Уча кантип тирилди, автору Камит Савай

Уча кантип тирилди

"Уча" өлүптүр
Генералдарды бир жылы офицерлер мейман кылып калышыптыр Бишкекте. Жылкы союшуп катуу тосушуптур. Жылкынын этин бышырганы бир жаш майорго тапшырышыптыр. Бардыгы мас, тантана катуу болуптур. Ошол убакта Баткен окуясынан кийин эле убак экен. Офицерлердин досу бир подполковник аты Учкун, экен, аны кыскартып "Уча" деп чакырышчу. "Уча" Баткенге командировкада болгон убакка туш болуптур бул окуя. Жанагы жылкынын этине жоопкерчиликтүү майор кашайып, ичимдиктен акырын ичип атып оттун жанында уйкуга тартылып кетиптир. Бир убакта бир генерал,  " Этти тарткыла, кеч болуп кетти, биринчи "учаны" алып келгиле" деп, буйуруптур. Бир орусча сүйлөгөн чала кыргыз казандын жанына барса, чочуп ойгонгон майор этти чыгарып атып "Энеңди уча өлүптүр" деп кыйкырып, кайгырып атыптыр, уктап калып "уча" жакшы байланбай шылынып калганын карап. Аны уккан тигил чала кыргыз чочуп кетип, ал да мас да, орусчага которуп "Учу убили" деп угузуптур генералдарга. Ошол убакта бүт эле Баткен окуяларын айтып олтурушкан экен, канча аскерлер каза болгонун. "Учу убили" деп бардыгы паника болуп, тополоң чыгып, ар ким ар жакка чалып түнкү саат 3 тө, элдин бардыгын көтөрүшүп солуга түшүшүптүр. Алар анткенче майор коркконунан кошунаныныкына кирип, ал жардам берип, жип менен эзилген "учаны" эптеп сөөккө байлап алып келиптир. "Учаны" эскеришип ичип да жиберишиптир, үй бүлөсүнө кантип айтабыз деп кыжаалат болушуптур. Акыры чала кыргыз кимден укканын такташып, тигил майорду эптеп кошунаныкынан табышкыча, кыйла убакыт өтүптүр. Эң чоң генерал Баткенден рапортторду угуп, акыры "Уча" өлбөгөнүнө ишенип кетип калыптыр сөгүнгөн бойдон, тигил чала кыргызды кыргызча үйрөнбөсөң кетирем деп кыйкырып. "Уча" эмес бүт эт желинбей, эртеси чала кыргыз менен уйкучу майор кечке генералдарга эт жеткиришиптир.

Автору Камит Савай

  • Уча кантип тирилди

Окшош макала

Орозкулдун кыялы

Орозкулдун кыялы

Шаарга барсам кана...Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайң менен, куужатын катының менен жерге кир , алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! О, анда мен азоо айгырдай азынып турбас белем! “Орозкул Балажанович, кирүүгө можина?” -дегизип жалдыратат элем го даалайды. Түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем. Албаска эмне экен? Алиги микрафонун тумшугуна кармап, соруусун чайнап ырдаган сулуу артист келиндердин бирин алып алсам жарашпайт бекен. Андайларга кызматы чоң эркек болсо болду дешет.

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Акылмандын каухар таш

Акылмандын каухар таш

ҮЧ УУЛ

Күндөрдүн биринде карыядан:

- Ээ, аксакал, уулуңуз чоңоюп жатабы? – дептир.

- Кайсы уулду айтасың, менде уул жок, туяк гана бар. Мен силерге үч уул жөнүндө айтып берейин. Бирөө бар атадан арта туулган, бирөө бар атага жете туулган. Бирөө бар атадан кете туулган.

Атандан арта туулган уул  жалгыз эле ата-энесине жарыгы тийбей, Ата Журтунун намысына жараган уул, элдин багына төрөлгөн уул. Атага жете туулган уул —. ата конушун ардактаган уул, ата салтын ыйык туткан уул. Атадан кете туулган уул — жат элдин жорук-жосунун күткөн уул, ата эненин шоруна бүткөн уул, эл намысына көлөкө түшүргөн уул, мындайдан барынан жогу.

ЖАШОО КИМГЕ ЖЕҢИЛ, КИМГЕ ООР?

