Акылман адамдын каухар ойлору

Акылмандын каухар таш

Акылмандын каухар таш, Калканбай Ашымбаев атабыздын чыгармалары

Мамбеталынын айткандары

 

ҮЧ УУЛ

Күндөрдүн биринде карыядан:

- Ээ, аксакал, уулуңуз чоңоюп жатабы? – дептир.

- Кайсы уулду айтасың, менде уул жок, туяк гана бар. Мен силерге үч уул жөнүндө айтып берейин. Бирөө бар атадан арта туулган, бирөө бар атага жете туулган. Бирөө бар атадан кете туулган.

Атандан арта туулган уул  жалгыз эле ата-энесине жарыгы тийбей, Ата Журтунун намысына жараган уул, элдин багына төрөлгөн уул. Атага жете туулган уул —. ата конушун ардактаган уул, ата салтын ыйык туткан уул. Атадан кете туулган уул — жат элдин жорук-жосунун күткөн уул, ата эненин шоруна бүткөн уул, эл намысына көлөкө түшүргөн уул, мындайдан барынан жогу.

 

ЖАШОО КИМГЕ ЖЕҢИЛ, КИМГЕ ООР?

Мамбеталыга бирөөлөр минткен экен:   

- Айтыңызчы, аксакал, кай бирөөлөр бакытка баруучу жолду таап алып, тез эле манчыркап, тез эле түтөп жатат. Ал эми кай бирөөлөр таз кейпинен ашпай жүрөт.

Бул собол карыянын өзүнө да тиешелүү эле, анткени ал мурдагысынан жүдөөңкү жүрүп калган. Карыя жер карап туруп, үн катат:

- Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийрине чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү  жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.

 

ӨМҮР КАЙ МААЛДА КЫСКАРАТ?

Акылман бул суроого төмөнкүчө жооп кайырган:

- Өмүрдү муунай тургандардын ичинен жойкундуусу булар: бут көтөрө алгыс курсак бар да шагын көтөрө алгыс бутак бар. Булар жарыкчылык менен эртерээк коштошот.

 Эл ишенбес чунак бар да эзелтен тарпка ынак бар, куурай башын сындырбаган тумсак бар. Булар тирүү болуп санда жок да өлүү болуп көрдө жок. Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.

 

КЫЗ КАНТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ БОЛОТ?

Ашкере жасана кийинип, боек шыбанган аял карыядан муну сурайт:

- Айтыңызчы, кызым канткенде бактылуу болот?

Карыя бир көзүн жумаар-жуммаксан этип, аялдын тула боюна көз токтотуп  алган соң дегени бул:

- Эгер акылы жетик, дили зирек кыз болсо, ага карапайым жүрүп, табыят берген өңдү жерибешин каалар элем. Эгер сырга бек кыз болсо, элге тили менен байкалбай, дили менен, кыял-жоругу,  жаракөрлүгү менен алынсын. Эгер намыска бек кыз болсо, уургачы узанаар өнөрдү бүт үйрөнсүн да кир чалбаган актыгын  кадырын сактасын.

КАРЫДАН ЖАШ СУРАБА

Чачын желкесине чаптырган, жынсы шымдын такымына стоп-сигнал бастырган улан бөкчөңдөп бараткан абышкага чукулдай барып:

- Привет, старик! — деди.

- Келекет дедиңби?

- Салам айттым.

- Саламат жүр, жарыгым.

- Старик, деги канчадасың?

- Сексендемин.

- Оо-уу, ошол  жашыңыздын жетимишин гана мага бергин, — деди ала буурул болул алган бечара.

Мамбеталы башын көтөрө берип, күлүмсүрөп койду:

- Балам, карыдан жаш сурабай, кеп сура, узак жашап тирүүсүндө унутулгандар бар, кыска жашап кылым бою калк жүрөгүндө калгандар бар. Буларды айра албасаң, өмүрүң сая кеткени.

 

«ҮНҮҢДҮ ӨЗГӨРТ,  КЫЗЫМ!»

Мамбеталы кыз-күйөсү тарапка бет алат. Аны өңдаалаттан кеткен жээндери тосуп алат. Бир оокумда жер сууну бузган ачуу чаңырык чыгып, күйөөсүнүн жер-жеберине жеткен ‚ заар тил агытылат. Мамбеталы үйгө кире албай, башын салат:

— Таятам келди…

Ачуусун зорго тыйган кызы кымырылып калат. Ал эми көзүн жашылданткан күйөөсү сыртка чыгып кеткенде карыя кызын кашына кармап туруп, дептир:

— Кызым, үнүң заар, тилиң уу болуп баратыптыр. Ушунчаңда үнүңдү өзгөрт да тилиңди тартып, уусун жогот, жок, минте берсең, тентектериң тирүүлөй жетим калат да терезеңди тентиген мастар кагат.

