АПАМА КАНТИП ТУФЛИ АЛЫП БЕРЕМ

АПАМА КАНТИП ТУФЛИ АЛЫП БЕРЕМ?

АПАМА КАНТИП ТУФЛИ АЛЫП БЕРЕМ???

Талапка ылайык мен да окуучулук күндөрдөн бир үзүм жазгым келди.Тагыраагы бүтрүүчүлүк кездерден.
Ошол кездер эсиңиздерде болсо катаал мезгил эле.11 класста окуйм. Кыштан туфличен чыкканбыз. Атам жумушунан башка шаарга которулуп кеткен. Инилерим да атам менен чогуу. Менин окуума байланып апам экөөбүз калганбыз. Алардын айлыгы 10 айлап 1 жылдап да тийбейт.Окууну бүтүп журналистикага тапшырам деген ой тээ түпкүрдө гана болбосо окууга тапшыра турган шарт жок. Классташ кыздар балдар сүйлөшүп калган кезде баары юрист, экономист, врачтыкты сүйлөшөт. Мен унчукпайм. Себеби атам Тоо техникумуна окуйсун досум бар киргизип коем деген. Бай, кедей деген түшүнүк пайда болуп калган кез. Баары эле ошентип атышса а мен үйдө нан жок кантип окуйм демекмин.......
Бир күнү мектептен келсем апам гардеробун чукулап атыптыр. Бир эски туфли алып чыгып ушуну сен төрөлгөндө атаң алып берген болчу, бир жыл кийип кийбей койгом балам.Эми киейин деп кийип алыптыр. Ичим сыйрылып кетти. Кедейлигибизге өкүндүм. Кантип апама туфли алып берем???
Ошол убакта биздин райондо юридикалык олимпиада өткөрүлчү прокурордун демилгеси менен. Эч кандай шанс жок болсо дагы катышып көрүүнү эп көрдүм.1-орунду алганга юрфака өтмөй, 2- орунга 300сом байге. Максатым 2- орунду алсам апама туфли алып берүү. Эсен деген агай бар болчу. Агай мен катышам деп даярданууга өттүм. Улам күндөр жакындап атат. Мектеп программасынан алдыга кеткен болчумун. Мамлекеттик экзамендерден да коркподум. Ойум эле эптеп 2-ни алуу.Бир жума калганда район боюнча ар бир мектептен 2ден гана окуучу катыша алат деген буйрук чыга калбаспы. Биздин мектептен мени тизмеден өчүрүштү.(((.. Ал кезде райондо пионерлер уйу деген уюм болоор эле. Агайым байкуш ошондо да иштечу директорго айтып жүрүп мен ошол уюмдун атынан катышмак болдум.
Башталды...
Кучак толо гул көтөргөн ата энелер, күйөрмандар. Мен жактан эч ким жок. Агайым -Ибрагим өзүң кире бер деп киргизип ийип кетип калды.Тест түрүндө экен. Биринчи жолу 80ден ашык бала отурдук. Бут эле мен билген суроолор экен.Толтурдум да биринчи чыгып кеттим.Сыртка чыгып кутуп турам.убакыт отуп балдар кыздар чыга башташты.Баары эле биричини алам дейт.))..
Жыйынтык кечинде чыкты. Прокурор, Аким,райондук денгээлдеги баардык жетекчилер катышууда.Йе кудай 2-ни бере кор деп отурам..
Бир убакта айтып баштады
1-орун Дом Пионерден катышкан окуучу Балтабаев.......ишенбей көздөрүм чекчейип кетти. Өзүмө келалбай отурсам аким:-Балтабаев ким?-деп суроо салды.
Мен деп туруп бардым,тизелерим калчылдайт.Нач РОВД ишенмексен болуп кайра айтчы деп сурап атат..)))..
1-орун! Менин тагдырымды чечти.Карапайым акчасы жок интеллигенттин баласы 1-орунду алды! Автоматтык түрдө юридика факультетинин студенти болду!..
Оо Кудай!
Ошол күндөр менин адам болуп калыптануума,ак караны ылгап үйрөнүшүмө өтө зор таасирин тийгизди..А апамдын туфлиси дагы 2 жыл кийилди мен жумушка киргенче.....
Аллахка шүгүр!!!

Эски окуялардан..))

Автор

Хороший Босс
Ибрагим Балтабаев.

Окшош макала

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Бул окуя бир топ жыл мурун башталгыч класстын мугалиминин башынан өткөн. Айше эжеке сабагы башталган күнү эле кийим кечеси кир, чачтары уйпаланган балага көзү түштү. Анын аты Билал эле. Ал 5-класста окучу. Айше эжеке балада бир көйгөй бар экенин байкап, анын “өздүк делосун” таап, барактай баштайт. Окуп жатып аябай таң калат. Биринчи класста окуткан мугалими: Билал акылдуу жана шайыр бала. Тапшырмаларын убагында аткарат жана досторунун арасында кадыр баркка ээ деп жазат”

Экинчи класстагы эжекеси: Эң мыкты окуучу, бирок апасынын оорусу аны аябай капалантат. Үй бүлөдөгү жашоосу татаал сыяктанат.

