Нуржигит Кадырбековдун "Япон кереметинин сыры"

Нуржигит Кадырбековдун "Япон кереметинин сыры" аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бир киришсең баш көтөрбөй окугудай жатык тил менен жазылган бул китепте сакура гүлү менен Фудзияма тоосунун сырларынан тартып, айдоочусу жок поезддерди жана адам оюн окуган Асимо роботун ойлоп тапкан япондордун кадыресе турмуштагы сапаттары тууралуу абдан кызыктуу маалыматтар камтылган. Күн Чыгыш өлкөсүндө бир топ мезгил жашаган Нуржигит мырзанын бул баянын окуган киши табышмактуу жана сырдуу япон духу жана мүнөзү жөнүндө ушунчалык пайдалуу маалыматка ээ болот. Бул эмгекти окубаган арманда...

..................

Экинчи дүйнөлүк согушта катуу талкаланып, бардыгын дээрлик "нөлдөн" баштаган Япония кен-байлыкка жардылыгына жана табигый шарттарынын ыңгайсыздыгына карабай аз гана убакыттын ичинде жардамга муктаж жарды өлкөдөн дүйнөдөгү эң бай жана бакубат мамлекеттердин бирине айланган. Бул ийгиликти эл аралык коомчулукта “Япон керемети” деп баалагандар бар. Ошол “кереметтин” сырлары эмнеде? Бул китеп ушул суроолорго жооп издөө менен, Япониянын биз билбеген купуя жактары тууралуу абдан кызыктуу маалыматтарды камтыйт.

.......................

Чыгыш акылмандыгы
Жакында эле Токиого Кыргызстанга таанымал болуп калган жаш журналисттердин бири келип кетти. Чыгыштын акылмандыгы тууралуу көп укчумун, япондордон ошол акылмандыкты деле байкай албадым деп кат жазыптыр.

Чынында, бул тууралуу ага чейин таптакыр ойлонгон эмес элем.

Акылмандык деген эмне? Акылман адам кандай болот? Бала кезде жомоктордон окуп, сүрөт тасмалардан (мультфильм) көрүп жүрүп менин аң-сезимимде акылмандын элеси куудай аппак сакалы көкүрөгүнө жайылган, каштары көздөрүн жаап, бүкүрөйө таяк таянган, акырын сүйлөп, мыйыгынан жылмайган, узун чапан кийген, элден обочо жупуну үйдө же храмда жашаган адам катары калыптыр. Балким, ал журналисттин акылында да ушул сымал акылмандын классикалык образы бардыр. Ошол образды заманбап Токионун көчөлөрүнөн жолуктура албай, жогорудагыдай бүтүмгө келгендир.

Акылдуу менен акылмандын айырмасы тууралуу: "Акылдуу кандай абалдан болсо да жол таап чыга алат, ал эми акылман жол таап чыгууга аргасыз болгон абалга түшпөйт",- деп кеп уктум эле. Эгер ушул аныктама туура болсо, анда япондордун көбүн акылман десе болот. Анткени, алар оңойлук менен чыр-чатакка барышпайт, кызууланышпайт. Кызуулангандарга да кызууланышпайт. Ушунча болуп, бир дагы мактанчаак японду жолуктура элекмин. Сүйлөсөң, канча болсо да тыңшай билишет. Жөн эле тыңшабай, "соо деска" (ошондойбу) деп колдоп-коштоп угушат. Макул болбосо да, башын ийкеп, "со дес не" (ошондой десеңиз) деп угуп, анан гана өз оюн жылуу-жумшак билдирет. Сөзгө конок бербей, оозуңдан кебиңди жула калмайы жок. Убакытка так, сөзгө бекем жактары бар. Ошондуктан "жол таап чыгууга аргасыз болгон абалга" оңойлук менен кабылышпайт.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

"Япон кереметинин сыры"

  • Автор: Нуржигит Кадырбеков
  • Жанры: тарых
  • Жылы: 2017
  • Басмакана: Турар
  • Барагы: 196
  • ISBN: 978-9967-15-631-9
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 300Сом


Сунушталган китептер

Үч жаштан кийин кеч

Үч жаштан кийин кеч

Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен а..

350Сом 450Сом

Уңгу талаа таануу

Уңгу талаа таануу

Теософия единого поля, автор Демир Кадыров. "Уңгу талаа таануу" , которгон Мелисгүл Оморова. Ж..

500Сом

Кун Фу Зы (Конфуций)

Кун Фу Зы (Конфуций)

Китепте дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, а..

300Сом

Купуя сыр

Купуя сыр

Силер колуңарда Улуу сырды кармап турасыңар...... Бул  Сыр кылымдан кылым карытып өтүп келге..

350Сом

Теги: Нуржигит Кадырбеков, Япон кереметинин сыры, китеп, жапония, кыргызча, маанилүү, чыгармалары, китептер