 

СИЗДИ КИМ БААЛАЙТ?

Карыяны сөзгө сындырмакчы болгон бирөөлөр:

- Аксакал, бу сизди эч ким деле сыйлап-урмат эткенин көрбөдүм, деги сизди баалагандар барбы? — дептир.

Анда карыя кабагын жаркытып туруп, мындайча сөз жөнөтүптүр:

- Каерде сөз бааланса, мен ошол жерде баркталам. Каерде акыйкат таанылса, адамкерчилик шаңына чыкса, ошол жерде гана сыйлуумун.

 

  БАЛАНЫН ПАРЗЫ

Карыя катуу тумоолоп, төшөк тартып жатып калганда баласы сыртта  чогулган элге:

- Ээ, абышка токсон ашты, непада тоголонуп кетсе, той түшүрүп, тоо ташын уратып келип, атын алтын жалатып жаздырып коём, андан артык эмне керек? — деп компойгон экен.

Аны кулагы чалган атасы баласын  чакыртып алып, мындайча  керез-муразын айтыптыр:

-Уулум, атасы ары карап кетсе,  Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык жасатып, аска ташын жара тарттырып туруп, ысмын алтын жалаткан менен атага наалат келтиргендер бар. Мындай учурда ата бир өлбөй эки өлөт. Эгер мени эл эскере жүрсүң десең: «Баягынын уулу адам болгон тура” — деген атка кон, ошондо эл, «Оо, маркум өлгөн эмес тура»- деп арбагыма баш ийишет. Жок, кемпай болсоң: «Оо, кайран киши биротоло өлгөн тура»-деп кейишет.

 

АЛТЫН КАТЫЛГАН ЖАЙ

 Аксакал, айтыңызчы, алтыны барлар кандай жашайт?- дептир жаш улан.

- Темир торлуу каалганын нары жагында…

Алиги жигит элее тартып:

- Темир торлуу каалга жасаткандын баарында алтын барбы?

- Ээ, уулум, темир торлуу каалгадан көп неме жок.

Түрмөнүн эшиги да темир торлуу. Анткени анын нары жагында  алтын баштуу эрлер жатат. Алар өз башын сары темирден төмөн санагандар. Ал эми темир каалга жасаткандар өлүү дүйнөнү адамкерчиликтен бийик койгондор, булар мейманды аз күтүшүп,  ууруну арбын чакырышат. Ал эми темирден коргон курдуруп, алтынын көрүстөндүн үстүнө зарптагандар бар, булар күнөөсүн ошону менен жаап-жашырып, түбөлүккө унутулбай калыштын амалын ойлогондор.

«ЭКӨӨБҮЗДҮН АЙЫРМАБЫЗ  КАЙСЫ?»

Байлыгына жана айлакерлигине чиренген бирөө: «Абышка, экөөбүздүн айырмабызды айтып берчи?» — дептир.

Акылман кары үнүн жумшарта уялыңкы мындай дептир:

- Мен өзүмдү өлөрчө сындап, өзгөлөрдүн жакшы жагын даңазалайм. Сен болсоң, өзүңдү көтөрө чалып, өзгөлөргө көө жабасың да ошондон олжо табасың.

 

«АКЧА КӨМӨТ»

Бир зыкымга ата-туугандары наалыптыр:

- Көрүнгөнгө жаман-жакшы көрүнүп, жыйган акчаңды  көрүңө кошо ала кетесиңби?

Анда алиги зыкым:

- Кокус өлсөм, мени туугандар көмбөйт, акча көмөт, — дейт. Муну кулагы чалган карыя:

- Ал кебиңде калет жок..Акчадан абийир төгүлөт, ар-намысын  алтынга айырбаштаган тирүүсүндө өлөт. Ошентип асыл ташка корумдалып, акча менен кошо чиригендер канча — деген экен.

 

МИДИН КАНДАЙ ЭЛЕ?

