"Икигай" китеби.
Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сырын билгиңиз керекби?
Дүйнөдө эң узак жашаган япондордун Окинава аралында ар 100 миң адамдын 35и 100 жаштан көп жашайт. Бул эң жогорку көрсөткүч. Китептин авторлору узак жана бактылуу жашоонун сырларын билүү үчүн кылым карыткандардын кыштагы Огимиге сапар тартышат. Көрсө, мунун сыры эң эле жөнөкөй экен. Япондор ар бир адамдын жеке икигайы бар экендигине ишенишет. Икигай деген сөздө кандай сыр катылды экен? Икигай бул – жашоону маңыздуу, шаңдуу, активдүү, бактылуу жашап жана узак өмүр сүрүү үчүн позитивдүү ойлонуу, сергек жашоо, туура тамактануу аркылуу ар бир иштен ырахат алууну айкалыштыруунун япончо аталышы. Бул китепте жеке икигайыңызды кантип табуу керек экендигине көрсөтмөлөр берилди.
Чынында эле, ким эле бактылуу жашагысы келбесин?
Икигай
- Автор: Гектор Гарсия & Франческ Мираллес
- Жанры: Кеңеш
- Жылы: 2019
- Басмакана: Китепстан
- Барагы: 200
- ISBN: 978-9967-9218-3-2
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
250Сом
Сунушталган китептер
Үч жаштан кийин кеч
Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен а..
350Сом 450Сом
Көк асаба
Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк Асаба" романы тарыхый булактардагы маалыматтарга негизделип, элибиздин ө..
500Сом
Топон
Султан Раевдин “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүн..
400Сом
Жашоонун сыры кайда катылган?
Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..
350Сом
Теги: Икигай, китеп, узак жашоонун сыры, япондор, методу