Жазуучу Суусарбек Тыналиев агабыздын жаңы кызыктуу китебин эми биздин дүкөндөн алсаңыз болот.
китептен үзүндү
..............
ЖАРЫК ДҮЙНӨ ( Аңгеме )
*** *** ***
Бүгүн биз менен иштеген кесиптеш Гүльнардын туулган күнү! Баарыбыз аны куттуктап, каалоо тилек айтып жаттык. Стакандагы шампан шарабы шырылдап, ичиндеги газы ашып ташып көтөрүлүп жатты.
-Кана газын кетирбей алып жибергиле, – деген уу дуу кептер коштолуп турду. Кырка тизилген кесиптештеримди тегерете карап бир сыйра суктанып алдым. Үн сөз жок баары тең демин ичине алып, эмне сүйлөөр экен деп күтүп жатышат. Жоодураган көздөр баары мен тарапа бурулуп карап калды. Көз кандай керемет, кандай сүрдүү, оозуңдан келмең учат. Ооба, алгач ирет ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Катары менен бул сөз ар бирибизден айтылат. Анткени адамга ден соолуктан башка эмне керек?
-Бу дүйнө өзү, керемет! Ошол дүйнөгө келгендин өзү кандай бакыт! Сен жарык дүйнөгө жөн келген жоксуң. Апаңдын курсагынан жарыктыкка чыкканда ыйлап түшүп, тилегимди аткарам, бактылуу болом, космосту багындырам, адам жашоосуна жол салам, – дедиң. Сени жер шарынын сулуулугу, сырлары, жаратылышы сүйүнүч менен тосуп алды. Күн шооласы жылуу мээримин төгүп, нурун чачыратып, жарыктык тартуулады. Эл жериң, ата - энең тууган туушкандарыңдын кубанычтары койнуна батпай сүйүнүп, батасын берип жатышты. Бул күн сенин туулган күнүң! Бул сен үчүн да, ата - энең үчүн да, эч нерсеге алмашылгыс улуу күн! Бул күн сен үчүн бакыт! Жараткан сага алгачкы бакытты ушинтип берди.
Апам мага кичинемде колума толтура таруу салынган чыны берип, бийик тоого төкпөй чачпай алпарып келсең бактылуу болосуң дечү. Чыныны мыкчый кармап кыбырап тоону көздөй бет алчумун. Тоонун капталында жол болгону менен ал адамдын бир буту араң баткыдай ичке төтө жол боло турган. Жолдун жээгин шыраалжын, аткулак, чычырканак басып кеткендиктен жүрүүгө бир топ тоскоолдуктарды жаратчу. Канча аракеттенип чыныны кармаганым менен аткулактын жалбырагы жолду далдоолоп көрсөтбөй жаап турчу. Мен тайгаланып жыгылып, колумдагы чыны учуп таруу чачылып, тоо чокусуна жетпей ыйлаган бойдон орто жолдон кайра кайтчумун. Мындай көрүнүш бир канча ирет кайталанчу.
-Эми бактысыз боломунбу, десем апам башыман сылап;
- Уулум, сен жапыс жерден Сары - Өзөн чүйдүн созулган керемет сырларын көралбайсың да, ошондуктан тоого чыксын дедим. Тоо бийик. Ал жерден көз мээлжиген мунарыкты, созулуп жаткан кең талааны, катар - катар бийик тамдарды, чубалжып жаткан жолдорду, баарын көрөсүң. Ошондуктан турмуштун ак карасын, ачуу таттусун көрүү үчүн бийик жерден кароо керек. Колуңдагы тарууну тоонун башына төкпөй чачпай алып чыгуу оңой эмес. Ал төгүлдү, бирок өмүр бою сенин эсиңде калды... Таруу чачылды чөп чардын арасына житип жок болду. Издеген менен таппайсың... Ага эми кейибе. Ал сенин чыныгы бактың эмес. Бактың сени менен кошо төрөлгөн. Бирок сен аны төкпөй чачпай өз каалаган максатыңа жеткиче аман - эсен алып өтүүң керек... Турмуш ушундай. Жашооңдо жаңылсаң, бактың да жаңылат, таруудай чачылат... Сен аны экинчи кайтарып алалбайсың, ошондуктан өтө этият болууң керек. Азыр колуңдагы таруу төгүлдү, турмушуңдагы бактың төгүлгөн жок! Мен ошону эскерттим, - деген...
-Гүлнар кызым! Узун өмүр, ден соолукта бол! Ошондой эле өз бактыңды төкпөй чачпай көздөгөн максатыңа жет! – деп батамды бердим. Окууну жаңыдан бүтүрүп келген жаштар, келечектеги өз бактысын элестетишип тунжурап калышты...
Баары тең, ойлорубуз орундалсын, - деп чөйчөктөгү газы көтөрүлүп жаткан шампанды кылкылдата жутушту. Бирок төгүлгөн таруу туурасында аңгеме эстеринен кетпей көпкө ойлонуп олтурушту...
Сунушталган китептер
Теги: Суусарбек, Тыналиев, Арзуу, кыргызча, адабий, китеп, чыгарма