Жашап калган, бети башын түк баскан киши автобуста бак-бак этип, ар кимге асылып, көрүнгөндү жадатып баратты. Акыры маңы жапыс көрүнгөн Мамбеталыга жабыша кетти:

- Сен, эмне мурчуясың ыя, сен эмес, Мидинди жеңгем ! Мидин кандай эле?

- Оо кайран Мидин десең... Жаркылдап, элди тажатмак түгүл, таман алдынан тамаша тапкан жан эмес беле? Асты көөдөн кагып, көпчүлүктү жадаткан нарк билбес, салт билбес кемпайды мыскылдай турган. Кара курсактын камын жеп, калктын ырыскысына сук артканды, жылтыр-мылтырга азгырылып, акылга жолтоо болгонду мазактай турган.

- Эл дуу күлүп жибергенде алиги кишинин башы шылк дей түштү.

 

БАЛДАР БААРЫН БИЛЕТ

Бир маңыз Мамбеталыны сөзгө жыкмак болуп:

- Эмне эле сени көчөдөгү балдар “аталап” калат, — дейт.

Анда акылман кары минтиптир:

- Балдар жакшыны ата ордуна кармайт, «жаманды» мокочо деп санайт, балдар баарын билет эмеспи.

 

МЫНДАН АРТЫК НЕ КЕРЕК?

Төр бербей, чатырап, алагүү тартып олтурган топтун үстүнө жупуну кийинген, көзгө комсоо көрүнгөн, сары чийкил абышка салам айтып кирип барат. Баласы курдуу жигиттер төрдө, сакалдуулар иреге тарапта экен. Мамбеталыга чай куюлбай калат. Не дегенде, муруңку меймандар чай ичип бүтүп, ичимдикке өтүшүптүр. Анын үстүнө кайнаган чай түгөнүп калган шекилдүү. Үй ээси шашкалактал, карыяга  коньяк сунат:

- Кечигип келдиң, абышка, менин тоюмда бир алып бериңиз…

Азыркы айрым сөзгө онок жаштар «аксакал, аба, ата, аке-үкөнү» коюп “абышкага”оозу эп дей түшөт эмеспи.

Мамбеталы нандан ооз тийип, үн катпай олтуруп алат. Анда төрдө олтурган күлчүгуй жаш жигит демите дабыш салат:

- Ичпейсиңби, абышка, сага мындай коньяктан артык эмне керек?

Мамбеталы күлүмсүрөп, обдула берет:

- Балам, уулум менен жашташ көрүнөсүң, ошол себептен балам дейин. Үй ээси айткан абышканын бири болсом, маңсабыңа карап, “аксакал” атамакмын. Улууларды жаш келинче босогого камап коюп, төрүмө алчактатмакмын. Бирок мен балам дейин, дале “упчу эмген” бала бойдон окшойсуң, уруксат болсо, унута элегимде эсиңе салып коёюн, кереги тийип калар.

Эл дуулдап:

- Айтыңыз, Маке, айтыңыз, — дешип туш-туштан жаалап жиберишет.

- Айтсам ушул, балам, “мындан артык не керек?” дедиң. Карган мендей чалга көр оокаттын, көп тамактын тыйынча баркы жок. Төр силерге буюрсун. Мага жүрөгү таза, калк  тагдырына кабыргасы кайышкан, сөз билги, нарк билги адамдар керек. Карыга абийир кымбат. Мени тойго чакырган адамдын дасторконуна ушул ак тилекти билдирейин дел келгем. Парзымдан кутулдум.

Жакшы олтуруп, жайынча мейман болуңуздар, — деп бата тилеп, чыгып кеткен экен.

 

ҮЙ ЭЭСИ КИМ?

Аялы менен акыйлашкан жигит карыядан акыл сураптыр:

- Айтыңызчы, аксакал, деги кимибиз үй ээси болобуз? Аял мага баш ийиши керек го.

- Кимиңердин кабагыңарда жылдыз жанып, үйдөгүлөрдүн жүрөгүнө таң атырып, көргөн билгендин көөнүнө чырак асып турса, ошол үй ээси. Кимиңердин кабагыңарда иңир жабылып, бирок ‚үй ичи жылтыр-мылтырга толуп турса, ал мүлк ээси.

 

ӨЛҮМ АРЗАН,  ЖАШОО КЫМБАТ

Мамбеталыга жаш жигит муңун төктү. Колуктусу энесине өч чыгып, заманасы курулуп, айласы түгөнгөнүн, не келинчеги, не энеси эпке көнбөй, күнүгө ыйкы-тыйкы менен өмүр өтүп, элдин бетин карай албай калганын кан какшайт:

- Бул көрөкчө өлүп тынайын, жүрөгүмдү уу-кайгы мыжып бүттү.