Үчүнчү класста окуткан мугалими: “Апасынын дүйнөдөн кайтышы ал үчүн кыйын учур болду. Атасы ага жетиштүү убакыт бөлө албай жатат. Эгер тез арада кандайдыр бир аракет иш аракет жасалбаса үйдөгү атмосфера балага терс таасирин тийгизиши  толук ыктымал”.

Төртүнчү клаастагы эжекеси: “Билал эч ким менен сүйлөшпөйт жана мектепте сабакка кызыгуусу жок. Достору да жокко эсе. Кээде класста уктап калат”.

"Тоголок" аял

"Тоголок" аял

Анын күйөөсү кайсы бир мамлекеттик мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү, зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза. Бир көйнөктү бир эле күн кийет. Кызматына эрте кетип, кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө жөө жүрө берет. Элдин аялдарындай болуп - Мени жеткир, мени алып кет, мага алып кел, - дебейт. Күйөөсү үй тиричиликте жардам бербегени менен акча тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка кенен жетээрлик берип турат. Анысы жакшы. А “тоголок” аялга ошол эле керек. Акча болсо эле калган тириликтин баарын өзү жайгарат.
Алардын төрт баласы бар. Алды студент, арты мектепте окушат. Үй бүлөнүн бүт түйшүгү толугу менен “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондору менен үнсүз тиктешип, анын бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн сүргүлөп, тунжурап олтура беришет. Энеси жумшай коеюн десе - Сабак даярдап жатам, - деген шылтоолору даяр. Балдарын жалкоолукка үйрөтүп алган да өзү болду. Баланын иши чала болот деп аларга ишенбей, баарын өзү жасай берип, эми алар минтип чоңое түшкөндө оңой менен тил албай калышты.

Үйдүн намысы деген эмне?

Үйдүн намысы деген эмне?

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты: - "уулум, дасторкон даяр, сорпоңду куюп койдум; кел, муздап кала электе ичип ал". Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө отурду. Небереси, чоң энесин көрө калып: - " Чоң эне, келиңиз чогуу ичели"- деди. Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң: "үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка отурулбайт. Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз, Кудай буюрса"- деди. Келини: " Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го! Азыркылар ачка болгондо, дасторконго отура берет, атабыз келгенде жейт да. Кемпир: " кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо , үйлөрдүн да намысы жана адеби болот". Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду: " апеей да чоң апа, үйдүн намысы деген эмне экен? айтып берчи, кана, кызык болуп атат",

Кайын энеге ызаат!

Кайын энеге ызаат!

-Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да -бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы мн жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү . Келгенден бери "кайненем бала карабайт "  деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
- Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.

Сыздаткан сырдуу кат

Сыздаткан сырдуу кат

Бир күнү мага өзгөчө кат келди. Окуп ойго баттым, жашымды тыялбадым. Кат ээсинин өтүнүчү менен иштеп чыгып жарыялоону туура көрдүм.

"Саламатсызбы эжеке, сиз менен сырдашып өзүмдү жеңилдетпесем, батпай турам. Макул десеңиз, айтайын да жеңилдейин".

- Саламатчылык кызым. Макул сырдашалы.

-Сизге түшүнүктүү болуш үчүн башынан жазайын ээ.

-Макул, кызым.

"Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда жайгашкан. Чоң айыл, чоң үй - бүлө дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй- бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон баары менен биз бактылуу элек.

Атлес көйнөк

Атлес көйнөк

– Ой, даат! Пулумду уурдап кетишти! — Ой, наынсаптар, бу эмне кылганыңар! – Кыздын атасы жапайы үн менен бир бакырып алды дейсиз, базарды жарып кетти, аны баары карап калды. Бирок эч ким эч нерсе деген жок. Бул түртүшмө базарда кисаапырлар көп жүрөрүн баары билет. Базар улана берди . Бир гана кыз селейди да калды, анын баятан берки кооз кездемелерге сонуркаган бактылуу жүзүн муңайым чалды. Кантип буту бүгүлүп, чаң жерге отуруп калганын сезген жок. Атасындай бозала болгон кыз бүрүшүп отурган тейде бетин басып, ызадан чыдабай, эчкирип ыйлап жиберди. Мунун баары атлес көйнөктүн айынан болсо да, атасы кызына эч нерсе дебеди. Жөн гана өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган кызынын чачынан сылап, өөдө тургузду:

Сунушталган товар

Ой гүлдөрү

Ой гүлдөрү

Ой гүлдөрү китеби сизди кайдыгер калтырбайт ..

350Сом

Чоочун киши (1-2 китеп)

Чоочун киши (1-2 китеп)

2 китептен турган Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" романы . ..

800Сом

Чыгыш берметтери

Чыгыш берметтери

"Чыгыш берметтери" орусчадан которгон Басылбеков Кубанычбек. Сиз бул китептен чыгыш ойчулдары Абу..

280Сом

Ойлон жана байы

Ойлон жана байы

Ойлон жана байы. Напалеон Хилл. Көксөгөн ийгиликке жетүүдөн мурда канчалаган тоскоолдуктар сени к..

200Сом

Теги: АПАМА КАНТИП ТУФЛИ АЛЫП БЕРЕМ, аңгеме, окуя