Ала-Тоо уламыштары (1-2 китеп) Сулайман Рысбаев

Ала-Тоо уламыштары. 2 -томдук . Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул ж.б  Серия:«Окуучунун китеп текчесине». (Тестиер жана өспүрүм курактагы мектеп окуучулары үчүн)

Бул китептерден сиз жер-суу аттары боюнча , астрономиялык кубулуштар жөнүндө кыргыз элинде айтылып жүргөн кызыктуу  уламыштарды окуп, өзүңүзгө жаңы маалыматтарды ала аласыз.

китептен үзүндү

..........

Жети-Өгүз уламышы.

Илгери-илгери бир жесир аял болгон экен. Анын Асан, Үсөн деген уулдары бар экен. Ошол аял жашаган айылда сансыз, түтөгөн малы бар, бирок өзү абдан ач көз, сараң бай болуптур. Жакырлыктын айынан байкуш аял эгиз балдарын ошол байга жалчыга берет. Асан менен Үсөн байдын торпокторун кайтарып, эптеп жан багышат.
Бир күнү алар торпокторду кайтарып жүрүшсө, күн бузулуп, туман түшөт. Борошолоп кар жаап, мал көрүнбөйт. Эптеп торпокторду айдап, кечке маал келишсе, жети торпогунун саны чыкпайт. Ары карап, бери карап, эртеси күнү кечке издешсе да жети торпоктун дайны жок.
Ач көз бай жини келип, Асан менен Үсөнгө:
- Торпокторду тапмайынча келбегиле! - деп буюрат.
Эки бала апасы менен коштошуп, торпокторду издегени кетишет. Күндөр өтөт, айлар өтөт, торпок эмес эки бала да дайынсыз жоголот.
Эне болсо кайгыга чөгүп, чачы куудай болот. Айласы кеткенде, күтүүдөн тажап, балдарын өзү издеп жөнөйт. Жер кезип, издебеген жери калбай балдарын чакырат.
Бир күнү дагы тоо-ташты аралап келе жатса, алдынан тоодой болгон жети өгүз чыгат. Эне баягы жоголгон жети торпок экенин таанып, мөгдөп ыйлайт. Торпоктор ээн талаада жүрүп, семирип, жапайы болуп кетишкен экен. Ошондо эне:
- Каргыш тийген өгүздөр! Силер үчүн эки уулумдан айрылдым! Жетөөң тең ташка айлангыла!!! - деп каргайт.
Ошол замат өгүздөр жети кызыл тоодой болгон ташка айланыптыр.
Азыр да ушул тоолордун арасынан «Асан!», «Үсөн!» деп бирин-бири издеп чакырган балдардын үну угулат дешет.

 

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Ала-Тоо уламыштары (1-2 китеп)

  • Автор: Сулайман Рысбаев
  • Жанры: Жыйнак
  • Жылы: 2016
  • Басмакана: Бийиктик плюс
  • Барагы: 280
  • ISBN: 978-9967-33-174-7
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 600Сом


Сунушталган китептер

Улуулардан таберик

Улуулардан таберик

Китеп жалпы эле элибиздин салттуу өнөрлөрүнө кызыккан окурмандарга арналат. Түзүүчүлөр С.Рысбаев, К...

300Сом

Ата-бабалар табериги

Ата-бабалар табериги

Ата-бабалар табериги кыргыздын бүт каада салт,ырым-жырымдары толук камтылган китеп ..

800Сом

Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары

Ала-Тоо аңгемелери, поэмалары

Бул китепке төмөндөгү авторлордун аңгеме поэмалары кирди. Түзгөн Памирбек Казыбаев Чыңгыз Айтмато..

400Сом

Теги: Ала-Тоо уламыштары, 1-2 китеп, Сулайман Рысбаев, уламыштар, аңыз кеп, кыргыз жери, окуу, миф, уламыш, жерлер