Үч жаштан кийин кеч, МАСАРУ ИБУКА

Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат. Баланы тарбиялоо боюнча дүйнөгө белгилүү болгон «Үч жаштан кийин кеч» китеби, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан дярдалып, кыргыз тилине которулган. Кыргыз тилине которгон Асылбек Жоодонбеков.

Урматтуу  окурман,  ата-эне,  бүгүн  биз  сиздер менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон атуулу  Масару  Ибуканын  ушул  китебин  кыргыз тилине  которуп,  сиздерге  тартуулоо  мен  үчүн  бир чети  сыймык  болсо,  бир  чети  кайрылуу,  балдар темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу. Мындай  дүйнөлүк  алкактагы  ири  менеджер, ири  корпорациянын  негиздөөчүсү  эмне  себептен кичинекей  балдар  үчүн  китеп  жазды,  инженер болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен. Адам  ресурсуна,  алардын  билимине,  тарбиясына жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке жетсе  болорун  ал  жакшы  түшүнгөн.  Дүйнөлүк атаандаштыкка  туруштук  бере  турган  алдыңкы ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы  эки  кылымдан  бери  Жапония  жаратылыш ресурстарынын  чектелгендигине  карабастан  дүйнө жүзүндөгү  эң  алдыңкы  экономиканы  куруп,  жашоо стандарттары  боюнча  өтө  жогорку  деңгээлге  чыга алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, такыр  талкаланган  өлкөдө  өнөктөштөрү  менен биргеликте  болгону  700  доллар  менен  гана  “Сони” фирмасын негиздеген. Азыр да модернизациялануу доорун  басып  өткөн,  илимий-техникалык  жактан дүркүрөп  өскөн  Жапония  күжүрмөн,  талыкпаган инженерлердин,  адистердин,  жумушчулардын эмгегине таянат ......  Баш сөзүн жазган Роза Отунбаева

………………..

Баланы көбүрөөк колго алыңыз

Бала ызаланганда апасы колуна алат, ал ыйлаганын токтотуп, күлө баштайт: мындай жагдай кимдерге гана тааныш эмес, ар бир ата-эне мындай абалды жүздөгөн жолу башынан өткөргөн. Бирок салттуу акылмандык бала ыйлаган сайын, колго ала берүүнү туура көрбөйт, анткени бала өз каалоосун ыйдын жардамы менен аткартканга көнүп калышы мүмкүн. Аны кандай алаксытпа, колуңа алмайын, сооронбойт,  деп ата-энелерди коркутушат. Бул ушундайбы? Бул өз баласына ашыкча ыксыз эле үзүлүп түшө берүүгө карата эскертүү катары кабылданса, мен макул болушум мүмкүн. Бирок муну сөзмө-сөз түшүнүүгө тап такыр каршымын. Мен баланы мүмкүн болушунча
көбүрөөк колго алуу керек деп эсептейм. Өзүн билдирүүнүн башка жолун билбеген нарис
те үчүн ыйлоо – өзүнө көңүл бурдуруунун бирден-бир каражаты болуп саналат. Ал ыйлап жатса, бул анын бир нерсени өтүнүп жаткандыгын түшүндүрөт, анын өтүнүчүн жоопсуз калтыруу башынан баштап аны баарлашуудан куру калтыруу дегендикке жатат. Жүйөлүү маани, эне менен баланын баарлашуусу, өзгөчө тактилдик баарлашуу анын акыл жактан өнүгүшү үчүн өтө маанилүү экендигин далилдөөдө. Бир аз күн мурун жапон гезити маймылдар менен жүргүзүлгөн кызыктуу эксперимент жөнүндө кабар лады. Америкадагы Висконсин университетинин приматтарды изилдөө боюнча борборунун жетекчиси доктор Гарри Харлоу жаңы туулган маймылдын чыныгы энесин жасалма куурчактар менен алмаштырып коюп, кайсынысын тандай турганына байкоо салган. Бир куурчак цилиндрдин формасында зымдан, экинчиси кездемеден жасалган. Ар бир “эненин” колунда шише толо сүт болгон, эки жакка термеле алган. Маймылдын баласы жылуу, жумшак кездемеден жасалган “энени” тандап, анын кыймылдарына реакция кылган. Доктор Харлоу жаңы төрөлгөн адамдын баласы да жылуу, жумшак жана кыймылдуу нерсени издемек, эне баласын колуна алгандагы мээрим баланын эмоционалдык абалы үчүн маанилүү болгондой эле, сүт да анын физикалык саламаттыгы үчүн абдан маанилүү.
 

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Үч жаштан кийин кеч

  • Автор: Масару Ибука
  • Жанры: Кеңеш
  • Жылы: 2015
  • Басмакана: St.art LTD
  • Барагы: 232
  • ISBN: 978-9967-31-271-5
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 450Сом
  • 350Сом


Сунушталган китептер

Мугалимдерге кеңеш

Мугалимдерге кеңеш

Жантен Каянын "Мугалимдерге кеңеш" китебин колдон келсе  ар бир мугалим жана ар бир ата-эн..

250Сом

Табигат сырлары

Табигат сырлары

"Табигат сырлары" бул китепте  өсүмдүк, курт-кумурска, канаттуу, суу, адам дүйнөсү, табигат сыр..

300Сом

Япон кереметинин сыры

Япон кереметинин сыры

Нуржигит Кадырбековдун "Япон кереметинин сыры" аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бир киришсең баш көтөр..

300Сом

Негизги 20 принцип

Негизги 20 принцип

Америка Психологдор Ассоциациясы тарабынан креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрө..

200Сом

Икигай

Икигай

"Икигай" китеби. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сырын билгиңиз керекби? Дүйнөдө эң узак ..

250Сом

Теги: 3 Үч жаштан кийин кеч, МАСАРУ ИБУКА, кыргызча китеп