"Жамийла" повести, бул китепте кыргыз жана орус тилинде берилген
үзүндү
" *Бригадир Орозмат айткандай ал күнү мен чачымды алдыртып кетейин деп, атам устаканадан кайтканча, Садык акемдин катына жооп жаздым.Кат жазуунун бизде өзүнчө салты боло турган. Аскердеги аталар катты атамдын наамына жиберчү, почточу аны апамдын колуна тапшырат. Келген каттарды окуп бериш жана жооп жазыш - ал менин милдетим. Катты окуй электе эле анда эмне жазылганын мен күн мурун эле биле турганмын, анткени алардын баары эгиз козудай бирине бири окшош болучу. Садык акем кат жазганда адегенде: "Амандык кат" - деп туруп, анан: "Андагы Таластын атыр жыттуу, салкын абасында жашаган, жандан артык көрүүчү атам Жолчубай" , - деп, атамдан баштап, анан апамды, анан Иштерман энемди айтып, ушинтип баарыбызды бир-бирден өз кезеги менен атап, эң акырында: "Жана да аялым Жамийла аман эсен турабы" - деп, Жамийланы бир ооз сурап өтөт. Ата-эне, туугандар турганда аялын биринчи эскерип, катты анын наамына жазыш - жалаң эле Садык үчүн эмес, эркекмин дегендердин баарына эрөөн болобу бирок биз ушундай эле катка көптөн-көп ыраазыбыз, айыл элинин түшүнүгүндө бул өзү салттагы иш. Катты бир эмес эки-үч жолу окутуп алгандан кийин, апам аны казан-аяктын ысык-суугуна туурулган колуна алып, кагазды учуруп жиберчүдөй абайлап кармап, үч бурчтук кылып кайра бүктөйт. - А-а, тумардай болгон катыңардан айланайын! - деп коёт ал, көзүнө жаш ала үшкүрүп. - Ата-эне, туугандар дейт тура? Бизди коюп өзүңөрдү эле кудай сактаса болгону, биз эмне... Үйдө эмеспизби... Мен аманмын деп бир ооз эле чийип койсоңор, ошо да бизге чоң канимет... Анан ал дагы катты бир азга телмире тиктеп, сандыктагы кат сактоочу тулубуна салып коёт.Эгерде ошол учурда Жамийла да үйдө болуп калса, ал дагы катты бир сыйра ичтен окуйт. Ар убакытта кат колуна тиери менен Жамийланын бети албыра түшүп, ал аны демин токтото албай, шашылып окуй баштайт. Бирок, улам каттын аягына жакындаган сайын, өңүндөгү оту соолуп, ийилген кашы сустая жыйналат. Кээ бирде аягына чейин да окуп жетпей, Жамийла унчукпастан, катты убактылуу карызга алгандай, сустайган бойдон кайра энесине берет.Кат сактоочу тулупту сандыкка бекитип жатып, келининин бозоро түшкөнүн байкаган апам, аны кайраттандырмакчы болуп жемелеп коёт:- Кабар келгенине сүйүнбөй, кайра шылкыя калат экенсиң да, балам. Же аскерге кеткен жалгыз эле сенин күйөөң бекен? Эл тарткан азапты эл менен кошо тарт... Кудай кошкон жарын ким сагынбасын, сагынсаң да ичиңде болсун, ичиңе сакта...Жамийла унчукпайт. Унчукпаганы менен ошо учурда кежирлүү капалана карап: "Сиз түшүнбөй эле айта бересиз да!" - дегенсийт. Садык акемдин бул жолку каты да Саратов шаарынан келиптир. Ал анда госпиталда жаткан. Куда кааласа, күз ортосуна карай бошоп келермин дептир. Мурун да ушундай кат келип биз сүйүнүп жүргөнбүз. Атам жумуштан келгенде, чачымды тезирээк шыпыртып алдым да үйгө жатпай эле, аттарды бедеге коё берип, күндөгүдөй кырманга барып түнөдүм. Башкармалар малды бедеге жайдырчу эмес, бирок мен, аттарым мыкты болсун деп, көздөн далда алысыраак ойдуңдагы бедеге түндө тушап койчумун. Эч ким аны билчү эмес. Бул жолу арабаны кырманга чыгарып коюп барсам мен ээлеп жүргөн ойдуңда төрт ат тушалып жүрөт. Ачуум келип, бул аттарды тээ алыска айдап салайын дедим. Бирок эки ат жана бригадир айткан Даниярдыкы экенин таанып, эртеңден баштап баарыбыз бир бригад болуп, станцияга кошулуп каттап жүрөбүз деген ой менен тим койдум. Кырмандагы саманга жатайын деп келсем, Данияр дагы ушул жерде экен. Арабанын дөңгөлөктөрүн кечки жарыкта жаңы эле майлап бүтүп, бурамаларын бекемдеп жатыптыр. - Данике, сайдагы аттар сеникиби? - дедим. Ал бурула берип, жай карап койду:- Экөө меники.