Эсимде

Эсимде, Түгөлбай Казаковдун китебинен

китептен үзүндү

..................

Эсен байкем өнөр аркаласа чоң акын болмок. Болгондо да жанды кыйнап ыр курабаган, турган жеринен төгүлгөн акын болмок.
Тоо башы мөңгү агарат,
Суурулуп суулар салаалап,
Көөдөнү жашыл тукаба,
Көл-Төрдү келем аралап.

Сумсаят зоолор мунарык,
Сур булут менен уланып.
Башынан улар үн салса
Байкалбайт көзгө тунарып…

Ушул ырды он алтыдагы бала жазган десе ишенесизби? Бизди окутуп киши кылам деп жүрүп, кайран талант ачылбай калды.
***
Ортончубуз Аман эле. Ал төрөлгөндө атам: "Ушул балам билим көздөп, мугалим болор бекен?.." деп койчу экен. Дегинкисинде баарыбызга эле мүнөздөмөнү так бериптир.
Аман китеп эле окуй берчү. Биздин мектептин китепканасын толук окуп чыккан ошол гана болду. Кийин көбүбүз аракет кылдык, бирок аягына чыгалбадык. "Мектептин дубал гезити Амандын учурундагыдай болгон жок" деп калышат. Колхозчулардан бери келип, жарданып окуп, күлүп жатышкандарын көрөр элем.
Аман кичинесинде эле намыскөй болчу. Бир жолу экөөбүз райборборго барып, туугандарыбыздын үйүнө конуп калдык. Жатарда бир нерсеге алаксып калсам керек, Аман:
- Бол, жат, киши келелекте, - дейт.
- Эмне болду? - десем,
- Карабайсыңбы алдагыны! - дейт.
Көрсө, менин тиземен ылдый түшкөн, далбайган өтө эле чоң турсимен уялып жатыптыр.
Мектепте драма кружогу уюшулуп, Аман бир хандын ролун аткарып калды. Мен эң алдында отургам. Чалдын чапанын кийип, аппак сакал тагынып, олуттуу басып келатса, тааныбаптырмын. Үнүн укканда "Э-э, Аман!" деп кыйкырып, каткырып жиберип, кайра уялып, кыпкызыл болуп, эки колум менен оозумду баса калып, коркуп, бир кызыктай болуп отуруп калдым. Бир кезде, ролу ошондой экен, ачууланып, каарданып, өңү кубарып,жанындагыларды каарып кирди. Мени урушуп жаткансып, томсоруп эле отуруп калдым. Ал акыркы сөздөрүн айтып, этектерин далбактатып, шарт-шарт басып чыгып кеткенде залдагылар дуулдатып кол чаап жиберишти. "Картайса ушундай чал болот турбайбы" - деп мен отурам, сыймыктанып.
Кайран жигит, картайбай калбадыбы…
***
Мен анда алтыга чыга элекмин. Аман рогатка алып келиптир. Сурасам бербейт. Байкеңен барып отуз алты тамганы үйрөнүп келсең берем дейт. Мен байкеме келип асылдым. Ал мугалим болсо да мыкты мугалим болмок. Наяты чай кайнамда тамганын баарын жаттатты. Чуркап Аманга келип, бадырата айта баштадым (Эсимде, "Ц" тамгасын айталбай койгом). Рогаткасын бир жолу аттырды, талаага кетти. "Бар, эми жазма түрүн үйрөнүп кел" деди. Кайра байкеме келдим. Ал болсо жадабайт. Шашпай үйрөткүчө түн кирди. "Ата", "Апа", "Меш" дегенди жазып алганыма сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Байкем улам мактап коет. Өпкөсү жок жаным, балдырап окуй баштабадымбы! Ошол күндөн тартып мага сонун "оюн" табылды. Эки агам эки жагыман жөлөп отуруп, алтыга чыкканда окуганды, санаганды үйрөтүштү. Анан жомокторго алып киришти. Эң керемет дүйнө ушул экен. Качан болсо акыйкаттык жеңет! Качан болсо актын иши ак! Качан болсо кара ниеттер жазаланбай койбойт!
Туңгуюктан жарык дүйнөгө алып чыккан эки агама, эки дүйнөдө ыраазымын! Мени оюндан окууга буруп кеткендин укмуш жолдорун табышар эле. Мен кежирленгенде агаларым эч качан күчкө салчу эмес. Эстүү кишилер да, качан болсо акыл менен ийге келтирип коюшчу.