Мамбеталыга бирөөлөр минткен экен:   

- Айтыңызчы, аксакал, кай бирөөлөр бакытка баруучу жолду таап алып, тез эле манчыркап, тез эле түтөп жатат. Ал эми кай бирөөлөр таз кейпинен ашпай жүрөт.

Бул собол карыянын өзүнө да тиешелүү эле, анткени ал мурдагысынан жүдөөңкү жүрүп калган. Карыя жер карап туруп, үн катат:

- Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийрине чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү  жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.

 

ӨМҮР КАЙ МААЛДА КЫСКАРАТ?

Акылман бул суроого төмөнкүчө жооп кайырган:

- Өмүрдү муунай тургандардын ичинен жойкундуусу булар: бут көтөрө алгыс курсак бар да шагын көтөрө алгыс бутак бар. Булар жарыкчылык менен эртерээк коштошот.

 Эл ишенбес чунак бар да эзелтен тарпка ынак бар, куурай башын сындырбаган тумсак бар. Булар тирүү болуп санда жок да өлүү болуп көрдө жок. Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.

Ак кардагы кара көмүр

Ак кардагы кара көмүр

Ак кардагы кара көмүр

Бир жолу токсондон ашкан кичүү энем жер карап бирдемеге кайгыргансып отуруптур. Мен чекмелей баштаганда ал мындай деди:

- Мен бүгүн таң атпай ыйладым.

- Эмнеге?

- Жөндөн-жөн эле... Алжып калсам керек...

- Балким капа кылышкандыр? Же ооруган жериңди жашырып жатасыңбы?

- Мен боорум ооруп ыйладым.

- Кимге?

- Тармал чач, жылаңайлак кызга. Ал болгону сегиз жашта.

- Кимдин кызы?

- ... Үйдө от жакканга ширеңке жок болчу, анан кыштын аяздуу таңында энеси кызынын колуна калак карматты да, кошунаныкына от алып келгени жиберди. Ал үйдөн жалаң кат көйнөкчөн, жылаңайлак чуркап чыкты. Мына эми кайра чуркап келаткан, бирок ал так эшиктин алдынан тайгаланып кетти да, жыгылып калды. Болгон чоктун баары, күйүүчү кара көз жаштар ак карды тешип кеткенсип, калактан жерге чачылып кетти. Анан кыз, отурган бойдон, күйүттөн өксүп ыйлап жиберди. Жылаңач согончоктору музга жабышып калды. Ал кыз мен элем. Бүгүн таң заардан ойгонуп кетип, ошо кичине кызга боорум ооругандан ыйлап жибердим. Токтоно албай ыйладым. Эгер мүмкүн болсо, эң жылуу кийимдеримди, эң таттуу тамак-ашымды берет элем. Эгер мүмкүн болсо атаганат... Жок, мүмкүн эмес. Өкүрсөң, бакырсаң да мүмкүн эмес... Ошондуктан,эч нерсе кыла албагандан, айлам кетип ыйладым....

 

Сунушталган товар

Бай атам, кедей атам.

Бай атам, кедей атам.

Дүйнө жүзүндө белгилүү бул китепти, эми кыргыз тилинде окуй аласыз. Бай ата баласын эмнеге үйрөтөт, ..

150Сом

Кудай сүйгөн Куйручук

Кудай сүйгөн Куйручук

китептен үзүндү. Куйручуктун өз аялын сынаганы. -Упал, жакшылап ук! -деди ал аялын бүркүт кара..

350Сом

Ойлон Ойгон

Ойлон Ойгон

Кыргыз тилинде жазылган Роберт Кийосакинин китептеринен кем калышпаган, Касымбек Жунусалиевдин ийгил..

150Сом

Купуя сыр

Купуя сыр

Силер колуңарда Улуу сырды кармап турасыңар...... Бул  Сыр кылымдан кылым карытып өтүп келге..

350Сом

Куттуу Билим

Куттуу Билим

Куттуу Билим чыгармасы . Он кылым мурда жазылган бул китебинде Жусуп Баласагын элди акылмандык менен..

500Сом

Теги: Камит Савай, кызыктуу аңгемелер, окуялар, уча, китепкана, китепкана.кг, уча тартуу, тамаша