Анда Мамбеталы:

- Бир аялдын азабынан өлсөң анда акылдан адашканың. Сен өлгөн соң ал башка бирөөгө баш байлайт да сен биротоло унутулуп каласың. Андай өлгүң келсе, эл намысы үчүн жан кыярлык жерде иште. Анда сен түбөлүккө унутулбайсың. Өлүм арзан, жашоо кымбат, — деген экен.

АКЫЛ КАЙДАН ЖАРАЛАТ?

- Ата, акыл кайдан жаралат? - деп калды күзгүгө  каранып олтурган кызы. Анда атасы:

- Акыл бир эле күндө быша койбойт. Ал тер менен өнүп, жаш менен сугарылып, күлкү менен орулуп алынат. Акылды күзгүдөн эмес, китептен издейт, — деген экен.

 

АКЫЛДУУНУН БЕЛГИСИ

Небереси чемичке чагып, автобустун ичин  булгап баратканын көрүп, атайлап тим койду. Бир оокумда көгөн көз, сары жигит чылым кармаган колу менен зекиди:

- Эй бала, автобусту ыпыр-сыпырга толтурба!

Мамбеталы баласына дегени бул:

- Бул акылды көнүлүңө түй,  балам. Мындай жерде үнүңдү күчөтпө, чылым түтөтпө, турган жериңди ыпласка  чөмүлтпө. Акылдуулук көпчүлүк жайда таанылат.

  ДОС ЖАНА ТААНЫШ

Байлыгы менен атасын ызаламакчы болгон думбул кара киши кеткен соң небереси буларды сурады:

- Ата, биздин досторубуз барбы?

Карыя уулуна буларды баян этет:

- Ким эл камында жүрсө, ким акыйкат тарапта болсо, алар биздин досторубуз.

Небереси сөз талашат:

- Баягыда бизди мейманга чакырып, сага көйнөк кийгизген кишичи?

Чоң атасы баланын көкүлүнөн сылады:

- Уулум, алар биздин жакшы тааныштар..

  ТИЛЕМЧИЛИК

Кай бирөөгө кош колдоп, кай бирөөгө бир колдоп, кээсине баш ийкеп, ал ами Мамбеталыны көрмөксөнгө салып, жандап өткөн жигитти  жактыра бербеди:

- Ата, бул ким?

- Уулум, ал жалган атакка, мансапка тилемчилик эткен бир бечара.

- Сизге салам берген жок го…

- Акыйкаттан  ал коркот, чындыктан заарканат, кошоматчылар ушундай эл болот, эки жүздүү.

  СОТТУ ТААНЫЙСЫҢБЫ?

Алтымыш таяп калган кары Мамбеталынын ичкердеги уулуна келди:

- Баламды кырсык басып, иши кыйындап турат. Сотту тааныйсыңбы?

Уулу жооп кайыргыч Мамбеталынын дегени бул:

- Өзүнүн  жардамсыз кылык-жоругун өзү күн санап өкүм чыгарып турган сотту тааныгысы келбейт.

Тула боюн күнүгө ийлеп жүргөн доктурду тааныбайт,доллар жыйнап, элдин кыйнап жүргөндөр кудайын тааныбайт.

  КЫРСЫК КИМДИ БАСАТ?

- Кырсык бир басса куюшкандап алат экен? Деги кырсыкты кайдан деп болжошко болот?

Карыя аны кыйгай карал алып, жумшак дабышка  салып, дегени бул:

- Кырсыкты өзүнөн  эмес, башкадан, кала берсе, кудайдан издегендер бар — булар кырсыкка зилдеген бечаралар. Өзүнө катаал, өзгөгө март адам кырсыктан сырт калат. Ызалыкка жеңдирбеген, азгырыкка эңдирбеген, жыргалчылыкка делбирбеген жигит кырсыктын торуна чалынбайт.

  ЭСИ ЖОККО ЭРЕГИШПЕ

Тээ нарыдан эле алкынып, кошуна кемпир келатты:

- Качан болсо эле менин балама тап. Бул кандай жашабагыр эле. Кой деп койгондун ордуна корстон болуп калышат..

