Америка Психологдор Ассоциациясы тарабынан креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдө колдонууга сунушталган психологиянын негизги 20 принциби иштелип чыккан. Кыргыз балдарынын чыныгы потенциалын ачып, туура багыттоо менен өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана элибиздин бакубат жашоосуна салым кошуу максатында бул эмгек англис тилинен которулду. Бул принциптер – чыгаан психологдордун изилдөөлөрүнө таянып, көптөгөн талкуу, талдоо жана тандоолордун натыйжасында келип чыккан эмгек.
Окуучулар кандай ойлонушат жана кантип үйрөнүшөт? Окуучуларды эмнелер шыктандырат? Эмне себептен социалдык чөйрө, жеке инсандык мамилелер жана эмоционалдык тең салмактуулук окуучулардын билим алуусу үчүн маанилүү? Класс кантип натыйжалуу башкарылат? Окуучунун жетишкендиктери кантип бааланат? Балага сабактан канча баа алдың деп сураган туурабы же эмне үйрөндүң деген туурабы? ж.б.у.с суроолордун жообун таба аласыздар.
Аталган эмгек буга чейин англисчеден чехче, эстончо, французча, корейче, кытайча,португалча, испанча, серпче, түркчө, арапча жана словенчеге которулган. Бул эмгекти англисчеден кыргызчага Элмира Абжапарова жана Бакытбек Абдуллаев которуп, редакторлугун Асылбек Жоодонбеков, корректорлугун Жетиген Асанбек аркалады. Ал эми И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштер боюнча проректору, психол.и.к, проф.м.а Тууганбай Коңурбаев жана КББАнын ага илимий кызматкери, п.и.к. Гүлайым Жумабаева рецензиялады.
Китептин кыргызча котормосу Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган. Бул методикалык колдонмо педагогика тармагында окуган студенттер, мугалимдер, психологдор, тарбиячылар, ата-энелер, билим берүү тармагында иш алып барган адистер жана жалпы окурмандарга сунушталат.
Негизги 20 принцип
- Автор: Редакция жамааты
- Жанры: Кеңеш
- Жылы: 2019
- Басмакана: Китепстан
- Барагы: 128
- ISBN: 978-9967-9177-0-5
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
200Сом
Сунушталган китептер
Үч жаштан кийин кеч
Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен а..
350Сом 450Сом
Балага тарбия берүүдөгү адашуулар
Ата энелер үчүн арналган бул китепте көптөгөн баалу кеңештерди таба аласыз ..
220Сом
Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары
Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары , башталгыч класстардын мугалимдери үчүн м..
200Сом
Жашоонун сыры кайда катылган?
Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..
350Сом
Финдердей окуталы
Бул китеп мугалимге, класс жетекчиге, методистке, мектеп директоруна жана ата-энелерге арналат. К..
350Сом
Теги: Негизги 20 принцип, бала тарбиялоо, китеби, методика