Үч кылы түрлүү үн каткан,
Комуз элек бир кезде.
Кош кылда кыйла сыр жаткан,
Домбура болдук бул кезде.
***
Эрте жазда, айылдан обочороок, талаага көчүп келдик. Апам боз үйүн тикти. Талаада иштегендерге ысык-аш жасамай болду. Бу тракторчуларың кол жууйт дегенди билишпейт окшойт, карамай-сарамай бойдон эле тамак иче беришет экен. Үйдүн түбүндө шаркырап суу агат. Оңой менен жуунушпайт. Апам бир-эки айтып көрдү. Болушпайт. "Өзүбүздүкү өзүбүзгө дары" деп коюшат.
Бир күнү калдайган чоң тактаны алып келип, үйгө жөлөп коюшту. Окусам "Доска показателей" дейт. Күнүгө ким канча жер айдаганы жазылат экен, бор менен. Анысын бирөө жазат, кечинде башкасы келип текшерет. Жүрдүм-жүрдүм да бир күнү баарын өчүрүп туруп, оюма келген сандарды жазып салдым. Ызы-чуу эле түшүп калышты. Кечинде:
- Ким жазды? - деп "текшерүүчү" менден сурады.
- Мен, - дедим, акырын.
- Ийе-ата, сен жазганды билесиңби?
- Билем.
Ал экзаменди аябай алды да:
- Ой, ырас болбодубу. Сен эми тракторчулардын айтканын доскага жазып, анан мобу дептерге момундай кылып көчүрүп коюп тур, макулбу?
- Макул.
- Ойноп кетип мени кашайтып жүрбө?
- Антпейм.
Ошол күндөн "учотчик бала" деген атка кондум. Бирок бир топ күндөн кийин башкарма келип, урушуп, чыныгы учетчикке жаздырып койду. Гектар дегенге эле акылым жетпейт. Акыры байкем алгач метрди, анан сотукту, анан гектарды түшүндүрдү. Чуркап ойногондо "бир метир, эки метир" деп санап отуруп, жүз болгондо "сотук" деп коем. Туурасынан да ошондой чуркайм да "Гектар!" деп кыйкырам. Же аны уккан киши жок.
Жанымда апам алып келген ак козу артыман калбайт. Анын менден башка караан тутары жок, менин андан башка "досум" жок. Ээрчишип жүргөнүбүз жүргөн. Кичине эле адаштырып койсоң, сүлүнүн арасынан ушундай бир муңканып маарайт, чуркап барып кучактап калам. Туткактаганы туткактаган. Мага аябай үйүр болуп кетти.
Апам Аманга деп татынакай, чыкчыйган көк кепка сатып келди. Ал мектепте болчу. Бир чети мектепти, экинчи чети Амандын сүйүнгөнүн көргүм келип, кепканы алып, мектепти көздөй урдум. Козум кошо келатат. Келсек, эч ким жок, баары сабакта экен. Ар кайсы айнекти карап жүрсөм чуулдап танаписке чыгып калышты. Чуркап барып колуна бердим. Кийип көрдү. Уш-шундай жарашты дейсиң! Сүйүндү. Балдар менен чуркап ойноп кетти. Көпкө карап турдум да окугум келди.
Эртеси козум экөөбүз мектепке келдик. Бут жылаңайлак. Балтырлар жарылган, сүйкөгөнүм солидол. Баш болсо турат, калжайып. Көчөлөш бала көрүндү. "Жүр, биздин класска" деди. Бардым. Осурак эле жыттанат. Эң арткы партада отурат экен, эки бала. Үчүнчү болуп отуруп алдым. Козум жанымда. Балдар сырттан чуулдап киришти да, мени бири көрсө, бири көрбөй отуруп калышты. Мугалим кирди. Аздан соң доскага жаза баштады эле козум маарап жиберди. Класс дуу түштү. Мугалим:
- Бу кайдагы козу? - деди.
- Меники, - дедим.
- Сен кимсиң, тур ордуңдан! Эмне отурасың биерде?
- Окуюн деп келдим.
- Козуң да окуйбу?
Балдар каткырып калышты.
- Жок, бул окубайт.
- Келчи бери. Эмне билесиң?
- Баарын билем, - деп жибердим, шашканыман. Козум жанымда турат.
- Эмне дейт! Бу кайсы тамга?
- Мен гезит окуйм.
- Я де. Кана, мобуну окучу, - деп ачылган китепти берди.
Окуп бердим. Кара-ап турду.
- Жазганды билесиңби?
- Билем.
- Жазчы, доскага билгениңди, - деп колума бор берди.
Мен "Апа, Ата, Меш, Окугум келет" деп жаздым. Күлдү. Балдар тынчыбайт. Алардын эрмеги эле козу.
- Канчадасың?
- Алтыдамын.
- Оо кокуй, болбойт. Жетиге чыкканда кел. Ага чейин сага да, козуңа да уруксат жок. Бар эми.
Чыгып кеттик. Ыза болуп калдым. Жолдо ойлодум: окусам, жазсам, санасам эмне үчүн албайт?
***
Кайран гана козум! Сүннөткө союлуп кетпедиби. Эрназар кескичти өзүм чакырып келгенимди кантейин. Алданып калдым. Келсем териси жайылып калыптыр. Жылкы сойо тургансып, беш-алтоо мени качырып сала беришти.

  • Эсимде, Түгөлбай Казаковдун китебинен

Окшош макала

 Ностальгия

Ностальгия

Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздүкозгоюн деп бирок баласына батына албады.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

китептен үзүндү.

Куйручуктун өз аялын сынаганы.

-Упал, жакшылап ук! -деди ал аялын бүркүт карашы менен карап.- Эртеги ата-бабалар бөлөк эркек ачпаган, көкүрөгүн баспаган,жаңылып жазбаган, аруу-дене, таза жүрөк аялзатына ок аттатышчу экен!

Куйручук менен Упагүлдүн ортосунда кызыктай сөз башталды:

-Менин көзүмө чөп салган жок белең?

-Жок.

Алажипти аттадын беле?

-Жок.

-Анда Айчүрөктөй актэтек турбайсыңбы?

-Ооба.

Куйручук атын токунуп, каяккадыр аттанып кетти. Аш бышым убакыт өтпөй, ал Телкүрөңүн чаап келди. Аттан түшпөй , аялын чакырып, заңкылдап кыйкырды.

- О Упагүл! бол бачым,Тез! үйдөн чык!

Сунушталган товар

Агындылар -1-2-3 китептер

Агындылар -1-2-3 китептер

"Агындылар " 1-2-3 китеп  Шайлообек  Дүйшеев. китептен үзүндү *** Сүйүү көп балдард..

2 000Сом

Эсимде

Эсимде

Абдан кызыктуу окуялар камтылган китеп эми биздин дүкөндө китептен үзүндү .................. ..

250Сом

Теги: Эсимде, Түгөлбай Казаков