Небересине болушуп, ачуу үнүн агыткан кемпирди карыя күлүмсүрөп карап турду. Кемпир уулун жетелеп кеткен соң небереси өпкөлөдү:

- Ата, эмне болушкан жоксуң, ал өзү тийишкен, энесин көрө коюп ыйлап жиберди...

- Уулум, энеси болушчаактын баласы ыйлаак деген ошол. Ал эми сен ага караганда акылдуу эмессиңби, эстүүлөр дайым көтөрүмдүү жана кечиримдүү келет.

- Ал өзү келип тийишсе делеби?

- Эстүүлөр эси жокко эрегишсе, дайым айыпка жыгылып келген. Эси жокко эч ким таарынбайт, анткени ал кеп жебейт, күнөөсүн сезбейт. Эстүүгө эл минтип наалыйт: «Акылдуу болуп туруп, акмакка теңелгенин кара!»..

 

АЙБАНДАН МУРДА АДАМДЫ АРДАКТА

Көп кабатуу үйдөн кай бирөө күчүгүн жетелеп чыкса, кай бирөө мышыгын көтөрүп, мактаныч этет. Небере чоң атасына жаракөрлөнө  муну айты:

- Ата, атаке дейм, папама айтчы, мага да күчүк  сатып берсин, Үйрөтөт элем.

- Уулум, мышыкты жондон сылап, эркелеткени менен элге жылуу сөзү жок мерес бар. Күчүгүн ары-тур, бери турга  үйрөтөм деп, өзүн сыпаа жүргөнгө көндүрө албагандар канча. Сенден суранарым, айбандан мурда адамды ардакта. Элди сыйлаганың- өзүңдү сыйлаганың.

  АЛАКАН ОТУ

Боз улан үн катпай кирип келип, көзгө комсоо карыны тиктеп калат. Мамбеталы уланга жылуу ырайда карап, озунуп салам айтат. Андан соң дегени бул:

- Балам, кимге болбосун озунуп салам айтсаң, уккандын көңүлүнө таң атат. “Адам тура” — дешет. Демек, адамдын ыйык сапаты — саламдашуу.

Саламдашкан сыйга тете. Баш ийкеп, же кол берип, ар кандай жүздөшкөндөр болот. Мен адамдарга салам айтып, алакан алыштырып койсом, алардын алакан оту аркылуу төрүнө өтүп, очогуна жылынып кайткандай каниет алам. Бир айылдын адамы менен кол алышсам, бүт эл менен учурашкан болом. Бул тирүүлүктүн бакыты.

  «ЖАМАНДАНЖАКШЫ»

Бир олтурушта көрүнгөнгө кырдана сүйлөп, байлыгына, курулай даңкына чиренген бирөө минтип калды:

- Турмушта кызык болгудай. Тигил Темирбек жамандын баласы мыкты окуйт, жакшы жүрөт деп мугалимдери макташат. Баланын сергек болмогу акыл айткандан эмес го деп калдым.

Мамбеталы обдула берип, сөз жөнөттү:

-Айткан кебиңде калет жок, иним. Темирбек жаман таң-күн талаада суу жайып жүрүп, суудай тазалыкты күткөн. Күнгө какталыл жүрүп, жүрөгүнө ыйык отту топтогон, таза авадан дем алып, сезимин тазарткан да маңдай терин кургаткан. Ошентип ал үйүнө булактын тунуктугун, күндүн аптабын, салкын желди алып келип турган да балдарын ошол ыйык нерселер менен оозанткан.

Ал эми, Сиз, жакшы дегендер болсо, дыйкан айтпаган укмуштай акылды ашкере шыкаган да ошол кебине төп келбеген кылык-жорукка батып, куйтулук, жагынпоздук жана кара өзгөйлүк иш менен арам тамак таап, балдарын ошону менен оозанткан. Акылдан мурда уурунун ашы, ушактын уусу жаш жүрөктү туткундап алган. «Куш уядан эмнени көрсө, ошону алат».

 

КАРАКТОО ЖАНА КАЙРЫМ

Кызматынан жыдып, жылдызы түшкөн бирөө акылман карыга муңун чакты:

- Кечээ колдон бирдеме келип турганда жаман туугандын баарына жакшылык арттырдым эле. Үзөнгүдөн бут тайыганда саламга келмек түгүл, кайдасың деген бирөө болбоду. Аларга караганда запкы көрсөткөн жатымдан жылуу кеп уктум.

