Атлес көйнөк
Атлес көйнөк
(аңгеме)
Секелек кызга ата-энеси “быйыл сага өрүктүн пулуна атлес көйнөк сатып беребиз, чоң базарга барып, өзүң тандайсың” дешти. Кыз катуу сүйүнүп кетти. Бирок кыялындагы, түк эсинен кетпеген көйнөкту кийгенге али көп убакыт бар эле. Сыртта болсо кыш. Адегенде жаз келип, өрүктөр гүлдөп, аларды эрте келген баардын суугу уруп кетпей, түшүм мол болушу керек. Анан жай бою булар өрүк кургатышат. Күзүндө гана базарга барып өрүк сатмай. Ошол жылы өрүктөр тегиз гүл ачкан маалда капыс кар жаап, булар түшүмсүз калышты. Кызга эми атлес көйнөк кийүү кийинки жылга жылды.
Кийинки жылы өрүк мол болду. Оюнан атлес көйнөк бир күн да кетпеген кыз жай бою бөтөнчө мээнет кылды. Таң атпай жер жайнаган өрүктөрдү бирден терип, жашиктерди толтурат. Чийге жайылып, кургап жаткандарын бирден оодарып, улам козгоп чыгат, антпесе тез кургабайт. Күндүн ысыгында эңкейип өрүк жайып отурган кыздын башы ооруп, чарчап, бала да, кээде оюнга алаксып кетчү. Бирок шуудураган, кооз атлес көйнөк эсине түшкөндө, оюнун тык токтотуп, өрүккө кайра чуркап келет. Өрүктөр тегиз кургап, көйнөккө барчу күн жакындай берди. Атлестин кандайынан алса экен эми, өзүң тандайсын дешти го. Кыз курбулары кийген түркүн түс атлестерди күн сайын көз алдынан өткөрүп, өзүн кызыл ала атлес көйнөкчөн элестетип, ушунчалык жагымдуу сезимден жанын коёрго жер таппайт. Андайда эки бет албырып, жүрөгү алып учуп, сүйүнгөнүн айт.
Акыры базарга жөнөчү күн да келди. Үйдөн таң азанда чыгышты, базарга дегдеген кыз эртең менен нанүштө да кылбады. Атасы базарга балдарын чанда гана өзү менен ээрчитет. Ал жалгыз барганды жакшы көрөт. Бу кыздын атасы жумасына бир ирет тажиктердин Исфара шаарындагы базарына жарым мүшөктөн көбүрөөк өрүк алып келип, сатып, үйгө эт-аш, чай-чамек, иши кылып бир жумага жетерлик кем-кетигин бүтүрүп кетип жүрөт. Кыздын атасы ушинтип айлап, жылдап өмүрү өткөнчө каттады. Өрүк багы менен бу киши үй-бүлө бала-чакасын өмүр бою бакты. Картайып, улам четинен карасаң болуп кургаган өрүктөрү кышкысын буларга отун эле. Өрүкзарлыктар кышкысын көмүрдү чанда сатып алышат. Алардын өрүк отунунун табы көмүрдөн кем калбайт. Ушуга шүгүр, антпесе колхоздон айлык жок, кээде гана буудай берип койгону болбосо, кайдагы пул. Ошон үчүн өрүк багын көз карегиндей сактап, убагында сугарып, түбүн жумшартып, баладай бапестеп асырап келет.
Чоң канар капка өрүк көтөрүп чыккан атасы менен кызын көргөн автобустагы айылдаштары: «Аа, Имарбайдын кызы бүгүн жаңы көйнөк кийип жасанат экен да», — деп эркелетип коюшту. Өрүк салынган каптын үстүнө тепейип отуруп алып, сүйүнүчтөн маңдайы жарылган кыз ансайын мулуңдайт…
Апта сайын өрүк апкелип саткан кыздын атасын тажик соодагерлер жакшы тааныйт, анын өрүгү да таза, таттуу, өзү да ак көңүл, тырышып, көп соодалашпайт, булар айткан баага бере салат. “Турганда эмне, кудай береке-пайизин берсин» — бул кишинин болгон жашоо эрежеси ушул. Картөшкө жыйнаса да, чөп жыйнаса да ушул сөзүн айта берет. Базарда алардын өрүгүн бат эле сатып алышты. Атасы адатынча өрүктүн пулун алып, аны эсептебей туруп көйнөгүнүн төш чөнтөгүнө салып койду. Анан оор жүктөн бошонгон атасы менен кызы жетелешип шаардагы чүпүрөк базарга келишти.
