Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар. Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов.
Бул кызыктуу китептин автору, америкалык Жеффри Лилли эмгегин алгач англис тилинде жазып чыгарган. Жеффри Лилли АКШ менен СССРдин жөөлөшүнүн азабын тарткан кыргыздын эки улуу инсанынын - дүйнөлүк адабияттын алпы Чыңгыз Айтматов менен Экинчи дүйнөлүк согуш капшабында калып, Батышта өмүр кечирген Азамат Алтайдын тагдыр жолун, мүшкүлүн жана чыгармачыл мээнетин салыштырып иликтеген.
Америкалык изилдөөчү Жеффри Лиллинин «Тоолор кулап калдыбы? «Кансыз согуш» маалындагы жоготуунун жана кутулуунун кош сапары» (Jeffrey Lilley. Have the Mountains Fallen? Two Journeys of Loss and Redemption in the Cold War. - 2018. - ISBN: 978-0-253-03244-7) деген китебинин бет ачары Бишкекте 2018-жылдын май айында өткөн.
Бул китеп "Эсимде" долбоору esimde.org тарабынан кыргызчага которулуп басылып чыккан.
китептен үзүндү...
***
Төртүнчү күнү, 17-июлда, советтик жана америкалык космикалык кораблдар жерден 100 миль бийиктикте, өзүнүн тарыхый биригүүсүнө даярданып жатканда, Азамат Алтай жумуш күнүн Метрополитен-операда Чоң театр койгон «Борис Годуновду» ойнолуп жатканы тууралуу окуудан баштады. Баяндоо “The New York Times” Чоң театр өткөн жумаларда койгон көрсөтүүлөрүн жазып чыккан баяндамасына окшош болчу. Иш жүзүндө Чоң театрдын Метрополитен-операдагы резиденциясы дээрлик бир ай бою – актёрлордун нукура оюну, эң мыкты оркестр жана чыгаан режиссура деген баяндамаларды кайталатып турду.
Бирок Азаматтын бүркүттүкүндөй алгыр көзү бир кырдаалды дароо баамдады: жаңы Борис Годунов «Тибетке жакын турган советтик Орто Азия республикасынан, Кыргыз Республикасынан келген, «чыгыш» адамы эле. Кыргыз адамынын кулк-мүнөзүн жана адатын жакшы билген Алтай өзүнүн мекендешинин – бас ырчы Болот Миңжылкыевдин изине түшүп – ал жайгашкан мейманканага жөнөдү. Кире бериштен ал Болот Миңжылкыевдин номерине телефон чалды.
«Мен, тагдырдын тамашасы менен башка жерде жашап калган кыргызмын — деп тааныштырды өзүн Алтай. — Мен Колумбия университетинде иштейм жана сиз менен таанышкым келет».
«Мен дагы кыргызмын агай» — деп ийкем жооп берди 35 жаштагы опера ырчысы, Алтайга урмат менен агай деп кайрылып. «Беш мүнөт бериңиз».
«Менин туугандарыма билет тапкыла, же болбосо ырдабайм» деп талап кылды.
Чоң театрдын чоң труппасына америкалык жарандар менен жолугушууга катуу тыюу салынса дагы, эркиндикти сүйгөн Болот Миңжылкыев холлдо турган КГБнын кызматкерине көңүл буруп да койбостон, Алтай менен бирге чыга келди. Ал аларды көзгө илбей койгондугунун себеби, бүткүл дүйнөгө таанымал опера ырчысы болгондугунан эмес эле, ал үчүн кайда жүрбөсүн кыргыз – кандаш тууганы болчу.
Бул окуяга чейин бир нече жумалар мурда, Вашингтондо, Колумбия округунда Миңжылкыев чуу салып, эгерде Германиядан келген эки кыргызга орун таап беришпесе, таптакыр сценага чыкпай кое турганын айткан. Билет калбай калганын айтышканда, кыргыз ырчысы башындагы паригин жулуп алып, гримденген үстөлүнөн тура калып жөнөгөн. «Менин туугандарыма билет тапкыла, же болбосо ырдабайм» деп талап кылган. Спектакль эми жаңы башталып жатканда, айласы кетип ызы-чуу түшкөн театрдын администрациясы бир гана орунду – президенттин балконун сунуш кылган. Ариясын аткарып болгон Миңжылкыев адегенде балкондо отургандарга, андан кийин көрүүчүлөргө таазим кылган. Америкалык көрүүчүлөр президент да келип калганбы деген ойдо, балконго бурулушуп кол чаап жиберишкен. Ошентип, Миңжылкыев катардагы кыргыздарды элитага айлантып жиберген эле.
Алтайдын үйүндөгү кечки сый тамакта, Миңжылкыев менен Алтай түбү бирге, Ысык-Көл облусунан экендиктери, 1971-жылы көз жумган Саякбай Каралаев жөнүндө, албетте экөө тең жакшы көргөн кымыз жөнүндө кызуу сүйлөшүп отурушту. Миңжылкыев Алтайга Чоң Театрдын операсы Нью-Йорктун гезиттеринин сынына кабылган эки солистти, 15-июлда, дал ырдап чыгаар алдында Москвага кайра чакыртып алгандары жөнүндө айтып берди.
Алтай менен жолугушкандан бир нече күн өткөндөн кийин КГБнын полковниги Миңжылкыевге чет элдиктер менен санкциясыз байланышканы жөнүндө эскертүү берди.
«Болот, эгерде биздин душмандарды көрсөң, аларга жакындаба», — деди полковник.
«Эгерде Иванов кетсе, анын ордун Петров ээлей берет», — деген жообун айтты Миңжылкыев. «Бирок биз кыргыздар аз элбиз, эгерде бир-бирибизге колдоо көрсөтпөсөк бул дүйнөдөн жок болобуз
...............
Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар.
- Автор: Жеффри Лилли
- Жанры: Тарых
- Жылы: 2019
- Басмакана: Бишкек
- Барагы: 336
- ISBN: 978-9967-9163-4-0
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
950Сом
Сунушталган китептер
Теги: Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар, Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов, Жеффри Лиллинин китеби, тарых, баян