Акылман каадасынча күлүмсүрөп алды:

- Туугандарым менин жакшылыгымды татытпады деп наалыдың. Таттыбаган себеби - аларга сен өз жаныңдан берген эмессиң да элдин эсебинен көңүл алгансың. Калкын карактаган кадыр—барк күтпөйт. Бул бир.

Жана дагы «Запкы көрсөткөн жатымдан жылуу сөз уктум» — дедиң. Сен аларга катаал болуп, сары изине чөп салып тургандыктан алар көнүп калган жеринен, көзүнүн карегиндей күткөн кесибинен айрылгысы келбей, жанын таштап иштеген. Ошентип алар күндөн күнгө чыйралып да, ар тараптан өсүп да олтурган. Качан гана сен түшкөндө: «Бул болбосо, биз мынчалык өспөйт элек» — деп сага жылуу сөз айтып жатканы ушундан.

Бул окуядан улам муну кулагыңа салам. Балаңды канчалык эркелетип аясаң, ал сени кийин карактайт. Аны канчалык түйшүккө малып турсаң, акыры бакытка чулганасың.

  АКЫЛ АЙТЫП НЕ КЫЛАТ?!

Автобус күтүп турган элдин арасынан боюна карбаган, ырайы ошого келишкен бирөө жаш жигитке акыл айтып жатты. Аны уккан модалуу кийинген жаш кыз мурдун чүйрүп, тетири бурула берип күңкүлдөдү:

- Кейпи тигил болсо, акыл айтып эмне кылат экен?!

Аны эшиткен Мамбеталынын элге угуза дегени бул:

- Кызым, ал бечара мении таз кейпимди кийип калба  деп алдын ала эскерткени. Ырайы суук адамдан ыймандуу сөз чыгарган унутпай жүр. Жакшы сөз — жарым ырыс деген. Машина майсыз жүрбөгөн сымал адам акылсыз өмүр сүрбөйт.

  БЕЛГИСИЗ ЫЙ

Түндүн бир оокумунда үй ээси чочуп ойгонду. Шамал боз үйдүн туурдугун делпилдетип, ыраактан озондогон үн чыккансыйт. Ал муңдуу үн бирде күчөп, бирде пастайт. Жети түндө кайгынын уусун жуткан ким? Эзели мындай шумдук укпаган сырттык жайлоолоп келген Мамбеталыны ойготту. Ал тыңшап туруп, бырс күлүп жибериди:

- Кечинде силер шыпкаган бөтөлкөнүн оозу шамалды карап калган тура. Ар кандай азгырмалуу нерсенин алды — күлкү, арты — ый, муң деген ушул.

 

АРДАНЧААК ТУУГАН

Мамбеталынын жакын  иниси мекеме башчысына көтөрүлөт. Алыстан ал-жаны калбай салам айтчу тууганы саал пейил күткөн өңдөнүп, анда-санда кабинанын терезесинен баш ийкеп койчу болду. Ушул арада Мамбеталыны кадырлаган бир-эки азамат келип:

- Иниңиз тегерегине кошоматчы, кууларды топтоп алды. Алыска узабас, — деди.

Мамбеталынын ичи түтпөй, ошол күнү кечинде инисинин үйүнө барат:

- Иним, айып көрбөсөң, бир кеп айтсам кантет?

- Айтыңыз, ал кандай кеп экен?

- Бир аз ачуураак кеп, дары кеп... Бетке чабар, акыйкатты ала жүргөн адистердин кебине ардыгып, аларды кызматынан сүрбө. Сөздү бетиңе айткандар кадыр-баркыңа жетет, убадасында турат да ишиңди оңойт. Аларды бооруңа тартсаң зоболоң артып, сепилиң бекем болот.

Асты тили жумшак, дили катуу кишини боюңа үйүр алдырба. Андайлар арбып кетсе, бир сага эмес, миңге залалы тийип, ишиңди ойроңдойт.

Иниси ормоё карап алды:

- Ээ, жарыктык, биздин ишти билбеген соң кийлигишип эмне кыласыз?

Акылман башын экчеп алып, деп турганы:

- Кечирип кой иним, акылды сүйбөгөн адистик арбын болорун эми гана туйдум...

  АДАМДАН АДАМ НЕ ЖАТЫРКАЙТ?

Олтурган жерде сөзгө конок бербей, маңызданган бирөө наалып коё берди:

- Ким болбосун тайынып-танышам, анан эле сыйымды көрүп алып, карабай кетишет.