- А беркилеричи? - Жанагы Жамийла дейби... Сол келиндики. Сенин ал жеңең беле?- Жеңем.- Айтпесе бүгүн түн багып бересиң деп, бригад өзү таштап кетти." Ии, жана аттарды айдап жибербегеним жакшы болгон экен анда", - деп койдум оюмда.Түн кирип, жогортон соккон сыдырым тыйылып, кырман да тынчыды. Мен жаткан саманга Данияр да келип жатты. Бирок, бир аздан кийин ал туруп кетип, нары суу аккан чоң сайдын тик ылдый түшкөн кашатына барып туруп алды. Ал ошол жерде эки колун артына алып, башын саал бир жагына кыйшайта, козголбой тура берди. Артынан карасаң Даниярдын сөлөкөтү айдын күүгүм жумшак жарыгында сомдон чыккандай арбайып, кашатта жалгызсырайт. Мемиреп жуушаган түнкү тынчтыктын уйкусун бөлүп, ушул кезде улам күч алып, бөгөлгөн таштарга башка бир кулакка угулар-угулбас дабыштарды тыңшагансып Данияр козголбойт. "Адатынча дагы суунун боюна барып жатайын деген экен го!" - деп, күлүп койдум мен.Данияр биздин айылга жакында эле пайда болду. Чөп чабык жаңы башталганда, фронттон бир жарадар аскер кайтып келди деген кабарды айылдан чуркап келген бала сүйлөп берди. Бирок, ал аскер ким экенин бала өзү да билбейт. Айылда го белгилүү: бирөө аскерден кайтып келди дегиче болбой, жабыла учурашканы жүгүрүп барат эмеспи. Ал эми бул жолу анын аты-жөнү дайынсыз болуп, чөп чабыктагылар ого бетер чуу түштү.- Чоочун дейт го?- Чоочун болсо бул айылга эмнеге келмек эле?- Баса, ошондой де!Ушинтип, ал ким экен, кимдин баласы экен, биздин баланча болуп жүрбөсүн, биздин түкүнчө болуп жүрбөсүн - деп, чуулдаган чөпчүлөрдүн бир тобу айылга чаап барып да келишти. Көрсө, Данияр түпкүлүгү биздин айылдан экен. Кишилердин айтышына караганда, ал кичинесинде тоголок жетим калып, анан ар кимдин колунда жүрүп, акыры тээ төмөн Чакмактагы казак таякелерине кетип, ошо бойдон артынан изденер, күйөөр жакын тууганы жок, элдин эсинен чыгып, унутулуп калат. Айылдан кеткенден кийинки өмүрү жөнүндө Данияр анча деле чечилип айтып бербептир. Бирок, азыр ойлоп карасам, анын көрбөгөн күнү, тартпаган азабы калбаса керек.Илинер- карманары жок эбелектей баланы, турмуш бир жерден экинчи жерге айдап, сүрүп отуруп, карандай баштын жан сактоосун акмалатып, далай жерди кыдыртат. Данияр бир топко чейин Чакмактын боз даңгыр айланасында кой кайтарып, анан бой жетип, кайнаган чөлдө канал чаап, жаңы пахта совхоздорунда пахта эгип, суу сугарып, акыры Ташкенттин жанынан Ангрен шахталарында иштеп, аскерге кетет.Эмнеси болсо да, элдер анын кайтып келгенин туура таап; "А, бечара, туз-насиби бар экен, акыры өз элин издеп келгенин карачы! - Ушунча жыл сыртта жүрүп өз тилибизди унутпаптыр, - аздап эле казакча чалышы бар" - дешип, өз ара ыраазылыгын айтышты. "Тулпар айланып үйүрүн табат. Тууган жер, эл-журт деген оңойбу. Келгениң арбакка жагар иш: мына германды жеңип, тынчтыкка жетсек, сен дагы эл катары түтүн булатып балалуу-чакалуу болорсуң" - дешкен чалдар, Даниярдын жети атасына чейин сөөк сүрүштүрүп отуруп, анын кай уруудан экенин, айылдагы анча-мынча туугандары ким экенин да таап беришти. Элдер эми аны: " Жаңы тууган Данияр" - дешчү болду.