"Фин керемети" китеби толук маалымат биздин сайтыбызда kitepkana.kg

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальбергдин “Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?” (англисчеси “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”) аталышындагы китептин кыргызчасы.
Автор бул китепте Финляндия ХХ кылымдын акыркы чейрегинде мугалимдик кесипке эң мыкты жаштарды тартып, өзүнүн мектептеги ортозаар билим берүүсүн балдар тест жаттап беймаза болбогон, кубанычка бөлөнүп окуган дүйнөдөгү эң мыкты деңгээлге кантип жеткиргенин баяндайт. Фин мектебинде окуган ары жеңил, ары кызыктуу, ар бир окуучуга өзүнчө жекече мамиле жасалат, мугалимдер чыгармачылык менен иштегенге умтулат, директор менен жогорку жетекчилер педагогдорду кысымга албай, кайра колдоп, жөлөп-таяп турушат.
Дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer 2013” сыйлыгына татыган бул китептен төмөндөгү суроолорго жооп таба аласыздар.
 Фин мектебиндеги ийгиликтин сыры эмнеде?
 Финляндиялык окуучулар PISA сынагынан кантип мыкты натыйжаларды көрсөтө алышты?
 Билим берүү системасынын натыйжалуу иштөөсүндө өкмөттүн башка тармактардагы саясаты кандай роль ойноду?
 Билим берүүгө аз акча коротуп, кантип натыйжалуу жетишкен?
 Фин мектебиндеги өзгөрүүлөр башка өлкөлөргө канчалык үлгү боло алат?
Эмнеге алдыңкы фин жаштары эң оболу мугалимдик кесипти тандашат?
Фин билим берүү системасынын өнүгүп-өсүшүнө кайсы факторлор таасир берди?
 Финдердин кандай маданий жана башка көрүнбөс өзгөчөлүктөрү бар?
 Финляндиянын ийгиликтүү мектеп реформасында кандай саясий принциптер маанилүү болду?
Теңчиликте билим алуу максатына кантип жетсе болот?
 Окуучуларга тест-сынак тапшыртпай, мугалимдерди текшербей туруп, алардын натыйжалуулугун кантип бааласа болот?
 Финляндиянын мугалим даярдоо саясатынан эмнени үйрөнө алабыз? Күчтүү тараптары кайсы?
 Финляндияда эмнеге стандартташкан тест сынактары жок?
 Экономикалык кризис убагында билим берүү системасын кантип сактап калды?
 Билим берүүнүн экономикага кандай таасири болду?
 Айыл менен шаардагы окуучулардын бирдей натыйжа алуусуна кантип жетишти?
 Балдардын баарын теңчилик шартта окуткан жалпы билим берүү мектеби кантип курулду?
 Мектептер эмне үчүн мамлекеттик каржылоого өттү? Жеке менчик мектептер эмнеге жокко эсе?
 Чет элдик консультанттардын кеңешин финдер кантип пайдаланды?
Билим берүүнү реформалоонун глобалдык кыймылы (GERM) Финляндияны кыйгап өтүп кеткенин кантип түшүнсө болот?
Окуучуларга кесип тандоо тууралуу кеңештер мектепте канча жаштан бериле баштайт?

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Фин керемети

  • Автор: Паси Сальберг
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2019
  • Басмакана: Китепстан
  • Барагы: 272
  • ISBN: 978-9967-9218-2-5
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 750Сом


Сунушталган китептер

Манас , "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 4 китеп)

Манас , "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 4 китеп)

Манас, "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академи..

10 500Сом

Көк асаба

Көк асаба

Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк Асаба" романы тарыхый булактардагы маалыматтарга негизделип, элибиздин ө..

500Сом

Финдердей окуталы

Финдердей окуталы

Бул китеп мугалимге, класс жетекчиге, методистке, мектеп директоруна жана ата-энелерге арналат. К..

350Сом

Семетей-2 (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 2-китеп)

Семетей-2 (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 2-китеп)

 "Семетей" ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академиялык басылма) ..

2 750Сом 3 000Сом

Семетей ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 1-китеп)

Семетей ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча, 1-китеп)

 "Семетей" ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академиялык басылма) ..

2 750Сом 3 000Сом

Сейтек ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча)

Сейтек ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча)

"Сейтек" ( Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 4 китептен турган, академиялык басылма) ..

2 500Сом 3 000Сом

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ Портрет на фоне эпохи

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ Портрет на фоне эпохи

Книга посвящена жизни и деятельности педагога-просветителя Базаркула Даниярова, стоявшего у истоков..

650Сом

Теги: Фин керемети, методика, мектеп, окуу куралы