Ушундан улам олтургандар:

- Кана,  Маке, кай убакта адамдан  адам жатыркайт? — дешти жабыла.

Карыя эки жагын каранып алып, сөзгө кирди:

- Чөлдө жашашка болобу?

- Кайдан?

- Эмесе, жан дүйнөсү чөлгө тете кишилер бар. Аны менен баарлашайын десең, не сөзүңө түшүнбөй,  не акылыңа аңдабай, суусатып коёт. Мындайдан жатындашың болсо да жанына жологуң келбейт.

- Туз төгүлгөн жерде өсүмдүк өскөнүн көргөн белеңиздер?

- Жок, Маке...

- Андай болсо, үнү заар. тили уу бирөөлөр бар. Жанында турсаң да кыйкырып сүйлөйт. Тамашалайм деп, шаабайыңды суутат, назарыңды сындырат. Таап сүйлөйм деп, каап сүйлөйт. Мындай менен куда-сөөк болсоң да кутулгуча ашыгасың...

Эгин сугарайын деп суу жыгып келсең, утуру эле орто жолдон бирөөлөр жыгып кетсе, кандай болот?

- Кыйноо эмеспи, Маке?!

- Эмесе, мындай жыйында, маңызданган бирөө сөз талашып, айтар оюңдан адаштырып турса, ардемелерди бабырап, эзмелей берсе, өзүңдөн өзүң беймаза болуп бүтөсүң. Андай менен ким деген алышып-чалышсын.

ТӨР МЕНЕН УЛАГАНЫН АЙЫРМАСЫ

Мейманга барган жерде чүкөдөй сары абышканы көзүнө илбеген мансаптуу төргө өтө чааптыр. Ар кимдин олтурган турганын тескеген такымчыл:

- Ой, Маке, төргө өтсөңүз боло, жарыктык, — деп күйкөлөктөмүш этет. Төрдөгү богогу салык жигиттер аска ташындай козголор эмес. Аны баамдаган кары:

- Эл мени ушул эле жерден таанышар. Өзгөлөргө төр менен улаганын айырмасы асман менен жердей чыгар, бирок мага төргө караганда улага улук өңдөнүп кетет, — дейт карыя.

- Жүйөөсүн айтыңызчы? — деп баягы шыкакчыл жигит ыкыстайт.

Карыя төр жакты бир карап алып:

- Элге кызмат этип, бүт жыргалчылыкты калкка арнаган адам дайым улагада болот. Анткени ал бир чети кызматта, бир чети андайлар дайым элден кичүү өңдөнөт. Эл башына күн түшсө, ириде чуркап чыгып, жоонун огун тосот. Куш уйкуда жүрүп, күндүн аптабын көтөрөт.

Ырас байыртан төрдү улук дешет, анткени терең карыган акылмандар төргө олтуруп, нускалуу сөзүн узаткан.

Бирок кайсы бир кылымдан баштап, элдин жонунан күн көрүп, элден бийик тургусу келип, курулай атак-даңкка азгырылгандар карыдан төр талашкан, жоо каптап келгенде өлүктөн көр талашкан — деген эке

  • Акылмандын каухар таш

Окшош макала

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Жашоомдогу эң мыкты мугалимим

Бул окуя бир топ жыл мурун башталгыч класстын мугалиминин башынан өткөн. Айше эжеке сабагы башталган күнү эле кийим кечеси кир, чачтары уйпаланган балага көзү түштү. Анын аты Билал эле. Ал 5-класста окучу. Айше эжеке балада бир көйгөй бар экенин байкап, анын “өздүк делосун” таап, барактай баштайт. Окуп жатып аябай таң калат. Биринчи класста окуткан мугалими: Билал акылдуу жана шайыр бала. Тапшырмаларын убагында аткарат жана досторунун арасында кадыр баркка ээ деп жазат”

Экинчи класстагы эжекеси: Эң мыкты окуучу, бирок апасынын оорусу аны аябай капалантат. Үй бүлөдөгү жашоосу татаал сыяктанат.

Үчүнчү класста окуткан мугалими: “Апасынын дүйнөдөн кайтышы ал үчүн кыйын учур болду. Атасы ага жетиштүү убакыт бөлө албай жатат. Эгер тез арада кандайдыр бир аракет иш аракет жасалбаса үйдөгү атмосфера балага терс таасирин тийгизиши  толук ыктымал”.

