Адам жана Карышкыр мамилеси.
Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын түпкү теги көк карышкырдан башталган деген мифологиялык түшүнүк бар. Ошол карышкыр "Кыямат" романында адамдардын ата-бабасы, түпкү теги деп айтылат. "Ак кемеде" адамдар бугу уруусунун тотеми болгон бугуну атып алгандай эле "Кыяматта" адамдардын түпкү атасы болгон бөрүлөргө кол салат. Эгер биринчи учурда Моюнкум талаасында карышкыр менен адам эң алгач кез келгенде экөө тең бири-бирине табияттын бир бейкүнөө жандыктарындай таң калышы, бир туугандардай карашып гана калса, бара-бара алар каршылашкан жоого, өчөгүшкөн өчтүү душманга айланышты. Мындай болууга эң биринчи кезекте акылсыз карышкыр эмес, акыл-эстүү адам өзү айыптуу болду. Адам баласы кылымдар бою түзүп келген этикалык эреже-нормаларын, карышкыр-эне деген түшүнүктөрүн акчага, дүйнөгө алмаштырды, абийирин атам замандан келаткан жосундардын алдында тебелеп салды да, бабалар идеясын биротоло жоготту. Кыргыз баласынын түпкү тегинин азыркы тукуму — Акбара. Адегенде аны малчылар Акдалы аташып, анан Акбары болуп отуруп, аягында Акбара ысымын алып калган. Айтматов карышкырларына гуманист жазуучу катары адам сыяктуу ат ыйгарып жатат, кыргыздар ылым санап, жакшы ниет менен азан чакырып жаңы туулган балага ат койгондой эле бөрү баласына да ат коюп отурат. Жазуучу эле эмес, муну ошол тегерек-четтеги малчылар да ушундай атайт. Ошол атка "ак" деген түстү билдирүүчү сөздүн кошулушу андан бетер адамдардын карышкырларга ак мамилесин, түздүгүн билдирүүчү көрүнүштөрдөн эмеспи. Ошол бөрүлөргө улам заман тарылып отуруп соңу адам менен өчөгүшкөн душмандыкка жетти, Ташчайнар атын алууга, таш чайнар бөрү болууга турмуш аргасыз кылды. "О, кишилер, кишилер – адам-кудайлар! Ошол кишилер да эзелтен бери Моюнкумдун бөкөндөрүн куугундап келатпайбы. Оболу алар жаргак шым, куур тон кийип, мингени ат, колунда жаасы болор эле. Андан кийин тарс этме балээ таап, бөкөндөрдүн тобун чаң-тополоң түшүрүп куугундашты. Ага болбой бөкөндөр сөксөөл-бадалды аралай качып, кутулуп жүрүштү. Кийинчерээк адам-кудайлар машине ойлоп минишип, куду бөрүлөргө окшоп жиниктире куугундап, тарс этмейинен татыраган ок жаадырып кырчу болду. Ошого эле ынсап кылып калчу адам-кудайлар бекен, андан кийин калдыркан канат вертолёт минип, жайылып жаткан короо-короо бөкөндөрдүн төбөсүнөн тик сайылып учуп, жерде машинечен келаткан аткычтарына кайгуулунун кабарын берип, а тиги машинечендер болсо саатына жүз-жүздөн ыкчам чакырым тездикте чабышып, бөкөндөрдү көз жазгырып кетчү туюгуна жеткирбей кыра баштады. Вертолёту көктөн шилиңди көзөп тиктеп, жердегилерге жол көрсөтүп, жердеги машинечендер болсо туягынын даңканын көккө сапыртпай сая түшүп, тынбай аткан мылтыктары көтөн чучугуңан кирип, как желкеңе жетип такалып, бөкөндөр оңкобашатып куланып жаткан кез келгенде Моюнкумдагы жашоо аңтар-теңтер болуп, сырайган буттар асманга сайылып жатып калды. Бөкөндөрдүн акыр кыяматы мына ушунда башталды…" Демек, адамдар карышкырлардын жеми болгон бөкөндөрдү тартып алды, бир кезде адам баласы өлө турган мезгилде карышкыр ага өзүнүн тамагын – уудан таап келген жаныбарлардын этин жедирип, эт менен багып тукум улатты эле, эми ошол адам ошол эт жешке үйрөткөн карышкыр-энесинин этин талашты. Адамдын керектөөчүлүк муктаждыгы бөкөндөр менен гана бүтүп калган жок, андан да ары кетти, эт бөлүшө албай калды, карышкырдын бөлтүрүктөрүн тынч жаткан уясынан тартып алып, аны акчага, акчаны аракка айрыбаштады. Базарбайдын бул кылыгы уламыштагы Бөрү-Энебизди бир мүнөт да ойлоп коюуга батынбаган азыркы адамдын типтүү бейнеси сыяктанды.
Дагы: https://sputnik.kg/culture/20180805/1040493478/kyyamat-romany-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar.html
Кыямат
- Автор: Чыңгыз Айтматов
- Жанры: Роман
- Жылы: 2019
- Басмакана: Бийиктик плюс
- Барагы: 420
- ISBN: 978-9967-33-225-6
- Жеткиликтүү: алдын ала заказ
-
350Сом
Сунушталган китептер
Теги: Кыямат романы, Чыңгыз Айтматов, Плаха, Сатып алуу, дилбаян