Роза Айтматованын “Тарыхтын актай барактары” китеби басылып чыкты.
Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “КЕРЕГЕ” фонду Роза Айтматованын “Тарыхтын актай барактары” китебин басып чыгарды.
Китепте Ата-Бейит мемориалдык комплексинин пайда болушу, 1930-жылдардын каардуу Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Айтматовдор үй-бүлөсүнүн трагедиясын, замандын оордугун жана саясий адилетсиздигин чагылдырып, татаалдыктарга карабай асыл баалуулуктардын туусун колдон түшүрбөй бийик көтөрүп келген бул үй-бүлө тууралуу баяндалат.
Буга чейин окурмандардын кызыгуусун жаратып, суралып келген бул китеп үчүнчү жолу басылып чыкты. Анын өзгөчөлүгү - Төрөкул Айтматовдун ишмердиги тууралуу архивдик материалдар, башка авторлордун китептерине жана эскерүүлөрү менен толукталып, кенен берилди.
Тарыхтын актай барактары
- Автор: Роза Айтматова
- Жанры: Эскерүү
- Жылы: 2018
- Басмакана: Кереге фонду+И
- Барагы: 328
- ISBN: 978-9967-17-028-5
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
400Сом
Сунушталган китептер
Теги: Тарыхтын актай барактары, Роза Айтматова, Чынгыз Айтматов, Төрөкул Айтматов