Төртүнчү клаастагы эжекеси: “Билал эч ким менен сүйлөшпөйт жана мектепте сабакка кызыгуусу жок. Достору да жокко эсе. Кээде класста уктап калат”.

Кайырчы аял

Кайырчы аял

Көчөдө бир кайырчы аял эч ким жок тарапты карап алып "мына бул келесоону сабап салчы, жоготчу бул жерден!" деп кайра-кайра кыйкырып жатат. Кудум көрүмчү менен сүйлөшүп жаткандай... "Мага келжиреп жатканын карачы, келип саба, өтүн ал!" деп албууттанат улам. Жанында бир темтейген мас эркек турат. Анысы улам жакындап бирдемелерди түшүндүргүсү келип жаткандай. Аял ансайын "көрүмчүдөн" жанындагыны жазалоону суранат... Мен аялдын абалын түшүндүм! Ооба, анын бул дүйнөдө коргой турган эч кими жок. Тигиге өзүнүн күчү жетпейт. Ал азыр кыялындагы жакын адамынан, мүмкүн күйөөсүнөн, уулунан же атасынан жардам сурап жатат...

Сагынбай манасчынын уулу Аманкул

Сагынбай манасчынын уулу Аманкул

Кат келип жатты, ар бир келген кат бизге той болчу,  үч бурчтук катты алганда өзүн көргөндөй сүйүнчүмүн, коштошпой калсам да кат мага күч-кубат берчү.  Кат артынан  кат алып бактылуу сездим ѳзүмдү, сүйүнүчүм койнума батпай калчу болду.  Балам 1942-жылы чилдеде согушка кетсе, 1943-1944 жылы болуш керек, жүрөгүмдү ооруткан кат алдым. Ал катта,  мына кызык, “Манас чоролору менен келип, Манас айт деп кыйнай башташты, айтпайм десем чокморлору менен сабашат, кыйнашат” дептир. “Ата-Мекен үчүн кечке минамёт, пулемёт сүйрөп чарчайбыз. Эл-жерди  сакташ үчүн атайы келсем, мага кыйын болду. Апа, эки бирдей кыйноого тушуктум,  чоңдор түшүнбөйт. Казактар, мусулмандар болсо мейли, Манастын маанисин кичине болсо да билишет. Ыраакы Чыгышта Жапондор менен салгылашкан жерге касиеттер эмнеге келишти билбейм. Манас чоролору менен кең Ала-Тоо кыргыз жеринде эле калса болмок” деген кат келгенде түнкү уйкум качып, түйшѳлүп калдым

 

Сокур дербиш тууралуу уламыш

Сокур дербиш тууралуу уламыш

Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен.Ал жашаган дооруна таарынып, адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес дешет. Ал мындайча болуптур.
Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту жана алдамчы вазири өзүн падыша деп жарыялап жиберет экен. Ал мурдагы адилет падышаны алдап үйүнө конокко чакырып уу берип өлтүргөнүн бир дербиштен башка эч ким билбептир.

"Уча" кантип тирилди

"Уча" кантип тирилди

Генералдарды бир жылы офицерлер мейман кылып калышыптыр Бишкекте. Жылкы союшуп катуу тосушуптур. Жылкынын этин бышырганы бир жаш майорго тапшырышыптыр. Бардыгы мас, тантана катуу болуптур. Ошол убакта Баткен окуясынан кийин эле убак экен. Офицерлердин досу бир подполковник аты Учкун, экен, аны кыскартып «Уча» деп чакырышчу. «Уча» Баткенге командировкада болгон убакка туш болуптур бул окуя. Жанагы жылкынын этине жоопкерчиликтүү майор кашайып, ичимдиктен акырын ичип атып оттун жанында уйкуга тартылып кетиптир. Бир убакта бир генерал «этти тарткыла, кеч болуп кетти, биринчи «учаны» алып келгиле» деп буйуруптур.

Сунушталган товар

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Улуулардан таберик

Улуулардан таберик

Китеп жалпы эле элибиздин салттуу өнөрлөрүнө кызыккан окурмандарга арналат. Түзүүчүлөр С.Рысбаев, К...

300Сом

Адамдын асыл ойлору (Өң менен туштөгү элестер)

Адамдын асыл ойлору (Өң менен туштөгү элестер)

"Жаңы эч нерсе жаратпадым, болгону элдикин алып элге бердим" Конфуций **** "Акылмандыкты издеп..

400Сом

Теги: Акылмандын каухар таш, Калканбай Ашымбаев, чыгармалары