Ортодон көп өтпөй, бир күнү шинелин ийнине арта салып, сол бутунан сылтый баскан узун бойлуу, мойну куркуйган бирөөнү бригадир Орозмат ээрчитип келди. Өзүнчө эле чукчулдуктай бөлүнүп, жорго байталды кыдыңдата бастырган жампыгый Орозматтын жанында тиги узун бойлуу аскер, салмагын соо бутуна салып, кандайдыр демите арыштап, унчукпастан калышпай келе жатты.Биз, чөп чапкыч машине айдаган балдар, Даниярды ошондо биринчи жолу көрдүк. Анда жанагы бүгүлбөгөн бутунун жараты жакшы айыга элек, чалгыга жарабай, ал дагы машина айдашты. Чынын айтайын, биз аны анча жактыра бербедик. Себеби, Данияр киши менен көп сүйлөшчү эмес. Сүйлөшсө да ошол убакытка башка бир, өзүнө гана белгилүү ойлорду ойлогонсуп, кишини тике карап турса да, көңүлү башка жакта экени сезилип турчу. Ал өзүнөн өзү кыялга баткандай, маңыроо сыяктуу. Аны байкаган кишилер: "Байкуш неме согуштан эси ооп калса керек", - деп да жүрүштү. Бирок, Даниярдын ушул мүнөзү, кыймылы тез иштегенине, чапчаң жүрүш-турушуна түк байланышпайт, - сыртынан карап турсаң, аны абдан курч, чечен неме го деп ойлойсуң. Мүмкүн, жетимдиктин запкысын көп тартып, турмуш аны тез иштөөгө, бирок көп сүйлөтпөй, сырын ичке түйүп, сактаганга үйрөттүбү? Балким, ошондой болуш керек.Тартайган, москоол боюна жараша Даниярдын бет түзүлүшү шылынып чап жаак, кабагы дайыма чарчаңкы жыйрылып, көзү бир калыпта салмактуу тиктейт. Анын жүзүн өзгөртүп, кыймылга келген ийкемдүү кашы. Кээде ал бир үн чалгансып, сестээ калганда, канат серпкендей кашы өйдө боло берип, көзү жалжылдап, бир нерсеге сүйүнгөн өңдүү болот. Ал эмнеси экени биз үчүн түшүнүксүз. Бул гана эмес, анын башка да кызыктары бар. Кечке жуук, иңир чалышта аттарды коштоодон чыгарып, казанда кайнаган тамак качан даяр болот деп, отту тегеректеп, баарыбыз күтүп отурабыз. Данияр болсо, жаныбыздагы кароол дөбөгө чыгып барып, караңгы киргенче ошол жерде олтурат. "Эмнеси бар анда, күзөт күзөтөбү?" - деп, биз күлөбүз. Бир күнү кызыгып, мен дагы Даниярдын жанына дөбөгө чыгып отурдум. Анча деле укмуштуу эчтеке жоктой бул жерде. Ырас, дөбөнүн үстүнөн айлана кеңири ачылып, тоо этектеп коюлуп келе жаткан көгүш иңирде, жайкы талаалар деңиз түбүнө чөккөнсүп, барган сайын куйкум көлөкө жамынат. Данияр менин мында келгениме көңүл бурган жок. Сыңар тизесин кучактап, тек өзүнчө кыялданып, жүзү эргиген мейримде отуруптур. Ушул учурда ал мен укпаган, менин кулагыма жетпеген кандайдыр кереметтүү бир нерселерди тыңшап, ошого жан дили менен берилип; кулак салып отурган өңдүү туюлат. Кээде анын кашы бийик серпилип, көзү жайнап, ичинде демиккен бир зор күч бардай, ал чыңала түшүп, сыягы азыр өйдө тура калып, кулачын жая, айланадагы көз көргөндүн баарын кучактап, көкүрөгүнө бекем кысчудай сермелет. Бир карасам жок, жөн эле чарчаган эмедей шалдырап, дем алып отурган сыяктуу. "
Жамийла
- Автор: Чыңгыз Айтматов
- Жанры: повесть
- Жылы: 2018
- Басмакана: Турар
- Барагы: 112
- ISBN: 978-9967-15-774-3
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
200Сом
Сунушталган китептер
Теги: Жамийла, Чынгыз Айтматов, китеп, повести