Мында башына капкара түстөгү жоолугун чүмкөнө жамынып алып, колуна кооз кездемелердин түркүн-түрүн кармап саткан, тили түшүнүксүз аялдардын арасындагы ызы-чууну көрө бересиз. Атасы менен кызы көпчүлүккө кошулуп ушул түртүшмөй базарга кадам таштаар замат соодагер аялдар биринен сала бири жабалактап, алардын айласын кетиришти: «Меникин ал, меники жакшы, бу жуулса оңбойт, бу бырышпайт». Кыздын болсо түрлү-түстөгү жылтыраган атлестерди көрүп көзү жайнайт. Өмүрүндө мындай кооз кездемелерди көргөн эмес эле. Кайсынысын тандаарын билбейт. Бири биринен жакшы. Атасы болсо батыраак ал дейт. Бул кездеме саткан базар ушундай түртүшмөй жер. Соодагер аялдар кокус милицияны көрө калса сатып аткан кездемелерин бир заматта кенен, узун чапанынын койнуна катып, “жылт” коюшат. Милиция кетээр менен жылтур-жултур маталарын улам биринен экинчисин койнунан сууруп көрсөтүп, базар аралагандарды бура бастырбай сатканга аракет кылышат. Кыздын атасы жалаң аялдар чурулдаган бул базарга киргенди жаман көрчү. Заматта тажап кетти. Кызына ачуулана баштады:
— Алам деген атлесиңди албайсыңбы, балам, ары-бери баса бербей! – Атасынын мүнөзүн жакшы билген кыз шашып калды, токтоосуз тандоо керек.
– Муну алам. — Кыз бою пакене аялдын чапанына катылып, билинер билинбес чети чыгып турган, башкалардан кызыл өңү көп атлести көрсөттү. Атасы ошол замат акчасын берүү үчүн төш чөнтөгүнө колун салды. Салды да өңү заматта кубарып кетти:
– Ой, даат! Пулумду уурдап кетишти! — Ой, наынсаптар, бу эмне кылганыңар! – Кыздын атасы жапайы үн менен бир бакырып алды дейсиз, базарды жарып кетти, аны баары карап калды. Бирок эч ким эч нерсе деген жок. Бул түртүшмө базарда кисаапырлар көп жүрөрүн баары билет. Базар улана берди . Бир гана кыз селейди да калды, анын баятан берки кооз кездемелерге сонуркаган бактылуу жүзүн муңайым чалды. Кантип буту бүгүлүп, чаң жерге отуруп калганын сезген жок. Атасындай бозала болгон кыз бүрүшүп отурган тейде бетин басып, ызадан чыдабай, эчкирип ыйлап жиберди. Мунун баары атлес көйнөктүн айынан болсо да, атасы кызына эч нерсе дебеди. Жөн гана өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган кызынын чачынан сылап, өөдө тургузду:
— Эч нерсе эмес кызым, биздин акчаны ким алса ошонун үйү күйсүн, ноомарт! Сен ыйлаба, эмки базарда келип сага атлес көйнөктү сөзсүз алабыз, биздин өрүгүбүз көп да, кудай өрүккө береке берсин! — Ордунан сүйрөлө туруп, атасын ээрчий баскан кыз атлес көйнөк киймек турсун, кездеме саткан тарапты көргүсү келбей калды.
Атасы менен кызы кол кармашып, куру кол, базарлыксыз үйгө кайтышты. Кыз болсо тааныбаган жат элде тамагына тирелген ыйды араң токтотуп келатты. Жолдон базарга келген тааныштардан бирөө жарым чыга калып: «Ии, кандайсың, көйнөк алдыңбы?» деп койсо эле озондон ыйлап жибергенге даяр эле. Автобекетке келип үйгө кетчү автобуска отурганда айылдаштары бу атасы менен кызынын купкуу болуп бозоргон кебетесинен эле буларды базарда кисаапыр тоногонун сезишти. Эч кимиси үн катпады. Суратпай эле булардын жол кире акысын төлөп коюшту.
Кийин атасы кызына ошол эле түртүшмө базардан майрам сайын эчен ирет атлес көйнөктөрдү сатып берди. Бирок бу көйнөктөр баари бир кыздын жүрөгүн элеп-желеп кылып кубанта албады. Атлести көргөндө кызга төш чөнтөгүн сыйпалап, «дат» деп кыйкырган атасынын базардагы купкуу өңү, алайган көзү дайым элестей берет эле.
Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА
24.01.04
Окшош макала
Сунушталган товар
Теги: Атлес көйнөк, базар, аңгеме, уруу Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА