"Финдердей окуталы" китеби. Толук маалымат биздин сайтыбызда

Бул китеп мугалимге, класс жетекчиге, методистке, мектеп директоруна жана ата-энелерге арналат.

Китептин автору Тимоти Уолкер Финландияда жашап иштеп кеткен америкалык мугалим. Ал Финландияга келгенге чейин АКШда мугалим болуп иштегендиктен, эки өлкөнүн билим берүү системасын, мугалимдерин жана окуучуларын салыштырып анализ кылат. Дүйнөнүн кайсы жериндеги мектеп болбосун керектүү практикалык 33 стратегияны сунуштайт.

Финляндия 2001-жылы ЭӨКУнун(OECD) PISA сынагынан биринчи орунду алганда дүйнөнүн көңүлү түндүктүн ушул кенедей өлкөсүнө бурулат. Ага чейин финдер өздөрүнүн билим берүү системасын сындап эле келишкен. Кантип биринчи болуп калдык деп өздөрү да таң калган экен. Бул сынактан кийин көп өлкөдөн педагогдор, чиновниктер, саясатчылыр Финляндига каттай баштайт. Финдер өздөрүнүн бул жетишкендигин 5 фактор менен түшүндүрүшөт. Биринчиси, өлкөнүн баардык аймагындагы мектептер бирдей. Шаардагы же региондордун мектептери бири-биринен айырмаланбайт экен. Экинчиси, мугалим жогорку квалификациясы же магистратура окуган болушу керек. Үчүнчүсү, окуучулардын бакубаты жана ден-соолугуна кам көрүү, мектептерде дарыгердин иштеши мектептин мойнунда. Төртүнчүсү, билим берүү тармагынынын орто звенодогу чиновниктери тажрыйбалуу педагог болушу керек жана эл менен иштеше алуу жөндөмүнүн болушу. Буга чейинки 4 фактор мектептин ичиндеги факторлор эле. Акыркысы мектептен сырткаркы фактор. Ал мындай экен көрсө. Мектепте балким баланы жөндөм-шыгы өнүкпөй калса, сырттагы ар кандай ийримдер(кружоктор) аркылуу спорт, искусство, музыка, сүрөт же маданий музей, театр, клубдарга каттап, алып баруу. Ар бир окуучунун жок дегенде 1 хоббиси болушу керек. Булар албетте окуучунун жетишкендигине(ийгилигине) таасир берет. Эрте курактан өнүгүү иштери жакшыраак алып барылса баланын өзү каалап сүйгөн ишин берилип аткарары белгилүү. Аны улантса келечекте мектептеги билимине карабай нан(акча) табышына өбөлгө.
Китепти АКШлык мугалим Тимоти Уолкер жазган. Ал Финляндиядагы мектепте 2 жыл иштеп, фин билим берүү системасынын артыкчылыктарын(АКШга салыштырып) 33 жөнөкөй стратегия менен ачыктаган. 33 стратегиянын кызык жери, көбү акчасыз эле чечилчү маселелер. Мугалимдер үчүн негизинен. Жөнөкөй 2 стратегиясын айтып кетейин. Окуучулардын жетишкендигин илгерилетүү үчүн сабактар ортосундагы танаписти 15 минута кылуу. Биздегидей 5 минут эмес. Бул убакытта балдар туалетке барганы туалетке барып, калган убакытта оюн ойношот. Экинчи стратегиясы, ошол 15 минутту физикалык оюндар менен толтуруу. Физикалык оюндар ойногон баланын когнитивдик функциясы өрчүйт. Танапистен кийин баланын сабака концентрациясы артат. Калган стратегияларын китептен окуп алсаңыздар болот

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Финдердей окуталы

  • Автор: Тимоти Д.Уолкер
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2019
  • Басмакана: Китепстан
  • Барагы: 224
  • ISBN: 978-9967-483-07-1
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 350Сом


Сунушталган китептер

 Баланын китеп окуусун уюштуруу  технологиялары

Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары

 Баланын китеп окуусун уюштуруу  технологиялары , башталгыч класстардын мугалимдери үчүн м..

200Сом

Фин керемети

Фин керемети

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальбергдин “Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ре..

750Сом

Негизги 20 принцип

Негизги 20 принцип

Америка Психологдор Ассоциациясы тарабынан креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрө..

200Сом

Теги: финдердей окуталы, методика, мектеп, стратегия