра жолго түштүк.
Бир убакта иңир кирип бара жаткан. Как эткен карга жок ээн талаа менен кетип бара жатканбыз. Арабаны мен айдап бараткам. Апам аркамда отурган. Бир маалда жолго жакын жерден жалгыз, боз итти көрдүм. Анын кулактары типтик келип, түз эле биздин арабаны көздөй жүгүрүп келе жатыптыр.
- Aпa, aпa карачы! Карасан, бизди бир ит ээрчип алды, - дедим апама.
Апам да бурулуп, итти абайлай бир топко карап турду да:
- Бул итке окшобойт го, - деди шектүү.
- Ит эмей эмне?
- Карышкыр турбайбы, балам!
Бул сөздү угуп, тиги ээрчиген нерсени карап туруп мен коркуп да койгон жокмун, кайра таң, калып:
- Таң каларлык, бу карышкыр бу жерде бизди неге күтүп турду экен? - дедим.
Биз анын жанынан ылдам өтүп кеттик. Ал көрүнбөй калды.
Бир аздан кийин, беш-алты чакырымдай жол жүрүп, кайра ошол карышкырга жолуктук. Жолдун мурда биз көргөн тарабында турган экен.
Аттар карышкырдын жытын алып, тыбырчылай, башкача ыргакка түшүп, басыгын ылдамдатышты. Бирок, аздан соң алар күүсүнөн тайып, чарчап калышты. Ошо кезде жанагы карышкыр күтүлбөгөндөй тез кыймыл кылып, бирде жолдун ары жагынан, бирде бери жагынан көрүнө калып, кайра жок болуп, көздөн далда өтүп жатты. Бизди ушунча ыраак жол коштоп келгенге бир чети таң калсам, бир чети ишене албай турдум.
Апам болсо коркуп алган, денесин калтырак басып, ыйлап да жатты:
- Эми эмне болобуз? Бөрүлөр ылыгып1 үйүрү менен жүрчү эле. Үйүрү менен болсо адамдарга кол салат дешчү. Эми не кылабыз?
Негедир мага коркуу сезими келбеди. Болгон ой бул карышкыр үйүрүнөн ажырап калгандыр дегенге чырмалышып тура берди. Ошогобу, коркподум.
Түн ичинде Шекерге жеттик. Бизди тосуп алган туугандарыбызга карышкыр тууралуу айтып бердик. Алар да таң калып, биздин баянды кызыгып угушту.
Данды тегирменге тарттырып, аттар эс алсын деп, бир күн Шекерде калдык. Кайра кайтканда эки киши бизди Кировкага чейин жеткирип койду.
'ылыгып- кутуруп.
Бул ирет мен карышкыр менен алгач жолуккам.
Экинчиси болсо башкачараак, коркунучтуураак жагдайда болгон.
Анда сөз ошол жөнүндө.
Согуш жылдары колхозго белгилүү өлчөмдө өндүрүш планын коюп, анын аткарылуусу жогортон катуу көзөмөлгө алынчу. Планга ылайык дан эгиндери, эт, картошке, жүгөрү, кант кызылчасынын түшүмүн убагында терип-жыйнап тапшыруу керек эле. Бирөөгө карыздан беш бетер колхозчулар жан алы калбай, күн-түндү билбей иштешчү.
Ошондо корккон кыргыз колхозчулары кааласа-каалабаса да чочко асыроого аргасыз макул болбодубу. Бул жумуш бир чети жийиркеничтүү, балит иш, анын үстүнө жергиликтүү элге бул оңтойсуз оокат болгон. Кала берсе мусулманчылык эрежелери да чочко багууну, анын этин жегенди макүрү көрүп, арам эсептөөчү. Албетте, жергиликтүү башкаруучулар ушундай жагдайдан кутулуунун жолун издешти. Анан алар өкмөттүн койгон планын аткаруу менен бирге жергиликтүү элдин диний ишенимдерине да шек келтирбөө үчүн чочко багууну таластык орустарга тапшырышкан.
Ошентип согуш жылдарында бу чөлкөмдө чочкону орустар бакчу. Чочко баккан орус үй-бүлөлөрү биз жашап аткан Жийдеде да болор эле. Алар тегирмен иштетүү менен бирге чочко да асырашчу. Көрсө булар Орусиядан атайын демобилизацияланып келген эки үй-бүлө экен. Чочколорун болсо тегирменден чыккан кебек менен багышчу.
Эттенген ургаачы чочколорду этке тапшыруу мезгили да келип калды. Ал учурда чочколорду Грозный деген айылга алып барып этке төкчү. Темир жол станциясына жакын болгондуктанбы, биз чочколорду ошол Грозныйга алып баруу милдетин мойнубузга алдык. А Грозный болсо Шекерге жакын жайгашкан. Башкарма менин шекердик экенимди билгенденби, айтор, чочколорду жеткирүүнү мага жүктөдү.
- Кош ат чегилген араба ал. Чочколорду ага салып, жеткирип бер!? - деди башкарма мага.
