Белегим...Демим... Жантеңим.. арзуу китеби

Китептен үзүндү....

Негедир, тээ алыста калган, менин сагындырган ыйык сезимдерим менен сырдашкым келчү. Ошондон ушул күндөргө чейин бейиштен куулган пендедей, чыныгы арзуумду издеген азабымдын аракети акталбай келет.

Атаганат десең, биздики жөн Сүйүү эмес, эс оодарган алп Сүйүү эле да, садагасы. Ооба, ооба, экөөбүздү бир бүтүндүккө айландырган, ай ааламды кыдырткан алп Сүйүү эле... Кудай өзү энчилеп, экөөбүздөн башка бир жан жоктой сезилген жомоктуу күндөрдү, асмандан караган айды, төбөбүздөн жылмайган күндү, жылдызы жанган селкинчектүү түндөрдү эстебей жашаштын өзү кыйын.

Аруу көңүл ишине сот жок, садагалар. Жан дүйнөсү майыптар "күнөөкөр" дешип чек кылышсын, кеп кылышсын, макулмун. Сезбей туруп бу дүйнөнүн бейишин, крүү кайда о дүйнөлүк бейишке. Кучактатып, кучакташып сүйдүргөмүн, сүйдүргөнсүң балдай таттуу эринден. Бой чымырап, дүкүлдөгөн жүрөктөр, балкып денем, илебиңе баш айланган ошол түн....

Тык токтоду убакыт. Бизди кошкон аралыктар жок болду. ах чиркин, махабаттын мүрөк суусун тирүүлүктө ууртаткан, үр кызым менин, нур кызым. Бир гана, көнүлдөрдү байлаган алтын жипче үзүлбөй, жок болду....

"Жарк" дей түшкөн, эсте калган сезимдердин сереси дайыма бизди селт эттирет, эстеттирет... Эс-мас кылып эстеттирет, эстеттирет...

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Белегим...Демим... Жантеңим..

  • Автор: Салтанат Кыдырмаева
  • Жанры: Арзуу каттары
  • Жылы: 2020
  • Басмакана: Көк-Асаба
  • Барагы: 112
  • ISBN: 978-9967-29-259-8
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 150Сом


Сунушталган китептер

Ой гүлдөрү

Ой гүлдөрү

Ой гүлдөрү китеби сизди кайдыгер калтырбайт ..

350Сом

Арзуу

Арзуу

Жазуучу Суусарбек Тыналиев агабыздын жаңы кызыктуу китебин эми биздин дүкөндөн алсаңыз болот. кит..

350Сом

Жашоонун сыры кайда катылган?

Жашоонун сыры кайда катылган?

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон "Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге..

350Сом

Турсун (на русском языке)

Турсун (на русском языке)

История героини может показаться читателю необычной, но основана на реальных событиях.  Турсун ..

350Сом

Шабдан баатыр. Доорлор тогошуусу

Шабдан баатыр. Доорлор тогошуусу

Бул китепте ХIХ кылымдын аягы - ХХ кылымдын башында, кылым тогошуп жаткан чакта, ошол мезгилдеги гео..

700Сом

Тернистые вехи эпохи: Шабдан Баатыр

Тернистые вехи эпохи: Шабдан Баатыр

Тернистые вехи эпохи: Шабдан Баатыр. В книге были использованы исторические материалы взятые из а..

700Сом

Теги: Белегим, Демим, Жантеңим, арзуу каттар, махабат деми, сүйүү каттар, махабат дастаны жөнүндө