Мен болсо Грозныйга кеткен жолду беш колумдай жатка билем, ошон үчүн кыйылбай, дароо макул болдум. Бир аттууну жана бир жандоочуну - эки кишини кошуп да беришти. Мен документтерге жооптуу элем. Апам керектүү кагаздарды башкарманын атынан толтуруп, кийин ага кол койдурду. Аларды Грозныйга жеткиришим керек.
Жолго күндүз чыктык. Чочколорду арабага салып жатканда чыңырып да, коркурап да кызыкты башташты. Алардын буттарын тушап, арабага жүктөп, үстүн саман менен жаап коюшту. Аттар чочконун бакырганын угуп үркүп, сасык жытын искеп алып, тынчы кетип жатты.
Масилеттешип отуруп баарыбыз кичи ашуу менен эле баралы деген чечимге келдик. Бизде эки ашуу бар. Бири - Жамбыл менен Талас аймагынын ортосундагы чоң ашуу. Бул ашуу аркылуу Шекер, Грозный, Арчалуу жана Көксайга барчубуз. Чоң ашуунун жолу кичи ашуудан узагыраак.
Бул эки жол менен Талас аймагы бүгүнкүгө чейин сырткы дүйнө менен байланышып турат. Мурда көбүнэсе ашуу аркылуу жүрчүбүз. Кичи ашууну элдин көбү билчү эмес. Кичи ашуунун жолу начар болгону менен кыска келип, тезирээк жетесиң. Андыктан, менден улуу эки адам тең чочколордон эртерээк кутулуу үчүн кичи ашууга түшүүнү эп көрүштү. Бул жол аркылуу мен мурда-кийин өткөн эмесмин.
Азыр да кичи ашуудагы асфальтталган жолдон машина менен өтүп бара жатып ошондогу чочко тапшырганы бара жатканымды ойлой берем.
Кичи ашууга чейин талаа. Биз ашууга кечинде гана жеттик. Жол тар, тоону аралап өткөндүктөн аябай эле кыйналдык. Жолдун бир тарабында ичке дарыя акчу. Ошол дарыянын жээгинде жел тегирмен бар эле. Тегирмени жана дан сактоочу кампасы бар кичине үй али да көз алдымда.
Кеч кирип кеткен. Тегирменге жеткенде үйдүн терезелеринен жарык күйүп турган. Кыштын күнү болгондуктан, аябай үшүгөнбүз. Улуулар:
- Тегирменчиникине конуп алалы да, эртең эрте туруп, жолубузду уланталы, - дешти.
Мен макул көрүп, ичимден кудуңдап жаттым. Аябай үшүгөм, жолдун жарымысына эми келгенбиз. Бирок, үйгө жакын келгенибизде жарык өчүп калды. Улуулар кичүүсүң деп мени тегирменчинин үйүнө жумшашты:
- Бар, барып каалгасын как, бир конуп кетели деп айт! - дешти.
Арабадан түшүп, жанагы жапыз жана жалгыз тамга барып, жыгач каалгасын коомай кактым. Үн-сөз жок. Суунун шары жакындан угулуп жаткан. Балким буудай тартылып менин такылдатканым эшитилбей жатат го деп ойлодум. Эми эшик-терезени катуу эле койгулап кирдим.
Оо бир кыйлада ичкертеден:
- Ким бул? - деген эркектин үнү чыкты. Ага коштой аялдын өктөм үнү:
- Эмне керек сага!? - деди.
- Биз жолоочубуз. Силерден башка каякка барабыз? Бизди бир кондургула, эртең таң атпай кетебиз? - дедим жалынычтуу.
- Силер кимсиңер?
Мен Жийдеден Грозныйга баратканыбызды айтып бердим. Ичкеридегилер үндөбөй калды. Жарык кайра күйгөнгө чейин чай кайнам убакыт өтүп, анан соң эшик кыйчылдап ачылды. Баарыбыз үйгө кирдик. Үйдөгүлөр ойгоо эле экен. Биз кирген бөлмөдө эки жигит отурат. Тегирменчи арпа менен буудайдан жасалган бозого жоро уюштуруп жаткан тура. Кышкысын эркектер жоро бозо дешип, чогулуп алышып бозо ичишчү. Ичкериге бир бала менен эки улгайыңкы адамдан башка эч кимдин кирбегенин көрүп, алар бизден кооптонбой калды. Экөө тең мага:
- Мага эми жакшылап айтчы, ай бала! Каяктан келе жатасынар, кайсы жакка баратасыңар? - деп кайрылды.
Менин жообум даяр да баардыгын төкпөй-чачпай, майда-чүйдөсүнө чейин айтып түшүндүрдүм. Бир гана чочко тапшырууга бара жатканыбызды угуп, жийиркене түшүштү.
- Эмне? Доңузду арабада ташыгандан уялбайсыңарбы? - деп, эми ооздоруна келген жаман сөздөрдү айтып, тилдей башташты. Мени менен жүргөн улгайып калган адамдар жан далбастап актанып кирди:
- Ой, биз эле кантип чочко ташып калалы?! Башкарма бар десе анан кантип барбай коёбуз? - дешти.
Алар болсо эпке келгендей, бирок демитип:
- Жакшы болуптур эми! Бозодон жутуп алгыла!? Бул жакка келгениңерди, бизди буерде көргөнүңөрдү оозуңардан чыгарбагыла? Эгер бирөөгө бул үйдөн биз менен бозо ичкениңерди айтсаңар жаман болуп каласыңар! Түшүндүңөрбү!?. - деп кекетип кирди.
Булардын ким экенин ойлоп мен шектене баштадым. Демек, тоо-тоолорго жашынып жүргөн бозгун-дезертирлер экен да. Кечкисин жылынып алууга жана бозо ичкени тегирменге келишсе керек. Биз алардын үстүнөн чыгыппыз. Мен өзүмдү жаман сезе баштадым. Бозо ичкилери келгени менен тиги мени менен кирген экөөнүн да үрөйү учту. Үй ээси менен аялы бизге эки, үч кесе бозону дем алдырбай удаа-удаа сунуп, батыраак кетип калуубузду өтүндү.
Ошентип тегирменчиникине конок болбой, көзгө сайса көрүнгүс караңгыны тепчип ал жерден узап кеттик. Эшик мурдагыдан беш бетер суук, мурдагыдан да караңгы. Бирок, биздин дене-бойубузга жанагы ичип алган бозонун кээри тарап, беденибизди жылуулугу менен жибитип жатты.
Кичи ашуудан эптеп өттүк. Андан кийин ээн талаа созулуп жатат.
Берки экөө дале бул жолдорду мендей эле билсе керек. Мен жолдун нугун билчүмүн. Аны тапсак Грозныйга бат эле жетебиз. Жолдон бурулуп, Грозныйга багытталчу нукка түштүк. Бактыга жараша ай жарык. Бир маалда жон тараптан шыбырттаган добуш чыга баштады. Аздан соү бир топ карышкырлар бизге жете келди. Аттар кишинеп, тыбырчылап, үркүп, бизди ала качып жөнөдү. Арабадагы чочколор болсо кекиртеги айрыла тургандай катуу чыңыра баштады. Кан искеген кашабалар кууп келе жатканын аттар эмнеден билип, кантип сезип алганын түшүнө албадым. Айтор, адамдын айласын кетирип, айлананы жаңырта ачуу кишенеп, жан үрөп таскакташты. Чочколордун чыңырыгына карышкырлар улам-улам жакындап келатты...
Бул учурда карышкырлар арабага жакын эле келип, биз менен жанашып, бир багытка жанталашып, араба менен кошо чуркап баратты. Корккон аттар ого бетер жан аябай арыш керет. Адамдар болгон үнү менен аттарга сүрөөн болуп кыйкырып, ооздукту тарта албай, тизгинди араң кармап баратабыз. Менде болсо араба аңтарылып кетпегей эле деп, жан жок. Бир убакта колума урунган таякты алдым да, күчүмдү макулук чочколордон чыгарып, бар күчүм менен аларды туш келди сабап кирдим. Алардын болсо урган сайын кыйкырыгы күчөп, айлананы ого бетер чыңырыгына каптатат.
Бөрүлөр менен жарыш, өлүм-өмүр ортосундагы айкаш көпкө созулду. Таң сүрүлүп келе жаткан. Кудай бизге ырайым кылдыбы, же биздин ичер суубуз түгөнө элекпи, же дагы бир себеби болдубу, айтор, билбейм, карышкырлар бизге кол салууга дааган жок. Алар улам-улам бизден кала берип, кала берип, акыры караандарын үздү. Эки араба, адамдары менен аман калдык...
Таңдын үрүл-бүрүлүндө орус айылы Грозныйга да жете келдик. Көчөдөн өтүп бара жатканда кубанычыбызды бөлүштүрөр, өрөпкүүбүздү басар бир да жан жок эле. Чоң салгылаштан жеңиш менен кайткандай биздин кубанычыбызды айтпа. Аттар арабаларды араң сүйрөп баратты. Жанагы жинге тийген доңуздар да унчукпай калышты...
Мен: «Баарыдан мурда ушул чочколордон кутулуу керек. Туугандардан бирди-жарымы көрүп калса, мени чочко багып жүрөт деп бүт Шекерге шерменде кылып жайып ийбесин» - деп өзүмчө санаага батып бараттым.
Ошентип чочколорду Грозныйга өткөрдүк да, мени менен келген берки эки адам арабалар менен кайра Жийдеге кетти.
Мен болсо туу казыгым Шекериме жөө эле бет алдым....
Балалык,Чыңгыз Айтматов
- Автор: Чыңгыз Айтматов
- Жанры: Эскерүү
- Жылы: 2014
- Барагы: 224
- ISBN: 978-9967-16-360-1
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
300Сом
Сунушталган китептер
Теги: Балалык, Чыңгыз Айтматовдун балалыгы, китеп, өмүр баяны, 90 жыл, Шекер, аудио китеп, сүрөт, фото, кыргызча китеп